Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-марты № 45
Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 5, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын статусунун мазмуну
1. Эмгек милдеттеринин шарттары, мүнөзү, ошондой эле аткарылышы чек ара ыйгарым укуктууларынын статусунун маңызын аныктайт, ал ушул Мыйзамдын негизинде чыгарылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген укуктарды, милдеттерди, юридикалык жоопкерчиликти, укуктарды ишке ашыруу кепилдигин камтыйт.
2. Чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген жана өз иштерин эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырган мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамдары чек ара ыйгарым укуктууларына кирет.
3. Чек ара ыйгарым укуктуулары мамлекеттик чек аранын барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон участокторунда мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат.
4. Чек ара ыйгарым укуктуулары бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.
Кошумча укуктар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн.
5. Чек ара ыйгарым укуктуусу тартиптик жана материалдык жоопкерчилик, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын иштеринин укуктук негизи
Чек ара ыйгарым укуктууларынын иштеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, эмгек жана социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
3-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын иштеринин негизги принциптери
Чек ара ыйгарым укуктууларынын иштери төмөнкү принциптерге негизделет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын үстөмдүгүнө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыгына;
2) Кыргыз Республикасынын элине берилгендигине;
3) иш билгиликке жана чынчылдыкка;
4) чек ара ыйгарым укуктуусунун мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мыйзамдар менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын көзөмөлгө алынышына жана отчеттуулукка, милдеттүүлүккө;
5) укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголушуна, татыктуу жашоо деңгээлинин кепилденишине.
4-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишин уюштуруунун тартиби
1. Чек ара ыйгарым укуктууларынын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларынын иштерин уюштуруу тартиби, эмгекке акы төлөө, негизги функциялары жана милдеттери, ошондой эле алардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
41-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууларынын шарттары жана чектери
1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда чек ара ыйгарым укуктуулары ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте атайын каражаттарды, куралды алып жүрүүгө жана колдонууга, ошондой эле кара күчтү колдонууга укуктуу.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларына атайын каражаттарды жана куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене. Чек ара ыйгарым укуктуулары атайын каражаттарды колдонуусу
1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда атайын каражаттарды төмөнкү учурда колдонууга укуктуу:
1) эгерде кармалган адамдардын качышы, айланадагыларга же өзүнүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, аларды чек ара күзөтүнүн курамында күзөт менен коштоодо жана кайтарууда:
2) аскер кызматчыларына жана башка адамдарга кол салуунун мизин майтаруу үчүн;
3) башка укук бузуулардын алдын алуу жана аларды четтетүү, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарылчылык учурунда.
2. Төмөнкүлөргө карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат:
1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуулугунун белгилери көрүнүп турган аялдарга, майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге;
2) эгерде бул атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам болуп өтсө (болуп жатса), мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарга.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын курап колдонуусу
1. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерди аткарууда куралды төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин майтарууда;
2) мамлекеттик чек араны куралдуу бузуучуларды чек ара күзөтүнүн курамында куунун жүрүшүндө жана эгерде чек ара күзөтүнүн өздүк курамына кол салуунун түздөн-түз коркунучу бар болсо, куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч түзсө же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнө жана объекттерине кол салуунун мизин кайтарууда.
2. Төмөнкүлөргө карата куралды колдонууга тыюу салынат:
1) көрсөтүлгөн адамдар жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же болбосо башкача кол салган учурларды кошпогондо, аялдарга майыптыгынын белгилери ачык көрүнүп турган адамдарга, курагы айкын же белгилүү болгон жашы жетеэлектерге карата;
2) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражаттарына карата;
3) мамлекеттик чек араны атайылап эмес же кырсыктын натыйжасында же болбосо жеңилгис күчтүн башка жагдайларынан улам бузган адамдарга карата;
4) эгерде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбесе, жаныбарларга карата.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларына карата коюлуучу негизги талаптар
Төмөнкү адам чек ара ыйгарым укуктуусу боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;
2) мөөнөттүү аскер кызматын жана альтернативдүү кызмат өтөбөгөн;
3) мыйзамдар менен белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар;
4) бул эмгек иши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбеген;
5) чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашабаган жана чарба иштери менен алектенбеген.
6-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларын укуктук жана социалдык жактан коргоо
1. Чек ара ыйгарым укуктуулары тапшырылган мамлекеттик чек ара участогун кайтаруу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналышат.
2. Чек ара ыйгарым укуктуунун мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, коркутуу, зомбулук кылуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарып жатканда өлгөн, майыптыкты же жаракатты алган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары менен бирдей жүзөгө ашырылат.
(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Чек ара ыйгарым укуктууларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |