Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 8-декабры № 148
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2865-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы "апрель-июнунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-берене "апрель-июнунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2-берененин экинчи жана үчүнчү абзацтары "жана Жалал-Абад облустарындагы" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 5-берененин үчүнчү абзацы "апрель-июнь" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрель" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 6-берене "апрель-июнунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2021-жылдын апрелинде" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 8-беренеде:
- 1-бөлүгү "жана Жалал-Абад облустарындагы" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "жеткенче" деген сөз "жеткенде" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 10-берененин алтынчы абзацындагы "белгиленген тартипте" деген сөздөр "белгиленген тартипте жана шарттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |