Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 9-июлу № 118
Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтому
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн байкоодо болушун жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана өлчөөлөрдүн объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн анык эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш;
өлчөө бирдиктүүлүгү - өлчөөлөрдүн натыйжалары мыйзамдаштырылган чоңдуктардын бирдиктеринде же белгиленген шкалалар боюнча маанилерде көрсөтүлгөн, ал эми өлчөөлөрдүн тактыгынын көрсөткүчтөрү белгиленген чектен чыкпаган өлчөөлөрдүн абалы;
мыйзамдык метрология - мыйзамдык талаптар менен байланышкан ишке таандык жана өлчөөлөргө, өлчөө бирдиктерине, өлчөө каражаттарына жана өлчөө ыкмаларына тиешелүү метрология бөлүмү;
өлчөө каражаттарын калибрлөө - эталондор камсыз кылуучу өлчөөлөрдүн аныксыздыгы бар чоңдуктарынын маанилеринин жана аларга таандык аныксыздыктар менен өлчөө каражаттарынын тиешелүү көрсөтүүлөрүнүн ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы;
метрологиялык экспертиза - биринчи кезекте өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгү жана тактыгы менен байланышкан метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо;
метрология - өлчөөлөр, aлардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуучу усулдар менен каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндө илим;
метрологиялык байкоо жүргүзүү - өлчөөлөрдүн натыйжасынын касиети, ага ылайык натыйжа калибрлөөнүн документтештирилген үзгүлтүксүз чынжыры аркылуу салыштыруу үчүн негиз менен теңештирилиши мүмкүн (ӨК эл аралык системасына чейин), алардын ар бири өлчөөлөрдүн аныксыздыгына салымын кошот;
өлчөөлөрдүн аныксыздыгы - пайдаланылуучу маалыматтын негизинде өлчөлүүчү чоңдукка кошулуп жазылуучу чоңдуктардын маанилерин чачыратып жиберүүнү мүнөздөөчү терс эмес параметр;
өлчөө каражаттарын текшерүү - эксперименталдык аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн жана алардын техникалык pегламенттерде белгиленген же даярдоочу-заводдун коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн, милдеттүү талаптарга ылайыктуулугун ырастоонун негизинде өлчөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун белгилөө;
каттоо - мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу бирден нускада же 10 даанага чейинки чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же ташылып келген өлчөө каражаттарын эсепке алуу;
эталондорду салыштыруу - эки же андан көп эталондор менен кайрадан жаратылуучу жана (же) сакталуучу бирдиктердин өлчөмдөрүн салыштыруу;
өлчөө каражаты - белгиленген метрологиялык мүнөздөмөлөрү бар, өлчөө үчүн арналган техникалык каражат;
стандарттык үлгү - болжолдуу дайындоого ылайык өлчөөдө же сапаттык касиеттерин баалоодо пайдалануу үчүн аныкталган касиеттерге карата жетишээрлик бир түрдүү жана туруктуу материал;
өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү - өлчөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга ылайык келээрлиги жөнүндө метрология боюнча улуттук орган тарабынан чыгарылган чечим;
таңгакталган товарлар - керектөөчү жокто таңгакталган жана чапталып коюлган таңгактардагы товарлар, мында таңгактын ичиндегиси таңгакты ачуусуз же бузуусуз өзгөртүлүшү мүмкүн болбогон, ал эми таңгакта камтылган товардын санын көрсөткөн салмагы, көлөмү, узундугу, аянты же башка чоңдуктары таңгакта көрсөтүлөт;
эталон - чоңдуктун бирдигин же өлчөө шкаласын кайра жаратуу же алуу, сактоо жана берүү үчүн арналган өлчөө каражаты;
баштапкы эталон - жогорку метрологиялык касиеттерге ээ болгон (өлкөдө, региондо, уюмда, лабораторияда), ага баш ийген эталондорго жана өлчөө каражаттарына чоңдуктун бирдигин же өлчөө шкаласын берүүчү эталон;
улуттук эталон - мамлекетте же экономикада өлкө үчүн баштапкы катары пайдалануу үчүн өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан таанылган эталон.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
4-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик түзүмү
1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутуму өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындысын, анын катышуучуларын жана жалпысынан өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тутумунун иштөө эрежелерин билдирет.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү төмөнкүдөй учурларда аткарыла турган өлчөөлөргө жайылтылат:
1) саламаттык сактоо, ветеринария жаатында ишти жүзөгө ашырууда;
2) айлана чөйрөнү коргоо, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ишти жүзөгө ашырууда;
3) эмгектин коопсуз шарттарын жана коргоону камсыз кылуу боюнча иштерди аткарууда;
4) өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда;
5) почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүндө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн эсепке алууда (туташтыруунун узактыгын жана трафиктин көлөмүн);
6) техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууда.
3. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутумунун катышуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган;
2) метрология боюнча улуттук opган жана анын аймактык бөлүмдөрү;
3) метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик орган;
4) юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары.
4. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын, метрология боюнча улуттук органдын жана метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жоболордо аныкталат.
5. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча метрологиялык кызматты түзүү милдеттүү болуп саналат.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Чоңдуктар бирдиктери
1. Кыргыз Республикасында Мыйзамдык метрологиянын эл аралык уюму (ММЭУ) сунуштаган, Өлчөө жана салмак боюнча башкы конференция тарабынан кабыл алынган Эл аралык бирдиктер системасынын (ӨК) он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат.
2. Кыргыз Республикасында чоңдуктар бирдиктеринин аталыштары, белгилениши, жазуу жана колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасында Бирдиктердин эл аралык системасынын чоңдук бирдиктери менен бирдей системадан тышкаркы чоңдук бирдиктери колдонулат.
Системадан тышкаркы чоңдук бирдиктерин жазуу жана колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы N 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору
1. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайык анын техникалык өнүгүүсү менен байланышкан, колдонууга жол берилген чоңдуктар бирдиктерин колдоо жана жайылтуу үчүн түзүлөт. Улуттук эталондор метрология боюнча улуттук органда сакталат.
2. Кыргыз Республикасынын башка уюмдарда сакталган физикалык чоңдуктарынын айрым бирдиктеринин баштапкы эталондоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте улуттук эталондордун статусу берилет.
3. Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүүнүн, улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Улуттук эталондордун тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана менчиктештирүүгө жатпайт.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Адистештирилген сыноолор
(КР 2022-жылдын 1-августундагы N 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене. Өлчөө каражаттары
1. Өлчөө каражаттары Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте бирдиктери колдонууга жол берилген чоңдуктардын маанисин аныктоо үчүн пайдаланылат.
2. Өлчөө каражаттарына ченемдер, өлчөө приборлору, өлчөө системалары жана комплекстери, ошондой эле өлчөөнүн функцияларын аткаруучу башка түзүлүштөр кирет.
Техникалык каражатты өлчөө каражаттарына киргизүү жөнүндө чечимди метрология боюнча улуттук орган кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү өлчөөлөрдү жүргүзүүдө текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги же катталган өлчөө каражаттары колдонулууга тийиш.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жана бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген өлчөө каражаттарын каттоо
1. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттарынын тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү стандарттык үлгүлөрдүн тиби жүгүртүүгө чыгарылганга чейин бекитилүүгө тийиш.
Бирден нускада же 10 даанадан ашпаган чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган өлчөө каражаттары жүгүртүүгө чыгарылганга чейин катталууга тийиш.
2. Чет мамлекеттерде өндүрүлгөн өлчөө каражаттарына жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын таануу жана өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү улуттук органдары кошулган өз ара таануу жөнүндө башка уюмдардын макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүнүн жана алардын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү белгисин колдонуунун, Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү өлчөө каражаттарын каттоонун, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүүнүн тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Өлчөө каражаттарын текшерүү
1. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары алгачкы, мезгилдүү текшерилүүгө жана зарыл болгондо кезексиз текшерүүлөргө жатат.
2. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.
Текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары аккредитацияланган болууга тийиш.
Тиешелүү жаатта өлчөө каражаттарын калибрлөөгө аккредитациясы бар метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораторияларын аккредитациялоо талап кылынбайт.
Метрология боюнча улуттук органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө тиешелүү эталондор жок болгондо, өлчөө каражаттарын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар жүзөгө ашырат.
3. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адистер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө жатат.
4. Текшерүү жүргүзүү, текшерүүнүн энтамгасын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби, текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеги жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен белгиленет.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23 Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жогорудагы абзац 2023-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
11-берене. Метрологиялык экспертиза
1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору милдеттүү метрологиялык экспертизадан өтүүгө жатат.
2. Метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, ал эми Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен аныкталат.
3. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары ыктыярдуу тартипте стандарттарга, долбоордук, конструктордук, технологиялык документтерге, өлчөө каражаттарына жана башка объекттерге метрологиялык экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарынын сыноосун жана (же) стандарттык үлгүлөрдүн аттестациясын өткөрүү
1. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү сыноону метрология боюнча улуттук орган жана анын аймактык бөлүмдөрү өткөрөт.
2. Метрология боюнча улуттук органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө өлчөөнүн айрым түрлөрү боюнча тиешелүү эталондор жок болгондо, өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү укугун юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берүүгө жол берилет.
3. Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноолорду өткөрүү жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүүнүн жана алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өлчөө каражаттарынын тибин жана стандарттык үлгүлөрдү бекитүү тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен жөнгө салынат.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Өлчөөнү аткаруунун методикасы
1. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү аткарууда өлчөөнү аткаруу методикалары колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары, ыктыярдуу тартипте өлчөөнү аткаруунун аттестацияланган методикалары, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан иштелип чыккан методикалар колдонулушу мүмкүн.
14-берене. Өлчөө каражаттарын калибрлөө
1. Техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө метрологиялык байкоо жүргүзүүчүлүктү камсыз кылуу үчүн өлчөө каражаттарын калибрлөө жүргүзүлөт.
2. Өлчөө каражаттарын калибрлөөнү метрология боюнча улуттук органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын аккредиттелген калибрлөөчү лабораториялары жүзөгө ашырышат.
3. Өлчөө каражаттарын калибрлөө ӨК Эл аралык бирдиктер системасына байкоо жүргүзүлүүчү чоңдук бирдиктеринин эталондорун пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондору же башка мамлекеттердин эталондору аркылуу жүргүзүлөт.
15-берене. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
1. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик метрологиялык көзөмөл төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
1) өлчөө каражаттарынын чыгарылышына, абалына жана колдонулушуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына;
2) соода операцияларын жүргүзүүдө ажыратылган товарлардын массасынын, көлөмүнүн, чыгымынын же башка чоңдуктарынын анык маанисин жана анын сатылган санына шайкеш келишин аныктоо максатында бул товарлардын санына;
3) таңгакты ачуусуз же бузуусуз эле анын ичиндеги өзгөрүү мүмкүн болбогон учурларда таңгактоодо, сатууда, импорттоодо ар кандай түрдөгү таңгактарда таңгакталган товарлардын санына, ал эми таңгакта камтылган товардын санынын көрсөтүлгөн массасы, көлөмү, узундугу, аянты же башка чоңдуктары таңгакта белгиленет.
2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
151-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы маалыматтарды маалыматтык камсыз кылуу
1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фонд өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы маалыматтык ресурстардын булагы болуп саналат.
2. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фонддун ишинин тартиби, ошондой эле бул фондду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди мамлекеттик каржылоо
Республикалык бюджеттин эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:
1) улуттук эталондук базаны түзүү, сатып алуу, сактоо жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштер;
2) Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган региондук метрологиялык уюмдун алкагында аккредитациялоо же эксперттик теңдеш маанидеги баалоо жолу аркылуу улуттук эталондордун, өлчөөлөрдүн жана калибрлөөнүн эл аралык таанылышына жетишүү жана колдоо боюнча иштер;
3) улуттук эталондорду калибрлөө жана текшерүү;
4) мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү;
5) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүү жана жүргүзүү;
6) метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштери;
7) эталондорду эл аралык, региондук, улуттук деңгээлдерде салыштырууга катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун күтүү үчүн зарыл жабдууларды, жайларды сатып алуу жана иштеп чыгуу;
9) Мүчөлүк акы төлөө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тизмеги аныкталуучу метрология боюнча эл аралык (региондук) уюмдарга катышуу.
(КР 2020-жылдын 4-мартындагы № 23, 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө
Метрология боюнча улуттук орган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар тарабынан чарбакер субъекттерге көрсөтүлгөн метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө монополияга каршы орган менен макулдашылган жана экономика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тарифтерге жана прейскуранттарга жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык акы төлөнөт.
(КР 2022-жылдын 1-августундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Өтмө жоболор
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жана Кыргыз Республикасынын метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тартипте берилген өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы документтер колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.
20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам колдонулууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 718-ст.);
- "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-майындагы № 71 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2295-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |