Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 13-сентябры № 117
"Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 41 - 43-беренелер менен толукталсын:
"41берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууларынын шарттары жана чектери
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда чек ара ыйгарым укуктуулары ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте атайын каражаттарды, куралды алып жүрүүгө жана колдонууга, ошондой эле кара күчтү колдонууга укуктуу.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларына атайын каражаттарды жана куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
42берене. Чек ара ыйгарым укуктуулары атайын каражаттарды колдонуусу
1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда атайын каражаттарды төмөнкү учурда колдонууга укуктуу:
1) эгерде кармалган адамдардын качышы, айланадагыларга же өзүнүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, аларды чек ара күзөтүнүн курамында күзөт менен коштоодо жана кайтарууда:
2) аскер кызматчыларына жана башка адамдарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
3) башка укук бузуулардын алдын алуу жана аларды четтетүү, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарылчылык учурунда.
2. Төмөнкүлөргө карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат:
1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуулугунун белгилери көрүнүп турган аялдарга, майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге;
2) эгерде бул атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам болуп өтсө (болуп жатса), мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарга.
43берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын курап колдонуусу
1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин майтарууда;
2) мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучуларды чек ара күзөтүнүн курамында куунун жүрүшүндө жана эгерде чек ара күзөтүнүн өздүк курамына кол салуунун түздөн-түз коркунучу бар болсо, куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч түзсө же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда.
2. Төмөнкүлөргө карата куралды колдонууга тыюу салынат:
1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, аялдарга майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге карата;
2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына карата;
3) мамлекеттик чек араны атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же болбосо жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам бузган адамдарга карата;
4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга карата.";
2) 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарып жатканда өлгөн, майыптыкты же жаракатты алган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары менен бирдей жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы N 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 28-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |