Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 22-октябры № 173
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер
3-глава. Корутунду жоболор
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдар
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, ошондой эле аларды социалдык коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене. Жарандардын категориялары
Ушул Мыйзамдын жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн таасири болот:
- курман болгон адамдар - 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуяларда жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуяларда курман болгон, ошондой эле мөөнөтүнүн эскиргенине карабастан алардын курман болушуна же өлүмүнө алган жаракаты себеп болгон каза болгон адамдар;
- жабыр тарткан адамдар - соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталган, ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил жаракат алган адамдар, ошондой эле 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуялардан жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялардан алган жаракаттардын кесепетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп таанылган адамдар.
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү төмөнкүлөргө жайылтылат:
- курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка чыкканга чейин;
- курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) эгерде курман болгон жалгыз баласы болгон учурда, алар пенсия курагына жеткенде;
- жабыр тарткан адамдарга.
(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Социалдык кепилдиктерди белгилөө
Ушул Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.
(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдү карайт:
- курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуучу максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
- 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын катышуучуларынын баатырдык иштери, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жарандардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоодогу эрдиктери жөнүндө фактыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында максаттуу чагылдырууну.
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо программаларын жүзөгө ашырууда жана курман болгондордун элесин түбөлүккө калтырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу, жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо боюнча максаттуу программалар иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат, аларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга өзгөчө көңүл бурулат.
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо
1. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктерди берүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоонун кошумча белгиленген чараларын каржылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Мыйзамда белгиленген социалдык кепилдиктерди каржылоо үчүн кошумча каражаттар мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан белгиленген тартипте алынышы мүмкүн.
2-глава Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер
8-берене. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул
1. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул - курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14 жана 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуялардын жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы окуялардын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун түрү.
2. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
- курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка чыкканга чейин;
- курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) - пенсия курагына жеткенде, эгерде курман болгон жалгыз баласы болгон учурда - өмүр бою;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп таанылган жабыр тарткан адамдарга - майыптуулугу белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун колдонулушу аяктаганга чейин.
Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 , 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Курман болгон адамдардын балдарына социалдык кепилдиктер
Курман болгон адамдардын балдарына төмөнкүлөр кепилденет:
- мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде кезексиз жана акысыз орундар менен камсыз кылуу;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
- алар он сегиз жаш куракка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
- мыйзамда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) биринчи кезекте алуу.
10-берене. Жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер
Жабыр тарткан адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкактарында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын-алуу уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- санаторийлерде, профилакторийлерде жана дем алуу үйлөрүндө иштеген жери боюнча жолдомолор менен камсыз кылынышына артыкчылыктуу укук;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;
- мыйзамда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) биринчи кезекте алуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте чөп чаап алуу жана малды жаюу үчүн жайыт участкаларын биринчи кезекте алуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү;
- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жатак үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу укугу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү.
(КР 2021-жылдын 8-декабрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ушул Мыйзамда каралбаган кошумча социалдык кепилдиктер жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кесиптик бирликтердин бирикмелери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле жабыр тарткан адамдарды тамак-аш азыктары, отун, турак жай тиричилик шарттарын жакшыртуу, жеке же кооперативдик курулушка пайызсыз ссуда берүү, медициналык, соода жана транспорт менен тейлөөнү камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрө алат.
3-глава Корутунду жоболор
12-берене. Ушул Мыйзамды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик бийлик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул Мыйзамды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
13-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткан адамдардын укуктарын юридикалык жактан коргоо
Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар.
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 Декрети күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |