Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 4-августу № 90
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 125-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "1-категориядагы" деген сөздөрдөн мурда "эскертүүгө же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 342-беренеде:
а) 4-бөлүгүндө "121-берененин 4-бөлүгүн," деген сөздөр "121-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүн, 123-берененин 1-бөлүгүн, 1231-берененин 1-бөлүгүн," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Айып пул салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде 121-берененин 5-бөлүгүндө, 123-берененин 1-бөлүгүндө жана 1231-берененин 1-бөлүгүндө каралган бузуулар үчүн айып пул төлөнгөн учурда, айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга азайтылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 1231-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн бузуулар жөнүндө иштер боюнча айып пулдар туумдарды жокко чыгаруу жана жеңилдик берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү менен ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнүүгө тийиш.
Ушул берененин экинчи абзацынын жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонулары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдын ченемдери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында калкка маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров |
2021-жылдын 30-июнунда |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |