Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 28-июлу № 88
Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
3-берене.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 31-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 23-беренеде "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 37-берененин 5-бөлүгүндөгү "администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Туракжайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 29-главада:
а) главанын аталышы "жүзөгө ашыруу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Ушул Кодекстин 2231-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.";
в) глава төмөнкүдөй мазмундагы 2231-берене менен толукталсын:
"2231-берене. Милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуусу, же болбосо, аны өткөрүүгө тоскоолдук кылуусу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсеп регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумушчу эсеп-пландарын, финансылык отчетторун жана эсептик саясаттын башка документтерин маалыматтын кагаз булактарында, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген системасында сактоо боюнча талаптарды мамлекеттик архивдик иш жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сактабагандыгы -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Ачык кызыкчылыктын субъекттери тарабынан менчигинин түрүнө карабастан, Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарынын сакталбагандыгы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
2) 30-главада:
а) главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "30-глава. Банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу боюнча башкаруу тартибине каршы бузуулар";
б) эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул Кодекстин 224 - 240-7-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
в) глава төмөнкүдөй мазмундагы 240-1 - 240-7-беренелер менен толукталсын:
"2401-берене. Уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын мамлекеттик каттоодон өтпөй калуусу
Эмитенттин уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын мамлекеттик каттоосунан өтпөй калуусу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2402-берене. Ломбарддык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
1. Зайымчынын пайдасына өз эсебинен күрөөгө кабыл алууда күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу боюнча талаптарды бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Күрөөгө коюлган мүлктү ломбардга өткөрүүдө зайым келишимин түзүү жөнүндө талаптарды бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Мыйзамдарда каралган учурларда нотариалдык формадагы зайым келишимин түзүү жөнүндө талаптарды бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2403-берене. Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарын бузуу
1. Аудитордук уюм жана жеке аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарында каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарга каршы келген учурларда аудитордук уюмдун же жеке аудитордун аудит өткөрүүсү же аудитордук кызматтарды көрсөтүүсү -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Аудитордун бир гана аудитордук уюмдун курамында аудитор катары эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитордук ишти жүргүзүү талаптарын сакталбашы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудитордук иштин стандарттарын сактабоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2404-берене. Кыргыз Республикасынын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдарын бузуу
Лотереяны уюштуруучу тарабынан лотерея өткөрүү шарттарын сактабоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2405-берене. Камсыздандыруу ишин жүргүзүү тартибин бузуу
1. Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтеринин өлчөмдөрүнүн белгиленген чегин сактоо боюнча талаптарды камсыздандыруу уюмдары тарабынан бузуу же аткарбоо -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарына карата коюлуучу квалификациялык талаптарын бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруунун ордун толтурууну (камсыздандыруу төлөмдөрүн) жүзөгө ашырбоо же өз учурунда аткарбоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2406-берене. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын камсыздандыруу уюмдарынын бузушу
Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруунун айрым түрлөрү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын камсыздандыруу уюмдары тарабынан бузуу же аткарбоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2407-берене. Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор жана пенсиялык активдерди башкаруу жөнүндө мыйзамдарын бузуу
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо талаптарын бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып салууга алып келет.
2. Топтолмо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдерди эсептөө методикасын бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө талаптарды бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү конкурсун уюштуруу жана өткөрүү тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту өткөрүү тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөткөн депозитарийдин ишине коюлган талаптарды бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
7. Пенсиялык топтолмолорду бир топтолмо пенсиялык фонддон башка топтолмо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондуна которуу тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
8. Топтолмо пенсиялык каражаттар инвестиция кылынган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдеринин наркын эсептөө тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
9. Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн түзүү жана колдоо боюнча талаптарды бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-июлундагы № 83 (3262) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 16-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 28-июлу № 88
Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
3-берене.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 31-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 23-беренеде "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 37-берененин 5-бөлүгүндөгү "администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Туракжайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
6-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)