Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8. 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинет тарабынан аныкталган тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күнүрттөтүүгө акы төлөөнүн негизинде уруксат алууга.».
2- берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
194-берененин 3-бөлүгү жана эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок айдоочунун мандайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринип каптал айнектери күңүрттөлгөн. анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күнүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын баш каруусу -
жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Бул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу атайын автоунааларга жайылтылбайт.».
3- берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-глава менен толукталсын:
«13-1-глава. Транспорт каражаттарынып алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күнүрттөтүүгө уруксат берүү үчүн жыйым
50-1-берене. Төлөөчү
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат алуучу транспорт каражатгарынын ээлери жыйым толоочүлор болуп саналат.
50-2-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
2) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:
«17-1) транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат берүү үчүн жыйым;».
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 17-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |