Сравнение редакций…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 21-январы № 12
Виртуалдык активдер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 30-январындагы № 18 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы №180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзамдын максаты виртуалдык активдерди жүгүртүүдө, башкача айтканда, аларды түзүүдө, чыгарууда, сактоодо жана жүгүртүүдө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишке жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкү чөйрөдөгү иштерге жайылтылбайт:
1) баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган финансылык инструменттердин башка түрлөрү;
2) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталган валюталар, электрондук акча, резервдер, аманаттар (депозиттер);
3) оюн-зоок иши.
4) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттары.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан турат.
4-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) блокчейн - бардык маалыматтар ырааты менен жазылган жана блокторго бөлүштүрүлгөн, мында ар бир жаңы блок мурдагы блок менен криптографиялык колтамга аркылуу байланышкан, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын түрү;
2) виртуалдык актив - наркка ээ болгон, баалуулуктун санариптик туюндурмасы жана/же мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүү каражаты болуп саналган, бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиясын же ошого окшош технологияны пайдалануу менен түзүлүүчү, сакталуучу жана жүгүртүлүүчү жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбаган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы;
3) виртуалдык актив капчыгы - виртуалдык активди сактоо жана которуу үчүн каралган каражат (программалык тиркеме же башка механизм/алып жүрүүчү);
4) майнер - майнингди жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жак же жеке ишкер;
5) майнинг - пайдалануучулар ортосунда ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүштүрүлгөн реестрге (алдын ала аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакция блокторунун (блокчейндин) реестринин ишин камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттар аркылуу жүзөгө ашыруу боюнча, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну талап кылган иш. Майнинг аны жүзөгө ашыруучу жактын ээлигине бөлүштүрүлгөн реестрде операцияларды жүргүзүүнү тастыктоо үчүн сый акы катары келип түшүүчү виртуалдык активди түзүү менен коштолушу мүмкүн;
6) майнинг жабдуусу - майнинг боюнча ишти жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык каражаттар;
7) майнинг-пул - майнерлердин майнинг кубаттуулугун консолидациялоого жана майнинг боюнча иштерди уюштурууга арналган электрондук платформа;
8) өнөр жайлык майнинг - юридикалык жак жүргүзгөн майнинг боюнча иш;
9) виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) - виртуалдык активдер жагындагы бүтүмдөрдү түзүүгө түздөн-түз көмөктөшүүчү электрондук аянтчаны жана кызмат көрсөтүүлөрдү берген виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү;
10) виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору - өз атынан виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) жана (же) виртуалдык активдерди өз ара алмаштыруу кызматын көрсөткөн виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү;
11) виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштыруу - каражаттарды тартуу максатында жаңыдан чыгарылган виртуалдык активдерди таратуу же бөлүштүрүү процесси;
12) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган берген лицензиянын негизинде виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн бир же бир нече түрлөрүн ишкердик иш катары берген, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;
13) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) көмүскө майнинг - үчүнчү жактардын эсептөө кубаттуулуктарында алар билбестен же алардын макулдугу жок атайын программалык камсыз кылууну пайдалануу менен майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш;
16) стейблкоин - максаты белгиленген бир активге же белгилүү бир катыштарда активдердин жыйындысына карата туруктуу наркты колдоо болуп саналган виртуалдык активдин түрү;
17) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы - криптография каражаттарын колдонуу менен шифр коюлган маалыматтарды бөлүштүрүп сактоого багытталган технология;
18) санарип токен - мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктардын башка объектилерине талап укугун тастыктоо каражаты болуп саналган виртуалдык активдин түрү;
19) жеке майнинг - жеке ишкер жүзөгө ашырып жаткан майнинг боюнча иш;
20) виртуалдык активдер эмитенти - виртуалдык активдерди чыгаруучу жеке жана юридикалык жак.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2025-жылдын 31-июлундагы №180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Виртуалдык активдердин укуктук статусу
1. Виртуалдык актив жарандык укуктун өз алдынча объекти, ошондой эле мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктардын башка объекттерине талап укуктарын тастыктоо каражаты болушу мүмкүн.
2. Виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты, валюта жана (же) баалуу кагаз болуп саналбайт.
3. Виртуалдык активдер камсыздалган жана камсыздалбаган болушу мүмкүн:
1) камсыздалган виртуалдык активдерге мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде камсыздалган виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан сунушталган жарандык укуктардын башка объектилерине талап укугун тастыктоо каражаты болуп саналган санарип токендер, ошондой эле жарандык укуктардын башка объектилери менен камсыздалган башка виртуалдык активдер кирет.
Камсыздалган виртуалдык активдердин түрлөрү, ошондой эле мындай виртуалдык активдер менен тастыкталуучу укуктардын тизмеги виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык виртуалдык активдердин эмитенти тарабынан белгиленет.
Виртуалдык активди камсыз кылуу күрөөлүк камсыздоо жана (же) күрөө боюнча милдеттенме болуп саналбайт;
2) камсыздалбаган виртуалдык активдерге аларга карата ушундай виртуалдык активдердин ар бир ээсинин алдында милдеттенмелерди көтөрө турган жагы (жактары) жок болгон виртуалдык активдер кирет.
Камсыздалбаган виртуалдык активдер укуктарды тастыктабайт, кандайдыр бир укуктар жана милдеттенмелер, ошондой эле жарандык укуктардын башка объекттери менен камсыздалган эмес.
6-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Виртуалдык активдерге укукка ээ болуу жана ага өтүү шарттары смарт-контракттарга, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын жана (же) ушул сыяктуу технологиянын алдын ала аныкталган алгоритмдерине жана функцияларына ылайык белгилениши мүмкүн, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, анда алар мындай технологиянын алкагында түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт.
2. Виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүнө жарандык укук объекттеринин жүгүртүлүшүнө колдонулуучу бардык чектөөлөр жайылтылат.
3. Виртуалдык актив арестте турган же жарандык жүгүртүүдөн алып салынган жарандык укук объекти менен камсыздалган учурда, мындай виртуалдык активди ажыратууга жол берилбейт жана мындай виртуалдык активди ажыратуу тууралуу ар кандай түзүлгөн макулдашуу жараксыз болуп саналат.
2-глава. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу
7-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу;
2) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, анын ичинде блокчейнди, смарт-контракттарды жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ушундай башка технологияларды колдонуу менен ар башка субъекттер менен өз ара мамилелердин заманбап түрлөрүн этап-этабы менен жайылтуу;
4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
5) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бардык катышуучулардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бирдейлигин, ошондой эле аларды коргоонун ар тараптуу натыйжалуу механизмдерин камсыз кылуу;
6) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө ак ниетсиз атаандаштыктан коргоону камсыз кылуу;
7) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы, анын ичинде блокчейн жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө жогору квалификациялуу кадрларды даярдоо;
8) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, блокчейнди жана башка ушул сыяктуу инновациялык технологияларды ар башка тармактарга киргизүү жана аларды жайылтуунун жана колдонуунун натыйжасында келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу боюнча иликтөөлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
9) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө талаптагыдай көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү жана колдонуу;
10) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө.
8-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы принциптери
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) максатка ылайыктуулугу - технологиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, тобокелдиктердин алдын алуу жана төмөндөтүү максатында виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуунун негизделген зарылдыгы;
2) шайкештиги - бардык алгылыктуу альтернативаларды эске алуу менен виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуу тобокелдиктеринин, формаларынын жана деңгээлинин шайкештиги;
3) балансташкандык - жөнгө салуу ишинде виртуалдык активдерди жүгүртүүгө катышуучулардын кызыкчылыгынын балансын камсыз кылуу;
4) болжолдонушу - жөнгө салуунун, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча пландардын ырааттуулугу, бул виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн катышуучуларына ишин пландаштырууга мүмкүндүк берет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө берилген принциптер виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун негизин түзөт.
9-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынуучу иштин түрлөрү
Виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынуучу иштин түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) майнинг;
2) виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана баштапкы жайгаштыруу;
3) виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн иши.
10-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) эсептелет.
2. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат:
1) майнингди;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди эмиссиялоо жана баштапкы жайгаштыруу боюнча ишти;
3) виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү катары виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) көзөмөлүнө алынган банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдары жана башка юридикалык жактарды кошпогондо, виртуалдык активдердин тоорук операторлорунун (криптобиржалардын) жана виртуалдык активдер боюнча башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн иши.
11-берене. Ыйгарым укуктуу органдын функциялары жана ыйгарым укуктары
Ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктуу орган:
1) виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана анын иштеши боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндө бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгат, аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
3) виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана анын иштеши боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
5) виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
6) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө өнүктүрүү муктаждыктарын эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын түзүүгө катышат;
7) ушул Мыйзамга жана виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
8) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө лицензиялык-уруксат берүүчү жол-жоболорду (каттоо, каттоону жокко чыгаруу, лицензия берүү, аны убактылуу токтотуу, кайра чакыртып алуу) жүзөгө ашырат;
9) виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата таасир этүү чараларын көрөт;
10) виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата операциялык талаптарды бекитет;
11) алардын жалпы функцияларына жана милдеттерине ылайык мыйзам тарабынан каралган башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.
3-глава. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти уюштуруу
12-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактардын укуктары жана милдеттери
1. Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) виртуалдык активдерге ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде виртуалдык активдерди виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштырууга, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди сатып алууга же сатууга;
2) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте майнингди жүзөгө ашырууга;
3) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди колдонуу менен башка ишти жүзөгө ашырууга.
Юридикалык жактар ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө өздүк виртуалдык активдерди чыгарууга жана жайгаштырууга укуктуу.
2. Юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
2) виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды жана отчеттуулукту ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө.
4-глава. Майнинг
13-берене. Майнинг
Майнинг жеке жана өнөр жай майнинги түрүндө жүзөгө ашырылат.
Жеке майнинг жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын резиденти жана (же) резидент эмеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өнөр жайлык майнинг юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти жана (же) резидент эмеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун майнингди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
14-берене. Майнерлердин санарип реестри
Майнерлердин санарип реестри (мындан ары - Реестр) - майнерлерди каттоону жана тиешелүү сертификаттын берилгендигин тастыктаган жазмалардан турган санарип ресурсу, ага жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.
Майнингди жүзөгө ашырууга укук Реестрде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат.
Реестрдин ээси андагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыздайт.
Майнерлерди каттоо тартиби жана сертификатты кагаз жүзүндөгү алып жүрүүчүдөгү документ же санарип документи түрүндө берүү тартиби виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Реестрдин максаттары жана милдеттери
Реестрдин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан майнерлер жөнүндө бирдиктүү маалымат банкын түзүү жана эсебин жүргүзүү;
2) адамдык факторду кийлигиштирүүсүз майнерлерди аралыктан каттоо мүмкүндүгүн берүү жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу;
3) майнинг чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту, контролдоону жана электр энергиясын керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында майнерлерге жагымдуу шарттарды түзүү;
5) майнинг чөйрөсүндө талдоо жана статистикалык материалдарды иликтөө жана даярдоо.
16-берене. Майнерлерди каттоо
1. Майнингди жүзөгө ашырып жаткан жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү,
2. Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнингди жүзөгө ашырууга укуктуу.
Майнингди жүзөгө ашырууга чектелбеген мөөнөткө сертификат берилет.
Майнерлердин сертификатты алышынын талаптары жана шарттары:
1) Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык зарыл маалыматты көрсөтүү менен милдеттүү түрдө каттоодон өтүү;
2) ушул Мыйзамга ылайык каттоо үчүн жыйымды төлөө;
3) менчикте майнинг жабдуусунун болушу;
4) майнингдин натыйжасында алынган виртуалдык активдерди эсептөө үчүн колдонуудагы виртуалдык актив капчыгынын болушу;
5) өрт өчүрүү, санитардык жана техникалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен майнинг жабдуусун орнотууга арналган жайды электр энергиясы менен камсыздоо системасынын техникалык оң болушун жана талаптагыдай сапатын камсыз кылуу;
6) көмүскө майнингди жүзөгө ашырбоо;
7) ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча акысыз негизде майнинг ишин жүргүзүү же виртуалдык активдерди жүгүртүү ишине байланыштуу маалыматты ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берүү.
17-берене. Майнинг субъекттери үчүн электр энергиясынын тарифтери
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-глава. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу
18-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу
1. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) инвестицияларды жана зайым каражаттарын тартуу;
2) менчик ээсинин мүлккө укуктарын эсепке алууну, алмаштырууну жана күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу.
2. Виртуалдык активдер эмиссиясын, баштапкы жайгаштырууну жана жүгүртүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби, шарттары жана талаптары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
19-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо
Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана аларды ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
20-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоодон баш тартуу
Виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин жана аларда камтылган маалыматтардын виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына шайкеш эместиги;
2) эмитент виртуалдык активдердин эмиссиясы жөнүндө чечимди кабыл алуу тартибин сактабагандыгы;
3) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жыйымдардын төлөнбөгөндүгү.
21-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну токтотуу, виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну ишке ашпаган же анык эмес катары таануу
Виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуулар, ошондой эле аларды четтетүү учуруна чейин виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу жөнүндө анык эмес маалымат жарыялангандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулат;
2) эмиссиянын токтотулушуна алып келген бузуулар эмитент тарабынан четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашпаган катары таанылат;
3) соттун тиешелүү чечими болгон учурда анык эмес катары таанылат.
Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган учурда, бул чыгарылыштын бардык виртуалдык активдери жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш, ал эми ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган виртуалдык активдердин эмиссиясын жайгаштыруудан эмитент алган каражаттар алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш.
Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанууга жана алардын ээлерине каражаттарды кайтарууга тиешелүү чыгымдар эмитенттин эсебине кирет.
22-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо үчүн жыйым
Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо учурунда эмитент төлөө учуруна карата криптобиржадагы курс боюнча виртуалдык активдердин ушул чыгарылышынын номиналдык наркынан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйымды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине төлөйт.
Мурда катталган эмиссиянын виртуалдык активдер эмиссиясынын номиналдык наркы көбөйгөн учурда эмитент Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине ушул чыгарылыштагы виртуалдык активдердин номиналдык наркы көбөйгөн суммадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйым төлөйт.
23-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде эмитенттин аталышы, виртуалдык активдердин саны, номиналдык наркы жөнүндө маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалымат камтылууга тийиш.
Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
6-глава. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр
24-берене. Негизги жоболор
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр деп ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн бир же бир нече түрүн ишкердик иш катары сунуштаган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак таанылат.
2. Төмөнкүлөр виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн уюштуруучулары же катышуучулары (акционерлери), кызмат адамдары боло албайт:
1) оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жактар жана (же) анда катталган юридикалык жактар - резидент эместер;
2) оффшордук зоналарда жайгашкан банктарда эсептери бар юридикалык жактар жана жеке жактар;
3) юридикалык жактар, эгерде алардын акционери (катышуучусу) оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жак болуп саналса;
4) саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана диний уюмдар;
5) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдын таркатылышын каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмекке киргизилген юридикалык жана жеке жактар;
6) терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарды жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга каршы аракеттенүү жагында мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары берген маалыматтардын, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан расмий каналдар боюнча алынган маалыматтардын негизинде өзүнө карата терс маалымат бар болгон юридикалык жана жеке жактар;
7) тындырылбаган жана алынып салынбаган соттуулугу, анын ичинде башка мамлекеттерде ушундай соттуулугу бар адамдар;
8) финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими бар адамдар.
25-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн уставдык капиталы
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана, накталай эмес формада, уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө алынган виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
26-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр тарабынан сунушталуучу виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги
1. Иштин төмөнкүдөй түрлөрү виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат:
1) виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);
2) виртуалдык активдердин ортосундагы алмашуу;
3) виртуалдык активдерди которуу;
4) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо;
5) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр.
2. Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) боюнча иш виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) кызмат көрсөтүүлөрү деп таанылат.
3. Виртуалдык активдердин бир же бир нече түрлөрүн (формаларын) виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу виртуалдык активдердин ортосундагы алмаштыруу кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.
4. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр өзү же башка виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр аркылуу кардардын атынан жана кызыкчылыгында виртуалдык активдерди которуу (жылдыруу) виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.
5. Виртуалдык активдерди же виртуалдык активдерди контролдоого мүмкүндүк берүүчү инструменттерди жооптуу сактоо жана (же) администрлөө (башкаруу) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.
Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жана алардын атынан виртуалдык активдерди өз алдынча которуу мүмкүнчүлүгү менен виртуалдык активдердин жана (же) виртуалдык активдерди контролдоо инструменттеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мындай башкаруу же которуу виртуалдык актив ээсинин тапшырмасына ылайык аткарылса гана виртуалдык активдерди которот.
6. Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана (же) аларды берүүгө катышуу виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат. Виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана (же) сатууга байланыштуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ишин жүзөгө ашырып жаткан виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү эмитенттин атынан, анын эсебинен жана кызыкчылыгында виртуалдык активдерди жайгаштырууга же сатууга тиешелүү бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
27-берене. Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартиби жана шарттары
1. Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр адистештирилген платформаларда (мындан ары - Платформа) гана берилет.
2. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр ыйгарым укуктуу орган берген виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын негизинде берет.
3. Ушул беренеде каралган шарттарды жана чектөөлөрдү кошпогондо, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган бир же бир нече кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө укуктуу.
4. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр агенттер катары виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн башка берүүчүлөрдү гана тарта алат.
5. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорду кошпогондо, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктарга, банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тыюу салынат.
6. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби жана талаптары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
7. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган жактар болуп саналбаган юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби жана талаптары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
28-берене. Криптобиржалардын иши
1. Криптобиржа - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында өз ишин жүргүзүп жаткан юридикалык жак.
2. Криптобиржалар виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү бере алат.
3. Криптобиржаларды түзүүнүн, иштешинин, отчет берүүсүнүн тартиби жана ишинин башка жоболору ушул Мыйзамга ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
29-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин лицензиялоо
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан чектелбеген мөөнөткө лицензия берилет.
2. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө карата негизги лицензиялык талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы серверлерде жайгашкан жана мыйзамдарда каралган талаптарга жооп берген, иштеген Платформанын болушу;
2) юридикалык жактын жетекчилеринин, уюштуруучуларынын жана бенефициардык ээлеринин ким экенин тастыктоочу документтердин көчүрмөсүнүн болушу;
3) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн техникалык-экономикалык негиздемесинин (бизнес-пландын), негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болушу;
4) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин болушу;
5) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ички контролдоо системасынын, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо чараларынын болушу;
6) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, иштин үзгүлтүксүздүгүн жана маалыматтан коопсуздугун (киберкоопсуздук) камсыздоо тартибин жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун болушу;
7) уставдык капиталдын түзүлгөн минималдуу өлчөмүнүн болушу.
3. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугу юридикалык жакта лицензия берилген учурдан тартып келип чыгат.
30-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга лицензия берүү тууралуу арыз менен кайрылат.
Лицензия берүү тууралуу арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
1) юридикалык жактын нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
2) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
4) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн ырастаган башка документтер жана маалыматтар.
2. Лицензия берүү жөнүндө арыз бир айдан ашпаган мөөнөттө каралат. Лицензия берүү тууралуу арызды кароо учурунда ыйгарым укуктуу орган маалыматты суратууга жана мамлекеттик органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен консультация өткөрүүгө укуктуу. Эгерде документтер талаптарга ылайык келбесе, мөөнөттү эсептөө ырастоочу документтерди алган күндөн тартып башталат. Кароонун натыйжалары боюнча лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.
3. Сунушталган документтер жана маалыматтар ушул беренеде жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда ыйгарым укуктуу орган лицензия берүүдөн баш тартат.
Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда сунушталган документтер кайра кайтарылбайт.
4. Лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат, колдонуу мөөнөтү чектелбейт, ээси көрсөтүлөт (ажыратылбайт) жана үчүнчү жактарга берилбейт.
5. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ишин лицензиясыз жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат.
6. Ыйгарым укуктуу органдар тиешелүү лицензиясы бар көзөмөлгө алынуучу виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн реестрин түзөт. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайттарында жарыяланат.
31-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайра чакыртып алуу
1. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн лицензиясын төмөнкү учурларда кайра чакыртып алууга милдеттүү, эгерде:
1) лицензия билип туруп жалган документтердин негизинде, ошондой эле алдоо менен же башка мыйзамсыз жол менен алынса;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү мыйзамдарда тыюу салынган ар кандай ишти жүргүзсө.
2. Лицензия ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурларда кайра чакыртып алынышы мүмкүн:
1) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча өз ишин лицензияны алгандан кийинки он эки айдын ичинде баштабаса, же болбосо мындай ишти алты айдан ашык токтотсо;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү мыйзамдуу негиздер болбой туруп кардарлар алдында милдеттенмелерин аткарбаса;
3) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ыйгарым укуктуу органдын буйруктарын жана башка милдеттүү талаптарын аткарбаса, алардын аткарылбай калышы кардарлардын таламдарына айкын коркунуч келтирсе;
4) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн башкарууга, ички контролдоого, финансылык отчетторуна байланышкан маалыматтарды ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө дайыма берип турбаса же болбосо ишенимсиз маалыматтарды берсе;
5) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү өз иши жөнүндө билип туруп ишенимсиз маалыматтарды дайыма жарыялап турса же кардарларды башка ыкма менен адашууга алып келсе;
6) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын дайыма бузса;
7) ыйгарым укуктуу орган текшерүүлөрдү жүргүзүшүнө виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү өз аракеттери же аракетсиздиги менен тоскоолдук кылса.
32-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата колдонулуучу таасир этүү чаралары
1. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө, анын уюштуруучуларына жана кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. Таасир этүү чараларын колдонуунун максаты виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишиндеги тобокелдиктерге алдын ала ыкчам аракеттенүү, кардарлардын жана башка керектөөчүлөрдүн таламдарын жана укуктарын коргоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) жазма буйрук;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө жана алардын кызмат адамдарына айып пул;
3) виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоого чектөөлөр;
4) лицензияны убактылуу токтотуу;
5) лицензияны кайра чакыртыл алуу.
4. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата таасир этүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:
1) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү;
3) кардарлардын жана башка керектөөчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн аракеттери же аракетсиздиги;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга, лицензияны убактылуу токтотууга/кайра чакыртып алууга, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнү мажбурлап жоюуга же банкроттугуна алып келүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги;
5) ыйгарым укуктуу органга же Улуттук банкка өз убагында эмес/ишенимдүү эмес/толук эмес отчетторду жана (же) башка маалыматтарды берүү же бербөө.
33-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чаралары
Майнерлер жана виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чараларын көрүүгө жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашырууга милдеттүү.
7-глава. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү жарнамага талаптар
34-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү жарнама
1. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар виртуалдык активдердин жарнамасына жана өз ишине мыйзамдарда каралган талаптарды сактоого жана аларды ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде (анын ичинде үчүнчү жактарды тартуу менен) жайгаштырылуучу (таратылуучу) виртуалдык активдерди жүгүртүү боюнча жарнама төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жарнама катышуу тобокелдиктери жөнүндө эскертүүнү камтууга тийиш;
2) жарнама виртуалдык активдерге байланышкан операциялардын учурундагы потенциалдуу тобокелдиктер жөнүндө, анын ичинде виртуалдык активдерге алмаштырууга өткөрүп берилген, анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык бузулуулардын (каталардын), укукка каршы аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурулуктун натыйжасында акча каражаттарынан жана жарандык укуктардын башка объекттеринен толугу менен ажырап калуу жөнүндө, ошондой эле мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жөнүндө жана виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөө же төлөм кабыл алуу каражаты болуп саналбагандыгы жөнүндө эскертүүнү камтышы зарыл;
3) офертаны камтыган жарнаманын мазмуну келишим түзүүгө сунушталуучу бардык шарттарды, ошондой эле бул офертаны кабыл алуу үчүн аракетти сүрөттөөнү караштырууга тийиш;
4) эгерде жарнамада мурда болгон көрсөткүчтөр, моделдештирилген көрсөткүчтөр жана келечекте боло турган көрсөткүчтөр сүрөттөлсө, анда мындай жарнамада анын керектөөчүлөрүнө мындай көрсөткүчтөрдүн маңызын жана алардын негизинде жасалган жыйынтыктын болуу ыктымалдыгынын мүнөзү жарнама жөнүндө мыйзамдын талаптарын сактоо менен так түшүндүрүлүүгө тийиш.
3. Виртуалдык активдердин жарнамасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш эмес:
1) аудитордук уюм тарабынан тастыкталган, өткөн мезгил үчүн мындай иштин натыйжалуулугу жөнүндө маалымдарды жарнамада көрсөтүү учурларын кошпогондо, виртуалдык активдерди колдонууга байланышкан иштин натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) жөнүндө убадаларды же кепилдиктерди;
2) кооздук буюмдары, бонустар жана арзандатуулар жөнүндө маалыматты;
3) баюунун жеңил ыкмасы катары виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө маалыматты;
4) кесиптик же жеке ийгиликке жетүү үчүн виртуалдык активдерди колдонууга байланышкан иштин маанилүүлүгү жөнүндө ырастоону;
5) жашы жете элек жактардын образдарын;
6) виртуалдык активдерди колдонууга байланышкан ишти жүзөгө ашырууга катышпоону сынга алган сөздөрдү.
8-глава. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бузуулар
35-берене. Бузуулардын түрлөрү
Төмөнкүлөр виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бузуулар болуп саналат:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиясыз же сертификатсыз жүзөгө ашыруу;
2) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти ушул Мыйзамда каралган лицензиялык жана уруксат берүү талаптарын жана шарттарды сактабоо менен жүзөгө ашыруу;
3) жашыруун майнингди жүзөгө ашыруу;
4) виртуалдык активдердин жарнамасына талаптардын сакталбашы.
36-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууга күнөөлүү жактар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
9-глава. Корутунду жоболор
37-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр
1. Министрлер Кабинети виртуалдык активдердин баасы түшкөн же жоголгон учурда милдеттенмелерди албайт, ошондой эле алардын наркынын ордун толтурбайт.
2. Мамлекет виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
3. Майнингди, эмиссияны, виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу жактардын жана виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн өздөрүнүн аталышында же символикасында "мамлекеттик", "государственный", "Кыргызстан", "Кыргыз", "кыргызский", "улуттук", "национальный", "Манас" деген сөздөрдү толук же кыскартылган түрдө, ар кандай тилде жана ар кандай айкалышта пайдаланууга, анын ичинде баш жана кичине тамгаларда же алардын айкалышында колдонууга тыюу салынат.
4. Майнингди, эмиссияны, виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу жактарды жана виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдү кошпогондо, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге өздөрүнүн аталыштарында жана жарнама кампанияларында "виртуалдык актив", "криптовалюта", "санарип актив" деген сөздөрдү жана (же) сөз айкаштарын жана ушул сыяктуу сөздөрдү/сөз айкаштарын колдонууга тыюу салынат.
38-берене. Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.
39-берене. Талаштарды чечүү
Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
40-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 22-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 21-январы № 12
Виртуалдык активдер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 30-январындагы № 18 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзамдын максаты виртуалдык активдерди жүгүртүүдө, башкача айтканда, аларды түзүүдө, чыгарууда, сактоодо жана жүгүртүүдө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишке жайылтылат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкү чөйрөдөгү иштерге жайылтылбайт:
1) баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган финансылык инструменттердин башка түрлөрү;
2) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталган валюталар, электрондук акча, резервдер, аманаттар (депозиттер);
3) оюн-зоок иши.
4) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттары.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан турат.
4-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) блокчейн - бардык маалыматтар ырааты менен жазылган жана блокторго бөлүштүрүлгөн, мында ар бир жаңы блок мурдагы блок менен криптографиялык колтамга аркылуу байланышкан, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын түрү;
2) виртуалдык актив - наркка ээ болгон, баалуулуктун санариптик туюндурмасы жана/же мүлктүк жана/же мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүү каражаты болуп саналган, бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологиясын же ошого окшош технологияны пайдалануу менен түзүлүүчү, сакталуучу жана жүгүртүлүүчү жана акча бирдиги (валюта), төлөм каражаты жана баалуу кагаз болуп саналбаган электрондук-санариптик формадагы маалыматтардын жыйындысы;
3) виртуалдык актив капчыгы - виртуалдык активди сактоо жана которуу үчүн каралган каражат (программалык тиркеме же башка механизм/алып жүрүүчү);
4) майнер - майнингди жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жак же жеке ишкер;
5) майнинг - пайдалануучулар ортосунда ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүштүрүлгөн реестрге (алдын ала аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакция блокторунун (блокчейндин) реестринин ишин камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттар аркылуу жүзөгө ашыруу боюнча, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну талап кылган иш. Майнинг аны жүзөгө ашыруучу жактын ээлигине бөлүштүрүлгөн реестрде операцияларды жүргүзүүнү тастыктоо үчүн сый акы катары келип түшүүчү виртуалдык активди түзүү менен коштолушу мүмкүн;
6) майнинг жабдуусу - майнинг боюнча ишти жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык каражаттар;
7) майнинг-пул - майнерлердин майнинг кубаттуулугун консолидациялоого жана майнинг боюнча иштерди уюштурууга арналган электрондук платформа;
8) өнөр жайлык майнинг - юридикалык жак жүргүзгөн майнинг боюнча иш;
9) виртуалдык активдердин тооругунун оператору (криптобиржа) - виртуалдык активдер жагындагы бүтүмдөрдү түзүүгө түздөн-түз көмөктөшүүчү электрондук аянтчаны жана кызмат көрсөтүүлөрдү берген виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү;
10) виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору - өз атынан виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) жана (же) виртуалдык активдерди өз ара алмаштыруу кызматын көрсөткөн виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү;
11) виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштыруу - каражаттарды тартуу максатында жаңыдан чыгарылган виртуалдык активдерди таратуу же бөлүштүрүү процесси;
12) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган берген лицензиянын негизинде виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн бир же бир нече түрлөрүн ишкердик иш катары берген, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак;
13) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) көмүскө майнинг - үчүнчү жактардын эсептөө кубаттуулуктарында алар билбестен же алардын макулдугу жок атайын программалык камсыз кылууну пайдалануу менен майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш;
16) стейблкоин (stablecoin) - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же чет өлкөлүк валютада туюндурулган акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата туруктуу наркты кармап туруу үчүн арналган камсыздалган виртуалдык активдин түрү. Стейблкоиндердин эмиссиясы (чыгаруу), камсыз кылуу, акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата катышы, стейблкоиндерди жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;
17) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы - криптография каражаттарын колдонуу менен шифр коюлган маалыматтарды бөлүштүрүп сактоого багытталган технология;
18) санарип токен - мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктардын башка объектилерине талап укугун тастыктоо каражаты болуп саналган виртуалдык активдин түрү;
19) жеке майнинг - жеке ишкер жүзөгө ашырып жаткан майнинг боюнча иш;
20) виртуалдык активдер эмитенти - виртуалдык активдерди чыгаруучу жеке жана юридикалык жак;
21) реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token - RWA Token) - эмиссиясы (чыгаруу) реалдуу активге карата мүлктүк укук менен камсыздалган виртуалдык актив же мындай активге байланыштуу документ түрүндө тастыкталган милдеттенменин санариптик формасын билдирет. Реалдуу активдердин тизмеги, RWA Token эмиссиясы (чыгаруу), камсыздоо, жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет;
22) мамлекеттик майнинг - мамлекеттин толук же үлүштүк катышуусу формасында (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик компаниянын атынан) же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик ишкананы түзүү аркылуу мамлекеттин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу майнинг боюнча иш. Мамлекеттик майнинг мамлекеттик криптовалюталык резервди түзүү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн виртуалдык активдерди өндүрүү максатында энергетикалык, инфратүзүмдүк жана технологиялык ресурстарды пайдаланууну караштырышы мүмкүн;
23) мамлекеттик криптовалюта резерви - майнинг, чыгаруу, токенизациялоо жана сатып алуу жолу менен түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде турган виртуалдык активдердин жыйындысы. Мамлекеттик криптовалюта резерви финансылык туруктуулукту чыңдоо, улуттук санариптик демилгелерди колдоо жана виртуалдык активдер рыногунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. Криптовалюта резервин түзүү, сактоо, башкаруу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2025-жылдын 31-июлундагы №180, 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Виртуалдык активдердин укуктук статусу
1. Виртуалдык актив жарандык укуктун өз алдынча объекти, ошондой эле мүлктүк жана (же) мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктардын башка объекттерине талап укуктарын тастыктоо каражаты болушу мүмкүн.
2. Виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм каражаты, валюта жана (же) баалуу кагаз болуп саналбайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада да, чет өлкө валютасында да камсыздалган виртуалдык активдердин гана эмиссиясына (чыгарууга) жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
1. Виртуалдык активдерге укукка ээ болуу жана ага өтүү шарттары смарт-контракттарга, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын жана (же) ушул сыяктуу технологиянын алдын ала аныкталган алгоритмдерине жана функцияларына ылайык белгилениши мүмкүн, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, анда алар мындай технологиянын алкагында түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт.
2. Виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүнө жарандык укук объекттеринин жүгүртүлүшүнө колдонулуучу бардык чектөөлөр жайылтылат.
3. Виртуалдык актив арестте турган же жарандык жүгүртүүдөн алып салынган жарандык укук объекти менен камсыздалган учурда, мындай виртуалдык активди ажыратууга жол берилбейт жана мындай виртуалдык активди ажыратуу тууралуу ар кандай түзүлгөн макулдашуу жараксыз болуп саналат.
2-глава. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуу
7-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу;
2) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, анын ичинде блокчейнди, смарт-контракттарды жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ушундай башка технологияларды колдонуу менен ар башка субъекттер менен өз ара мамилелердин заманбап түрлөрүн этап-этабы менен жайылтуу;
4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
5) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бардык катышуучулардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бирдейлигин, ошондой эле аларды коргоонун ар тараптуу натыйжалуу механизмдерин камсыз кылуу;
6) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө ак ниетсиз атаандаштыктан коргоону камсыз кылуу;
7) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы, анын ичинде блокчейн жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө жогору квалификациялуу кадрларды даярдоо;
8) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, блокчейнди жана башка ушул сыяктуу инновациялык технологияларды ар башка тармактарга киргизүү жана аларды жайылтуунун жана колдонуунун натыйжасында келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу боюнча иликтөөлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
9) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө талаптагыдай көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү жана колдонуу;
10) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө.
8-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы принциптери
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) максатка ылайыктуулугу - технологиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, тобокелдиктердин алдын алуу жана төмөндөтүү максатында виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуунун негизделген зарылдыгы;
2) шайкештиги - бардык алгылыктуу альтернативаларды эске алуу менен виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуу тобокелдиктеринин, формаларынын жана деңгээлинин шайкештиги;
3) балансташкандык - жөнгө салуу ишинде виртуалдык активдерди жүгүртүүгө катышуучулардын кызыкчылыгынын балансын камсыз кылуу;
4) болжолдонушу - жөнгө салуунун, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча пландардын ырааттуулугу, бул виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн катышуучуларына ишин пландаштырууга мүмкүндүк берет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө берилген принциптер виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун негизин түзөт.
9-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынуучу иштин түрлөрү
Виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынуучу иштин түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) майнинг;
2) виртуалдык активдерди, анын ичинде стейблкоиндерди жана RWA Token улуттук же чет өлкө валютасында эмиссиясы (чыгаруу) жана баштапкы жайгаштыруу;
3) виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн иши.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
91-берене. Атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында убактылуу жөнгө салуу
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу.
Атайын жөнгө салуучу режим деп виртуалдык активдер рыногунда инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген контролдонуучу чөйрөдө (аймак боюнча, убакыт боюнча, операциялардын жана пайдалануучулардын саны жана көлөмү боюнча жана башкалар боюнча) апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы түшүнүлөт.
Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүү жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана атайын жөнгө салуучу режимге катышкан башка юридикалык жактардын ишине коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында, атайын жөнгө салуучу режимге катышуусуна жана/же атайын жөнгө салуучу режимге катышууга байланыштуу аларга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган айрым юридикалык жактарга преференцияларды берүүгө жол берилбейт.
4. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштай алат.
5. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) иштешинин жалпы саясатын жана алкактык принциптерин аныктайт, ал эми ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорлорду түздөн-түз ишке ашырууну, башкарууну жана контролдоону жүзөгө ашырат.
6. Виртуалдык активдер менен операциялар үчүн атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензияларды берүү, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуп коюу тартиби, ошондой эле жөнгө салуу шарттары Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
92-берене. Атайын жөнгө салуучу режимге катышуу үчүн лицензиялар
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон максаттарга жана иштин түрлөрүнө ылайык атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензиялоону жана уруксат берүүчү документтерди берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагындагы лицензия/уруксат аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иштин максаттарына жана түрлөрүнө ылайык (контролдонуучу чөйрөнүн шарттарына жараша) колдонуу мөөнөтү чектелген, энчилүү (ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары жана ыйгарым укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана иштөөсү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдерди жөнгө салуу, эмиссия (чыгаруу), жүгүртүү жана мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгат, алардын ишке ашырылышына көмөктөшөт;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү жана иштеши боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана координацияны жүзөгө ашырат;
4) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу), жүгүртүү жана алардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо маселелери боюнча мыйзамдарды андан ары өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
5) виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, коррупцияга каршы жана техникалык экспертиза жүргүзөт;
6) виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасын түзүүгө катышат;
7) лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү, анын ичинде виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата таасир этүү, анын ичинде лицензияны жана/же уруксатты токтотуп туруу, калыбына келтирүү, жокко чыгаруу жана кайра чакыртып алуу чараларын көрөт;
9) виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат же мамлекеттик каттоодон баш тартат, виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) болгон/болбогон же жараксыз деп тааныйт, виртуалдык активдердин эмиссиясын (чыгарууну) токтотуп турат жана жокко чыгарат;
10) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү виртуалдык активдердин эмитенттерине карата талаптарды иштеп чыгат;
11) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүү үчүн улуттук стандарттарды жана классификацияларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
12) Кыргыз Республикасында Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик реестрди түзөт жана жүргүзөт;
13) виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жана виртуалдык активдер менен байланышкан санариптик технологиялар боюнча эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
14) мурда Кыргыз Республикасында виртуалдык активдердин эмиссиясы (чыгаруу) жана жүгүртүү чөйрөсүндө көрсөтүлбөгөн жаңы кызматтарды жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарыл болгон шарттарда инновациялык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү үчүн атайын жөнгө салуучу режимди түзүүнүн тартиби, атайын жөнгө салуучу режимге катышуунун тартиби жана катышуучуларга карата талаптар боюнча сунуштарды берет;
15) майнинг-пулду ишке киргизүү жана иштеши боюнча чараларды ишке ашырат;
16) катышуучулары (акционерлери) жана виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын кызмат адамдары өзгөргөндө макулдашууну жүргүзөт же макулдашуудан баш тартат;
17) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган өзүнүн компетенциясынын алкагында башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган
1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары жана ыйгарым укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга, виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтардын көрсөтүлүшүнө көзөмөлдү, контролду, анын ичинде лицензиялык контролду жана мониторингди жүзөгө ашырат;
2) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун), терроризмди каржылоонун алдын алуу боюнча талаптардын сакталышына жана санкциялык мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзөт;
3) виртуалдык активдер рыногунун абалы жана көрүлгөн көзөмөл чаралары жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдайт жана расмий сайтка жарыялайт;
4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде виртуалдык активдер менен байланышкан блокчейн-талдоо операцияларынын инструменттерин ишке киргизүү боюнча талаптагыдай көзөмөлдөө механизмдерин ишке киргизет жана колдонот;
5) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан отчетторду жана маалыматтарды кабыл алат, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын алкагында суроо-талаптарды жөнөтөт жана көрсөтүлгөн субъекттерден зарыл маалыматтарды жана материалдарды алат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өзүнүн көзөмөлдөө жана контролдоо ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти уюштуруу
12-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактардын укуктары жана милдеттери
1. Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) виртуалдык активдерге ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде виртуалдык активдерди виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштырууга, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди сатып алууга же сатууга;
2) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте майнингди жүзөгө ашырууга;
3) виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте виртуалдык активдерди колдонуу менен башка ишти жүзөгө ашырууга.
Юридикалык жактар ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө өздүк виртуалдык активдерди чыгарууга жана жайгаштырууга укуктуу.
2. Юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
2) виртуалдык активдер менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды жана отчеттуулукту ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө.
4-глава. Майнинг
13-берене. Майнинг
Майнинг жеке жана өнөр жай майнинги түрүндө жүзөгө ашырылат.
Жеке майнинг жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын резиденти жана (же) резидент эмеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өнөр жайлык майнинг юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти жана (же) резидент эмеси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун майнингди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
14-берене. Майнерлердин санарип реестри
Майнерлердин санарип реестри (мындан ары - Реестр) - майнерлерди каттоону жана тиешелүү сертификаттын берилгендигин тастыктаган жазмалардан турган санарип ресурсу, ага жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.
Майнингди жүзөгө ашырууга укук Реестрде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат.
Реестрдин ээси андагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыздайт.
Майнерлерди каттоо тартиби жана сертификатты кагаз жүзүндөгү алып жүрүүчүдөгү документ же санарип документи түрүндө берүү тартиби виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Реестрдин максаттары жана милдеттери
Реестрдин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан майнерлер жөнүндө бирдиктүү маалымат банкын түзүү жана эсебин жүргүзүү;
2) адамдык факторду кийлигиштирүүсүз майнерлерди аралыктан каттоо мүмкүндүгүн берүү жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу;
3) майнинг чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту, контролдоону жана электр энергиясын керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында майнерлерге жагымдуу шарттарды түзүү;
5) майнинг чөйрөсүндө талдоо жана статистикалык материалдарды иликтөө жана даярдоо.
16-берене. Майнерлерди каттоо
1. Майнингди жүзөгө ашырып жаткан жактар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү.
2. Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнингди жүзөгө ашырууга укуктуу.
Майнингди жүзөгө ашырууга чектелбеген мөөнөткө сертификат берилет.
3. Майнерлердин сертификатты алышынын талаптары жана шарттары:
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен милдеттүү каттоодон өтүү;
- ушул Мыйзамга ылайык каттоо үчүн жыйымды төлөө;
- менчикте майнинг жабдуусунун болушу;
- майнингдин натыйжасында алынган виртуалдык активдерди эсептөө үчүн колдонуудагы виртуалдык актив капчыгынын болушу;
- өрт өчүрүү, санитардык жана техникалык коопсуздук талаптарын эске алуу менен майнинг жабдуусун орнотууга арналган жайды электр энергиясы менен камсыздоо системасынын техникалык оң болушун жана талаптагыдай сапатын камсыз кылуу;
- көмүскө майнингди жүзөгө ашырбоо;
- ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча акысыз негизде майнинг ишин жүргүзүү же виртуалдык активдерди жүгүртүү ишине байланыштуу маалыматты ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берүү.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Майнинг субъекттери үчүн электр энергиясынын тарифтери
(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-глава. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу
18-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу
1. Виртуалдык активдер эмиссиясы жана ачык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) инвестицияларды жана зайым каражаттарын тартуу;
2) менчик ээсинин мүлккө укуктарын эсепке алууну, алмаштырууну жана күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу.
2. Виртуалдык активдердин эмиссиясын, баштапкы жайгаштырууну жана жүгүртүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби, шарттары жана талаптары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Дагы караңыздар:
Виртуалдык активдер эмиссиясы (чыгарылышы), жүгүртүлүшү жөнүндө жана Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилди)
19-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо
Виртуалдык активдердин эмиссиясын жана аларды ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
20-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоодон баш тартуу
Виртуалдык активдер эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) виртуалдык активдердин эмиссиясын жана ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердин жана аларда камтылган маалыматтардын виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына шайкеш эместиги;
2) эмитент виртуалдык активдердин эмиссиясы жөнүндө чечимди кабыл алуу тартибин сактабагандыгы;
3) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жыйымдардын төлөнбөгөндүгү.
21-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну токтотуу, виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну ишке ашпаган же анык эмес катары таануу
Виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуулар, ошондой эле аларды четтетүү учуруна чейин виртуалдык активдер эмиссиясы жана (же) ачык жайгаштыруу жөнүндө анык эмес маалымат жарыялангандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулат;
2) эмиссиянын токтотулушуна алып келген бузуулар эмитент тарабынан четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашпаган катары таанылат;
3) соттун тиешелүү чечими болгон учурда анык эмес катары таанылат.
Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган учурда, бул чыгарылыштын бардык виртуалдык активдери жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш, ал эми ишке ашпаган же анык эмес катары таанылган виртуалдык активдердин эмиссиясын жайгаштыруудан эмитент алган каражаттар алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайтарылууга тийиш.
Виртуалдык активдердин эмиссиясы ишке ашпаган же анык эмес катары таанууга жана алардын ээлерине каражаттарды кайтарууга тиешелүү чыгымдар эмитенттин эсебине кирет.
22-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо үчүн жыйым
Виртуалдык активдер эмиссиясын жана (же) ачык жайгаштырууну мамлекеттик каттоо учурунда эмитент төлөө учуруна карата криптобиржадагы курс боюнча виртуалдык активдердин ушул чыгарылышынын номиналдык наркынан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйымды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине төлөйт.
Мурда катталган эмиссиянын виртуалдык активдер эмиссиясынын номиналдык наркы көбөйгөн учурда эмитент Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине ушул чыгарылыштагы виртуалдык активдердин номиналдык наркы көбөйгөн суммадан 0,01 пайыз өлчөмүндө жыйым төлөйт.
23-берене. Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде эмитенттин аталышы, виртуалдык активдердин саны, номиналдык наркы жөнүндө маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалымат камтылууга тийиш.
Виртуалдык активдер эмиссиясынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
6-глава. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр
24-берене. Негизги жоболор
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр деп ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн бир же бир нече түрүн ишкердик иш катары сунуштаган, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак таанылат.
2. Төмөнкүлөр виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн уюштуруучулары же катышуучулары (акционерлери), кызмат адамдары боло албайт:
1) оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жактар жана (же) анда катталган юридикалык жактар - резидент эместер;
2) оффшордук зоналарда жайгашкан банктарда эсептери бар юридикалык жактар жана жеке жактар;
3) юридикалык жактар, эгерде алардын акционери (катышуучусу) оффшордук зонада туруктуу жашаган жеке жак болуп саналса;
4) саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана диний уюмдар;
5) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдын таркатылышын каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган санкциялык тизмекке киргизилген юридикалык жана жеке жактар;
6) терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарды жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга каршы аракеттенүү жагында мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү органдары берген маалыматтардын, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан жана эл аралык уюмдардан расмий каналдар боюнча алынган маалыматтардын негизинде өзүнө карата терс маалымат бар болгон юридикалык жана жеке жактар;
7) тындырылбаган жана алынып салынбаган соттуулугу, анын ичинде башка мамлекеттерде ушундай соттуулугу бар адамдар;
8) финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча соттун аткарылбаган чечими бар адамдар.
25-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн уставдык капиталы
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана, накталай эмес формада, уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө алынган виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр тарабынан сунушталуучу виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги
1. Иштин төмөнкүдөй түрлөрү виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат:
1) виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);
2) виртуалдык активдердин ортосундагы алмашуу;
3) виртуалдык активдерди которуу;
4) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо;
5) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр.
2. Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) боюнча иш виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) кызмат көрсөтүүлөрү деп таанылат.
3. Виртуалдык активдердин бир же бир нече түрлөрүн (формаларын) виртуалдык активдердин башка түрлөрүнө алмаштыруу виртуалдык активдердин ортосундагы алмаштыруу кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.
4. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр өзү же башка виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр аркылуу кардардын атынан жана кызыкчылыгында виртуалдык активдерди которуу (жылдыруу) виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.
5. Виртуалдык активдерди же виртуалдык активдерди контролдоого мүмкүндүк берүүчү инструменттерди жооптуу сактоо жана (же) администрлөө (башкаруу) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүсү деп таанылат.
Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жана алардын атынан виртуалдык активдерди өз алдынча которуу мүмкүнчүлүгү менен виртуалдык активдердин жана (же) виртуалдык активдерди контролдоо инструменттеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мындай башкаруу же которуу виртуалдык актив ээсинин тапшырмасына ылайык аткарылса гана виртуалдык активдерди которот.
6. Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана (же) аларды берүүгө катышуу виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат. Виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана (же) сатууга байланыштуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ишин жүзөгө ашырып жаткан виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү эмитенттин атынан, анын эсебинен жана кызыкчылыгында виртуалдык активдерди жайгаштырууга же сатууга тиешелүү бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
27-берене. Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартиби жана шарттары
1. Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр адистештирилген платформаларда (мындан ары - Платформа) гана берилет.
2. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр ыйгарым укуктуу орган берген виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын негизинде берет.
3. Ушул беренеде каралган шарттарды жана чектөөлөрдү кошпогондо, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган бир же бир нече кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө укуктуу.
4. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр агенттер катары виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн башка берүүчүлөрдү гана тарта алат.
5. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорду кошпогондо, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктарга, банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тыюу салынат.
6. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби жана талаптары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
7. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган жактар болуп саналбаган юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби жана талаптары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Дагы караңыздар:
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык)
28-берене. Криптобиржалардын иши
1. Криптобиржа - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында өз ишин жүргүзүп жаткан юридикалык жак.
2. Криптобиржалар виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү бере алат.
3. Криптобиржаларды түзүүнүн, иштешинин, отчет берүүсүнүн тартиби жана ишинин башка жоболору ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Дагы караңыздар:
Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилди)
29-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин лицензиялоо
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан чектелбеген мөөнөткө лицензия берилет.
2. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө карата негизги лицензиялык талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы серверлерде жайгашкан жана мыйзамдарда каралган талаптарга жооп берген, иштеген Платформанын болушу;
2) юридикалык жактын жетекчилеринин, уюштуруучуларынын жана бенефициардык ээлеринин ким экенин тастыктоочу документтердин көчүрмөсүнүн болушу;
3) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн техникалык-экономикалык негиздемесинин (бизнес-пландын), негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болушу;
4) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин болушу;
5) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ички контролдоо системасынын, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо чараларынын болушу;
6) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, иштин үзгүлтүксүздүгүн жана маалыматтан коопсуздугун (киберкоопсуздук) камсыздоо тартибин жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун болушу;
7) уставдык капиталдын түзүлгөн минималдуу өлчөмүнүн болушу.
3. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугу юридикалык жакта лицензия берилген учурдан тартып келип чыгат.
30-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга лицензия берүү тууралуу арыз менен кайрылат.
Лицензия берүү тууралуу арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
- юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн ырастаган башка документтер жана маалыматтар.
2. Лицензия берүү жөнүндө арыз бир айдан ашпаган мөөнөттө каралат. Лицензия берүү тууралуу арызды кароо учурунда ыйгарым укуктуу орган маалыматты суратууга жана мамлекеттик органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен консультация өткөрүүгө укуктуу. Эгерде документтер талаптарга ылайык келбесе, мөөнөттү эсептөө ырастоочу документтерди алган күндөн тартып башталат. Кароонун натыйжалары боюнча лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.
3. Сунушталган документтер жана маалыматтар ушул беренеде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда ыйгарым укуктуу орган лицензия берүүдөн баш тартат.
Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда сунушталган документтер кайра кайтарылбайт.
4. Лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат, колдонуу мөөнөтү чектелбейт, ээси көрсөтүлөт (ажыратылбайт) жана үчүнчү жактарга берилбейт.
5. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ишин лицензиясыз жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат.
6. Ыйгарым укуктуу органдар тиешелүү лицензиясы бар көзөмөлгө алынуучу виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн реестрин түзөт. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайттарында жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайра чакыртып алуу
1. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн лицензиясын төмөнкү учурларда кайра чакыртып алууга милдеттүү, эгерде:
1) лицензия билип туруп жалган документтердин негизинде, ошондой эле алдоо менен же башка мыйзамсыз жол менен алынса;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү мыйзамдарда тыюу салынган ар кандай ишти жүргүзсө.
2. Лицензия ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурларда кайра чакыртып алынышы мүмкүн:
1) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча өз ишин лицензияны алгандан кийинки он эки айдын ичинде баштабаса, же болбосо мындай ишти алты айдан ашык токтотсо;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү мыйзамдуу негиздер болбой туруп кардарлар алдында милдеттенмелерин аткарбаса;
3) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ыйгарым укуктуу органдын буйруктарын жана башка милдеттүү талаптарын аткарбаса, алардын аткарылбай калышы кардарлардын таламдарына айкын коркунуч келтирсе;
4) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн башкарууга, ички контролдоого, финансылык отчетторуна байланышкан маалыматтарды ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө дайыма берип турбаса же болбосо ишенимсиз маалыматтарды берсе;
5) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү өз иши жөнүндө билип туруп ишенимсиз маалыматтарды дайыма жарыялап турса же кардарларды башка ыкма менен адашууга алып келсе;
6) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын дайыма бузса;
7) ыйгарым укуктуу орган текшерүүлөрдү жүргүзүшүнө виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү өз аракеттери же аракетсиздиги менен тоскоолдук кылса.
32-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата колдонулуучу таасир этүү чаралары
1. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө, анын уюштуруучуларына жана кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. Таасир этүү чараларын колдонуунун максаты виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишиндеги тобокелдиктерге алдын ала ыкчам аракеттенүү, кардарлардын жана башка керектөөчүлөрдүн таламдарын жана укуктарын коргоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:
1) жазма буйрук;
2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө жана алардын кызмат адамдарына айып пул;
3) виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоого чектөөлөр;
4) лицензияны убактылуу токтотуу;
5) лицензияны кайра чакыртыл алуу.
4. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата таасир этүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:
1) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү;
3) кардарлардын жана башка керектөөчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн аракеттери же аракетсиздиги;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга, лицензияны убактылуу токтотууга/кайра чакыртып алууга, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнү мажбурлап жоюуга же банкроттугуна алып келүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги;
5) ыйгарым укуктуу органга же Улуттук банкка өз убагында эмес/ишенимдүү эмес/толук эмес отчетторду жана (же) башка маалыматтарды берүү же бербөө.
33-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чаралары
Майнерлер жана виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чараларын көрүүгө жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашырууга милдеттүү.
7-глава. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү жарнамага талаптар
34-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү жарнама
1. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар виртуалдык активдердин жарнамасына жана өз ишине мыйзамдарда каралган талаптарды сактоого жана аларды ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде (анын ичинде үчүнчү жактарды тартуу менен) жайгаштырылуучу (таратылуучу) виртуалдык активдерди жүгүртүү боюнча жарнама төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жарнама катышуу тобокелдиктери жөнүндө эскертүүнү камтууга тийиш;
2) жарнама виртуалдык активдерге байланышкан операциялардын учурундагы потенциалдуу тобокелдиктер жөнүндө, анын ичинде виртуалдык активдерге алмаштырууга өткөрүп берилген, анын ичинде виртуалдык активдердин наркынын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн, техникалык бузулуулардын (каталардын), укукка каршы аракеттерди жасоонун, анын ичинде уурулуктун натыйжасында акча каражаттарынан жана жарандык укуктардын башка объекттеринен толугу менен ажырап калуу жөнүндө, ошондой эле мамлекет тарабынан камсыз кылынбагандыгы жөнүндө жана виртуалдык активдер Кыргыз Республикасынын аймагында төлөө же төлөм кабыл алуу каражаты болуп саналбагандыгы жөнүндө эскертүүнү камтышы зарыл;
3) офертаны камтыган жарнаманын мазмуну келишим түзүүгө сунушталуучу бардык шарттарды, ошондой эле бул офертаны кабыл алуу үчүн аракетти сүрөттөөнү караштырууга тийиш;
4) эгерде жарнамада мурда болгон көрсөткүчтөр, моделдештирилген көрсөткүчтөр жана келечекте боло турган көрсөткүчтөр сүрөттөлсө, анда мындай жарнамада анын керектөөчүлөрүнө мындай көрсөткүчтөрдүн маңызын жана алардын негизинде жасалган жыйынтыктын болуу ыктымалдыгынын мүнөзү жарнама жөнүндө мыйзамдын талаптарын сактоо менен так түшүндүрүлүүгө тийиш.
3. Виртуалдык активдердин жарнамасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш эмес:
1) аудитордук уюм тарабынан тастыкталган, өткөн мезгил үчүн мындай иштин натыйжалуулугу жөнүндө маалымдарды жарнамада көрсөтүү учурларын кошпогондо, виртуалдык активдерди колдонууга байланышкан иштин натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) жөнүндө убадаларды же кепилдиктерди;
2) кооздук буюмдары, бонустар жана арзандатуулар жөнүндө маалыматты;
3) баюунун жеңил ыкмасы катары виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө маалыматты;
4) кесиптик же жеке ийгиликке жетүү үчүн виртуалдык активдерди колдонууга байланышкан иштин маанилүүлүгү жөнүндө ырастоону;
5) жашы жете элек жактардын образдарын;
6) виртуалдык активдерди колдонууга байланышкан ишти жүзөгө ашырууга катышпоону сынга алган сөздөрдү.
8-глава. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бузуулар
35-берене. Бузуулардын түрлөрү
Төмөнкүлөр виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бузуулар болуп саналат:
1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиясыз же сертификатсыз жүзөгө ашыруу;
2) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти ушул Мыйзамда каралган лицензиялык жана уруксат берүү талаптарын жана шарттарды сактабоо менен жүзөгө ашыруу;
3) жашыруун майнингди жүзөгө ашыруу;
4) виртуалдык активдердин жарнамасына талаптардын сакталбашы.
36-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууга күнөөлүү жактар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
9-глава. Корутунду жоболор
37-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр
1. Ыйгарым укуктуу органдар виртуалдык активдердин баасы түшкөн же жоголгон учурда милдеттенмелерди алышпайт, ошондой эле наркынын ордун толтурбайт.