Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 24-февралы № 15
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
25-статьянын 2-пунктунун экинчи-сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтга чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтдан жогору дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген бир жылдык үзгүлтүксүз стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген эки жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-мартындагы N 22 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 26-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |