Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-апрели № 33
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын (мындан ары - Корпорация) башкаруу маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле улуттук телерадиоберүүнү андан ары өркүндөтүүгө багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Корпорациянын ишинин уюштуруу-укуктук негиздери, анын юридикалык статусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары объективдүү маалыматтарды (улуттук медиаконтент) жана башка телерадиопродукцияларды даярдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары саналат.
2-берене. Корпорациянын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Корпорация өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Корпорациянын уставын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маанисинде колдонулат.
2-глава. Корпорациянын ишинин уюштуруу-укуктук негиздери
4-берене. Корпорациянын юридикалык статусу
1. Корпорация мамлекеттик мекеменин өзгөчө статусуна ээ.
2. Корпорация юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, эсептешүү эсеби, ыкчам башкаруу укугунда өзүнө бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана өздүк символика белгилери бар.
3. Корпорация, ошондой эле анын курамына кирген уюмдар, ишканалар жана бөлүмдөр менчиктештирилүүгө жатпайт. Корпорациянын чарбалык иш жүргүзүүчү субъект катары өзгөчөлүгү ушул Мыйзамда жана Корпорациянын уставында белгиленет.
4. Корпорациянын ишине мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин мыйзамсыз кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
5-берене. Корпорациянын эркиндиги жана көз карандысыздыгы
1. Корпорациянын массалык маалыматты эркин издөө, алуу, өндүрүү жана таратуу укугу мамлекет тарабынан кепилденет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, телерадиоберүү продукциясын чыгаруу эркин, көз карандысыз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүзөгө ашырылат.
3. Цензураны жүзөгө ашырууга жана цензуралык функцияларды жүзөгө ашыруу милдеттерине кирген уюштуруу түзүмдөрүн түзүүгө жол берилбейт.
6-берене. Корпорациянын максаты жана милдеттери
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын калкын ички жана тышкы саясат, маданият, билим берүү, илим, руханий турмуш жаатында жана коомдук кызыкчылык туудуруучу башка чөйрөлөрдө болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат берүү максатында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин жүзөгө ашырат.
2. Корпорациянын негизги милдеттери:
1) улуттук телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу, ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык ата мекендик өндүрүштүн берүүлөрүн жана программаларын өндүрүү жана обого чыгаруу;
2) коомдук ынтымакты, тынчтыкты жана коопсуздукту, анын ичинде маалымат коопсуздугун жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого багытталган улуттук маалыматтык саясатты жүзөгө ашыруу;
3) улуттар аралык биримдикти, жарандардын биригүүсүн жана ынтымагын сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
4) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мейкиндигин түзүү жана анын дүйнөлүк маалыматтык процесстерге кирүүсүн активдештирүү;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын жакшы аброюн калыптандыруу жана колдоо боюнча маалыматтык саясатты жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер тууралуу объективдүү маалыматтарды таратуу, расмий билдирүүлөрдү таратуу;
7) Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик бийлик органдарынын иши, социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү;
8) журналистиканын жогорку стандарттарын, толеранттуулуктун стандарттарын, ар бир адамдын укуктарын урматтоону камсыз кылуу;
9) жогорку кесиптик, көркөм жана техникалык деңгээлде маалыматтык, окуу, аналитикалык, экономикалык, публицистикалык, маданий, көркөм, илимий, агартуучулук, оюн-зоок, спорттук жана башка берүүлөрдү түзүү жана таратуу;
10) балдар жана өспүрүмдөр үчүн билим берүүчү, тарбиялык телерадиопрограммаларды өнүктүрүү;
11) айрым мамлекеттик органдарга жана уюмдарга артыкчылыктуу абалды түзүүдөн качуу менен, мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын иштерин бирдей чагылдыруу;
12) калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирин эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
13) коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн баш тартууну калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн пропагандалоого жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелерин чагылдыруу;
14) айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана биологиялык түрдүүлүктү коргоо маселелерин чагылдыруу;
15) мамлекеттик тилди, улуттук, маданий жана тарыхый салттарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды өндүрүү жана таратуу;
16) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашаган кыргызстандыктардын жашоо-турмушун чагылдыруу;
17) көркөм баалуулукту түзгөн материалдарды сактоо;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүзөгө ашыруу.
7-берене. Корпорациянын функциялары жана укуктары
1. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык өлкөнүн бүткүл аймагында анык, объективдүү маалыматтарды чогултууну жана таратууну жүзөгө ашыруу;
2) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий билдирүүлөрүн таратуу;
3) коом талап кылган бардык багыттарды, актуалдуу маселелерди эске алуу менен медиаконтенттин, телерадио программалардын ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу;
4) Корпорациянын теле- жана радио каналдарынын берүүлөрүнүн жыйынды көлөмүнүн обо убактысынын 30 пайызын балдар, өспүрүмдөр, билим берүү жана оюн-зоок программаларына бөлүүнү камсыз кылуу;
5) улуттук телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;
6) телерадиоберүү жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы эл аралык уюмдар жана мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүү;
7) телерадиоберүү, телекоммуникация жана технология жаатындагы ийгиликтүү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу;
8) Корпорация тарабынан өндүрүлгөн телерадиоберүү продукциясынын архивин толуктоо;
9) социалдык-маданий чөйрөнү жакшыртуу максатында ата мекендик фильмдерди жана сериалдарды телекөрсөтүүгө чыгаруу.
2. Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) телерадиоберүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук жана жеке менчик уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан жана алардын кызмат адамдарынан керектүү маалымат алууга;
2) өзүнүн ишин ушул Мыйзамдын жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык маалыматтын объективдүүлүгү жана айкындуулугу принциптерине ылайык өз алдынча жүзөгө ашырууга;
3) чет өлкөдөгүлөрдү кошуп алганда филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, башка ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди, кабарчылар пункттарын, чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмелерди, аларга толук чыгармачылык жана чарбалык өз алдынчалыкты берүү жана өндүрүлгөн продукция үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен түзүүгө, кайра уюштурууга же жоюуга;
4) өзүнүн аудио- жана видеопродукцияларын, архивдик телекөрсөтүү жана радиоберүү продукциясын даярдоого жана сатууга;
5) башка телекөрсөтүү жана (же) радиоуктуруу уюмдары, контент өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн маданий-агартуу, спорт, экономикалык, социалдык багыттагы программалардын продукциясы үчүн жыл сайын бардык обо убактысынын 50 пайызына чейин акысыз негизде жана/же жарнамалык обо убактысын алмаштыруу тартибинде берүүгө;
6) ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке адамдардын видеопродукцияларын укук ээлеринин макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, окутуу жана башка формадагы иштерди жүзөгө ашырууга;
8) нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;
9) телекөрсөтүү жана радио көйгөйлөрү боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;
10) Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча чет өлкөдөгүлөрдү кошуп алганда илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди келишимдик негизде тартууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарнамалык-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө;
12) ата мекендик жана эл аралык телерадиоберүү уюмдары менен кызматташууга;
13) менчик ээсинин макулдугу менен үчүнчү жактар тарабынан түзүлүүчү уюмдарда катышуучу (уюштуруучу) катары чыгууга;
14) телерадиоберүү маселелери боюнча ар түрдүү ассоциацияларга, бирликтерге жана эл аралык коомдук уюмдарга кирүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
16) Корпорацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
8-берене. Корпорациянын түзүмү
1. Корпорациянын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) республикалык радиотелеборбор;
2) областтык мамлекеттик телерадиокомпаниялар;
3) Дооронбек Садырбаев атындагы "Кыргызтелефильм" студиясы.
2. Корпорация белгиленген тартипте мамлекеттик телерадиоберүү уюмдарын, компанияларды, студияларды жана чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмелерди бириктире алат.
9-берене. Жарнама
1. Корпорация "Жарнама жөнүндө" жана "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте телеканалдарда жана радиодо, программаларда жана берүүлөрдө жарнаманы таратууну жүзөгө ашырат.
2. Жарнамалык жарыя берүү төмөнкүдөй түрдө чектелүүгө тийиш:
1) жарнамалык материалдар керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келбөөгө, алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирбөөгө;
2) аң-сезимге кыйыр таасир тийгизүүчү жарнамалык жарыяларга уруксат берилбөөгө;
3) жарнамалык жарыяларда жаңылыктардын жана учурдагы окуялардын программаларын дайыма алып баруучу адамдардын визуалдык жана кептик образын пайдаланбоого;
4) алкоголдук ичимдиктер жөнүндө жарнамалык жарыялар саат 7ден 24кө чейин менчигинин түрлөрүнө карабастан, радио жана телекөрсөтүүгө чыгарылбоого;
5) кумар оюн бизнеси жөнүндө жарнамалык жарыяларга уруксат берилбөөгө;
6) порнографиялык мүнөздөгү, ошондой эле курал жөнүндө жарнамалык жарыяларга уруксат берилбөөгө;
7) мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүүгө жана сатууга уруксат берилбеген дары-дармектерди, медициналык каражаттарды, медициналык багыттагы продукцияларды жана техникаларды жарнамалоого тыюу салынууга;
8) аткаруу бийлигинин тиешелүү органы тарабынан колдонууга уруксат берилбеген дарылоо, алдын алуу, диагностикалоо жана реабилитациялоо методдорун жарнамалоого жол берилбөөгө.
3. Корпорация саясий партиялардын жана шайлануучу кызматка талапкерлердин жарнамаларын же жарнамалык материалдарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде гана обого чыгарат.
4. Коммерциялык жана социалдык жарнама өндүрүүгө жана обого чыгарууга уруксат берилет.
10-берене. Демөөрчүлүк
Корпорациянын телерадиопрограммаларды, теле-радиоберүүлөрдү, аудиовизуалдык жана/же музыкалык жана башка чыгармаларды жаратуу жана/же обого чыгаруу боюнча кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Корпорациянын ишин уюштуруу
11-берене. Корпорациянын башкаруу органы
1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор Корпорацияны жетектейт.
2. Башкы директордун үч орун басары болот, алар башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкы директордун жана анын орун басарларынын функционалдык милдеттери Корпорациянын Уставы менен жөнгө салынат.
3. Корпорациянын башкы директору:
1) Корпорациянын Уставын, редакциялык саясатын бекитет, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
2) ушул Мыйзамга жана Корпорациянын Уставына ылайык Корпорациянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана анын бардык операциялары жана ишинин түрлөрү үчүн жоопкерчиликти алат;
3) Корпорациянын алдына койгон милдеттерин аткарууну уюштурат, буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, ички нускамаларды, жоболорду жана эрежелерди бекитет;
4) Корпорациянын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана кабарчылар пункттарынын түзүмүн, кызматкерлеринин штаттык ырааттамасын бекитет;
5) Корпорациянын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзөт, кайра уюштурат жана жоёт;
6) чет өлкөлүк делегацияларды жана айрым адамдарды кабыл алууга, Корпорациянын ишине байланыштуу ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө каражаттарды чыгымдоо ченемдерин, ушул максаттарга арналган каражаттардын чегинде бекитет;
7) Корпорациянын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
8) жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Корпорациянын иши жөнүндө отчет жиберет;
9) Корпорациянын милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт.
4. Корпорациядагы кеңеш берүүчү орган болуп 9 адамдан турган коллегия саналат. Коллегиянын курамына башкы директор жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын башка мүчөлөрүн Корпорациянын кызматкерлеринин ичинен башкы директор тарабынан дайындалат.
5. Коллегияны Корпорациянын башкы директору жетектейт. Башкы директор жок учурда коллегиянын жыйналыштарын башкы директордун орун басарларынын бири өткөрөт.
12-берене. Ар жылдык аудит
Корпорациянын финансылык жана чарбалык ишине Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жыл сайын милдеттүү аудит жүргүзүлүүгө тийиш.
13-берене. Корпорациянын мүлкү жана ишин каржылоо
1. Корпорацияны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
2. Каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) жарнаманын, гранттык жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн, демөөрчүлүк каражаттардын;
2) обо убактысын, жарнамалык убакытты, аудио- видеопродукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башка түрлөрүн сатуудан түшкөн өздүк каражаттардын;
3) автордук укуктарды пайдалануу менен байланышкан кирешелердин;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
3. Корпорациянын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат, Корпорацияга ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет жана анын өз алдынча балансында чагылдырылат.
Корпорация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, өзүнүн уставында белгиленген чектерде бул мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
4-глава. Корпорациянын программалык жана редакциялык саясаты
14-берене. Корпорациянын программалык саясаты
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын бүткүл калкынын кызыкчылыктарында анын этностук, маданий ар түрдүүлүгүн эске алуу менен, өлкөнүн бүткүл аймагында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.
2. Корпорация коомдо орун алган пикирлерди жана көз караштарды чагылдыруучу заманбап жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырат.
3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Корпорациянын Уставына ылайык берүү кызматтарын көрсөтөт.
15-берене. Корпорациянын редакциялык саясаты
1. Корпорациянын кызматкерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле редакциялык саясатты жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат.
Кызматкерлер редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат, ой-пикирлердин плюрализмин чагылдырат жана маалыматтык-жаңылыктар программаларында өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирүүгө жол бербейт. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толук камтуу жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш.
2. Кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете электер, жаратылыш кырсыктарынан жана кыйроолордон жапа чеккен адамдар жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттык сакталууга тийиш.
3. Жеке турмуш, шектүүлөргө, айыпкерлерге жана соттолуучуларга карата калыстык принциби урматталат, маалымат булактарынын жана жашыруун ысымдардын купуялыгы сакталат.
16-берене. Обону бөлүштүрүү жана маалыматтык берүү
1. Корпорация Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө болуп жаткан бардык коомдук маанилүү окуялар тууралуу толук жана ыкчам маалымат берет. Маалыматтык билдирүүлөр калыс, тең салмактуу жана көз карандысыз болууга тийиш. Комментарийлер фактылардан так ажыратылууга тийиш.
2. Корпорация ушул Мыйзамга жана ички актыларга ылайык коомдук маанидеги темаларды өз алдынча аныктайт.
3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына расмий сөз сүйлөө үчүн акысыз обо убактысын берет.
4. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу.
17-берене. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялыгы
1. Корпорация парламенттик угууларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналыштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен башка расмий иш-чараларды жазып да, түз ободо да акысыз негизде обого чыгарууга укуктуу.
2. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо, Корпорация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө турган архивдерге, документтерге жана маалыматтарга жетүү укугуна ээ.
3. Корпорация кеңири коомчулукка жеткиликтүү болгон жана жалпы маалыматтык кызыкчылыкты туудурган маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирүү укугуна ээ.
4. Маалымат булактарынын купуялыгы (журналисттер "таап чыккан" материалдарды кошкондо) жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы мыйзамдар менен кепилденет. Коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланыштуу булактар соттун чечиминин негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
18-берене. Төгүндөө жана жооп берүү укугу
Өзүнө карата чындыкка дал келбеген, анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган жана/же адамдын абийирин, ар-намысын жана ишкердик беделин кемсинтүүчү маалыматтар таратылган жеке же юридикалык жак аларды Корпорациянын обосунда төгүндөөгө жана/же жооп берүүгө (иштин жагдайларын комментарийлөөгө же болбосо өзүнүн түшүндүрмөсүн берүүгө) укуктуу.
Төгүндөө жана жооп берүү укугун жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык жөнгө салынат.
19-берене. Корпорациянын жоопкерчилиги
Корпорация, анын кызматкерлери, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5-глава. Корутунду жоболор
20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Корпорация Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын укугун улантуучу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1687-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 628-ст.).
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 6-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |