Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-июлу № 58
Контрчалгындоо иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Контрчалгындоо иш-чаралары
3-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
4-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар
5-глава. Контрчалгындоо ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
6-глава. Контрчалгындоо ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
7-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин жана аны жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна кепилдиктердин тутумун аныктайт.
2-берене. Контрчалгындоо иши
Контрчалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик иштин атайын түрү, ал ушул Мыйзам менен контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жана (же) алардын бөлүмдөрү (мындан ары - контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар), ошондой эле көрсөтүлгөн органдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан өз компетенцияларынын чегинде, чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо-бүлүндүрүү жана башка иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ачык же жашыруун жүзөгө ашырылуучу контрчалгындоо иш-чараларынын тутумун билдирет.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) предметтерди жана документтерди изилдөө - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды алуу максатында предметтерди жана документтерди изилдөө;
2) контрчалгындоо иш-чарасы - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ачык жана жашыруун иш-аракеттер;
3) контролдонуучу жеткирүү (текшерүүчү жеткирүү) - жашыруун байкоо жүргүзүү жана документтештирүү максатында чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу товарлардын же предметтердин контролдонуп өткөрүлүүсүн жолго коюу;
4) контрчалгындык камсыз кылуу - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринен коргоонун контрчалгындоо чараларынын тутуму;
5) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдү контролдоо - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды табуу максатында белгилүү бир кат-кабарларды конспиративдүү карап чыгуу;
6) адамга же бир жайга жашыруун аудио- жана (же) видеоконтроль жүргүзүү - видео-, аудиотехниканы, атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен, контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл видео жана сөз жүзүндөгү маалыматты конспиративдүү контролдоо, ошондой эле анын мазмунун материалдык алып жүрүүчүгө жазып түшүрүү;
7) сурамжылоо - сурамжыланган адамдын сөздөрүнөн контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды ачык же жашыруун алуу;
8) маалыматты жана маалымдамаларды расмий алуу - документтерди, материалдарды, санарип ресурстарын түздөн-түз изилдөө жолу менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон маалыматтарды алуу, жеке жана юридикалык жактарга суроо-талаптарды жөнөтүү;
9) инсанды окшоштуруп аныктоо - инсанды өзгөрбөгөн жекече белгилери боюнча, ушуга тете ыктымалдуулуктун жетиштүү деңгээлинде инсандын өздүгүн таанууга мүмкүндүк берүүчү башка ыкмалардын жардамы менен инсанды аныктоо жана идентификациялоо;
10) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жергиликтүү участокторду жана транспорт каражаттарын текшерүү - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды алуу максатында жайларды, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын жана башка объекттерди, ошондой эле уюмдардын аймактарын, жергиликтүү участокторду ачык же жашыруун кароо;
11) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө - атайын техникалык каражаттардын жардамы менен телекоммуникациялык тарамдар аркылуу берилүүчү маалыматтан чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринин белгилерин аныктоо боюнча конспиративдүү иш-аракеттер;
12) ыкчам киргизүү - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн ыкчам кызматкердин же контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдын ыкчам кызыкчылык жараткан объектинин чөйрөсүнө кирүүсү боюнча өз ара байланыштагы иш-аракеттердин жыйындысы, же болбосо конспиративдүү уюмду (юридикалык жакты) түзүү;
13) ыкчам байкоо жүргүзүү - ыкчам-техникалык каражаттардын жардамы менен конспиративдүү, тутумдуу, түздөн-түз, көрүнөө же кыйыр түрдө кабыл алуу жана контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон көрүнүштөрдү, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди жазып түшүрүү;
14) ыкчам эксперимент - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында атайын түзүлгөн, толук башкарылуучу же контролдонуучу шарттарда контрчалгындоо ишинин объектине конспиративдүү байкоо жүргүзүү;
15) ыкчам аныктоо - кызмат адамдарын шифрленген сурамжылоо, маалыматтарды жана маалымдамаларды жашыруун алуу, документтер менен таанышуу жолу менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды конспиративдүү чогултуу;
16) маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө, сактоого жана телекоммуникацияларга арналган түзүлүштөрдөн маалыматты ыкчам алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компьютерлерден, аппараттык-программалык комплекстерден жана маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө, сактоого жана телекоммуникацияларга арналган башка түзүлүштөрдөн техникалык каражаттар жана (же) программалык камсыз кылуу менен жашыруун алуу;
17) текшерүү үчүн сатып алуу - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу предметтерди жана буюмдарды сатып алуунун жасалма түзүлгөн кырдаалы;
18) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистерди пайдалануучулардын кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;
19) телефон жана башка сүйлөшүүчү түзүлүштөр аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды табуу максатында телефон жана башка сүйлөшүүчү түзүлүштөр аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү конспиративдүү угуп контролдоо, үн жаздыруучу, атайын техникалык каражаттардын жардамы менен материалдык алып жүрүүчүдөгү алардын мазмунун аныктоо;
20) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттери - чет мамлекеттердин атайын кызматтары, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдар, айрым адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүчү маалыматты табуу жана (же) коомдук мамилелерге, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга таасир этүү, ошондой эле мындай иш үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү боюнча иштер;
21) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл материалдык маалымат алып жүрүүчүлөрдү табуу жана алуу;
22) атайын техникалык каражаттар - контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде телекоммуникациялык тарамдарда маалымат табуу жана документтештирүү үчүн атайын жана (же) программалык функцияларга ээ түзүлүштөр, аппаратура, программалык камсыз кылуу, аспаптар, жабдуулар, ошондой эле конструктивдүү өзгөчөлүктөр;
23) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматты алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн кандай болбосун телекоммуникациялык тарамдар боюнча берилүүчү сигналдардын ар кандай түрлөрүн техникалык каражаттардын жардамы менен алуу, кайра өзгөртүү жана жазып белгилөө;
24) конспиративдүү ишканаларды жана уюмдарды түзүү - түзүлүүсүн (пайдаланууну) жашыруун сыр кылып сактоо менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн ишканаларды же уюмдарды (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, менчик компанияларды, өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды ж.б.) түзүү (пайдалануу);
25) объекттерди санариптик таануу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү максатында учурдагы дайындар базасынын негизинде адамды автоматтык түрдө идентификациялоого же верификациялоого, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин таанууга жөндөмдүү болгон атайын программалык камсыздоонун жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чара.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Контрчалгындоо ишинин укуктук негизи
Контрчалгындоо ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
5-берене. Контрчалгындоо ишинин максаты жана милдеттери
1. Контрчалгындоо ишинин максаты - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринен коргоо болуп саналат.
2. Контрчалгындоо ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, илимий-техникалык жана коргонуу дараметин; мамлекеттик кайтаруудагы объекттерди; мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо;
2) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу;
3) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттери тууралуу маалыматты табуу;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объекттерди, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындоо жагынан камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдарга улуттук коопсуздук коркунучтарынын алдын алууга, жоюуга жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу;
8) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын коопсуздугун камсыз кылуу.
6-берене. Контрчалгындоо ишинин принциптери
Контрчалгындоо иши мыйзамдуулук, инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, жашырындуулукту жана конспирацияны сактоо, ачык жана жашыруун методдорду жана каражаттарды айкалыштыруу принциптерине негизделет.
7-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо кепилдиктери
1. Мамлекет контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого кепилдик берет. Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан анын укуктары жана эркиндиктери бузулду деп эсептеген адам көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын иш-аракетине жогору турган органга, прокуратурага же сотко даттанууга укуктуу. Берилген даттануу жогору турган орган, прокуратура же сот тарабынан ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алынганга чейин даттанылган иш-аракетти токтотпойт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, улуттук коопсуздук органдарынын иш процессинде алынган жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү же анын мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү жеке жашоосу жөнүндө маалыматтар анын макулдугусуз ачыкка чыгарылбашы керек.
4. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү конспирация
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү конспирация төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды жашыруун сыр кылып сактоо боюнча чаралардын тутуму менен камсыз кылынат:
1) контрчалгындоо ишинин уюштурулушу, анын тактикасы, күчтөрү, каражаттары, методдору, пландары, абалы, натыйжалары жана каржыланышы жөнүндө;
2) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга жарандардын көмөк көрсөтүүсү жөнүндө;
3) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү же көрсөткөн жарандар жөнүндө;
4) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам киргизүүгө катышып жаткан же катышкан кызматкерлери, жашыруун кызматкерлер жөнүндө, ошондой эле башка кызмат адамдары тууралуу;
5) контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү эл аралык кызматташтык жөнүндө;
6) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар өткөргөн контрчалгындоо иш-чаралары жөнүндө.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.
2-глава. Контрчалгындоо иш-чаралары
9-берене. Контрчалгындоо иш-чаралары
1. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
1) сурамжылоо;
2) маалыматты жана маалымдамаларды расмий алуу;
3) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу;
4) текшерүү үчүн сатып алуу;
5) предметтерди жана документтерди изилдөө;
6) контролдонуучу жеткирүү (текшерүүчү жеткирүүлөр);
7) инсанды окшоштуруп аныктоо;
71) объекттерди санариптик таануу;
8) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу;
9) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү;
10) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдү контролдоо;
11) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү аркылуу жүргүзүлүүчү сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу;
12) телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу;
13) маалыматты мыйзамсыз алууга багытталган техникалык чалгындоо каражаттарын жана маалымат чыгып кетүүчү техникалык каналдарды издөө;
14) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;
15) адамды же жайды жашыруун аудио жана (же) видео аркылуу контролдоо;
16) маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, берүү, сактоо жана телекоммуникациялар үчүн арналган түзүлмөлөрдөн маалыматтарды ыкчам алуу;
17) мыйзам менен корголуучу жеке жашоонун, турак жайдын кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк жашыруун сырга, ошондой эле жеке салымдардын жана аманаттардын, кат жазышуулардын, телефон менен сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф аркылуу жана башка билдирүүлөрдүн жашыруун сырын козгобогон маалыматтарды алуу үчүн техникалык каражаттар;
18) конспиративдүү ишканаларды жана уюмдарды түзүү;
19) ыкчам киргизүү;
20) ыкчам байкоо жүргүзүү;
21) ыкчам эксперимент;
22) ыкчам аныктоо.
2. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө санариптик технологиялык тутумдар, видео-, аудиожаздыруу, сүрөткө тартуу, ошондой эле инсандын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөчү башка техникалык каражаттар пайдаланылат.
3. Кыргыз Республикасына маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды ташып кирүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификаттоо, эсепке алуу, эсептен чыгаруу сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдаланууга байланышкан контрчалгындоо иш-чаралары техникалык жактан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өздөрүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өздөрүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.
6. Телекоммуникациялардын операторлорунун контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
7. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же куралдуу чыр-чатак мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
8. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү үчүн негиздер
Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо жана башка иштеринин белгилери жөнүндө маалыматтардын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү окуялар жана иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды алуунун, ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунучтардын жаралышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоонун зарылдыгы;
3) мамлекеттик кайтаруудагы объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объекттерди, аскердик түзүлүштөрдү, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындык камсыз кылуу зарылдыгы;
5) маалымат коопсуздугу, социалдык-экономикалык жана финансы-кредит тутумунун, коргонуу комплекстеринин, энергетика, транспорт жана байланыш объекттеринин, ошондой эле артыкчылыктуу илимий иштелмелердин коопсуздугу чөйрөсүндө контрчалгындык камсыз кылуу зарылдыгы;
6) иштөөсү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан берүүчү радиоэлектрондук каражаттардын радионурлануусун, ошондой эле чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерине телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу боюнча иш-аракеттерди аныктоо зарылдыгы;
7) мамлекеттик сырларды коргоо зарылдыгы;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүү үчүн жол-жоболошуучу (кайрадан жол-жоболошуучу) адамдарды текшерүү зарылдыгы;
9) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо зарылдыгы;
10) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу зарылдыгы;
11) контрчалгындоо ишине катышууга уруксаттын же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдарга жеткиликтүүлүктүн зарылдыгы;
12) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү же көрсөткөн адамдарды иликтөө (текшерүү) зарылдыгы;
13) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын өздүк коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, укук коргоо органдарынын жана башка уюмдарынын, эл аралык жана башка уюмдардын суроо-талаптары.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү шарттары
1. Мыйзам менен корголуучу кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, телекоммуникациялык сервистин жана почта байланышынын жардамы менен берилүүчү билдирүүлөрдүн жашыруун сырына, ошондой эле турак жайдын кол тийбестик укугуна тиешелүү контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө, муну башка контрчалгындоо иш-чаралары менен жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон учурда, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнмөсү боюнча, сот актысынын негизинде гана маалымат чогултуу үчүн гана жол берилет.
2. Кийинкиге калтырууга болбогон жана оор же өтө оор кылмыш жасоого алып келиши мүмкүн болгон, же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык, маалыматтык же экологиялык коопсуздугуна келүүчү коркунуч жөнүндө маалымат болгон учурларда, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жүйөлөштүрүлгөн токтомунун негизинде, менчиктеги же башка укуктагы турак жайга жана башка объекттерге кирүүгө байланыштуу контрчалгындоо иш-чараларын сот актысыз өткөрүүгө жол берилет. Мындай иш-чаралардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү козгоо жана аны кароо тартиби
1. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүү жөнүндө өтүнмө, мындай иш-чаралар өткөрүлүүчү жер боюнча же аларды өткөрүү жөнүндө өтүнмө берген органдын жайгашкан жери боюнча, өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен, прокурордун катышуусу менен, жабык сот жыйынында тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.
2. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө түзүлгөн жерди жана убактысын;
2) өтүнмөнү киргизген кызмат адамынын кызмат ордун, аты-жөнүн;
3) контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүү зарылдыгынын негиздемесин;
4) ага карата контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүү пландалып жаткан адам, жер же предмет жөнүндө маалыматтарды;
5) өткөрүү зарыл болгон контрчалгындоо иш-чарасынын түрүн (түрлөрүн), максатын, ошондой эле аны (аларды) өткөрүү мөөнөтүнүн негиздемесин көрсөтүүнү;
6) контрчалгындоо иш-чарасынын өндүрүшүн тапшыруу пландалып жаткан орган жөнүндө маалыматты;
Өтүнмөгө өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу материалдар тиркелет.
3. Ага карата контрчалгындоо иш-чарасы өткөрүлүп жаткан объектинин ачыкталышын болтурбоо зарылдыгы келип чыккан учурларда, өтүнмөдө конспирациянын талаптарын сактоо менен ошол адамдын чыныгы анкеталык маалыматынын ордуна каймана атын көрсөтүүгө жол берилет.
4. Ыкчам кызыкчылыктагы объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыйгарым укуктуу органдардын жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адамдар тууралуу, контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнү уюштуруу, пландары, тактикасы, усулдары, жыйынтыктары, каржылануусу, күчтөрү жана каражаттары жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, тергөө судьясынын талабы боюнча контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүүгө тиешелүү башка материалдар да берилиши мүмкүн.
5. Өтүнмөнү кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы контрчалгындоо иш-чарасын өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
6. Тергөө судьясы чыгарган токтомдун колдонуу мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.
Зарыл учурда, кайрадан берилген материалдардын негизинде тергөө судьясы токтомдун колдонулуу мөөнөтүн бир жылга чейин узартууга укуктуу.
7. Өзгөчө учурларда контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин өтүнмөсү боюнча тергөө судьясы Башкы прокурордун макулдугу менен токтомдун колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык мөөнөткө узартууга укуктуу.
8. Тергөө судьясынын контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартуусу даттанууга жатпайт.
13-берене. Контрчалгындоо ишин маалыматтык камсыз кылуу жана документтештирүү
Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди чечүү үчүн контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар маалыматташтыруу объекттерин түзөт, сатып алат, пайдаланат, өнүктүрөт, алардын коопсуздугун камсыз кылат, ошондой эле контрчалгындоо иштерин алып барат.
14-берене. Контрчалгындоо ишинин натыйжаларын пайдалануу
1. Контрчалгындоо ишинин натыйжалары төмөнкүлөр үчүн пайдаланылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтарды талдоо, баалоо жана болжолдоо үчүн;
3) кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу үчүн;
4) кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын жоболоруна ылайык кылмыш-жаза иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жана далилдөөнүн башталышы үчүн.
2. Ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 8, 9 жана 12-пункттарында саналып өткөн адамдарга карата контрчалгындоо ишинин натыйжалары алардын мамлекеттик жашыруун сырларга, контрчалгындоо ишине катышууга же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдарга жеткиликтүү болуусу жөнүндө маселени чечүүдө эске алынат.
15-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө маалыматтарды коргоо
1. Контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө пайдаланылуучу же пайдаланылган контрчалгындоо ишинин күчтөрү, каражаттары, булактары, методдору, пландары жана жыйынтыктары жөнүндө, ыкчам кызыкчылык жараткан объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адамдар, ошондой эле контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнү уюштуруу жана анын тактикасы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзөт, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контрчалгындоо ишин жүргүзүүчү органдын жетекчисинин токтомунун негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүчү органдардан бошотулган кызматкерлер, адамдар, ыкчам кызыкчылыктагы объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар тууралуу, ошондой эле аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү же көрсөтүшкөн адамдар жөнүндө маалыматтар ушул Мыйзамга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык корголууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ачыкталышы мүмкүн.
3. Контрчалгындоо иши жөнүндө маалыматтарга уруксат берилген адамдар мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик жашыруун сырга уруксат берүүнү тариздөө жол-жобосунан өтүшөт.
4. Контрчалгындоо иши жөнүндө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө маалыматтарга жеткиликтүү болуудан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздер боюнча же жеке коопсуздук максатында баш тартылышы мүмкүн.
3-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
16-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө төмөнкүлөргө укук берилет:
1) улуттук коопсуздук органдарына;
2) аскердик чалгындоо органына;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга;
4) мамлекеттик күзөт органына.
2. Улуттук коопсуздук органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган контрчалгындоо иш-чараларынын бардык тизмегин колдонууга укуктуу.
3. Аскердик чалгындоо органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-8, 15, 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3, 5-12, 15, 18-22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
5. Ушул Мыйзам менен ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактардын маалыматты жашыруун алууга багытталган (иштелип чыккан, ылайыкталган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды сактоосуна, пайдалануусуна тыюу салынат.
6. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам бөлүмдөрү жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза-аткаруу тутумунун кызматкерлери менен биргеликте контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө укуктуу.
7. Мамлекеттик күзөт органы ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1–3, 5, 7–9, 12–15, 18, 20, 22-пункттарында көрсөтүлгөн контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери
1. Ушул Мыйзам менен аныкталган контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүүдө аны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз ыйгарым укуктарынын чегинде инсанды, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө;
2) Президентке, Министрлер Кабинетине жана мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалымдоого;
3) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, илимий-техникалык жана коргонуу дараметин коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
4) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттеринин белгилерин, фактыларын аныктоого, аны жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
5) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо боюнча чараларды көрүүгө;
6) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объекттерди, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындык камсыз кылууну жүзөгө ашырууга;
7) контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө конспирацияны, ошондой эле контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын күчтөрүнүн, каражаттарынын жана маалыматынын корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык жана башка уюмдардын суроо-талаптарын аткарууга;
9) өз кызматкерлеринин, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун жана мүлкүнүн сакталышын, кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүгө;
10) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашырууга.
2. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүүдө улуттук коопсуздук органдары контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын, ошондой эле өз компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашырат.
18-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын укуктары
1. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүүдө аны жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамда белгиленген өз ыйгарым укуктарынын чегинде контрчалгындоо иш-чараларын ачык жана жашыруун өткөрүүгө, аларды уюштуруу жана өткөрүү тактикасын аныктоого, аларды жүргүзүүдө предметтерди, материалдарды жана билдирүүлөрдү алып коюуга, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык, маалыматтык же экологиялык коопсуздугуна коркунуч жаралган учурларда байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтотууга;
2) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүү макулдугун билдирген адамдар менен акысыз же болбосо акы төлөнүүчү негизде кызматташтык мамиле түзүүгө;
3) контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, аскердик бөлүктөрдүн кызматтык жайларын, мүлкүн, ошондой эле жеке жактардын турак жана турак эмес жайларын, транспорт каражаттарын жана башка мүлкүн келишим же оозеки макулдашуу боюнча пайдаланууга;
4) конспиративдик объекттерди (ишканаларды жана уюмдарды) түзүүгө, конспиративдик максатта контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын өздүгүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, бөлүмдөрдүн, жайлардын жана транспорт каражаттарынын ведомстволук таандыктуулугун, ошондой эле аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү жарандардын өздүгүн жашыруучу документтерди пайдаланууга;
5) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ушул органдардын күчтөрүн жана каражаттарын контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө тартууга;
6) зарыл илимий-техникалык же башка атайын билими бар кызмат адамдарынын жана адистердин жардамын пайдаланууга;
7) алардын таандыктуулугуна карабастан маалымат (эсепке алуу) базаларынан, маалымат тутумдарынан маалыматтарды алууга;
8) контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүдө чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин имитациялоочу иштерди жүзөгө ашырууга;
9) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүчү шарттарды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
10) контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө багытталган атайын жана башка техникалык каражаттарды, жабдууларды колдонууга;
11) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Ушул Мыйзам менен түздөн-түз ыйгарым укук берилген адамдарды кошпогондо, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жана органдардын мыйзамдуу иш-аракеттерине кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга эч кимдин укугу жок.
4-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу
органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар
19-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар
1. Адамдар алардын макулдугу менен контрчалгындоо иш-чараларын даярдоого же өткөрүүгө, алардын каалоосу боюнча контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүсүн купуя сактоо менен, акы төлөнүүчү же акысыз негизде, анын ичинде контракт боюнча тартылышы мүмкүн. Бул адамдар контрчалгындоо иш-чараларын даярдоонун же өткөрүүнүн жүрүшүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүгө алардын жарандыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык жана социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыктуулугуна, динге болгон мамилесине жана саясий көз карашына карабастан, жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жеке адамдар тартылышы мүмкүн.
20-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдарды социалдык жана укуктук коргоо
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосунда турат.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардын өздүгү жөнүндө маалыматтарды кимге да болбосун берүүгө жол берилбейт.
3. Мамлекет контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардын коомдук милдетти же аларга жүктөлгөн милдеттерди укук ченемдүү аткаруусуна байланыштуу көрсөтүлгөн адамдарга социалдык жана укуктук жактан коргоону кепилдейт.
4. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардын, ошого тете эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө алардын контрчалгындоо ишин жүргүзүүчү органдарга көмөк көрсөтүүсүнө байланыштуу мыйзамсыз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда, бул органдар укукка каршы иш-аракеттерди болтурбоо, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте аларды коргоо боюнча атайын иш-чараларды өткөрүүгө жол берилет.
6. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам өлгөн учурда, анын контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө катышуусуна байланыштуу, жабыр тарткан адамдын үй-бүлөсүнө жана анын багуусундагы адамдарга мамлекеттик бюджеттин каражатынан каза болгон адамдын он жылдык акчалай маянасынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте багуучудан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалат.
7. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам, анын контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүгө катышуусуна байланыштуу жана контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга андан ары көмөк көрсөтүүгө мүмкүн болбогон травма, жаракат, контузия алып, майып болсо, аталган адамга мамлекеттик бюджеттин каражатынан беш жылдык акчалай маянасынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте майыптуулугу боюнча пенсия дайындалат.
8. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөткөн адамдар менен ишти уюштуруу жана анын тартиби контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын актылары менен белгиленет.
5-глава. Контрчалгындоо ишин финансылык жана
материалдык-техникалык камсыз кылуу
21-берене. Контрчалгындоо ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Контрчалгындоо ишин финансылык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
6-глава. Контрчалгындоо ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
22-берене. Ведомстволук контроль
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери контрчалгындоо иш-чараларын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси төмөнкүлөрдү контролдоону камсыз кылат:
1) контрчалгындоо ишин уюштурууну, тактикасын, формасын жана методдорун, тартылган күчтөрдү жана каражаттарды;
2) чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;
3) жашыруундуулуктун жана конспирациянын камсыз кылынышын;
4) контрчалгындоо ишине бөлүнгөн финансы каражаттарынын сарпталышын.
23-берене. Прокурордук көзөмөл
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал тарабынан ыйгарым укук берилген областтардын жана Бишкек шаарынын прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтар прокурордук көзөмөл предметине кирбейт.
7-глава. Корутунду жоболор
24-берене. Ушул Мыйзамдын колдонууга кирүүсү
1. Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |