Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 4-июлу № 56
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
47-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "талап кылуучуга же" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.".
4-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.".
5-берене.
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 666-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Бенефициардык ээси - жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдоочу жеке жак (жеке жактар), же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) жасалуучу жеке жак.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышуу - жеке өзү же башка жактар менен биргеликте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун акцияларынын (үлүшүнүн) 10 жана андан көп пайызына түздөн-түз же кыйыр ээлик кылуу же башкаруу.";
2) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Документтик эмес баалуу кагаздар
Документтик эмес баалуу кагаздар - энчилүү баалуу кагаздар, алар боюнча укуктар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестриндеги эсепке жазуу менен, же болбосо депозитарийдин депо эсебиндеги жазуу менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында бардык эмиссиялык баалуу кагаздар документтик эмес формада чыгарылат.";
3) 9-берененин он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарын жана террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жөнгө салынуучу субъекттерди Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга;";
4) 12-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) өндүрүп алуу чараларын колдонууга;";
5) 35-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-13-бөлүктөр менен толукталсын:
"7. Жеке жана/же юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эместер, ушул беренеде белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уюштуруучулары жана акционерлери боло алышат.
8. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алуу ниети бар жеке жана юридикалык жактар олуттуу катышууну сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жасаганга чейин 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун ырастоого, ошондой эле, бенефициардык ээлерин кошуп алганда, өзүнүн иши, финансылык абалы, акционерлеринин (катышуучуларынын) курамы жөнүндө маалыматтарды баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
9. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына төмөнкүлөр олуттуу катыша алышпайт:
1) алардын террористтик же экстремисттик иштерге катышкандыгы жана жапырт жок кылуучу куралдарды тараткандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмегинде турган жеке жана юридикалык жактар (Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кенешинин жыйынды санкциялык тизмеги);
2) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык түзүлүүчү, кооптуулугу жогору өлкөлөрдүн аймагында жашаган жана/же катталган, же болбосо катышуучу катары кооптуулугу жогору өлкөлөрдө катталган аффилирленген жактары бар жеке жана юридикалык жактар;
3) экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмышы же мамлекеттик бийликке каршы кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган же жоюлбаган жеке жактар;
4) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды анык идентификациялоого жана юридикалык жактын катышуучуларын, бенефициардык ээлерин кошо текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай гана болбосун башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо анык идентификациялоого жана юридикалык жактын катышуучуларын, бенефициардык ээлерин кошо текшерүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
5) акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга жумшалган каражаттардын келип чыккан булагынын мыйзамдуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ырастабаган жеке жана юридикалык жактар.
10. Ушул берененин 9-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар, же болбосо баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууда анык эмес (жалган) маалыматты берген жеке же юридикалык жактар, же болбосо ушул Мыйзамда коюлган талаптарга ыпайьж келбей калган жактар тарабынан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууга байланышкан бүтүмдөр арзыбаган бүтүмдөр болуп саналат.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талаптар менен сотко кайрылат.
11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун капиталына олуттуу катышуусу бар, же болбосо аны сатып алууга ниеттенген жактар жөнүндө маалыматтарды суратып алууга жана алууга укуктуу.
12. Ушул берененин 9 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда, мындай акциялар боюнча добуштар кворумду аныктоодо жана чечимдерди кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечимди маңызы боюнча кабыл алууга таасир тийгизсе, мурда кабып алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.
Ушул берененин 9 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда, бузууну аныктаган жак 6 айдын ичинде акциялардын (үлүштөрдүн) тиешелүү пакетин аны менен байланышпаган жактарга сатууга милдеттүү. Андай болбогон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган жактын акцияларын (үлүштөрүн) мажбурлап ээликтен ажыратуу жөнүндө сотко кайрылат.
13. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыгуусу жөнүндө көз карандысыз реестр кармоочуга кабарлайт.";
7) 42-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "административдик" деген сөз алып салынсын;
8) 46-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы депозитарийлердин системасы өзүнө Борбордук депозитарийди жана депозитарийлерди камтыйт, алардын иштөө тартиби ушул Мыйзам менен аныкталат.".
7-берене.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1027-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул Мыйзамда каралган өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбаган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.".
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 60-61 (3395-3396) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 22-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |