Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 28-июлу № 88
Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
3-берене.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 31-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 23-беренеде "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 37-берененин 5-бөлүгүндөгү "администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Туракжайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1044-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
6-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-июлундагы № 83 (3262) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 16-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|