Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-декабры № 151
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
2-берене.
"Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"СПАнын киреше булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү;
- СПАнын мүчөлөрүнөн ирригациялык кызмат көрсөтүлөр үчүн акы;
- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПА мүчөлөрү болуп саналбаган жактардан алынган акы;
- банк эсептериндеги пайыздар;
- калкка акы төлөтүү менен СПА тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр;
- сугат сууну берүү маселелери жергиликтүү маанидеги маселелер болуп саналган учурда, жергиликтүү бюджеттен субсидиялар;
- мамлекеттик жана башка булактардан кайрымдуулуктар жана гранттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.";
2) 22-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү
СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү туруктуу чыгымдарды жабуу боюнча СПАнын сарптоолоруна таянуу менен эсептелет жана СПАнын жалпы чогулушунда бекитилет.";
3) Мыйзам төмөнкү мазмундагы 221-статья менен толукталсын:
"22-1-статья. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы
СПАнын мүчөлөрүнүн ирригациялык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы сугат суусун берүү боюнча сарптоолорго, СПАнын өзүнүн ирригациялык тутумун эксплуатациялоого, техникалык күтүүгө сарптоолорго, рентабелдүүлүктүн деңгээлине таянуу менен эсептелет. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын эсептөө методикасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик бассейндик администрация менен макулдашылат.";
4) 25-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мүлктү жана сугат тутумдарын менчикке өткөрүп берүү жана аларга карата мүлк укугун ыйгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 27-статьяда:
а) биринчи бөлүк "координациялоо" деген сөздөн кийин ", колдоо" деген сөз менен толукталсын;
б) экинчи бөлүктө:
- "бирликтеринин ишин" деген сөздөрдөн кийин "координациялоо, колдоо жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого (күтүүгө жана капиталдык оңдоого) субсидия түрүндө каржылоону бөлүүгө;";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 271-статья менен толукталсын:
"271-статья. СПАнын жана СПА бирлигинин ишин колдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, СПАнын жана СПА бирлигинин өнөктөштүгү тиешелүү маселени жергиликтүү маанидеги маселе катары тиешелүү жергиликтүү коомдоштуктун чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү коомдоштуктардын уставдарына киргизген учурда ирригацияны өнүктүрүү боюнча милдеттерди биргелешип чечүүгө негизделет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жобосу сакталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө каржылоону бөлүүгө;
- юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча, ошондой эле ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы боюнча сууну пайдалануучулардан карызды өндүрүп алуу маселелери боюнча жана мыйзамда каралган учурларда аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча СПАга жана СПА бирлигине консультация берүүнү камсыз кылууга жана жардам көрсөтүүгө;
- муниципалдык менчиктеги суу чарба объекттерин СПАнын пайдалануусуна жана башкаруусуна өткөрүп берүүгө;
- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын СПА менен же, СПА жок болгон учурда, башка жак менен макулдашууга.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы N 150 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |