Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 17-ноябры № 107
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 507-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "эл аралык гуманитардык укуктар же мамлекеттин мыйзамдары" деген сөздөр "эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-беренеде:
а) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) ата мекендик көмөктөшүүчү субъект - коммерциялык эмес уюмдар болуп саналган ата мекендик өкмөттүк эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, ыйгарым укуктары жана иш-аракети чукул жардам көрсөтүүгө багытталган юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын аймагында, же болбосо жабыр тарткан башка өлкөнүн аймагында чукул кырдаалга чара көрүүгө катышуучу Кыргыз Республикасынын жарандары, же болбосо жарандыгы жок адамдар;";
в) 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 13 жана 14-пункттардагы "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) укуктук жеңилдиктер - ушул Мыйзамга ылайык көмөктөшүүчү субъекттерге берилүүчү укуктар;";
е) 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштары - кыйроолордун айрым очокторун локалдаштыруу, коммуналдык жана өндүрүштүк коммуникация тармактарындагы жана линияларындагы аварияларды жана бузулууларды жоюу, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу үчүн минималдуу зарыл шарттарды түзүү боюнча чукул кырдаал жана жогорку кооптуулуктагы чөлкөмүндөгү биринчи кезектеги жумуштар;";
ж) 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) транзиттик жеңилдиктер - ушул Мыйзамга ылайык башка өлкөдөгү чукул кырдаалга чара көрүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык чукул жардамдын транзитинде көмөктөшүүчү субъекттерге берилүүчү укуктар;";
з) 25-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын кодекстери, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.";
4) 4-берененин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 5-берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" жана "Өкмөтүнө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" жана "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-берененин 1 жана 5-бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 9-берененин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 10-берененин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 11-берененин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-беренеде:
а) берененин аталышындагы жана текстиндеги ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жана транзиттик жеңилдиктерди берүү тартибин аныктайт;";
- 7-пункт "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эл аралык чукул жардам жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 13-беренеде:
а) берененин аталышындагы "(БТПЭЧЖКК)" деген аббревиатура алып салынсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Келүүчү эл аралык персоналды, товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды чек ара аркылуу өткөрүү боюнча мыйзамдардын талаптарын бириктирүү жана жөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү (мындан ары - БТПЭЧЖКК) топтору уюштурулат.";
в) 2 жана 5-бөлүктөрүндөгү "Өкмөтү" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-берененин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "пайдаланууга жараксыз товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, жок кылуу же утилдештирүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 5-главадагы мамлекеттик тилдеги "20-берене. Укукка ээлик кылган субъекттерге укуктук жеңилдиктерди берүү" деген сөздөр "19-берене. Укукка ээлик кылган субъекттерге укуктук жеңилдиктерди берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 19-беренеде:
а) берененин аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Укукка ээлик кылган" деген сөздөр "Көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пункт "ушул Мыйзамда жана" деген сөздөрдөн кийин "товарлардын сапатын жана алардын адам ден соолугуна коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 23-беренедеги "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
16) 24-беренедеги "Укукка ээлик кылган" деген сөздөр "Көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
17) 26-беренедеги "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр алып салынсын;
18) 27-беренедеги "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
19) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Транспорттук каражаттарды башкаруучу адамдардын кирүүсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан иштетилүүчү транспорттук каражаттардын айдоочулары, учкучтары жана экипаж мүчөлөрү үчүн кирүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү үчүн шарттарды түзөт.";
20) 29-берененин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 31-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Баш тартуу сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
22) 32-берененин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 33-беренедеги "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
24) 35-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "белгиленген талаптарга" деген сөздөр "ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 9-глава төмөнкүдөй редакциядагы 35-1-берене менен толукталсын:
"35-1-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана көмөктөшүүчү субъекттер ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";
26) 36-берененин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |