Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-сентябры № 115
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда конструкциясы боюнча кол салууга же болбосо активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар курал деп түшүнүлөт:
1) ок атуучу курал - конструкциясы боюнча дары же башка жарылуучу заттар бөлүнгөндө пайда болуучу газдын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келип, атылып чыгуучу элемент менен бутаны аралыктан механикалык кыйратууга арналган курал;
2) атылбоочу курал - түздөн-түз контакт болгондо адамдын каруу күчүн пайдалануу аркылуу же болбосо адамдын каруу күчүнүн же механикалык түзүлүштүн эсебинен багыттуу кыймылга келген аралыктан ыргытылуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
3) пневматикалык курал - кысылган газ түрүндөгү заттын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген атылып чыгуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
4) газ куралы - жаш агызуучу жана ачыштырып-кычыштыруучу заттарды колдонуу аркылуу бутаны кыйратуу үчүн арналган курал. Колдонууга уруксат берилген ачыштырып-кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
5) ок-дарылар - атылуучу элемент менен бутанын түздөн-түз кыйрашына жана конструкциясы боюнча тиешелүү куралдын түрүнөн атуу үчүн ылайыкталган бир жолу колдонулуучу түзүлүштөр;
6) курал жүгүртүү - курал чыгаруу, сатуу, берүү, сатып алуу, оңдоо, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, коллекциялоо, экспонат кылуу, алып коюу жана жок кылуу, экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле куралдын сейрек нускаларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү;
7) курал чыгаруу - куралды изилдөө, иштеп чыгуу, сыноо, даярдоо, ошондой эле көркөм жасалгалоо жана оңдоо, ок-дарыларды, патрондорду жасап чыгаруу;
8) кыйратуу күчү чектелген ок атуучу курал - дарынын же башка дүрмөттүн энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген, травматикалык таасир этүүчү патрондун атылуучу шайманы менен аралыктан тирүү бутаны механикалык кыйратуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган кыска найлуу курал жана найсыз курал;
9) патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, куралдан атуу үчүн арналган түзүлүш;
10) травматикалык таасир этүүчү патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, ок атуучу сайсыз куралдан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
11) газ менен таасир этүүчү патрон - жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган аракетке келтирүү каражаттарын гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, газ куралынан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
12) жарык-үн чыгаруучу патрон - ок атуучу куралдан, кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан, газ же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын жана жарык-үн таасиринин шайманын бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
13) белги берүүчү патрон - ок атуучу куралдан же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, жарык, түтүн же үн белгисин берүү үчүн гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
14) эзелки (антиквардык) курал - жасалган учурунан тартып 100 жыл өткөн ок атуучу жана пневматикалык курал, ошондой эле жасалган учурунан тартып 50 жыл өткөн атылбоочу курал;
15) илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде аталган категорияга киргизилген куралдын сейрек кездешүүчү нускалары;
16) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөсү - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын так же масштабдуу чагылдыруу шартында эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы же чиймеси боюнча жасалган, антиквардык же башка түрдөгү куралдын түп нуска бөлүктөрүн камтыбаган курал;
17) эзелки (аитиквардык) куралдын репликасы - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын чыгармачылык менен өзгөртүп, эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы, чиймеси же сүрөттөмөсү боюнча жасалган, көркөм чыгармачылыктын жана декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүсү катарында маданий баалуулукту элестеткен курал;
18) эсептен чыгарылган курал - андан атуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган өзгөртүүлөр киргизилген жана жарык-үн чыгаруучу патрон (оксуз курал) менен андан атууну имитациялоо мүмкүндүгү бар же андан атууну имитациялоо мүмкүндүгүсүз (окуу куралы) маданий жана билим берүү иштерин жүргүзүүдө колдонууга же куралдын бөлүктөрүнүн жана механизмдеринин өз ара аракеттенүү процессин окутууга (куралма курал) арналган ок атуучу курал;
19) оксуз патрондор - гильзасында тешиги бар, учуучу дүрмөтү алып салынган жана аракетке келтирүү каражаты пайдаланылган ок атуучу куралдын патрондору;
20) ок атуучу куралдын негизги бөлүктөрү - най, затвор, барабан, рамка, най кутусу;
21) уруучу механизм - куралдын патронду иштетүүчү каражатын аракетке келтирүүчү механизми;
22) уруучу механизмдин ургучу - патронду аракетке келтирүүчү каражатка сокку берген уруучу механизмдин тетиги.";
2) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк максаттагы буюмдар катары сертификатталган буюмдар, конструкциясы боюнча куралга окшош спорттук снаряддар куралга кирбейт.";
3) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Жарандык курал
Жарандар тарабынан өзүн-өзү коргоо максатында пайдалануу үчүн, спорт менен алектенүү жана аңчылыкка чыгуу үчүн арналган курал жарандык куралга кирет.
Жарандык курал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1) өзүн-өзү коргоо куралы:
а) сайсыз, анын ичинде травмалык таасири бар патрондор менен атылуучу курал;
б) травмалык, газ жана жарык-үн аркылуу таасир этүүчү патрондор менен атылуучу найсыз курал;
в) кыйратуучу таасири чектелген атылуучу курал: тапанча, револьвер, травмалык таасир этүүчү, газ менен таасир этүүчү жана жарык-үн менен таасир этүүчү патрондору менен атылуучу найсыз түзүлүш;
г) мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген чыгуу параметрлери бар электршок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтар;
2) спорттук курал:
а) ок атуучу сайлуу курал;
б) ок атуучу сайсыз курал;
в) атылбоочу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан жогору пневматикалык курал;
3) аңчылык курал:
а) ок атуучу сайлуу курал;
б) ок атуучу сайсыз, анын ичинде сайлуу жагынын узундугу 140 миллиметрден ашпаган курал;
в) ок атуучу комбинациялуу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 25 джоулдан ашпаган пневматикалык курал;
д) атылбоочу курал;
4) белги берүүчү курал;
5) маданий жана окутуучулук максатта колдонулган курал:
а) маданий баалуулугу бар курал;
6) эзелки (антиквардык) курал;
в) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөлөрү;
г) эзелки (антиквардык) куралдын репликасы;
д) эсептен чыгарылган курал.";
4) 4-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматтык куралга найынын узундугу 400 миллиметрден ашкан сайсыз ок атуучу жана найдын оозунан чыгуу кубаты 300 джоулдан ашпаган сайлуу найы кыска курал, ошондой эле найдын оозунан чыгуу кубаты 150 джоулдан ашпаган кыйратуучу таасири чектелген ок атуучу курал кирет.
Кызматтык сайлуу кыска найлуу курал кол менен атылуучу аскердик куралдан патрондорунун түрү жана өлчөмдөрү боюнча айырмаланууга тийиш.";
5) 5-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Министрлер Кабинети тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 7-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коллекцияларды түзүү жана көргөзмөгө коюу үчүн арналган илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал эски (антиквардык) курал, эски (антиквардык) куралдын көчүрмөлөрү, эски (антиквардык) куралдын репликалары) коллекциялык курал болуп таанылат. Коллекциялык курал милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.";
8) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Жарандык жана кызматтык куралды соодалоого белгиленген чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарандык жана кызматтык курал катары соодалоого (алып коюуну жана жок кылууну кошпогондо):
а) магазининин (барабанынын) сыйымдуулугу 10 патрондон көп (спорттук максатта колдонулуучу куралды кошпогондо), найдын тулкусунун узундугу 500 миллиметрден кем жана куралдын жалпы узундугу 800 миллиметрден кем болгон, ошондой эле заводдук конструкциясы анын узундугун ар кандай бөлүктөр же жыйналма кундак менен комплекттөө аркылуу 800 миллиметрден кем чоңдукка чейин өзгөргөндө атуу мүмкүндүгүн берген узун сайлуу ок атуучу куралды;
б) башка буюмдарга окшоштурулган формасы бар ок атуучу куралды;
в) сайлуу ок атуучу куралдын патрондоруна эсептелип жасалган сайсыз ок атуучу куралды;
г) спорттук ыргытылуучу элементтерди кошпогондо чокморлорду, кастеттерди, сурикендерди, бумерангдарды жана башка уруучу-талкалоочу жана ыргытып уруучу таасири бар курал катарында колдонуу үчүн атайын ылайыкташтырылган буюмдарды;
д) калканычтарды тешүүчү, күйгүзүүчү, жарылуучу же от куйруктуу октору бар патрондорду, ошондой эле кыйратуусу чектелген ок атуучу куралдар жана газ куралдар үчүн чачма учуучу элементтери бар патрондорду;
е) кыйратуу күчү радиоактивдүү нурланууну жана биологиялык факторлорду пайдаланууга негизделген куралдарды жана башка буюмдарды;
ж) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан колдонууга уруксат берилбеген ууландыруучу жана башка заттар менен жабдылган газ куралын жана анын ок-дарыларын;
з) техникалык мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга ылайык келбеген куралды жана алардын ок-дарыларын;
и) мамлекеттик стандарттар менен белгиленген чоңдуктардан ашкан чыгуу параметрлери бар электрдик шок түзүлүштөрүн жана учкун чыгаргычтарды;
к) кнопканы же рычагды басканда мизи автоматтык түрдө туткадан чыккан жана тийиштүү түзүлүш менен бир орунга келтирилген, же болбосо салмак күчүнүн же тез кыймылдын эсебинен чыккан жана мизи 90 миллиметрден ашык узундукта автоматтык түрдө бир орунга келтирилген атылбоочу куралды;
л) кыйратуу күчү электр магниттик, жарык, жылуулук, инфраүндүү же ультраүндүү нурланууну пайдаланууга негизделген жана техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамга ылайык белгиленген чоңдуктардан ашкан чыгуу параметрлери бар куралдарды жана башка буюмдарды;
м) кезеги менен ок атууга мүмкүндүк берген жарандык жана кызматтык ок атуучу куралды;
н) кыска найлуу кызматтык куралды жана 10дон ашык патрон баткан магазини (барабаны) бар кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралды;
о) найдын оозунан чыгуу кубаты 91 джоулдан ашык болгон кыйратуу күчү чектелген жарандык атуучу куралды жана найдын оозунан чыгуу кубаты 150 джоулдан ашык болгон, кыйратуу күчү чектелген кызматтык ок атуучу куралды;
п) колго алып жүрүүчү согуштук ок атуучу куралдан, кызматтык сайлуу куралдан жана сайсыз ок атуучу куралдан, жарандык сайлуу куралдан жана узун найлуу сайсыз ок атуучу куралдан атуу үчүн колдонулган патрондор менен атуу мүмкүндүгү бар кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралды;
2) айбанаттар дүйнөсүнүн объекттеринин кыймылын чектөөгө жана аларга дары куюуга байланышкан илимий изилдөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн жааларды жана арбалеттерди сактоону жана пайдаланууну кошпогондо, сайлуу найы бар ок атуучу спорттук куралды же болбосо найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 джоулдан ашык, калибри 4,5 миллиметр пневматикалык спорттук куралды, же калибри 4,5 миллиметрден чоңураак пневматикалык спорттук куралды, ошондой эле спорттук атылбоочу миздүү жана ыргытма куралды спорт объекттеринен сырткары сактоого жана пайдаланууга;
3) пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү аңчылык үчүн мээлеткичтерди кошпогондо, жарандык жана кызматтык куралга үн чыгарбай атуу үчүн шаймандарды жана түн ичинде көрүү үчүн кароолдорду (кароол комплекстерин) орнотууга, ошондой эле аларды сатууга;
4) куралды жөнөтүүгө;
5) чогулуштарды өткөрүүдө жарандардын курал алып жүрүүсүнө, алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында курал алып жүрүүсүнө, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук продукцияны сатуучу коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүсүнө;
6) ок атуучу жана атылбоочу куралды ташуу же жеткирүү учурларын кошпогондо, өзүн-өзү коргоо максатында жарандын ок атуучу куралды жана атылбоочу куралды алып жүрүүсүнө;
7) комиссиялык куралды жана ок-дарыларды ички иштер органдарынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз адистештирилген дүкөндөрдөн сырткары сатууга;
8) спорттук уюмдарда ок атуучу куралды колдонуу менен байланышкан спорттун түрү менен алектенген же билим берүү уюмдарында атуу даярдыгынан өтүп жаткан адамдарга патрондорду берүүнү кошпогондо, ушул Мыйзамдын негизинде мындай жарандык куралга ээ болбогон адамдарга жарандык куралдын патрондорун сатууга же өткөрүп берүүгө;
9) ушул Мыйзамдын негизинде жарандык куралга ээ болбогон адамдар тарабынан жарандык куралдын патрондорун сактоого;
10) конструкциясын же көркөмдүк жасалгасын бузган усулдарды жана технологияларды колдонуу менен маданий жактан баалуу куралды жок кылууга, же жараксыз абалга келтирүүгө;
11) жеке коопсуздугун камсыз кылуу, башка жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын жеке менчигин сактоо, жүктөрдү коштоп жүрүү максатында жана башка максаттарда, эгерде бул Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралбаса, чет элдик жарандардын куралдын бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды колдонуусуна;
12) коллекциялык куралды патрондору менен бирге, оксуз патронду эске албаганда, көргөзмөгө чыгарууга;
13) жеке номери жок жарандык жана кызматтык куралдарды (антиквардыкты кошпогондо) сатууга;
14) тийиштүү сертификаты жок куралды жана анын патрондорун сатууга;
15) куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген юридикалык жактарга жана жарандарга куралды сатууга, ал эми анын патрондорун аталган куралды сактоого же алып жүрүүгө жана сактоого берилген уруксат кагазын көрсөтпөгөн юридикалык жактарга жана жарандарга сатууга;
16) спорттук, мергенчилик жана балык уулоонун керек-жарактарын жана куралдын камдык бөлүктөрүн кошпогондо, жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактарга, бир соода-сатык залына куралдарды жана товарлардын башка түрүн бириктирип сатууга;
17) ушул Мыйзамда жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо юридикалык жактарга жана жарандарга алар таап алган же аларга берилген ок атуучу куралды менчик ээси болбой туруп сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Мындай курал ички иштер органдарына тапшырылышы керек;
18) билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу уюмдарынын аймагында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда жарандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга.";
9) 9-статьяда:
а) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды сертификациялоо боюнча иштерди уюштуруу белгиленген тартипте аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) төртүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
11) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-статья менен толукталсын:
"10-1-статья. Куралдарды колдонуу үчүн куралды коопсуз колдонуу эрежелери боюнча окуудан өткөрүүнүн тартиби, окутуу программаларын жана текшерүү жүргүзүү тартибин иштеп чыгуу
Жарандык жана кызматтык куралды сатып алууга биринчи жолу уруксат алып жаткан адам, же алар спорт менен машыгуу же кызматтык милдетин аткаруу үчүн курал алууга уруксат талап кылынса, билим берүү уюмдарынан куралдын түрүнө ылайык курал-жарактарды коопсуз колдонуу эрежелерин билүү боюнча окуудан жана тийиштүү текшерүүдөн өтүшү керек.
Куралды коопсуз колдонуу эрежеси, окутуу программасы жана текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
12) 13-статьядагы "Өкмөтүнүн" жана "Өкмөтү" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 14-статьяда:
а) берененин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөт" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи бөлүктүн төртүнчү сүйлөмү алып салынсын;
в) жетинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айлана-чөйрөнү коргоо максатында пайдаланылуучу белги берүүчү курал лицензиясыз сатылып алынат жана катталбайт.";
14) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын курал сатып алуу укугу
Кыргыз Республикасынын 20 жашка толгон жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органдарында ушул Мыйзамдын 10-1-статьясынын талаптарын эске алуу менен куралдын конкреттүү түрүн сатып алууга уруксат алгандан кийин өзүн-өзү коргоо, спорттук жана аңчылык куралын, белги берүүчү куралды жана атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу жана эки жумалык мөөнөттө жашаган жери боюнча ички иштер органдарында аны каттоодон өткөрүүгө тийиш.
Уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле мезгилде ал куралды (өзүн-өзү коргоо үчүн сатып алган ок атуучу куралды кошпогондо) сактоого жана алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет.
Куралды сактоого уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле учурда, ал куралды (өзүн-өзү коргоо жана спорт үчүн сатып алган ок атуучу куралды кошпогондо) алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет.
Куралдын аталган түрлөрү коллекциянын объектиси болгон учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сатып алынган аңчылык жана (же) спорттук ок атуучу сайлуу куралдын жалпы саны - 3 бирдиктен, аңчылык ок атуучу сайсыз куралдын жалпы саны - 2 бирдиктен жана ок-атуучу өзүн-өзү коргоо куралы - 2 бирдиктен ашпоого тийиш.
Уруксат берүүнүн мөөнөтүн узартуу лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик аңчылык кылуу күбөлүгү же спорттук аткычтар уюмдарында мүчө экендигин ырастаган документи бар Кыргыз Республикасынын жарандары спорттук жана аңчылык ок атуучу сайсыз куралды, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда аңчылык жана спорт менен алектенүү үчүн пневматикалык куралды сатып алууга укуктуу.
Жеке менчигинде 5 жылдан кем эмес убакыттан бери аңчылык ок атуучу сайсыз куралы болгон Кыргыз Республикасынын жарандары аңчылык ок атуучу сайлуу куралды сатып алууга укуктуу.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган механикалык чачкычтар, аэрозолдук жана башка түзүлүштөр, электрдик шок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтары, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 джоулдан ашпаган жана калибри 4,5 миллиметрге чейин болгон пневматикалык курал катталбайт жана Кыргыз Республикасынын жарандары аларды уруксатсыз сатып алууга укуктуу.
Аңчылык ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынан уруксат алган Кыргыз Республикасынын жарандары же куралды коллекция кылуу менен алектенген жарандар атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу.
Конструкциялык жактан куралга окшош, найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан ашпаган буюмдар, пневматикалык мылтыктар, тапанчалар жана револьверлер, калибри 6 миллиметрден ашпаган белги берүүчү куралдар жана алардын патрондору, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча ок атуучу жана газ куралы катары пайдаланууга болбой турган эсептен чыгарылган курал уруксатсыз сатылып алынат жана катталбайт.
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына куралды сатып алууга уруксат берилбейт:
1) ушул Мыйзамда белгиленген жашка толо электерге;
2) курал алууга каршы келген көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербегендерге. Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү оорулардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт;
3) жоюла элек соттуулугу барларга;
4) кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн жаза өтөп жүргөндөргө;
5) жыл ичинде коомдук тартипти кайталап бузгандарга;
6) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган фактысы боюнча сот актысы барларга;
7) туруктуу жашаган жери жокторго;
8) куралды коопсуз пайдалануу эрежелери боюнча билими текшерилгендигин тастыктоочу документтерин жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка документтерин ички иштер органдарына бербегендерге.";
15) 16-статьянын бешинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 17-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 18-статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Куралды жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу
Колго алып жүрүүчү согуштук атуучу, жарандык жана кызматтык куралды, анын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.";
19) 20-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө:
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сатып алуучунун уруксатында сатыла турган ок атуучу куралды, газ куралын, кыйратуусу чектелген ок атуучу куралды, белги берүүчү куралды, атылбоочу куралды каттоого";
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле кыйратуусу чектелген ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок жана гильза сактоочу жайга берүүгө.";
б) үчүнчү-бешинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 21-статьянын бүткүл тексти боюнча "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 22-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 24-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) алтынчы бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Лицензия, уруксат берүүдө жана алардын колдонуу мөөнөтүн узартууда төлөмдөрдү алуунун тартиби
Лицензияларды, уруксаттарды жана алардын дубликаттарын берүү жана мөөнөтүн узартуу үчүн юридикалык жактардан жана жарандардан мамлекеттик алым салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.";
24) 26-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аңчылары аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарын сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарактуу уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылык куралын аң уулоо үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук уюмдардын мүчөлөрү болуп эсептелген спортчулар аларга таандык эмес спорттук куралды анын ээси болуп саналган спорттук уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык куралдарды пайдалануунун башка эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
25) 27-статьяда:
а) биринчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүгүндө:
- ", ошондой эле куралдын түрдүк эсеби" деген сөздөр алып салынсын;
- "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 29-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 29-1-статьясынын төртүнчү бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 30-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |