Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 17-июну № 104
Эл аралык чукул жардам жөнүндө
(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144, 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107, 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты, негизги милдеттери жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты эл аралык чукул жардамдын көмөктөшүүсүнө жана жөнгө салынуусуна тиешеси бар жол-жоболорду, тартипти, функцияларды, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти түзүү болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү демилгелөө, координациялоо жана токтотуу тартибин белгилөө;
2) эл аралык чукул жардамга ылайык келүүгө тийиш минималдуу талаптарды аныктоо;
3) чукул кырдаалга туш болгон башка өлкөлөргө эл аралык чукул жардамдын транзитинин жол-жоболорун аныктоо;
4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүсүнүн тартибин аныктоо.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында чукул кырдаал келип чыккан учурда эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн, чет мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жабыр тарткан өлкөгө транзит менен жөнөтүлгөн эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн укуктук, уюштуруучулук, социалдык негиздерин аныктайт.
Мыйзам эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелерине Кыргыз Республикасынын тутумдук мамиле жасоосун камсыз кылууга, эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерге мамлекеттик колдоону кепилдөөгө чакырылган.
Ушул Мыйзам куралдуу жаңжалдардын шартында же куралдуу жаңжал келип чыккан мамлекеттин аймагында пайда болгон чукул кырдаалдын шартында колдонулбайт. Мындай шарттардагы эл аралык жардам көрсөтүү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2) Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай эл аралык кыймылынын чет өлкөлүк курамдык бөлүктөрү - Кызыл Кресттин жана Кызыл Жарым Айдын чет өлкөлүк коомдору, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун эл аралык федерациясы жана Кызыл Кресттин жана Кызыл Жарым Айдын Эл аралык комитети;
3) чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюм - ыйгарым укуктары жана ишмердиги эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө багытталган, башка мамлекетте штаб-квартирасы бар кайсы болбосун өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюм;
4) чукул кырдаалдарды жоюу - чукул кырдаалдардын келип чыгышына алып келген факторлорду локалдаштыруу жана токтотуу, чукул кырдаалдар келип чыкканда жүргүзүлүүчү жана адамдардын өмүрүн куткарууга жана ден соолугун сактоого, залалдын өлчөмүн азайтууга багытталган авариялык-куткаруучулук жана башка кечиктирилгис жумуштар;
5) эл аралык чукул жардам - эл аралык акчалай кайрымдуулук, акысыз берилүүчү активдер, товарлар, жабдуу предметтери, жабдуулар, чукул кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды кошуп алгандагы кызмат көрсөтүүлөр, чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-куткаруучулук жана башка кечиктирилгис жумуштар, чукул кырдаалда жабыр тарткан калктын жашоо шарттарын калыбына келтирүү же бул шарттарды чукул кырдаалга чейинки мезгилге салыштырмалуу жакшыртуу боюнча иш-аракет, ошондой эле чукул кырдаалдарга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана чукул кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча демилгелер;
6) эл аралык көмөктөшүүчү субъект - Кыргыз Республикасынын аймагындагы чукул кырдаалга реакция жасоого катышуучу же башка өлкөдөгү чукул кырдаалга реакция жасоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитти жүзөгө ашырууга катыша турган көмөктөшүүчү мамлекет, өкмөттөр аралык, эл аралык, чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык же жеке жак;
7) эл аралык акчалай кайрымдуулуктар - эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын, ата мекендик өкмөттүк эмес уюмдун, жабыр тарткан калктын же жарандык укуктун башка субъекттеринин пайдасына эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан кайрымдуулук катары түздөн-түз берилген кайсы болбосун акча каражаттары;
8) эл аралык персонал - эл аралык көмөктөшүүчү субъект жалдаганга чейин Кыргыз Республикасынын жарандары же туруктуу тургундары болуп саналбаган, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү кайсы болбосун эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин штаттык кызматкерлери жана ыктыярдуулары;
9) жергиликтүү персонал - эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында штаттык кызматкерлер жана ыктыярдуулар катары эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер жалдоочу Кыргыз Республикасынын жарандары же туруктуу тургундары;
10) жабдуулар - жабдуу предметтерин кошпогондо, эл аралык булактардан түшүүчү жана эл аралык чукул жардамды көрсөтүүдө пайдаланууга арналган материалдык предметтер, атап айтканда, транспорттук каражаттар, издөөчү, медициналык жана телекоммуникациялык жабдуулар;
11) ата мекендик көмөктөшүүчү субъект - коммерциялык эмес уюмдар болуп саналган ата мекендик өкмөттүк эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, ыйгарым укуктары жана иш-аракети чукул жардам көрсөтүүгө багытталган юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын аймагында, же болбосо жабыр тарткан башка өлкөнүн аймагында чукул кырдаалга чара көрүүгө катышуучу Кыргыз Республикасынын жарандары, же болбосо жарандыгы жок адамдар;
12) (КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13) эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн мезгилдери - чукул кырдаалдан соңунан башталуучу, көмөктөшүүчү субъекттер укуктук жеңилдиктерден пайдалана ала турган, чукул кырдаалды жоюудагы мезгил жана баштапкы кайра ордуна келтирүүчү жумуштарды жүргүзүүдөгү мезгил;
14) транзиттик жеңилдиктерди берүү мезгили - башка мамлекеттеги чукул кырдаалдын соңунан башталуучу, көмөктөшүүчү субъекттер транзиттик жеңилдиктерден пайдалана ала турган мезгил;
15) укуктук жеңилдиктер - ушул Мыйзамга ылайык көмөктөшүүчү субъекттерге берилүүчү укуктар;
16) баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштары - кыйроолордун айрым очокторун локалдаштыруу, коммуналдык жана өндүрүштүк коммуникация тармактарындагы жана линияларындагы аварияларды жана бузулууларды жоюу, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу үчүн минималдуу зарыл шарттарды түзүү боюнча чукул кырдаал жана жогорку кооптуулуктагы чөлкөмүндөгү биринчи кезектеги жумуштар;
17) жабдуу предметтери - эл аралык булактардан келүүчү жана жабыр тарткан калкка эл аралык чукул жардамды көрсөтүүгө арналган предметтер жана материалдар;
18) чукул кырдаалдардын алдын алуу - чукул кырдаалдардан келип чыгуу тобокелдиктерин мүмкүн болушунча максималдуу азайтууга, алар келип чыккан учурда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, залалдын өлчөмүн азайтууга багытталган, алдын ала өткөрүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
19) жабыр тарткан калк - калктын чукул кырдаал чөлкөмүндө турган, келип чыккан чукул кырдаалдын натыйжасында жабырланган же болбосо материалдык чыгашаларды тарткан бөлүгү;
20) көмөктөшүүчү субъект - Кыргыз Республикасында чукул кырдаалга реакция жасоого катышуучу кайсы болбосун эл аралык же ата мекендик көмөктөшүүчү субъект;
21) көмөктөшүүчү мамлекет - Кыргыз Республикасына эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү же өз өлкөсүнүн жарандык же аскердик мекемелеринин ортомчулугу аркылуу башка өлкөдөгү чукул кырдаалга реакция жасоого катышуу үчүн транзитти жүзөгө ашыруучу кайсы болбосун чет мамлекет;
22) транзиттик жеңилдиктер - ушул Мыйзамга ылайык башка өлкөдөгү чукул кырдаалга чара көрүүгө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык чукул жардамдын транзитинде көмөктөшүүчү субъекттерге берилүүчү укуктар;
23) транспорт - эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттер аралык чек арадан эл аралык персоналды, товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды ташуу максатында, көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан же алардын атынан иштетилүүчү кургактагы, абадагы транспорттук каражаттар;
24) кызмат көрсөтүүлөр - чукул кырдаалды жоюуда же баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын, атап айтканда, издөөчүлүк-куткаруучулук жана авариялык-куткаруучулук операцияларды, медициналык, транспорттук, күзөттүк кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтык жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү максатында, көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан көрүлүүчү аракеттер;
25) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
26) чукул кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында, адамдардын курман болушуна, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө залал келишине, орчундуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келе турган же алып келген, жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, кыйроонун, табигый же башка кырсыктын, кыйраткыч заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында түзүлгөн жагдай;
27) эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр - биринчи медициналык жардам отряддары, көчмө госпиталдар, адистештирилген медициналык жардам бригадалары;
28) эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар - эпидемиологиялык, радиологиялык, санитардык-гигиеналык (токсикологиялык), эпидемияга каршы адистештирилген бригадалар, эпидемиологиялык чалгындоо топтору.
(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144, 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар
1. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын кодекстери, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык чукул жардам жаатындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү
1. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чукул кырдаалдын натыйжасында жабыр тарткан мамлекеттин калкынын өтө зарыл муктаждыктарын камсыз кылуу;
2) өлкөлөр жана элдер ортосундагы ынтымак байланыштарын бекемдөө;
3) Кыргыз Республикасын дүйнөлүк гуманитардык жана экономикалык процесстерге интеграциялоо;
4) гуманитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногун өздөштүрүү;
5) бирликтик кызыкчылыктарды калыптандыруу;
6) Кыргыз Республикасында чукул кырдаалдар келип чыкканда жооп иретиндеги жардамга эсеп кылуу мүмкүнчүлүгү.
2. Башка өлкөлөргө эл аралык чукул жардам көрсөтүү процессинде Кыргыз Республикасы эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин карманат.
3. Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү демилгелөө жана токтотуу
5-берене. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү керектөөгө баа берүү
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана көмөктөшүүчү субъекттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү керектөөгө баа берүүнү жүзөгө ашырат.
Эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү керектөөгө баа берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, муктаждыктарга жана залалга баа берүүнүн методикасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Ири масштабдагы чукул кырдаал келип чыкканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган керектөөлөргө жана залалга баштапкы баа берүүгө таянуу менен, эл аралык чукул жардамга керектөөлөрдү канааттандырууну камсыз кылуу үчүн ички дараметтин жетиштүү болушунун ыктымалдуулук даражасын аныктайт.
Мындай корутунду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыктыяры боюнча, ыктымалдуулугу жогору ири масштабдуу чукул кырдаал келип чыкканга чейин чыгарылышы мүмкүн.
3. Чукул кырдаалдын масштабын эсепке алганда чукул кырдаалга реакция жасоонун ички дарамети жетишсиз боло тургандыгы тууралуу корутунду чыгарылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жасоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала тизмегин түзөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилдери башталгандан кийин зарыл товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала тизмегин жардам көрсөтө ала турган көмөктөшүүчү субъекттерге берет.
Көрсөтүлгөн тизмек жаңы маалыматтардын келип түшүүсүнө, жагдайдын өзгөрүүсүнө жараша жаңыланып турат.
5. Ички дараметтин жетиштүүлүгү жана эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө зарылдыктын жоктугу тууралуу жаңы ыкчам маалыматтар алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган корутундуну кайра кароого укуктуу.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Эл аралык чукул жардам көрсөтүү тууралуу суроо-талап
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык чукул жардам берүү тууралуу суроо-талапты дипломатиялык каналдар аркылуу жасайт.
2. Мындай суроо-талап айрым конкреттүү эл аралык көмөктөшүүчү субъекттерге жөнөтүлүшү мүмкүн же бүтүндөй алганда эл аралык коомдоштукка даректелген жалпы суроо-талап болушу мүмкүн.
3. Жалпы суроо-талап эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы тиешелүү өкүлчүлүктөрүнө жөнөтүлөт.
4. Суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) чукул кырдаалдын орду, убактысы, мүнөзү, масштабдары жана учурдагы жагдай жөнүндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдаган зарыл товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдын ала тизмегине ылайык талап кылынуучу жардамдын көлөмү жана түрү тууралуу маалымат;
2) көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан сунуштарды берүүнүн жана эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө маалымат.
5. Суроо-талап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө көмөктөшүүчү субъектке бериле турган методикалык сунуштамалар менен коштолууга тийиш.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Эл аралык чукул жардамды сунуштоо жана кабыл алуу
1. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин киргизген сунушу ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынганда гана алар Кыргыз Республикасына эл аралык чукул жардам көрсөтө алат.
2. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө кызыкдар эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер өздөрүнүн сунуштарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз же тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аркылуу жөнөтөт.
3. Сунушта жардам көрсөтүүнүн түрү, көлөмү, жардам көрсөтүүнүн ыкмасы жана болжолдуу узактыгы көрсөтүлөт.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин сунуштарын карап чыгып, сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алышы же жардамдан баш тартышы мүмкүн.
5. Аскердик чөйрөнүн субъекттеринин ортомчулугу аркылуу жардам көрсөтүүнү мерчемдеген көмөктөшүүчү мамлекеттер ушул Мыйзамга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жана көмөктөшүүчү мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык сунуштарды киргизет.
6. Эл аралык чукул жардам берүү жөнүндө жалпы суроо-талап болбогондо эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер жеке демилгелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өздөрүнүн сунуштарын түздөн-түз же тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу жөнөтө алат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык чукул жардам тууралуу сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуусунун мөөнөттүүлүгү конкреттүү жагдайга жараша аныкталат, бирок 10 күндөн ашпоого тийиш.
8-берене. Чукул кырдаалды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн мезгилдери
Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн мезгили жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн мезгили эл аралык чукул жардам берүү жөнүндө суроо-талап жарыя кылынган учурдан тартып же ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык алынган сунуш кабылданган учурдан тартып колдонула баштайт жана алар ушул Мыйзамдын 9 жана 10-беренелерине ылайык токтотулганга чейин улантылат.
9-берене. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилинин токтотулушу
1. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муктаждыктарга жана башка маалыматтарга, ошондой эле эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен консультациялардын жыйынтыктарына акыркы баа берүүгө таянуу менен, чукул кырдаалды жоюуда жардам көрсөтүүгө муктаждык жоюлгандыгына ынанса, жардам көрсөтүү боюнча утурумдук жумушка кандайча таасир кыларын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чукул кырдаалды жоюу боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасын белгилөөнүн зарылдыгы тууралуу кабарлайт.
Токтотуу баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын өткөрүүдө эл аралык чукул жардамды көрсөтүүнүн учурдагы мезгилинин колдонулушуна тиешеси болбошу керек.
2. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы көмөктөшүүчү субъекттерге аны токтотуунун болжонгон датасына чейин 30 күндөн кечиктирилбестен кулактандырылат.
3. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуу жөнүндө кулактандыруунун текстинде, эгерде зарыл болсо, баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүү үчүн зарыл товарларга, жабдуу предметтерине, жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болжолдонуучу муктаждыктар жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
4. Чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуудан улам келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерди болтурбоо үчүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чукул кырдаалды жоюуда эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы кулактандырылгандан кийин, жардам көрсөтүү боюнча жумушка жигердүү тартылган көмөктөшүүчү субъекттер менен консультацияларды мезгил-мезгили менен өткөрүп турат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жардам көрсөтүү мезгилин токтотуу
1. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муктаждыктарга жана башка маалыматтарга, ошондой эле эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен консультациялардын жыйынтыктарына акыркы баа берүүгө таянуу менен, баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардамга муктаждык жоюлгандыгына ынанса, жардам көрсөтүү боюнча утурумдук жумушка кандайча таасир кыларын эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасын белгилөөнүн зарылдыгы тууралуу кабарлайт.
2. Баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык чукул жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы көмөктөшүүчү субъекттерге аны токтотуунун болжонгон убактысына чейин 30 күндөн кечиктирилбестен кулактандырылат.
3. Баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жардам көрсөтүү мезгилин токтотуудан улам келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерди болтурбоо үчүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жардам көрсөтүү мезгилин токтотуунун датасы кулактандырылгандан кийин, жардам көрсөтүү боюнча жумушка жигердүү тартылган көмөктөшүүчү субъекттер менен консультацияларды мезгил-мезгили менен өткөрүп турат.
4. Министрлер Кабинети өзгөчө кырдаалды жоюуда жана баштапкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө эл аралык жана башка чукул жардамдарды көрсөтүү мезгили аяктагандан кийин алты айдын ичинде Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын дарегине келип түшкөн эл аралык жана башка чукул жардамдарды пайдалануу тууралуу отчетту Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107, 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун эл аралык чукул жардам көрсөтүүсүнүн айрым өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун Уставында баяндалган ушул уюмдун ишинин негиз болуучу принциптерине жана көмөкчү ролуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коому кайсы болбосун учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай эл аралык кыймылынын кайсы болбосун чет өлкөлүк курамдык бөлүктөрүнө чукул кырдаалды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө ал көрсөтүп жаткан жардамга кошумча түрдө жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап менен кайрыла алат.
2. Эгерде эл аралык чукул жардам берүү жөнүндө жалпы суроо-талап жөнөтүлө элек болсо, Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун жардам берүүсүн эсепке алуу менен, чукул кырдаалды жоюу жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча эл аралык жардамды көрсөтүү мезгилдеринин башталыш датасын белгилөөгө укуктуу.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Эл аралык чукул жардамды кабыл алууну камсыз кылуу боюнча ишти координациялоо
12-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында келип чыккан чукул кырдаалга реакция жасоо үчүн негизги жоопкерчиликти тартат.
2. Көмөктөшүүчү субъекттердин ролу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аракеттерин толуктоодо жана кеңейтүүдө турат.
3. Кыргыз Республикасы эл аралык чукул жардамды жүзөгө ашырып жаткан көмөктөшүүчү субъекттердин ишин коргоону кепилдейт жана камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде аракеттенген эл аралык персоналдын корголушун жана коопсуздугун камсыз кылат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык чукул жардам жаатында төмөнкүдөй функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
2) көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жана транзиттик жеңилдиктерди берүү тартибин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык иш-аракетинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат, бул иш-аракеттин артыкчылыктарын жана негизги багыттарын аныктайт;
4) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылат;
5) ушул Мыйзамдын негизинде, эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат;
6) эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан сунушталган долбоорлор, гранттар жана программалар боюнча чечимдерди чыгарат, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык чукул жардам жаатындагы мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу
1. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнү координациялоону жакшыртуу жана көмөк көрсөтүү, ошондой эле келүүчү эл аралык персоналды, товарларды, камсыз кылуу жана жабдуу предметтерин чек ара аркылуу өткөрүү процессин тездетүү максатында Министрлер Кабинетинин чечими менен "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча көмөктөшүү тобу (БТПЭЧЖКК) уюштурулат.
2. БТПЭЧЖКК тобунун курамы, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин ыкчам аракеттерин координациялоо
1. Чукул кырдаалдагы аракеттердин планын жана чукул кырдаалды жоюу жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча ыкчам күч-аракеттерди координациялоонун механизмдерин иштеп чыгууда мамлекеттик органдар эл аралык көмөк көрсөтүүчү уюмдарга жардам же консультация сурап кайрылууга укуктуу.
2. Чукул кырдаалда жабыр тарткан калктын зарыл керектөөлөрүнүн жана коомдук тартипти жана саламаттык сактоону, ошондой эле координацияны жана көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон сактык чараларынын ортосунда балансты бир убакта издөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтө турган зарыл шарттарды түзөт.
3. Эл аралык чукул жардамды көрсөтүүдө эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешет жана кызматташат.
4. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер, зарылдыгына жараша, чукул кырдаалда жабыр тарткан калктын керектөөлөрү жөнүндө, эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча операциялар жүргүзүлө турган жер, алардын түрлөрү жана масштабы жөнүндө маалымат берип турат, бул болсо чукул кырдаалга координацияланган жана натыйжалуу реакция жасоону камсыз кылуу үчүн зарыл.
5. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин иш-аракетинин жүзөгө ашырылышын натыйжалуу координациялоону жана мониторингдөөнү камсыз кылуунун зарылдыгын эсепке алуу менен, алардын ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткан иш-аракетине кызмат адамдарынын тоскоолдук кылууга укугу жок.
4-глава. Көмөктөшүүчү субъекттердин негизги милдеттери
15-берене. Эл аралык чукул жардамды жүзөгө ашыруунун негизги принциптери
1. Эл аралык чукул жардам төмөнкүдөй социалдык жана уюштуруучулук принциптердин жыйындысына негизденет:
1) социалдык принциптер - гуманизм, бейтараптык, калыстык принциптери, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
а) эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү гуманизм принцибине ылайык, жабыр тарткан адамдардын да, гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан адамдардын да кадыр-баркын жана ар-намысын урматтоо жана укуктарын сактоо кепилденет;
б) эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү бейтараптык принцибине ылайык, саясий, расалык, диний же идеологиялык мүнөздөгү кандайдыр бир талаштарга кийлигишпөө сакталат, берилип жаткан жардамдын бейтараптыгын бузуучу аракеттерди жасоого тыюу салынат;
в) калыстык принцибине ылайык, эл аралык чукул жардам адамдарды улуттук таандыгы, расасы, диний ынанымдары, жынысы, социалдык абалы жана саясий көз караштары боюнча эч кандай ажырымдабастан көрсөтүлүүгө тийиш. Гуманитардык жардамды сунуштоо, жеткирүү жана бөлүштүрүү жардам алуучулардын диний жана башка ишенимдерди таануусуна же тутуусуна көз каранды болбойт;
г) ыктыярдуулук принцибине ылайык, эл аралык чукул жардам көмөктөшүүчү субъекттерде кандайдыр бир пайда алууга умтулуу болбогон шартта, ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат;
2) уюштуруучулук принциптери акысыздыкты, ыкчамдыкты, жеткиликтүүлүктү, коопсуздукту, өнөктөштүктү, тоскоолдуксуз жардам алууну, Кыргыз Республикасынын эркин билдирүүсүн эске алууну көздөйт жана төмөнкүлөрдү билдирет:
а) акысыздык жабыр тарткан калкка товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акы албастан берүүнү көздөйт;
б) ыкчамдык товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү максималдуу кыска мөөнөттө жеткирүүдө жана аларды жабыр тарткан калкка таркатууда турат;
в) коопсуздук товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталат;
г) өнөктөштүк чукул кырдаалдын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин өз ара, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ата мекендик көмөктөшүүчү субъекттер менен кызматташуусу катары көрүнөт;
д) эл аралык чукул жардамды тоскоолдуксуз алуу жабыр тарткан калкка бул жардамды көрсөтүүнүн жалпы жеткиликтүүлүгүн чагылдырат.
2. Көмөктөшүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана алар жардам көрсөтүп жаткан калктын маданиятын жана жашоо өзгөчөлүктөрүн урматтоого милдеттүү.
3. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүдөгү артыкчылыктар жабыр тарткан калктын керектөөлөрүнө жараша гана көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан белгиленет.
4. Мында көмөктөшүүчү субъекттер төмөнкүлөрдү жасоого тийиш эмес:
1) тигил же бул саясий жана диний көз караштарды алып чыгууга же Кыргыз Республикасынын чукул кырдаалга реакция жасоого байланышпаган ички иштерине кийлигишүүгө;
2) жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруудан коммерциялык пайда алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын чогултуу менен алектенүүгө.
16-берене. Чукул кырдаалда жабыр тарткан адамдардын кадыр-баркын жана ар-намысын урматтоо
1. Жардам көрсөтүп жаткан көмөктөшүүчү субъекттер чукул кырдаалда жабыр тарткан адамдардын ар-намысын урматтоого, анын ичинде эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча өз ишин пландаштырууда, ага мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө жардамды пайдалануучулар менен консультацияларды жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Көмөктөшүүчү субъекттер чукул кырдаалда жабыр тарткан жарандардын өздүк жашоо-турмушун урматтоого милдеттүү.
Көмөктөшүүчү субъекттер, эгерде эл аралык чукул жардам көрсөтүү, жардам көрсөтүүдө күч-аракеттердин кайталанышын жокко чыгаруу үчүн зарыл болсо гана, алар көрсөтүп жаткан жардамды пайдалануучулар жөнүндө өздүк маалыматтарды бере алат.
17-берене. Товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты
1. Товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрүнө карата колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга, техникалык регламенттерге туура келиши, жабыр тарткан калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн, табигый кырсыктарга реакция жасоонун минималдык стандарттарына туура келиши керек.
2. Эгерде көмөктөшүүчү субъект түзүлгөн жагдайлардан улам ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболорун сактоону камсыз кылууга жасалган кайсы болбосун аракеттер мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болуп жатат деп эсептесе, тиешелүү көмөктөшүүчү субъект ал берип жаткан товарлар, жабдуу предметтери, жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр чукул кырдаалда жабыр тарткандардын керектөөлөрүнө жана жашоо шарттарына туура келе тургандыгына жана алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кыла тургандыгына жазуу жүзүндө кепилдик берүүгө милдеттүү.
18-берене. Пайдаланууга жараксыз товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, жок кылуу же утилдештирүү
1. Көмөктөшүүчү субъекттер эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн алып келген, жараксыз болуп чыккан же пайдаланууга жараксыз болуп калган кайсы болбосун товарлар, жабдуу предметтери же жабдуулар, ошондой эле кайсы болбосун башка калдыктар, анын ичинде чукул кырдаалды жоюу боюнча операциянын же баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө чыккан кооптуу калдыктар Кыргыз Республикасынын пайдаланууга жараксыз товарларды, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, жок кылуу же утилдештирүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте ташып чыгарыла, жок кылына, кайра иштетиле тургандыгына же башкача түрдө коопсуз, экологиялык жактан зыянсыз жана натыйжалуу ыкма менен утилдештириле тургандыгына жазуу жүзүндө кепилдиктерди берүүгө милдеттүү.
2. Ташып чыгаруу, жок кылуу, кайра иштетүү, утилдештирүү тийиштүү субъекттин өз эсебинен жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасына кандайдыр бир чыгымдарды алып келбейт.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Укуктук жеңилдиктерди алуу укугу жана товарлардын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын айрым категориялары боюнча чектөөлөр
19-берене. Көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жеңилдиктерди берүү
1. Укуктук жеңилдиктер Көмөктөшүүчү субъекттерге гана берилет жана эл аралык чукул жардам көрсөтүү жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү мезгилдеринин ичинде гана колдонулат.
2. Укуктук жеңилдиктерди пайдалануучу, көмөктөшүүчү субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына алар тарабынан алып келинип жаткан бардык товарлар, жабдуу предметтери жана жабдуулар эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө гана арналган жана ушул Мыйзамда жана товарлардын сапатын жана алардын адам ден соолугуна коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берет деп жазуу жүзүндө билдирме берүүгө;
2) өздөрүнүн жүктөрүн Кыргыз Республикасында колдонулган мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык таңгактоону, классификациялоону жана маркалоону жүргүзүүгө;
3) болжолдонуп жаткан учуу маршруту, аба кемесинин тиби жана чакырма коду, экипаждын мүчөлөрүнүн саны, жүктүн мүнөзү, учуулардын ырааттамасы жана бардык жүргүнчүлөрдүн тизмеси тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга алдын ала маалымдоого жана алардын аба кыймылын башкарууга жана конуу жол-жоболоруна тиешелүү болгон көрсөтмөлөрүн аткарууга;
4) Кыргыз Республикасынын жарандарынын же анын аймагында туруктуу жашаган адамдардын арасынан жергиликтүү персоналды жалдоодо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарын сактоого.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Айрым көмөктөшүүчү субъекттердин укуктук жеңилдиктерди алуу укугун таануу жана алардын укуктук статусу
Укуктук жеңилдиктерди алуу укугуна ээлик кылуучу катары эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин укуктук статусу анын эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө өз функцияларын жана милдеттерин аткарууда талап кылынышы мүмкүн болгон укук жөндөмдүүлүгүн камтыйт, анын ичинде: эл аралык көмөктөшүүчү субъект өз менчигиндеги обочолонгон мүлккө ээ болот, өзүнүн атынан мүлктүк жана өздүк мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишимдерди түзүүгө, мамлекеттик органдарга жана сотторго кайрылууга, банк мекемелеринде эсептешүүчүлүк жана башка эсептерге ээ болууга, жергиликтүү персоналды Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте жалдоого жана бошотууга укуктуу.
21-берене. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин эл аралык персоналына Кыргыз Республикасынын визаларын жол-жоболоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
Эл аралык чукул жардам көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тышкы миграция чөйрөсүндөгү эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин эл аралык персоналына Кыргыз Республикасынын визаларын жол-жоболоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган зарыл чараларды көрөт.
22-берене. Чукул кырдаалда жабыр тарткан райондорго жана калкка жетүү
Көмөктөшүүчү субъекттердин эл аралык персоналынын чукул кырдаалда жабыр тарткан, чукул кырдаалды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам талап кылынган райондорго жана калкка жетүүсүнө ушул Мыйзамда баяндалган координацияга карата талаптар жана конкреттүү чукул кырдаалдагы зарылдыкты эсепке алуу менен кабыл алынган, улуттук коопсуздуктун, коомдук тартипти жана саламаттык сактоону күзөттөөнүн жоболорунан келип чыгуучу чектөөлөр сакталганда уруксат берилет.
23-берене. Бажылык, салыктык жеңилдиктер жана преференциялар, бажылык көзөмөл жана бажылык жол-жоболоо
Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, көмөктөшүүчү субъекттерге бажылык, салыктык жеңилдиктер жана преференциялар берилет.
Бажылык, салыктык жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү, ошондой эле бажылык көзөмөлдү жана бажылык тариздөөнү жүзөгө ашыруу салыктар жана жыйымдар жыйымдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Телекоммуникациялык жабдуулар
1. Көмөктөшүүчү субъекттерге, Кыргыз Республикасында улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти сактоо максатында чектөөлөр киргизилген учурларды кошпогондо, чукул кырдаалдарды жоюуда жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүүгө арналган телекоммуникациялык жабдууларды чектөөсүз алып келүүгө уруксат берилет.
2. Электрондук жана почта байланыштары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, көмөктөшүүчү субъекттерге чукул кырдаалга реакция жасоонун жергиликтүү кызматтарынын деңгээли менен теңдеш артыкчылык деңгээли берилет.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Тамак-аш азыктары, азык-түлүк топтомдору, жаныбарлар жана өсүмдүктөр
Тамак-аш азыктарын, азык-түлүк топтомдорун, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.
26-берене. Изкубар иттер
Клиникалык дени сак изкубар иттерди алып кирүү уруксаты жок жана карантиндебестен Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарына ылайык жол берилет.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Транспорттук каражаттарды пайдаланууда көмөк көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык чукул жардам көрсөтүү максатында, көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан чыгуучулар тарабынан эл аралык жана жергиликтүү персоналдарды, товарларды, жабдуу предметтерин же жабдууларды ташуу үчүн пайдаланылуучу, кургактагы же абадагы транспорт каражаттары:
1) жолдо жүрүүдө жана зарылдык болгон учурда абада учуу маршруттарын салууда жана конууга уруксат алууда артыкчылыктан пайдаланат;
2) төлөмдөрдөн, анын ичинде аймак үстүнөн учуп өтүү, учуп чыгуу, конуу, токтоп туруу жыйымдарынан, туруп калгандык үчүн навигациялык жыйымдардан, темир жол бекеттеринде жана жүк түшүрүү жайларында вагондордун туруп калгандыгы үчүн жыйымдардан, жол жыйымдарынан бошотулат;
3) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти жана саламаттыкты сактоону камсыз кылуу максатында зарыл болгондордон башка, келүүсүнө, учуп өтүүсүнө, конуусуна, жүрүүсүнө жана кайра кетүүсүнө карата бардык тыюу салуулардан, чектөөлөрдөн жана тоскоолдуктардан бошотулат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Транспорттук каражаттарды башкаруучу адамдардын кирүүсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан иштетилүүчү транспорттук каражаттардын айдоочулары, учкучтары жана экипаж мүчөлөрү үчүн кирүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү үчүн шарттарды түзөт.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Акча каражаттарын жана чет өлкөлүк валютаны өткөрүү
1. Эл аралык чукул жардам берүү үчүн акча каражаттарын жана чет өлкөлүк валютаны чек аранын ары жагынан ичкериге жана өлкөнүн чегинен сыртка өткөрүүгө, алар бажылык контролдоо жайларында декларацияланган шартта эч кандай чек коюлууга жатпайт.
2. Улуттук жана чет өлкөлүк валюталардын ортосундагы алмаштыруу боюнча операциялар чектелбейт.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине келген эл аралык акчалай кайрымдуулуктарды, ошондой эле башка чукул жардамдарды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107, 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-глава. Эл аралык чукул жардам жүктөрүнүн транзити
30-берене. Эл аралык чукул жардам жүктөрүнүн транзити
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык чукул жардамдын жүктөрүн, анын ичинде эл аралык персоналдын, жабдуу предметтеринин, жабдуулардын чукул кырдаалга учураган башка өлкөгө транзити жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
31-берене. Транзиттик жеңилдиктерди алуу укугу
1. Эл аралык персонал, жабдуу предметтери, жабдуулар чукул кырдаалдан жабыр тарткан өлкөгө жардам берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен кетип жаткандыгы тууралуу берилген билдирменин негизинде эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер транзиттик жеңилдиктерди алат.
2. Иш жүзүндө жасалган же көздөлгөн алдамчылык учурунда же болбосо улуттук коопсуздукту же саламаттык сактоону камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик орган кайсы болбосун эл аралык көмөктөшүүчү субъектке транзиттик жеңилдиктерди берүүдөн баш тарта алат.
3. Баш тартуу сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн айрым өзгөчөлүктөрү
32-берене. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабына ылайык көмөктөшүүчү субъекттерге дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасына жеткирүү сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабы болбогондо, көмөктөшүүчү субъекттер өзүлөрүнүн демилгеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз сунуштарын жибере алат.
2. Эл аралык чукул жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына:
1) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө уруксат берилет;
2) сапатсыз жана/же жасалма дары каражаттарын алып келүүгө тыюу салынат.
3. Алып келинүүчү дары каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында, же болбосо өндүрүүчү өлкөдө/донор-өлкөдө каттоодо болушу жана медициналык колдонууга уруксат берилиши керек. Медициналык буюмдар аларды өндүрүүчү өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюмдар катары жүгүртүү жөнүндө тастыктамага, ошондой эле медициналык буюмдарды колдонуунун түпкүлүктүү тобокелдигинин классын эске алуу менен алардын коопсуздугунун, сапатынын жана натыйжалуулугунун эксперттик оң баасына ээ болушу керек.
4. Көмөктөшүүчү мамлекеттин эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрү жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалары чукул кырдаалдын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген дары каражаттар жана медициналык буюмдар төмөнкүлөргө жатат:
1) талаптагыдай сапатты камсыз кылган шарттарда транспорттоого жана сакталууга;
2) мыйзамсыз ээлик кылуудан жана кыянаттык менен пайдалануудан корголууга.
Мында эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрдүн жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалардын жооптуу жактары пайдаланылуучу дары каражаттары жана медициналык буюмдар, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар чукул кырдаалда жабыр тарткандардын керектөөлөрүнө жана турмуш шарттарына ылайык келери жана алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылары жөнүндө жазуу түрүндөгү кепилдикти берүүгө милдеттүү.
5. Алып келинүүчү дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү алып келген датага карага жарактуулук мөөнөтү бир жылдан ашык болгон дары каражаттары үчүн 12 айдан кем болбоого жана жарактуулук мөөнөтү бир жыл же андан кем болгон дары каражаттары үчүн калган жарактуулук мөөнөтүнүн 50 пайызынан кем болбоого тийиш.
Эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөр жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадалар чукул кырдаалдын жана/же согуш жаңжалдарынын келип чыгышынын натыйжасында жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланууга ниеттенген дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн талаптар колдонулбайт.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дары каражаттарын кошпогондо, алып келинүүчү дары каражаттары төмөнкү документтер менен коштолушу керек:
1) товарды коштоочу документ же жөнөтүүчү, товардын аталышы жана саны көрсөтүлгөн документ;
2) каттоочу күбөлүк же бул дары каражаты Кыргыз Республикасынын аймагында, же болбосо өндүрүүчү өлкөдө/донор-өлкөдө катталгандыгын жана медициналык колдонууга уруксат алгандыгын күбөлөндүрүүчү эквиваленттик документ;
3) дары каражатынын сапатын күбөлөндүрүүчү документ (сапат сертификаты/талдоо сертификаты/сапат паспорту/талдоо протоколу).
7. Чукул кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн алып келинген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды маркалоо дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек, маалымат толук окшош болгон шартта жалпы таанылган тилдерди кошумча пайдаланууга жол берилет.
8. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин мыйзамдарына ылайык маркалоонун башка тутумуна жол берилет.
(КР 2020-жылдын 25-августундагы № 144, 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-глава. Пайдаланылбаган товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды тескөөнүн тартиби
33-берене. Пайдаланылбаган товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды тескөөнүн тартиби
Көмөктөшүүчү субъекттерге бажы алымдарынан, салыктардан жана башка жыйымдардан бошотуу берилген жана чукул кырдаалды жоюуда жардам көрсөтүү жана баштапкы кайра калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча операциялар аяктаган учурга карата алардын менчиги болуп кала берген товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды тескөө Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-глава. Көмөктөшүүчү субъекттердин ишине мониторинг
34-берене. Көмөктөшүүчү субъекттердин ишине мониторинг
1. Эл аралык чукул жардамды алуучу катары Кыргыз Республикасы эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер тарабынан анын аймагында жүзөгө ашырылуучу эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-аракетке мониторингди жүзөгө ашыруу жана бул иш-аракетти координациялоо жагында эгемендүү укукка ээ болот.
2. Эл аралык көмөктөшүүчү субъекттердин ушул Мыйзамда каралган милдеттүүлүктөрдү сактоосуна мониторингди тиешелүү мамлекеттик органдар өз компетенциясына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Көмөктөшүүчү субъекттер мониторинг жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөчө кырдаалды жоюуда жана алгачкы калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнө чейин берүүгө милдеттүү.
4. Маалыматка карата ушул беренеге ылайык белгиленүүчү кайсы болбосун талаптар көмөктөшүүчү субъекттерге карата административдик жүк зарыл минимумга жеткириле тургандай түрдө түзүлүшү керек.
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Көмөктөшүүчү субъекттердин өз милдеттүүлүктөрүн аткарбоосу
1. Ушул Мыйзамдын жоболору көмөктөшүүчү субъект тарабынан бузулганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) көмөктөшүүчү субъектти өз ишин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүүгө милдеттендирүүгө;
2) конкреттүү эл аралык көмөктөшүүчү субъекттин ишине байланышкан учурларда, бул субъекттин эл аралык чукул жардам берүүсүнө берген Кыргыз Республикасынын макулдугун артка чакыртып алууга.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык артка чакыртып алуу чечими кабыл алынган учурда, эгерде эл аралык көмөктөшүүчү субъектте Кыргыз Республикасында болууну улантуу үчүн мыйзамдуу негиздер болбосо, ал кабардама алган датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен ага карата өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлушу мүмкүн.
3. Көмөктөшүүчү субъект мамлекеттик органдын тиешелүү чечимин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине же сотторуна даттана алат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-1-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана көмөктөшүүчү субъекттер ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-глава. Корутунду жоболор
36-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 20-июнунда № 74 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен:
1) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 13-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |