Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 18-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекстин бүткүл тексти боюнча 29-беренени кошпогондо ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) преамбуладагы "Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлигине караштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) бюджет ресурстарынын администратору - салыктык кирешелерди, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алынуучу бажы төлөмдөрүн, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин салыктык эмес кирешелерин (ресурстарын) чегерүү, жыйноо, эсепке алуу жана туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо боюнча бир же жыйынды иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөрү;";
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 38-пункттагы "болжолдонуучу" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын:
"38-1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнүн болжолу - максаттуу багыттарды жана болжолдонуучу негизги көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен келерки мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдүн тутуму;";
д) төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-пункт менен толукталсын:
"40-1) Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму - орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин), узак мөөнөттүү (10 жыл жана андан көп) мезгилдерге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы;";
е) 42-пункттагы "болжолдонуучу" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 6-берененин 4-бөлүгүндө "Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясында" деген сөздөр "Фискалдык саясаттын негизги багыттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Функционалдык классификация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарына жана милдеттерине ылайык алар тарабынан аткарылган иш-милдеттерге жараша бюджеттердин чыгашаларынын классификациясын билдирет.";
6) 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген салыктар, бажы төлөмдөрү, салыктык эмес төлөмдөр, төгүмдөр, камсыздандыруу төгүмдөрү, чегерүүлөр жана жыйымдар түрүндө, ошондой эле алынган трансферттер түрүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү бюджеттерине түшүүчү акчалай каражаттар болуп саналат.";
7) 23-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосу;";
8) 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү тийиштүү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпашы керек (резервдик фонддордун каражаттарын жана аткаруу бийлигинин органдарынын муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөрдү эсепке албаганда).";
9) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-берене менен толукталсын:
"24-1-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду
1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун (мындан ары - Президенттин фонду) түзүү каралат.
2. Президенттин фондунун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынан 1 пайыздан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке албаганда);
2) коррупциялык иштер боюнча орду толтурулган каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
3. Президенттин фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
1) инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого;
2) калктын социалдык-экономикалык абалык жакшыртууга;
3) билим берүү программаларын жана чет өлкөдө билим берүү программалары боюнча окуп жаткан студенттерди каржылоого;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) чечими менен аныкталуучу башка иш-чараларга.
4. Президенттин фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин чечими менен аныкталат.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда Президенттин фондунун каражаттары бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.";
10) 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Резервдик фонддор
1. Республикалык бюджетте кезектеги бюджеттик жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы), ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун түзүү каралат.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджеттин бекитилген чыгашаларынан ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайыздан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албаганда).
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзам менен бекитилет.
3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин Төрагасынын тийиштүү чечими менен аныкталат.
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин тийиштүү чечимдери менен аныкталат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү чечимдери менен аныкталат.
Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат квартал сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жарыяланууга тийиш.
4. Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгашаларды каржылык камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат.
5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ишин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акыларын төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко тиркелет жана милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун пайдалануу тууралуу маалымат Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен кварталдык отчетко тиркелет.";
11) 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Тышкы булактардан (гранттар) расмий трансферттерди эсепке албаганда жыйынды кирешелерди мамлекеттик тышкы инвестицияларды эсепке албаганда бюджеттин жыйынды чыгашаларынан ашыруу - тышкы насыяларды жана гранттарды эсепке албаганда бюджеттин профицитин түзөт, ал эми мамлекеттик тышкы инвестицияларды эсепке албаганда жыйынды чыгашаларды тышкы булактардан (гранттар) расмий трансферттерди эсепке албаганда бюджеттин жыйынды кирешелеринен ашыруу - тышкы насыяларды жана гранттарды эсепке албаганда бюджеттин тартыштыгын түзөт.";
12) 28-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда "тышкы" деген сөз алып салынсын;
13) 29-беренеде:
а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана Жогорку Кеңешке жиберет" деген сөздөр "жана маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик инвестициялар - Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы карызга алууларды жана гранттарды эсепке алуу менен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары.";
15) 31-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Доонун эскирүү мөөнөтү бюджеттик насыя боюнча насыя берүүчүлөрдүн талаптарына карата жайылтылбайт.
8. Бюджеттик насыяларды башкаруу менен байланышкан чыгашалар бюджеттик насыяларды төлөөнүн эсебинде республикалык бюджетке кайтарылуучу акча каражаттарынан 3 пайызы өлчөмдө чегерүүлөрдүн эсебинен жабылат, алардын 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн чегерилген акча каражаттарын пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
16) 34-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Региондорду өнүктүрүү фонддору аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү, максаттуу багыттагы иш-чараларды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча инфратүзүмдүк жана инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү чегерүүнүн, түшүүлөрдүн жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлөт.";
17) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы V-1 бөлүм менен толукталсын:
"V-1 БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРУКТАШТЫРУУ ФОНДУН ТҮЗҮҮ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА БАШКАРУУ
7-1-глава. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду
43-1-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду (мындан ары - Турукташтыруу фонду) - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, сактык жана турукташтыруу функцияларын ишке ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд.
Сактык функциясы материалдык эмес активдерди кошпогондо, каржылык активдердин жана башка мүлктүн топтолушун жана тобокелчиликтин орточо деңгээлинде узак мөөнөттүү келечекте Турукташтыруу фондунун активдеринин кирешелүүлүгүн камсыз кылат.
Турукташтыруу функциясы Турукташтыруу фондунун активдеринин талаптагыдай өтүмдүүлүк деңгээлин колдоо үчүн арналган.
43-2-берене. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары
1. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;
2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун сатуу;
3) Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер;
4) башка кирешелер.
2. Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер Турукташтыруу фондун каржылык жана башка инструменттерге жайгаштыруудан түзүлөт.
43-3-берене. Турукташтыруу фондун пайдалануу
1. Турукташтыруу фондунун каражаттары төмөнкүлөргө чыгымдалат:
1) кечиктирилгис чечүүнү талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды ишке ашырууга;
2) негизги фонддорду түзүүгө, көбөйтүүгө, жаңылоого, модернизациялоого;
3) экономика тармактарын өнүктүрүүгө;
4) экономика кескин начарлаган жана бюджеттин кирешелери кыскарган учурда республикалык бюджеттин кирешелеринин корголгон беренелерин каржылоого.
2. Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Президент тарабынан аныкталат.
3. Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат жыл сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.";
18) 50-беренеде:
а) "Республикалык бюджеттен" деген сөздөр "1. Республикалык бюджеттен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга түзүү жана аткаруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу обочолонгон бюджеттердин алкагында айрым жалпы мамлекеттик чыгашаларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берүүгө укуктуу.";
19) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 50-1-берене менен толукталсын:
"50-1-берене. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарга жана жарандык коомдун башка институттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чыгашалары
1. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды жана жарандык коомдун башка институттарын мамлекеттик колдоого чыгашалар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мамлекеттик гранттар жана социалдык тапшырык формасында жүргүзүлөт.
2. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды жана жарандык коомдун башка институттарын мамлекеттик колдоого каражаттарды пайдалануу тууралуу маалымат жыл сайын тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.";
20) 54-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"54-берене. Теңдештирүүчү трансферттер
1. Теңдештирүүчү трансферттер - жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлдеринин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.
2. Теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
21) 55-берененин 2-бөлүгүндө:
а) "бюджеттен" деген сөздөн кийин "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу боюнча иш-чараларды каржылоого;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүүгө, аларды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
22) 57-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бюджеттик ссуда - кайтарымдуу, мөөнөттүү жана пайызсыз негизде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке же бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке бөлүнүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудалар жергиликтүү бюджеттердин каржылык кыйынчылыктарында берилет. Бюджеттик ссудаларды берүү боюнча өз ара мамилелер тийиштүү келишимдер жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
23) 58-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо;
5) коммерциялык жана коммерциялык эмес ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын алдындагы бюджеттик милдеттенмелерди жабуу.";
24) 59-берененин 4-бөлүгүндө "эки болжолдонгон мезгилге" деген сөздөр "пландуу мезгилге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 62-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Жогорку Кеңеш тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 63-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
Мамлекеттик кепилдик Министрлер Кабинети насыя берүүчүлөрдүн алдында эл аралык келишимдерде каралган белгиленген мөөнөттөрдө кепилдик субъекти тарабынан төлөнбөгөн карыздарды төлөп берүүгө милдеттенме алган келишимге ылайык жана эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдардагы мүчөлүгүнүн алкагындагы милдеттенмелер боюнча берилет.
Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берет.";
27) 67-берене "тейлөө боюнча" деген сөздөрдөн кийин "ар жылдык" деген сөздөр менен толукталсын;
28) VIII бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VIII бөлүм. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ
15-глава. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
68-берене. Президенттин компетенциясы
Президент бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга кол коет жана жалпыга жарыялайт;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
69-берене. Жогорку Кеңештин компетенциясы
Жогорку Кеңеш бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) төмөнкү мыйзамдарды кабыл алат:
а) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге республикалык бюджет жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
б) кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге Социалдык фондун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
в) Кыргыз Республикасынын өзгөчө бюджети жөнүндө;
2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
70-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы
Министрлер Кабинети бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алуусуна берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;
2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна берет;
3) тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
4) экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
5) бюджеттик-каржылык, инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
6) Кыргыз Республикасына берилген тышкы жардамдарды жана түздөн-түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
7) Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча тышкы жардамдарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу программаларынын долбоорлорун карайт жана жактырат;
8) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
71-берене. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) бюджеттик-каржылык саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берет;
3) республикалык бюджет жөнүндө, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун түзөт жана аларды кароо үчүн Министрлер Кабинетине берет;
4) секторлор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегияларын иштеп чыгуу процессин, ошондой эле бюджет ресурстарынын администраторлорунун жана бюджеттик процессти жүзөгө ашырууда бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын ишин координациялайт;
5) бюджеттик процессти, мамлекеттик сатып алуулар тутумун, каржылык башкаруу жана контролдоо тутумун, ички аудит тутумун кошуп алганда, мамлекеттик каржыларды башкарууну усулдук камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
6) жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын баалоону жүргүзөт, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аныктайт;
7) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн жана алуучулардын бюджеттик табыштамаларды түзүү эрежелерин белгилейт;
8) бюджеттик процессти жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган маалыматтарды берүүнүн тизмегин, форматын жана тартибин аныктайт;
9) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык, чегерүүлөрдүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик кирешелерди бөлүштүрөт;
10) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин ортосунда алардын түшүүлөрүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алуу үчүн, алар боюнча колдонулуучу айыптарды жана пайыздарды кошуп алганда, салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн төлөнгөн/өндүрүп алынган ашык суммаларын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кайтарып берет;
11) өнүгүүгө расмий жардамдарды ишке ашырууну пландаштырат жана каржылык мониторинг жүргүзөт (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);
12) өнүгүүгө расмий жардамдарды координациялоону жүзөгө ашырат (мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча);
13) мамлекеттик ички жана тышкы карызды болжолдойт жана аны талдоону жүзөгө ашырат;
14) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат;
15) Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат;
16) бюджеттик мекемелерге коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берет;
17) бюджеттик мекемелердин улуттук, чет өлкөлүк валютада ушул Кодексти бузуу менен жүргүзүлгөн операцияларын токтотуп туруу жөнүндө чечимди бюджеттик уюмдарга жана коммерциялык банктарга жиберет;
18) ушул Кодексте каралган учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндөгү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн, алуучуларынын ачылган эсептер боюнча операциялар токтотулуп турат;
19) Бирдиктүү казыналык эсепте болгон бюджеттик каражаттар менен операцияларды Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте башкарат;
20) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткарууну кассалык тейлөө тартибин ушул Кодекске ылайык белгилейт;
21) ресурстар администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарынын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын эсептерин бекитилген тартипте ачат жана операцияларын эсепке алууну жүргүзөт;
22) ресурстар администраторлорунун, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын башкы тескөөчүлөрдүн, тескөөчүлөрдүн, алуучулардын жыйынды реестринин жүргүзөт;
23) артыкчылыктарды жана программалык иш-чараларды эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык аларды квартал боюнча бөлүштүрүү менен башкы тескөөчүлөргө, тескөөчүлөргө жана алуучуларга бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерин жиберет;
24) республикалык бюджетти аткаруунун кассалык планын түзөт жана жүргүзөт;
25) Бирдиктүү казыналык эсепте ресурстардын администраторлорунун, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн, тескөөчүлөрүнүн жана алуучуларынын кассалык киреше жана чыгаша операцияларын жүзөгө ашырат;
26) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин кассалык аткарылышы боюнча операцияларынын эсебин жүргүзөт;
27) Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (республикалык жана жергиликтүү) бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берет;
28) бюджеттерди аткаруу боюнча жол-жоболордун сакталышына ички контролду жүзөгө ашырат;
29) бухгалтердик отчеттуулукту кабыл алууну, талдоону жана бириктирүүнү жүзөгө ашырат;
30) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана бюджеттик мекемелеринин жана мамлекеттик сатып алуулардын ички аудит кызматтарынын ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат;
31) мамлекеттик башкаруу секторунун каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсебинин жана каржы отчеттуулугунун ченемдик укуктук, усулдук базасын өркүндөтөт;
32) корпоративдик төлөө карталарынын эмитенти укугу менен Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөө тутумдарында түздөн-түз катышуучусу катары катышат;
33) республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер протоколдорун даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
34) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы
Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) каржылык аудитти жана натыйжалуулук аудитин жүргүзүүдө төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
а) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин жана бухгалтердик отчеттуулуктун аткарылышына;
б) мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ресурстардын администраторлорунун ишине;
в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын абалына жана башкарылуусуна;
г) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкарууга;
д) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын ишине;
е) бюджеттик каражаттарды алуучулардын - менчик же менчиктин башка түрүндөгү юридикалык жактардын берилген бюджеттик каражаттарга карата ишине;
ж) Улуттук банктын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына;
з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка насыялык-каржы мекемелерди;
и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына;
2) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берет;
3) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;
4) бюджеттик мыйзамдардын жана каржылык тартиптин табылган бузууларын четтетүү боюнча аткарууга карата милдеттүү болгон жазма эскертүүлөрдү жиберет;
5) ушул Кодекстин 93-беренесинин жоболоруна ылайык бюджеттин долбоорун түзөт;
6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
73-берене. Улуттук банктын компетенциясы
Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) акча-насыя саясатын аныктайт жана Министрлер Кабинети менен өз ара аракетте аны жүзөгө ашырат;
2) Бирдиктүү казыначылык эсепте турган Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын тейлейт;
3) ал процесстерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түздөн-түз катышуусунун камсыз кылуу менен, корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгуу укугу менен, Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумдарына түздөн-түз катышуучу катары катышат;
4) Министрлер Кабинетинин каржы агенти болуп саналат;
5) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Министрлер Кабинетине консультация берет;
6) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана республикалык бюджет жөнүндө, аларга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдардын долбоорлоруна жана өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко карата корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңешке киргизет;
7) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
74-берене. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:
а) экономикалык саясаттын негизги багыттарын, мамлекеттик программаларды;
б) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун;
в) ыйгарым укуктуу орган жана кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча - каражаттарды тартуу жана донорлордун расмий жардамдарынын алкактарында пайдалануу боюнча стратегияны;
г) тышкы соода иштерин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу боюнча сунуштарды;
2) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө талдоо жана баалоо жүргүзөт;
3) төмөнкү жаатта бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат:
а) экономикалык өнүктүрүүнүн жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын эсепке алуу менен түздөн-түз инвестицияларды;
б) тышкы жана ички сооданы;
в) көмүскө экономиканы легалдаштырууну жана кыскартууну;
4) экономикалык өнүгүүгө, республикалык бюджеттин бириктирилген кирешелерин салыктык кайра түзүүлөргө салыктын таасир этүүсүнө чараларга баа берүүгө жана экспертизага катышат;
5) эл аралык каржы уюмдары тарабынан каржыланган өнүгүү долбоорлоруна катышкан чарбалык субъекттер үчүн салык жеңилдиктерин ырастоо боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
6) мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган даярдаган мамлекеттик материалдык резервдердин тутумунун чыгашаларынын түзүмдөрү боюнча тиешелүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды макулдашат;
7) отун-энергетика комплекси жаатында бюджет жана тарифтик саясат боюнча сунуштарды киргизет.
75-берене. Мамлекеттик органдардын бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатындагы компетенциясы
Мамлекеттик органдар бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегиясын/программасын иштеп чыгат;
2) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын иштеп чыгат жана бекитет;
3) ведомствонун, анын ичинде анын ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетин түзөт жана аткарат;
4) өздөрүнүн ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча ишин координациялайт жана уюштурат;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча ведомствонун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматты даярдайт жана берет;
6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана ресурстардын администраторлорунун реестрине ылайык бюджет ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткарат;
7) өз ишинин чөйрөсүндө ведомстволук каржылык контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык бюджеттик каражаттардын майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана аткарылышынын даректүүлүгүн камсыз кылат;
9) ведомствонун жана ведомстволук караштуулуктагы бюджеттик мекемелердин милдеттенмелери боюнча жооп берет;
10) бюджеттик чыгашалардын стратегияларынын долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
76-берене. Социалдык фонддун компетенциясы
Социалдык фонд бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) Социалдык фонддун бюджети жөнүндө, бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Министрлер Кабинетинин кароосуна берет;
2) Социалдык фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
3) Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоо фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашаларын каржылоону камсыз кылат;
4) убактылуу эркин каражаттарды Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген активдерге пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштырат;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштамаларды даярдайт жана ассигнованиелерди берүүгө негиздемелерди түзөт, бюджет аралык трансферттерди пайдалануу боюнча отчеттуулукту, Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн жана башка маалыматты даярдайт жана берет;
7) ассигнованиелердин пайдаланылышынын даректүүлүгүн жана максаттуу мүнөзүн камсыз кылат;
8) Социалдык фонддун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
9) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
77-берене. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун компетенциясы
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) жарандардын ден соолугун коргоо жаатында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана башка программалардын долбоорлорун жана стратегияларды иштеп чыгууга катышат;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын аткаруу үчүн зарыл тарифтик төгүмдөрдүн ставкалары жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана Бирдиктүү төлөөчүнүн каражаттарын топтойт;
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасын жана камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашырат;
5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары берүүчү медициналык жана алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого жумшалган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем болбогон көлөмдө каржылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу запасын түзөт;
6) бекитилген республикалык бюджеттин алкактарында максаттуу иш-чараларга каражаттарды жумшоо жолу менен саламаттык сактоо уюмдарынын каржылык туруктуулугун жана каржылык тобокелдикти азайтууну камсыз кылат;
7) саламаттык сактоо жаатында ден соолуктун алдын алуу жана бекемдөө жана башка максаттуу программалар боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө каражаттарды багыттайт;
8) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан каражаттардын максаттуу жана майнаптуу пайдалануусуна ички аудит жүргүзөт;
9) Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан консолидацияланган бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышын контролдойт;
10) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
78-берене. Жергиликтүү кеңештердин компетенциясы
Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын кабыл алышат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышат;
2) жергиликтүү бюджеттин негизги жана артыкчылыктуу багыттарын аныкташат;
3) муниципалдык карыздын чектик көлөмүн жана ага өзгөртүүлөрдү кошуп алганда, жергиликтүү бюджетти бекитишет;
4) жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угушат жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитишет;
5) ушул Кодекстин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, бюджеттик ссудаларды жана максаттуу трансферттерди берүү/тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алышат;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;
7) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
79-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында:
1) аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырууну камсыз кылышат;
2) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылышат;
3) жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду жергиликтүү кеңештердин кароосуна беришет;
4) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашырышат;
5) жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча бюджеттик ссудаларды/насыяларды берүүнү/тартууну жүзөгө ашырышат;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштаманы жана бюджет аралык трансферттерди алуунун зарылдыгы жөнүндө негиздемени даярдашат, алардын пайдаланылышы боюнча отчеттуулукту, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетту жана башка маалыматты беришет;
7) бул каражаттарды алуучулар боюнча бюджеттер аралык трансферттердин максаттуу пайдаланылышынын натыйжалуулугун камсыз кылышат;
8) жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурушат жана өткөрүшөт;
9) ушул Кодекстин жоболорунда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.";
29) 80-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.";
30) IX бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-глава менен толукталсын:
"17-1-глава. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу
81-1-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу
1. Мамлекеттик болжолдоо процесси Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу багыттарын иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторингдөө, баалоо, түзөтүү боюнча чаралардын комплексин колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолу жалпы республика, экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгат.
3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолу ички жана тышкы экономикалык, социалдык жана башка факторлордун мүмкүн болуучу таасирин эске алуучу ар түрдүү варианттарда иштелип чыгат.
4. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун берүү, кароо жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык регламенттелет.";
31) 82-беренеде:
а) 4-бөлүктө "кийинки үч жылга" деген сөздөр "кийинки беш жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн 2-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча кийинки үч жылга контролдук цифраларды кошуп алганда, негизги категориялар боюнча кийинки беш жылга бюджеттин чыгымдарын;";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен түзүлөт жана Министрлер Кабинетинин Кеңешинин кароосуна берилет.
Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Министрлер Кабинетинин Кеңеши кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдын 15-июнунан кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча кайчы пикирлерди кароону уюштурат.";
г) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 8-бөлүк "Өкмөттүн токтому" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Кеңешинин чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 9-бөлүктө "пландаштыруу" деген сөз "болжолдоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
32) 83-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Министрлер Кабинетинин Кеңеши Фискалдык саясаттын негизги багыттарын орто мөөнөттүү мезгилге түзүү боюнча республиканын сот тутумун кошуп алганда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иш-аракеттерин координациялайт, ошондой эле Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоосу пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактырат жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун учурда ишке ашыруу маселелерин карайт.
Министрлер Кабинетинин Кеңешинин курамына Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ассоциациялардын жана жергиликтүү коомчулуктардын бирликтеринин өкүлдөрү кирет.
Министрлер Кабинетинин Кеңеши өзүнүн жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин чакырууга укуктуу.
Министрлер Кабинетинин Кеңешинде бюджеттин долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алышат.";
б) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
33) 84-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
34) 89-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге түзүлөт.
2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге карата республикалык бюджеттин долбоору болжолдуу беш жылга Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралган көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.";
б) 3-бөлүктө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тескөөчү обочолонгон бюджеттер киргизилиши мүмкүн.";
35) 90-беренеде:
а) 1-бөлүктө "болжолдонуучу эки мезгилге" деген сөздөр "пландуу мезгилге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
36) 91-берененин 2 жана 4-бөлүктөрүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
37) 94-беренеде "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
38) 95-берененин 1-бөлүгүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
39) 96-беренеде:
а) 1-бөлүктө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетини Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 97-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
41) 98-беренеде "кийинки болжолдонгон" деген сөздөр "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
42) 99-берененин 1-бөлүгүндө "кийинки болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
43) 102-берененин 3-бөлүгүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
44) 104-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүндө "жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине" деген сөздөр "жана маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 105-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп
1. Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсебин билдирет, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат. Улуттук банк Бирдиктүү казыналык эсепти тейлөө боюнча банктык операцияларды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык, пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумунун түздөн-түз катышуучусу болуп саналат, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгат жана Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыктарынын чектеринде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, камсыздандыруу жыйымдарын төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсептерди ачууга укуксуз.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктарда эсептерди ачууга бюджеттик мекемеге төмөнкү учурларда уруксат берүүгө укуктуу:
1) бюджеттик мекеме тарабынан грант берүүчүнүн коммерциялык банктарда өзүнчө (валюталык) эсеби болгон шарттарда чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамдарды алганда;
2) бюджеттик мекеме эл аралык каржы институттары же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан акысыз каржыланган биргелешкен илимий-изилдөө программасына катышканда;
3) чет өлкөлүк инвесторлор/инвесторлор (аккредитив жана башкалар) алдында келишимдик мамилелерди аткаруунун алкагында бюджеттик мекеменин акча каражаттарын андан ары которуу максатында убактылуу жайгаштырганда;
4) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын топтоодо жана башкарууда.
7. Бюджеттик тутумдун бюджеттик мекемелеринин акча каражаттары менен операциялардын бухгалтердик эсеби Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган өздүк казыналык эсептерде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде акча каражаттары менен операцияларды эсепке алуу үчүн бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) жана ресурстардын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу, жабуу жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштуруп аткарылат.
8. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, администрленүүчү, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт:
1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер;
2) администрленүүчү эсептер - бюджет ресурстарынын администратору болуп саналган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан администрленүүчү Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер;
3) атайын эсептер -төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөрдү эсепке алуучу эсептер:
а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү;
б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөрдү;
в) көзөмөлчүлүк төлөмдөрдү;
г) кайрымдуулук же гранттык жардамдарды;
д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөрдү;
е) өздүк өндүрүштөгү товарларды сатуудан түшкөн каражаттарды;
ж) бюджеттик насыяларды жоюунун эсебинен республикалык бюджетке кайтарылган каражаттардан чегерүүлөрдү;
з) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттарды;
4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана белгилүү бир шарттар келип чыккан учурда, аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же багыты боюнча которууга тийиш болгон каражаттар боюнча операциялар эсепке алынуучу кардардын эсептери.
9. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди тейлөө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.";
46) 106-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошол датага карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра саналат. Акчалай беренелер боюнча кайра саноодо пайда болгон курстук айырма киреше же чыгаша деп таанылат.";
б) 4-бөлүгүндө "органдары аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөр "органдын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгүндө "милдеттүү жана" деген сөздөр алып салынсын;
47) 107-берененин 3-бөлүгүндө "болжолдонгон" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
48) 109-беренеде:
а) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде аларды кайра бөлүштүрүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү мамлекеттик инвестициялардын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
7. Инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик инвестициялардын алкагында бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү менен макулдашуу боюнча чыгашаларынын функционалдык жана ведомстволук классификациясынын беренелеринин ортосунда тийиштүү жылдын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.";
49) 110-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча бюджеттин тартыштыгын жабуу (каржылоо) булагы болуп саналбайт.";
50) 112-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Казыналык эсептеги депозиттик суммаларды сактоо мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана 3 жылдан ашпашы керек.";
51) 115-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "106" деген цифралар "107" деген цифраларга алмаштырылсын;
52) 116-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"116-берене. Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана бекитүү
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.
2. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко кыскача макроэкономикалык обзор жана төмөнкүдөй маалыматтар кирет:
1) республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүн аткаруу жөнүндө: кирешелер, чыгашалар, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар, тартыштык;
2) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;
3) бюджеттик мекемелердин кредитордук жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;
4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;
5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;
6) республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.
4. Министрлер Кабинети ушул Кодекстин талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
5. Министрлер Кабинети өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карап чыгып, ал боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-сентябрына чейин аны маалымат үчүн Жогорку Кеңешке жиберет.
6. Жогорку Кеңештин комитеттери өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бул маселе боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карайт жана ал боюнча корутундуну бир жумалык мөөнөттө тармактык комитетке берет.
7. Тармактык комитет республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен корутундуну, ар жылдык аудиттин натыйжалары менен бирге Эсептөө палатасынын отчету Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде корутунду берет.
8. Жогорку Кеңеш тарабынан ушул маселени кароодо төмөнкүлөр угулат:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
2) Эсептөө палатасынын төрагасы;
3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы.
9. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кабыл алуу тууралуу чечимди, анын аткарылышына баа берүү менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен кабыл алат.
10. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп таанылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.
11. Жогорку Кеңеш отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карайт жана ал боюнча чечим кабыл алат.";
53) 118-беренеде:
а) 4-бөлүктө "аткарылышы жөнүндө мыйзам долбоорун" деген сөздөр "аткарылышы жөнүндө отчету" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун отчеттук мезгилдеги бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карап чыгат жана аны кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.";
54) 23-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-глава. Мамлекеттик ички контролдоо тутуму жана мамлекеттик аудит
120-берене. Мамлекеттик ички контроль тутуму
1. Мамлекеттин ресурстарын үнөмдүү, майнаптуу, натыйжалуу жана мыйзамдарды сактоо принциптеринин негизинде башкарууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик ички контроль тутуму түзүлөт.
2. Мамлекеттик ички контроль тутуму ички контролдон, ички аудиттен жана алардын шайкештигинен турат.
3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын жетекчилери алар башкарган бардык түзүмдөрдө, программаларда, операцияларда жана процесстерде ички контроль тутумунун иштөөсү үчүн жоопкерчилик тартышат.
4. Мамлекеттик ички контроль тутуму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
121-берене. Ички контроль
1. Ички контроль - тиешелүү уюм тарабынан иш максаттарын аткарууну, тобокелдиктерди башкарууну, ишенимдүү жана так отчет берүүнү, мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруу секторунун органдары тарабынан ишке ашырылуучу үзгүлтүксүз процесс.
2. Мамлекеттик башкаруу секторунун ар бир органы өз талаптарына жана өзгөчөлүктөрүнө жооп берген өзүнүн ички контроль тутумун иштеп чыгат, ички контролдун иштешин камсыз кылат.
3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын ички контроль тутуму ички жана тышкы аудит тарабынан бааланууга тийиш.
122-берене. Ички аудит
1. Ички аудит - ишти өркүндөтүүгө, тобокелдиктерди башкарууга, ички контроль тутумунун адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна карата жетекчиликке кепилдиктерди жана консультацияларды берүүгө багытталган, мамлекеттик башкаруу секторунун органынын ичиндеги көз карандысыз жана объективдүү иш-милдет.
2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине жана сертификаттоого карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
123-берене. Ички контроль жана ички аудит боюнча шайкештик жана отчеттуулук
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарындагы ички контролдун жана ички аудиттин иштөөсүн шайкештөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик башкаруу секторунун органдарындагы ички контролдун жана ички аудит тутумунун абалы жөнүндө жыл сайын Министрлер Кабинетине отчет берет.
124-берене. Бюджеттердин мамлекеттик тышкы аудити
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун тышкы аудити Эсептөө палатасы тарабынан жүзөгө ашырылат:
жыл сайын - республикалык бюджетти жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин аткаруу жана мамлекеттик менчикти пайдалануу;
эки жылда бир жолудан кем эмес - жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу.
Аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга тийиш.";
55) 130-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Каржылык тартипти бузуу фактылары аныкталган учурда Эсептөө палатасы, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Президентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жетекчилерине мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартипти бузууга жол берген күнөөлүү кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизет.";
56) 131-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "болжолдонуучу" деген сөз "пландуу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 21-январындагы N 10 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 134-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |