Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 15-марты № 38
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам коммерциялык эмес уюм катарында сууну пайдалануучулардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын) айыл жерлериндеги сугат тутумдарын коомдук таламдарда пайдаланууну жана күтүүнү камсыз кылуу үчүн алардын укуктук статусун, аларды түзүүнүн уюштуруучулук негиздерин жана ишин аныктайт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын бирликтери жөнүндө мыйзамдар
Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана алардын бирликтери жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) (мындан ары СПА) - сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында ушул Мыйзамга ылайык сууну пайдалануучулар тарабынан уюштурулган уюм.
СПАнын бирлиги - магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПАдан уюштурулган коммерциялык эмес уюм.
Сугат тутумдары - сугат тутумдарын күтүүнү, пайдаланууну жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнүп берилген ээликтен ажыратылган бардык жер тилкелерин кошуп алганда жолдор, имараттар, электр берүү линиялары жана башка инфратүзүмдөр менен байланышкан сугат жана дренаж каналдарынын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, көлмөлөрдүн жана суу топтоочу жайлардын тармагы.
СПАнын тейлөө зонасы - СПА тармагынан тейленүүчү белгилүү айрым географиялык аймак.
СПАнын бирлигинин тейлөө зонасы - СПАнын курамына кирген, СПАга суу берүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте СПАнын бирлигине өткөрүлүп берилген чарбалар аралык сугат жана дренаж тутумдары жайгашкан географиялык аймак.
Гидробирдик - СПАнын ичиндеги тейленүүчү зонанын белгилүү бир жер участогу, ал сугаруу үчүн сууну бир булактан, суу башынан же суу кое берилүүчү жерден алышы мүмкүн.
Жөнгө салуучу орган - ушул Мыйзамдын 27-статьясынын талаптарына жооп берген орган.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
Сууну берип туруучу - сугат тутумун пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, контракттын негизинде сууну пайдалануучулардын ассоциациясына же башка адамга сууну алуучу жана транспорттоочу мамлекеттик суу чарба уюмунун аймактык органы же кандай болбосун башка юридикалык жак.
СПАнын уставы - ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарына жооп берген устав.
Өкүлчүлүктүү зона - СПА тейлеген зонанын бир бөлүгү, жер ээлери жана жерди пайдалануучулар, алар СПАнын мүчөлөрүнүн Өкүлдөрүнүн чогулушунун ишине катышуу үчүн бир же андан ашык өкүлдөрдү шайлайт.
Магистралдык сугат тутуму - сугаруу үчүн эки же андан көп СПАга суу берүү жүргүзүлгөн сугат тутуму.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. СПАнын максаты жана милдеттери
1. СПА ушул Мыйзамга ылайык белгилүү айрым сугат тутумун пайдалануу жана күтүү максатында, айыл чарба багытындагы жерлердин менчик ээлерин жана аларды пайдалануучуларды сугат суусу менен камсыз кылууда коомдун кызыкчылыгы үчүн аракеттенген коммерциялык эмес уюм катары түзүлөт.
2. Төмөндөгүлөр:
- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат тутумун пайдалануу жана күтүү, ар жылкы макулдашуулардын негизинде СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда сууну бөлүштүрүү;
- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат жерлерге ээлик кылган же пайдаланган, СПАнын мүчөлөрү болуп эсептелбеген жактарга сууну келишимдик шарттарда бөлүштүрүү;
- СПА тейлеген зонанын ичиндеги сугат тутумдарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, зарылдыгына жараша курулуш иштерин жүзөгө ашыруу;
- сууну берүүгө контракттын негизинде сууну берип туруучудан сугат сууну алуу же алынган лицензияга ылайык табигый суу объекттеринен (дарыялардан, көлдөрдөн жана жер алдындагы булактардан) сууну өз алдынча топтоону жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде сууну пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- гидротехникалык жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу, пайдалануу жана күтүү;
- суунун булганышын болтурбай коюу;
- жерлердин сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- СПАнын мүчөлөрүн сугаттын прогрессивдүү ыкмаларына окутуу жана жаңы усулдар менен технологияларды пайдаланууну камсыз кылуу СПАнын негизги милдеттери болуп саналат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. СПАнын иши
СПА ушул Мыйзамда каралган жана СПАнын максаты менен милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүүчү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырат.
СПАнын ишинин негизине төмөндөгү принциптер коюлушу мүмкүн:
СПАнын бардык мүчөлөрүнүн СПАны түзүүдө жана башкарууда толук катышуусун камсыз кылуу;
СПАда адилеттүү жана демократиялуу чечимдерди кабыл алуу;
СПАнын иши жөнүндө анын мүчөлөрү үчүн маалыматка эркин жетүү мүмкүнчүлүгүн кепилдикке алуу;
СПАнын бардык мүчөлөрү үчүн сууну адилеттүү жана бирдей бөлүштүрүү кепилдигин камсыз кылуу;
сууну сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылуу, өндүрүмдүү эмес коромжулуктарды кыскартуу, жерлердин эрозияга учурашын жана шорго айланышын болтурбай коюу, жерлердин өтө нымдалышына жол бербөө;
экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер участокторунун менчик ээлери менен жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоо.
II Глава СПАга мүчө болуу жана аны түзүү
5-статья. СПАны түзүүнүн жол-жобосу
1. СПАны уюштуруу ушул статьянын жоболоруна жана СПАнын уюштуруу документтерине ылайык ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
2. Менчигинде же пайдалануу укугунда айыл чарба багытындагы жер участоктору бар юридикалык же жеке жактар, СПАны түзүү үчүн демилгечи топту түзүшү керек, алардын милдетине келечектеги СПАнын тейлөө аймагын аныктоо, уюштуруу комитетин түзүү жана анын курамында СПАнын потенциалдуу ондон ашпаган мүчөлөрү болгон СПАнын уюштуруу комитетин түзүүнү уюштуруу кирет.
3. Уюштуруу комитети өзүнүн төрагасын шайлайт, өздөрүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун иштеп чыгат.
4. Уюштуруу комитети СПАнын уставынын долбоорун даярдайт, жайгашкан бардык өкүлдүк зоналардын өлчөмүн жана жайгашуусун көрсөтүү менен СПАнын тейлөө аймагынын план-картасын иштеп чыгат, СПАнын потенциалдуу мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, СПАнын бюджетинин долбоорун жана ишинин планын даярдайт.
5. СПАнын тейлөө зонасын аныктоодо уюштуруу комитети келечектеги СПАнын айыл чарба багытындагы жерлердин тейлөө аймагынын сугат тутумдары менен чогуу алынган картасын түзөт.
СПАнын тейлөө зонасына бир нече гидробирдик киргизилиши мүмкүн. Мында ар бир гидробирдик СПАнын курамына толугу менен киргизилүүгө тийиш, анткени ар бир гидробирдиктин аймагынын бөлүнбөй тургандыгынын принциби сакталышы керек.
6. Уюштуруу комитети СПАнын уставынын долбоорунун көчүрмөсүн жана анын потенциалдуу мүчөлөрүнүн тизмесин жөнгө салуучу органга макулдашуу үчүн жибериши зарыл.
7. Жөнгө салуучу орган төмөндөгү учурларда:
- ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келбесе;
- СПАнын сунуш кылынган тейлөө аймагынын бөлүнбөй тургандыгынын принциби сакталбаса;
- СПАнын тейлөө аймагынын ичиндеги сугат тутуму сууну берип туруучудан же башка булактан сууну түздөн-түз алууга жөндөмсүз болсо СПАнын уставынын долбооруна макулдук бербей коюшу мүмкүн.
8. СПАнын Уставынын долбоору макулдашылган күндөн тартып алты жуманын ичинде уюштуруу комитети уюштуруу чогулушун чакырууга тийиш, ага уюштуруу комитети тарабынан сунуш кылынган уюштуруу документтеринин долбоорун карап чыгуу үчүн алдын ала СПАнын бардык потенциалдуу мүчөлөрү чакырылышы керек.
9. Уюштуруу комитетинин төрагасы уюштуруу чогулушун өткөрөт.
10. Уюштуруу чогулушу СПАнын уставынын долбоорун карап чыгат; эгерде аны кабыл алуу үчүн СПАнын потенциалдуу мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, ал бекитилди деп эсептелет.
11. Уюштуруу чогулушунда СПАнын Кеңеши, текшерүү комиссиясы, ошондой эле зарыл болгон учурларда талаштарды чечүү боюнча комиссия шайланат.
12. Уюштуруу чогулушу СПАнын мүчөлөрүнүн биринчи жалпы чогулушун өткөрүү күнүн белгилейт.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. СПАны мамлекеттик каттоодон өткөрүү
СПАны мамлекеттик каттоодон өткөрүү юридикалык жакты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык 2-бөлүгү күчүн жоготту)
Мамлекеттик каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн мөөнөттөрүн же тартибин бузуу, ошондой эле мындай каттоодон четтөө мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
Уюштуруу документтеринин, СПАнын уставынын, СПАнын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети СПАнын ишине координациялоо жана контролдоо функцияларын жүктөгөн уюштуруу органына берүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-мартындагы № 46, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. СПАнын уюштуруу документтери
1. СПАнын уюштуруу келишими жана уставы СПАнын уюштуруу документтери болуп эсептелет.
2. СПАнын уюштуруу келишимине анын бардык уюштуруучулары кол коет. СПАнын уставына уюштуруу чогулушунун төрагасы кол коет.
3. Уставда төмөндөгү жоболор:
1) СПАнын аталышы;
2) СПАнын турган жери;
3) СПАнын тейлөө аймагынын баяндалышы, анын ичинде пландар жана карталар;
4) СПАнын ишинин предмети жана максаты;
5) СПАнын курамы жана башкаруу органдарынын компетенциясы;
6) СПАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
7) СПАга кирүүнүн тартиби, СПАнын мүчөлүгүн токтотуунун негиздери жана тартиби;
8) СПАнын жалпы чогулушун чакыруу үчүн жол-жоболор;
9) СПАга төгүмдөрдү белгилөө жөнүндө жоболор;
10) СПАнын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги;
11) СПАнын тейлөөсүнүн кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жер участокторуна келтирилген зыянды СПАнын мүчөлөрүнө ордун толтуруп берүүнүн тартиптери жана булактары;
12) СПАнын ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарттары камтылууга тийиш.
8-статья. СПАга мүчө болуу
1. СПАнын тейлөө зонасынын ичинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер участогуна ээлик кылган же айыл чарба багытындагы ушул жер участогун үч жылдан ашык мөөнөткө пайдаланууга укугу бар жеке же юридикалык жак СПАнын мүчөсү болушу мүмкүн.
2. Айыл чарба багытындагы жер участогун ижара келишимдик негизде пайдаланууга укугу бар жеке жана юридикалык жактар ижарага берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугунан, болбосо тиешелүү жобону камтыган ижара келишими берилгенден кийин гана СПАнын мүчөсү болушу мүмкүн.
9-статья. СПАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
СПАнын мүчөлөрү:
а) СПА тарабынан бөлүштүрүлүүчү сугат суусунан адилеттүү жана бирдей үлүштү алууга;
б) СПАнын чечимдерин кабыл алуу процессине катышууга;
в) СПАнын ишине байланыштуу талап кылынган бардык чыгымдарды төлөгөн шарттарда жалпы чогулуштарда добуш берүүгө;
г) жалпы чогулуштардын күн тартибине аларды талкуулоо үчүн маселелерди киргизүүгө;
д) СПАнын башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди сунуш кылууга жана аларга шайланууга;
е) СПА тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан кызматтардан пайдаланууга;
ж) СПАнын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча тейлөөнүн жана пайдалануунун натыйжасында алардын жер участогуна келтирилген же алардын айыл чарба өсүмдүктөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууга;
з) ушул Мыйзамдын 26-статьясына ылайык жүзөгө ашыруу каралган бухгалтердик эсептин документтерин жана отчеттуулукту текшерүүгө укуктуу.
СПАнын мүчөлөрүнүн укуктары бузулган учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана СПАнын уставында белгиленген тартипте жана аларга ылайык аларды коргоо тууралу кайрылууга укуктуу.
СПАнын мүчөлөрү:
а) СПАнын уставынын жана жалпы чогулуш тарабынан кабыл алынган башка ар кандай ички актынын жоболорун сактоого;
б) СПАга СПАнын уставында каралган төгүмдөрдү өз убагында төгүп турууга;
в) сугаруунун графиктерин сактоого жана сугат суусун аларга ылайык алып турууга;
г) СПА тарабынан пайдаланылган жана ага таандык болгон жабдууларга аяр мамилеге кепил болууга;
д) атайылап жасалган же этиятсыз аракеттин же аракетсиздиктин натыйжасында зыян келтирилген СПАнын жабдууларынын тетиктерин оңдоону же алмаштыруу боюнча чыгымдарды төлөп берүүгө;
е) өздөрү жерди же сууну пайдалангандыгы боюнча СПАны маалымат менен камсыз кылууга;
ж) сугат тутумдарынын туруктуу ишин камсыз кылуу үчүн СПАга жер участокторунда жайгашкан жана алардын ээлигинде же пайдалануусунда болгон түтүктөрдү, каналдарды, гидранттарды же башка гидротехникалык жабдууларды пайдаланууга уруксат берүүгө;
з) СПАнын кызматкерлерине сугат тутумдарын пайдалануу жана күтүү боюнча жумуштарды аткаруу үчүн алардын жер участокторуна барууга мүмкүнчүлүк берүүгө;
и) СПАнын жалпы чогулушунда же СПАнын Кеңеши тарабынан белгиленген сугат тутумдарын пайдалануусу боюнча бардык эрежелерди сактоого милдеттүү.
СПАнын уставында СПАнын уставынын жана анын ички ченемдик актыларынын жоболорун бузган анын мүчөлөрүнө санкцияларды колдонууну караган жоболор каралышы мүмкүн.
10-статья. СПАга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу
1. Ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган СПАга мүчө болуунун шарттарын канааттандырган жеке же юридикалык жак СПАнын жаңы мүчөсү боло алат.
СПАнын Кеңеши төмөнкүдөн тышкаркы учурларда СПАга жаңы мүчөнү кабыл ала алат:
а) эгерде СПАнын уставында СПАга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу сугат сезону аяктагандан кийин каралса, мындай учурда талапкерге аны СПАнын мүчөлүгүнө кабыл алуунун күнү билдирилет;
б) эгерде СПАга мүчө болуучу талапкердин укугу жер участогуна болгон менчик укугуна негизделсе, СПАдан чыгып жаткан мурунку мүчөнүн карыздарын тындырууга жараша;
в) эгерде талапкер СПАдан мурдагы беш жылдын ичинде чыгарылса.
2. СПАнын Кеңеши талапкерге анын СПАга кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүгө тийиш жана жаңы мүчөнү токтоосуз түрдө реестрге каттоого милдеттүү.
3. 1-пункттун "б" пунктчасында камтылган чектөөлөр СПАнын алдында карызы бар өлгөн жана жеке жактын укугун мурастоочуга карата колдонулбайт, анткени анын укугун мурастоочу өлгөн адамдын карыздарын тындыруу үчүн жеке жоопкерчиликте болуп калат.
11-статья. СПАнын мүчөлүгүн токтотуу
1.СПАнын тейлөө зонасынын ичиндеги жер участогуна ээлик кылууну токтоткон же аны пайдаланууга болгон юридикалык укугун жоготкон СПАнын мүчөсү бир эле мезгилде СПАнын мүчөсү болуусун токтотот.
2. Эгерде СПА сугат тутумун куруунун, калыбына келтирүүнүн же пайдалануунун натыйжасында каражаттарды белгилүү бир түрдө чыгаша кылса, СПАнын чыгып жаткан мүчөсү мүчөлүгүн токтотконго чейин тиешелүү акыны төгүүгө тийиш.
СПАнын мүчөсү ушул пункттун шарттары сакталганда гана СПАдан чыгууга укуктуу. СПАнын уставында мындай укук сугат маалы аяктаганга чейин жүзөгө ашырылбай тургандыгы каралышы мүмкүн.
3. Төмөндөгү учурларда:
а) СПАнын уставы же жалпы чогулуш тарабынан жактырылган ар кандай документ такай сакталбаганда;
б) СПАга төгүмдөрдү төгүүдөн баш тартылганда;
в) СПАнын жабдууларына жана сугат тармактарына келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн же төлөп берүүдөн негизсиз баш тартылганда;
г) сууну өзү бетинче алганда же сууну бөлүштүрүүнүн графигин кайталап бузганда СПАнын мүчөсү СПАнын Кеңешинин сунушу боюнча жалпы чогулуштун колдоосу менен СПАдан чыгарылышы мүмкүн.
4. СПАнын мүчөлүгүнөн чыгаруу жөнүндөгү чечим сотко даттанылышы мүмкүн.
III Глава Башкаруу органдары жана алардын ыйгарым укуктары
12-статья. СПАны башкаруу органдары
1. СПАнын төмөндөгүдөй:
а) СПАнын жалпы чогулушу;
б) СПАнын Кеңеши;
в) текшерүү комиссиясы сыяктуу башкаруу органдары болушу мүмкүн.
СПАнын уставында СПАнын дирекциясы жана талаштарды чечүү боюнча комиссиясы кошумча каралышы мүмкүн.
2. Ар бир СПАнын ыйгарым укуктары, милдеттери жана органдарынын түзүмү ушул Мыйзамга жана СПАнын уставына ылайык аныкталат.
13-статья. СПАнын жогорку органы жана анын ыйгарым укуктары
СПАнын жалпы чогулушу СПАны башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.
1. Жалпы чогулуштун компетенциясына:
- СПАнын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- СПАнын уставын өзгөртүү жана толуктоо;
- СПАнын Кеңеши жөнүндө жобону бекитүү;
- текшерүү комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү;
- СПАнын Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана иштен бошотуу;
- текшерүү комиссиясын шайлоо жана анын ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби;
- талаштарды чечүү боюнча комиссияны шайлоо;
- СПАнын мүчөлөрүнө жана мүчөсү эместерге жыл сайын төлөнүүчү төгүмдөрдү белгилөө;
- жылдык отчетторду жана бухгалтердик баланстарды бекитүү;
- СПАнын ар жылкы бюджетин бекитүү;
- СПАнын ишинин ар жылдык планын жана сугаруу графиктерин бекитүү;
- СПАнын ички регламентин бекитүү;
- СПАнын уставын жана башка ички актыларды бузган учурда СПАнын мүчөлөрү тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон жазапулдун өлчөмүн белгилөө;
- СПАны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу, жоюу комиссиясын дайындоо, аралык жана биротоло жоюу балансын бекитүү кирет.
Жалпы чогулуштун бийлик укугуна гана таандык кылынган маселелер боюнча чечимдер, СПАнын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү маселелери боюнча жана СПАны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдер СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Калган маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
СПАнын ишинин башка маселелери да жалпы чогулуштун компетенциясына таандык кылынышы мүмкүн.
2. Ушул Мыйзам же СПАнын уставы тарабынан жалпы чогулуштун компетенциясына таандык кылынган маселелерди чечүү СПАнын башкаруучу органына тапшырылышы мүмкүн эмес.
3. СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу аткаруучу орган тарабынан зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолу чакырылат.
СПАнын мүчөлөрүнүн кезексиз чогулушу СПАнын Кеңешинин чечими, текшерүү комиссиясынын талабы боюнча, ошондой эле СПАнын жалпы мүчөлөрүнүн бештен бир бөлүгүнүн талабы боюнча өткөрүлөт.
4. Башкаруучу орган жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 30 күндөн кечиктирбестен бул тууралу СПАнын ар бир мүчөсүнө жиберилген кабардын жөнөтүлгөндүгүн ырастоого мүмкүнчүлүк берген ар кандай ыкма менен билдирүүгө милдеттүү, анда чогулушту өткөрүүнүн күнү, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт. Кабарларды тил кат алуу менен таратууга жол берилет.
СПАнын мүчөлөрү жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен күн тартибине киргизүү үчүн жалпы чогулуштун компетенциясына таандык кылынган өзүнүн сунуштарын киргизүүгө укуктуу.
Жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 20 күн калганда аны чакырган орган СПАнын мүчөлөрүнө чогулуштун күн тартибине ылайык даярдалган бардык материалдар жана аларга толуктоолор менен алдын ала таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде СПАнын жалпы чогулушуна СПАнын мүчөлөрүнүн 60 пайыздан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп табылат.
6. Жалпы чогулуштун протоколдоруна төрага жана жалпы чогулуштун катчысы кол коет, мөөр менен ырасталат жана СПАнын ишинде такай сакталат.
Ушундай эле талап СПАнын Кеңешинин, текшерүү комиссиясынын, талаштарды чечүү боюнча комиссиянын заседаниелеринин протоколдоруна жайылтылат.
СПАнын жалпы чогулушу СПАнын Кеңешинин төрагасы тарабынан же ал жок болгондо төраганын орун басары тарабынан өткөрүлөт.
7. Эгерде ушул Мыйзамда же СПАнын уставында башкача аныкталбаса, жалпы чогулуш чечимдерди жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Устав ачык же жашыруун добуш берүүнүн механиздерин пайдалануу менен чечимдерди кабыл алуу боюнча жол-жоболорду белгилеши мүмкүн.
8. СПАнын уставында СПАнын ар бир мүчөсү жалпы чогулушта чечимдерди кабыл алууда ээ боло турган добуштардын саны төмөндөгү принциптердин биринин негизинде белгилениши мүмкүн:
а) СПАнын ар бир мүчөсү анын СПА тейлеген зонанын ичиндеги жер участогунун өлчөмүнө карабастан бир добушка ээ болот;
б) СПАнын ар бир мүчөсүнө добуштар СПА тейлеген зонанын ичиндеги анын жер участогуна жараша пропорционалдуу өлчөмдө бөлүштүрүлөт;
в) СПАнын ар бир мүчөсүнө добуштар мурдагы жылдын ичинде СПАга төлөнгөн төлөмдөрдүн жана чыгымдардын санына ылайык бөлүштүрүлөт.
9. СПАнын ар бир мүчөсү эң жок дегенде бир добушка ээ болууга тийиш, бирок ал добуштардын жалпы санынын төрттөн биринен ашык добушка ээ боло албайт.
10. СПАнын уставында СПАнын мүчөсүнүн жалпы чогулуштагы добуш берүү укугу анын СПАга төлөгөн карызына жараша боло тургандыгы каралышы мүмкүн.
14-статья. Өкүлдөрдүн чогулушу
1. СПАда мүчөлөрдүн саны көп болуп, ал жалпы чогулуштарды өткөрүүгө кыйынчылык келтиргенде СПАнын уставында ушул статьянын жоболоруна ылайык СПАнын мүчөлөрүнүн Өкүлдөрүнүн чогулушун түзүү каралышы мүмкүн. СПАнын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнүн чогулушуна жалпы чогулуштун ушул Мыйзамда аныкталган бардык ыйгарым укуктары берилүүгө тийиш.
2. СПАнын мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнүн чогулушун түзүү тартибинде СПАнын уставында СПАнын бүткүл аймагын белгилүү бир өкүлдүк зоналарга бөлүштүрүү каралат, мында СПАнын мүчөлөрү ээлик кылган же пайдаланып жаткан бардык жер участоктору ага киргизилет. Мында ар бир зонадагы СПАнын мүчөлөрү өзүнүн курамынан Өкүлдөрдүн чогулушундагы жолугушууларга катышуу үчүн бир же бир нече өкүлүн шайлайт. СПАнын өкүлдүк зоналары СПАнын тейлөө зонасынын планында ачык жана так белгиленүүгө тийиш.
3. СПАнын уставында зоналык өкүлдөрдү шайлоону өткөрүүнүн мөөнөттөрү белгиленет, алардын милдеттери, зоналык өкүлдөрдүн саны, аларды шайлоонун жол-жобосу жана Өкүлдөрдүн чогулушундагы жолугушууда ар бир өкүл ээ боло турган добуштардын саны аныкталат.
4. Ушул Мыйзамдын 13-статьясында СПАнын жалпы чогулушу үчүн белгиленген СПАны түзүү жана башкаруу үчүн принциптер Өкүлдөрдүн чогулушуна да колдонулууга тийиш.
5. СПАнын уставында зоналык өкүлдү тандап алууда СПАнын мүчөсүнүн добуш берүү укугу алардын СПАнын мүмкүн болгон бүткүл чыгымдарын төлөгөндүгүнө жараша боло тургандыгы каралышы мүмкүн.
6. Зоналык өкүлдөр болуп эсептелбеген СПАнын мүчөлөрү Өкүлдөрдүн чогулушуна катышууга акылуу болгону менен добуш берүүгө укуксуз болушат.
15-статья. СПАнын башкаруу органы
СПАнын Кеңеши СПАнын башкаруучу органы болуп эсептелет.
1. СПА бийлик укугуна:
- СПАнын ишине жалпы башкарууну жүзөгө ашыруу;
- СПАнын аткаруу органынын ишине контролдук жүргүзүү;
- өзүнүн курамынан СПАнын Кеңешинин төрагасын шайлоо;
- СПАнын жалпы чогулушун чакыруу;
- СПАнын жалпы чогулушунун күн тартибин даярдоо;
- жылдык жана баланстык отчетту даярдоо жана аларды СПАнын жалпы чогулушунун бекитүүсүнө сунуштоо;
- СПАнын уставы менен жөнгө салынган СПАнын ишинин жол-жобосун сактоо;
- СПАнын жалпы чогулушунда аныкталган жана ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер кирет.
2. СПАнын Кеңеши кеминде беш адамдан турууга жана алар СПАнын мүчөсү болууга тийиш. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны СПАнын уставы тарабынан аныкталат.
3. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрү жалпы чогулушта үч жылдан ашпаган мөөнөткө шайланышат.
4. СПАнын уставында Кеңештин ар бир мүчөсү СПА тейлеген зонанын ичинде белгилүү бир областты билдире тургандыгы жана ошол белгилүү бир областтын ичиндеги жерде ээлик кылган же пайдаланган СПАнын мүчөлөрүнүн ичинен шайланышы мүмкүн экендиги каралышы мүмкүн.
5. СПАга карызы бар (жазапулдук санкцияларды кошкондо) СПАнын мүчөсү СПАнын Кеңешине көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
6. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан СПАнын Кеңешинин төрагасын үч жылдык мөөнөткө же СПАнын уставында белгиленген башка мөөнөткө шайлашат. Төраганын ыйгарым укуктары СПАнын уставында аныкталат. Төрага СПАнын жалпы чогулушун жана СПАнын Кеңешинин заседаниесин өткөрөт, СПАнын ишинин бардык маселелеринде анын өкүлү катары эсептелет.
7. СПАнын Кеңеши СПАнын Кеңешинин башкаруучу же аткаруучу органынын (СПАнын дирекциясы жокто) иш милдеттерин аткарган учурда СПАнын Кеңешинин төрагасы СПАнын уставынын жоболоруна ылайык өз кызматы үчүн акы алат.
8. СПАнын Кеңешинин заседаниелери, эгерде СПАнын уставында башкача каралбаса, эки айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
9. СПАнын Кеңешинин чечимдери добуш берүү менен кабыл алынат жана СПАнын Кеңешинин чечими, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса укук ченемдүү деп табылат.
СПАнын уставында СПАнын Кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш катары каралышы мүмкүн.
СПАнын Кеңеши СПАнын Кеңешинин заседаниесинин тийиштүү протоколдорун жол-жоболоштуруу менен Кеңештин ишинин эрежелерин жана жол-жобосун аныктайт.
10. СПАнын Кеңеши СПАнын жалпы чогулушуна отчет берет.
Жыл сайын СПАнын жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейин 20 күн мурда СПАнын Кеңеши жылдык отчетту, балансты даярдоого жана СПАнын мүчөлөрүнүн талабы боюнча зарыл болгон маалыматты берүүгө тийиш.
16-статья. СПАнын Кеңешинин аткаруу органы
1. СПАнын дирекциясы СПАнын Кеңешинин аткаруу органы болуп саналат.
2. СПАнын Уставы менен дирекцияга төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:
- СПАнын Кеңешине берүү үчүн бюджеттин долбоорун, сугат тутумун пайдалануунун жана күтүүнүн жумушчу планын жана башка талап кылынган документтерди даярдоо;
- СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин реестрин жүргүзүү, ал жыл сайын кайра каралып жана жаңырып турууга жана СПАнын тейлеген зонасынын ичинде СПАнын ар бир мүчөсүнүн жана мүчө эместердин жер участогунун өлчөмүнүн жана жайгашуусунун баяндамасын, СПА тарабынан алынган суунун өлчөмүн каттоо журналын, СПАнын мүчөлөрүнүн жана мүчө эместердин сугат суусун берүүгө болгон табыштама журналын жана жүргүзүлгөн сугаттардын санын камтууга тийиш;
- сугат тутумдарын күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу;
- СПАнын тейлөө зонасында сугат тутумдарын күтүү жана пайдалануу боюнча бекитилген бюджетке жана иш планга ылайык, СПАнын Кеңеши менен макулдашылгандан кийин СПАнын атынан контракттарды даярдоо жана түзүү;
- сууну берип туруучу менен суу берүүнүн көлөмдөрүн жана графиктерин макулдашуу жана аны СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү;
- СПАнын дирекциясынын штатына жалдап алуу жана иштен бошотуу жана анын ишине көзөмөлдүк кылуу;
- СПАнын дирекциясынын бардык жалданма кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналган буйруктарды жана нускамаларды чыгаруу;
- СПАнын Кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык СПАнын банктык эсептерин башкаруу;
- СПАнын Кеңеши тарабынан аныкталган же ушул Мыйзамда белгиленген башка маселелер.
3. СПАнын директору жана бухгалтери СПАнын Кеңеши тарабынан жалданат.
4. СПАнын директорунун жана бухгалтеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмгек келишими (контракт) менен аныкталат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Текшерүү комиссиясы
1. Текшерүү комиссиясы СПАнын Кеңешинин анын төрагасынын жана СПАнын дирекциясынын каржылык жана чарбалык ишине контролдукту жүзөгө ашырат.
2. Текшерүү комиссиясы (кеминде үч адамдын курамында) СПАнын мүчөлөрүнүн ичинен жалпы чогулушта түз добуш берүү аркылуу үч жылдык мөөнөткө шайланат.
СПАнын Кеңешинин мүчөсү бир эле мезгилде текшерүү комиссиясынын мүчөсү боло албайт.
3. Текшерүү комиссиясынын ишинин тартиби жана анын ыйгарым укуктары жалпы чогулуш тарабынан бекитилүүчү текшерүү комиссиясы жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
4. СПАнын каржылык-чарбалык ишин текшерүү текшерүү комиссиясынын демилгеси боюнча, жалпы чогулуштун чечими болбосо СПАнын Кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнүн талабы боюнча жылына кеминде бир жолу жүзөгө ашырылат.
5. Текшерүү комиссиясынын талабы боюнча СПАнын Кеңеши жана СПАнын дирекциясы СПАнын каржылык-чарбалык иши жөнүндө документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Текшерүү комиссиясы жалпы чогулушка отчет берет.
7. Текшерүү комиссиясын кайра шайлоо СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде төрттөн бир бөлүгүнүн, ошондой эле СПАнын Кеңешинин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн.
8. Текшерүү комиссиясы өзүнүн демилгеси боюнча же СПАнын мүчөлөрүнүн бештен бир бөлүгүнүн талабы боюнча СПАнын ишине аудит жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тарта алат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статъя. Талаштарды чечүү боюнча комиссия
1. СПАда талаштарды чечүү боюнча комиссия болушу мүмкүн, ал жалпы чогулуш тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланган беш мүчөдөн турат. Талаштарды чечүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ичинен төраганы шайлайт.
СПАнын Кеңешинин мүчөсү бир эле мезгилде талаштарды чечүү боюнча комиссиянын мүчөсү болушу мүмкүн эмес.
2. Талаштарды чечүү боюнча комиссия сууну пайдаланууга жана СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүгө тиешелүү талаштарды кароого тийиш.
3. СПАнын мүчөлөрүнүн СПАнын башка мүчөлөрү тарабынан СПАнын уставынын, сууну бөлүштүрүүнүн графиги бузулуп жаткандыгы тууралу даттануулары, кайрылуулары жазуу жүзүндө комиссиянын төрагасына жиберилет.
4. Даттануу кабыл алынгандан кийин төрага он күндүн ичинде комиссиянын заседаниесин чакырууга милдеттүү.
5. Эки тарап тең комиссия тарабынан белгиленген мезгилде даттанууну териштирүү үчүн комиссиянын заседаниесине келүүгө тийиш. Ал комиссиянын төрагасынын төрагалыгы астында ачык түрдө өткөрүлөт. Ишке кызыкдар тарап өзүнүн катышуусу мүмкүн болбогон учурда СПАнын башка мүчөсүн өкүл кылып дайындашы мүмкүн.
6. Даттанууну кароо учурунда комиссия документтик далилдерди бере ала турган эки тарапты тең угат. Зарыл учурда комиссия кошумча иликтөөлөрдү уюштурушу мүмкүн. Комиссия даттануу боюнча маселени уккандан кийин 10 күндүн ичинде чечим чыгарууга милдеттүү.
7. Комиссия дооматтарды негизсиз деп чечкенде, ал даттанууну четке кагат.
Комиссия дооматтар даттануу негиздүү деп чечкенде, ал даттанууну канааттандыруу жана СПАнын уставына ылайык күнөөлүү тарапка тиешелүү санкция колдонуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
8. Комиссиянын санкция колдонуу жөнүндө чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
19-статья. СПАнын Кеңешинин мүчөлөрүн жана комиссиялардын мүчөлөрүн милдеттеринен четтетүү
Өзүнүн милдеттерин такай аткарбаган учурда жалпы чогулуш СПАнын Кеңеши ар бир мүчөсүн, анын ичинде төрагасын жана текшерүү комиссиясынын жана талаштарды чечүү боюнча комиссиянын ар бир мүчөсүн алар шайланган мөөнөт аяктаганга чейинки мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтетиши же аларды административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартышы мүмкүн.
СПАнын Кеңешинин мүчөлөрү же комиссиялардын мүчөлөрү милдеттерин аткаруудан жалпы чогулуш тарабынан четтетилген учурда, ошол эле чогулушта СПАнын Кеңешинин жана комиссиялардын чыгып калган мүчөлөрүнүн ордуна толуктоочу шайлоо жүргүзүлөт.
20-статья. СПАнын кызматкерлерин жалдоо
СПАнын Кеңеши СПАнын уставынын жоболоруна ылайык СПАнын директорун жана бухгалтерин жалдашы мүмкүн.
Мында СПАнын жалданма кызматкери СПАнын Кеңешине, текшерүү комиссиясына же талаштарды чечүү боюнча комиссияга көрсөтүлүүгө жана шайланууга укуксуз.
СПАнын директоруна, бухгалтерине жана жалданма кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн тартиби жана тутуму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык СПАнын кеңешинин сунушу боюнча СПАнын жалпы чогулушу тарабынан аныкталат.
СПАнын Кеңешинин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын жана талаштарды чечүү боюнча комиссиянын төрагалары, СПАнын жалданма кызматкерлери болуп эсептелбейт жана өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алышпайт.
СПАнын уставында жалпы чогулуштун чечимине ылайык алардын тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу каралышы мүмкүн.
IV Глава СПАнын каржысы жана менчиги
21-статья. СПАнын киреше булактары
СПАнын киреше булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү;
- СПАнын мүчөлөрүнөн ирригациялык кызмат көрсөтүлөр үчүн акы;
- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПА мүчөлөрү болуп саналбаган жактардан алынган акы;
- банк эсептериндеги пайыздар;
- калкка акы төлөтүү менен СПА тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр;
- сугат сууну берүү маселелери жергиликтүү маанидеги маселелер болуп саналган учурда, жергиликтүү бюджеттен субсидиялар;
- мамлекеттик жана башка булактардан кайрымдуулуктар жана гранттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.
Каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча СПАнын жыйымдарынын кирешеси СПАнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлбөйт.
(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү
СПАнын мүчөлөрүнүн төгүмдөрү туруктуу чыгымдарды жабуу боюнча СПАнын сарптоолоруна таянуу менен эсептелет жана СПАнын жалпы чогулушунда бекитилет.
(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
221-статья. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы
СПАнын мүчөлөрүнүн ирригациялык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы сугат суусун берүү боюнча сарптоолорго, СПАнын өзүнүн ирригациялык тутумун эксплуатациялоого, техникалык күтүүгө сарптоолорго, рентабелдүүлүктүн деңгээлине таянуу менен эсептелет. Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын эсептөө методикасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
Ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик бассейндик администрация менен макулдашылат.
(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. СПАнын резервдик фонду
1. СПА камсыздандыруу резервдик фонд түзүшү жана ал үчүн өзүнчө банк эсебин ачышы мүмкүн.
2. Камсыздандыруунун резервдик фонду СПАнын аймагынын ичиндеги тейлөө зонасынын ичиндеги сугат тутумдарын оңдоого жана күтүлбөгөн жагдайлар учурунда кеткен чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.
3. СПАнын уставында СПА тарабынан каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча топтолгон киреше каражаттарын резервдик фондго багыттоо каралышы мүмкүн. Резервдик фондго СПА тарабынан өзүнүн мүчөлөрүнө ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык салынган төгүмдөр жана акылар киргизилиши мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. СПАга мүчө болбогон адамдарга суу берүү
СПА өзүнүн тейлөө зонасынын ичиндеги СПАнын мүчөлөрү болуп эсептелбеген жер участокторунун ээлерине же пайдалануучуларга жыл сайын түзүлгөн келишимдердин негизинде сугат суусун берип тура алат.
Мында ушундай пайдалануучуларга сугат суусун алгандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү СПАнын жыл сайын өтүүчү жалпы чогулушунда аныкталат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-статья. СПАнын менчиги
СПА мүлктүн, анын ичинде анын менчигине белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген анын аймагынын ичиндеги ар кандай сугат тутумдарынын менчик ээси болуп саналат, ошондой эле сугат тутумдарына башка мүлктүк укуктар ыйгарылышы мүмкүн.
Мүлктү жана сугат тутумдарын менчикке өткөрүп берүү жана аларга карата мүлк укугун ыйгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 234 "Суу чарба курулуштарын суу пайдалануучулардын ассоциацияларына жана алардын кошуундарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
26-статья. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук
СПА Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик актыларга ылайык бухгалтердик эсепти жүзөгө ашырат жана СПАнын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен отчеттуулукту жүргүзөт.
IV-1 глава СПАнын бирлиги
(Глава КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
261-статья. СПАнын бирлигинин максаттары жана милдеттери
1. СПАнын бирлиги ушул Мыйзамга ылайык магистралдык сугат тутумдарын биргелешип башкаруу, пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн эки же андан көп СПА тарабынан коммерциялык эмес уюм катары уюштурулат.
2. СПАнын бирлигинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- магистралдык сугат тутумдарын жана аны менен байланышкан инфратүзүмдөрдү пайдалануу жана техникалык тейлөө, зарыл курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү;
- СПАнын бирлигинин тейлөө зонасында сууну пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу жана магистралдык сугат жана дренаждык тутумдарын жана ага байланышкан инфратүзүмдү техникалык тейлөөнүн наркын кошкондо, берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн СПАнын бирлигинин мүчөлөрү болуп саналган СПАдан төлөмдөрдү жыйноо;
- табигый суу объекттеринен белгиленген тартипте суу топтоо;
- СПАнын бирлигинин курамына кирген СПАлардын ортосунда сугат сууну берүү жана бөлүштүрүү;
- СПАнын бирлигинин курамына кирген СПАлардын ортосунда суу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;
- СПАнын бирлигинин курамына кирген бардык СПАлардын кызыкчылыктарын коргоо.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
262-статья. СПАнын бирлигин түзүү
1. СПАнын бирлиги бардык субъекттердин ыктыярдуу макулдугунун негизинде бир магистралдык тутумдан суу алган эки же андан көп СПА тарабынан уюштурулат.
2. СПАнын бирлигин мамлекеттик каттоо юридикалык жакты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. СПАнын бирлигинин мүчөлөрү өздөрүнүн өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укуктарын сакташат.
4. СПАнын бирлигинин Уставы менен СПАнын бирлигинин мүчөлөрү болуп саналган СПАлардын ортосундагы талаш-талаштарды чечүү боюнча комиссия түзүү каралышы мүмкүн.
5. СПАнын бирлигине ушул Мыйзамдын жалпы жоболору, ошондой эле СПАны жөнгө салуучу жоболор жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-мартындагы № 46, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
263-статья. СПАнын бирлигинин киреше булактары
1. СПАнын бирлигинин кирешеси, эгерде аларды төлөө уставда каралса кирүү жана мүчөлүк төгүмдөрдүн; ыктыярдуу төгүмдөрдүн жана кайрымдуулук, мамлекеттик жана башка гранттардын; САПнын бирлигинин уставына ылайык жүргүзүлгөн иштерден түшүүлөрдүн; жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн; мыйзам менен тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн негизинде түзүлөт.
Коомдук бирикмелердин ишкерлик ишинин кирешелери бул бирикмелердин мүчөлөрүнүн жана катышуучуларынын ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес жана уставдык максаттарга жетүү үчүн гана пайдаланылышы керек.
2. СПАнын бирлигине мамлекеттик сугат дренаждык тутумдарынын бир бөлүгү белгиленген тартипте пайдаланууга, күтүп алууга жана башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
264-статья. СПАнын бирлигинин резервдик фонду
1. СПАнын бирлиги резервдик фондду түзүүгө укуктуу, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби СПАнын бирлигинин уставы менен аныкталат. Резервдик фонд күтүүсүз жоготууларды жана чыгашаларды жабуу, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга сарпталган чыгымдарды жабуу үчүн пайдаланылат. Резервдик фонд башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
2. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим СПАнын бирлигинин жалпы чогулушу (өкүлчүлүктөрдүн чогулушу) тарабынан кабыл алынат.
(КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V глава СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу
(Глава КР 2013-жылдын 30-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан СПАнын ишин координациялоо, колдоо жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлгөн жөнгө салуучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин ишин координациялоо, колдоо жана көзөмөлдөө боюнча өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн СПАнын жөнгө салуучу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- СПАнын мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга же текшерүү жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тартууга;
- СПАнын жана СПАнын бирликтеринин белгиленген үлгүдөгү реестрин жүргүзүүгө;
- мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого (күтүүгө жана капиталдык оңдоого) субсидия түрүндө каржылоону бөлүүгө;
- СПАга жана СПАнын бирликтерине юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана жардам берүүнү камсыз кылууга;
- белгиленген тартипте магистралдык сугат тутумунун тийиштүү бөлүгүн СПАнын бирликтерине пайдаланууга жана башкарууга өткөрүп берүүгө;
- ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткарууга.
СПАнын жана СПАнын бирликтеринин жетекчи адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттордун туура эместиги жана өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
271-статья. СПАнын жана СПА бирлигинин ишин колдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, СПАнын жана СПА бирлигинин өнөктөштүгү тиешелүү маселени жергиликтүү маанидеги маселе катары тиешелүү жергиликтүү коомдоштуктун чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү коомдоштуктардын уставдарына киргизген учурда ирригацияны өнүктүрүү боюнча милдеттерди биргелешип чечүүгө негизделет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жобосу сакталган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- муниципалдык менчикте турган суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө каржылоону бөлүүгө;
- юридикалык, бухгалтердик жана техникалык маселелер боюнча, ошондой эле ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы боюнча сууну пайдалануучулардан карызды өндүрүп алуу маселелери боюнча жана мыйзамда каралган учурларда аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча СПАга жана СПА бирлигине консультация берүүнү камсыз кылууга жана жардам көрсөтүүгө;
- муниципалдык менчиктеги суу чарба объекттерин СПАнын пайдалануусуна жана башкаруусуна өткөрүп берүүгө;
- ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын СПА менен же, СПА жок болгон учурда, башка жак менен макулдашууга.
(КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
VI Глава Корутунду жоболор
28-статья. СПАны кайра уюштуруу жана жоюу
1. СПАны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана СПАнын уставына ылайык жүзөгө ашырылат.
СПАнын уставында ал жоюлган учурда анын бардык милдеттерин канааттандыргандан кийин, мамлекеттен бекер алынган негизги каражаттардан башка, калган каражаттары жоюу комиссиясынын же жоюу жөнүндө чечим кабыл алган органдын чечими боюнча СПАнын уставында каралган шарттарга ылайык СПАнын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.
29-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2002-жылдын 27-мартында N 23 жарыяланды
2. Кыргыз Республикаcынын Өкмөтү:
- мыйзам актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана ведомстволору тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн СПАлар өздөрүнүн уюштуруу документтерин ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде анын талаптарына ылайыкташтыруусун камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |