Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 1-августу № 75
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө", "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"таңгакталган товарлар - керектөөчү жокто таңгакталган жана чапталып коюлган таңгактардагы товарлар, мында таңгактын ичиндегиси таңгакты ачуусуз же бузуусуз өзгөртүлүшү мүмкүн болбогон, ал эми таңгакта камтылган товардын санын көрсөткөн салмагы, көлөмү, узундугу, аянты же башка чоңдуктары таңгакта көрсөтүлөт;";
2) 4-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнүн жана алардын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүүнүн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.";
7) 10-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Текшерүү жүргүзүү, текшерүүнүн энтамгасын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби, текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.";
8) 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, ал эми Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен аныкталат.";
9) 12-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен жөнгө салынат.";
10) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
1. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик метрологиялык көзөмөл төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
1) өлчөө каражаттарынын чыгарылышына, абалына жана колдонулушуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына;
2) соода операцияларын жүргүзүүдө ажыратылган товарлардын массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын анык маанисин жана анын сатылган санына шайкеш келишин аныктоо максатында бул товарлардын санына;
3) таңгакты ачуусуз же бузуусуз эле анын ичиндеги өзгөрүү мүмкүн болбогон учурларда таңгактоодо, сатууда, импорттоодо ар кандай түрдөгү таңгактарда таңгакталган товарлардын санына, ал эми таңгакта камтылган товардын санынын көрсөтүлгөн массасы, көлөмү, узундугу, аянты же башка чоңдуктары таңгакта белгиленет.
2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
11) Мыйзам төмөнкүдөй редакциядагы 151-берене менен толукталсын:
"151-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы маалыматтарды маалыматтык камсыз кылуу
1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фонд өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы маалыматтык ресурстардын булагы болуп саналат.
2. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фонддун ишинин тартиби, ошондой эле бул фондду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
12) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
13) 17-беренеде:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүү жана жүргүзүү;";
б) 9-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
Метрология боюнча улуттук орган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар тарабынан чарбакер субъекттерге көрсөтүлгөн метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө монополияга каршы орган менен макулдашылган жана экономика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тарифтерге жана прейскуранттарга жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык акы төлөнөт.".
2-берене
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2020-жылдын 10-марты, № 26) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин биринчи абзацында "2023-жылдын 1-июнунан" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-августунда № 68(3403) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |