Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 20-января № 9
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. "Административдик-аймактык бирдиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде:
1) адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо;
2) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо.
Географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.";
2) 12-статьядагы "жана жаңы аталыштар берүүгө" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |