Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 15-ноябры № 132
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 1-пунктунда:
- "а" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
- "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-пунктунун "а" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган," деген сөздөр алып салынсын;
2) 21-статьянын 1-пунктунда:
а) "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
б) "б" пунктчасынын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
3) 51-статьянын 1-пунктунда:
а) "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
б) "б" пунктчасынын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
4) 6-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 8-статьяда:
а) 1-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын;
6) 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, төлөө тартиби жана мөөнөтү
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө мөөнөтү төлөөчүнүн тиешелүү категориясы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ичинен камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат.
3. Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.";
7) 142-статья "расмий жарыяланган" деген сөздөрдөн мурда ", эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |