Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 85
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан жогору эмес же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу айыл чарба жерлери;";
2) 30-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"6. Асылдуулугу төмөн жайыттар жерлердин максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүлгөндөн кийин, андан соң Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен ал өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына 20 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.
Жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүдө милдеттүү шарт болуп жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу эсептелет.
Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Мал айдап өтүлүүчү асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, фаунанын эндемикалык түрлөрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн аймактар өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берилбейт.
8. Асылдуулугу төмөн жайыттар тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу болмоюнча пайдаланууга берилбейт.".
2-берене
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Асылдуулугу төмөн жайыттар - тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жайыттар.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |