Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 25-ноябры № 109
Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "укуктук жана социалдык жактан корголушунун кепилдиктерин," деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүгүндө "Премьер-министрине" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьянын биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статьянын төртүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 51-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "башкармалыктарынын" деген сөз "органдарынын бөлүктөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-статьяда "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүгүндө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоого;";
- 3-пунктта "жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта "жана жоруктарды" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктта ", жоруктардан" деген сөз алып салынсын;
- 9-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-1-пунктта "Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жазык иштери, жоруктар жөнүндө иштер жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр "Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пунктта "миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды" деген сөздөр "тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт "жарандык," деген сөздөн кийин "тышкы" деген сөз менен толукталсын;
- 14-пунктта "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пунктта "белгиленген талаптарды аныктоого" деген сөздөр "сырткы видеобайкоо тутумдарына техникалык талаптарды иштеп чыгууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) жеке жана юридикалык жактар сырткы видеобайкоо тутумун орнотуп жатканда ракурс бурчун жана көрүнүү мүмкүнчүлүгүн макулдашууга;";
- 23-пункт "ашырууга," деген сөздөн кийин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
б) үчүнчү бөлүктө "4-" деген цифра "төртүнчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 9-статьяда:
а) 1-пунктта "жоруктарды, бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "жорук же бузуу" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктта "бузуулар" жана "бузуучуларды" деген сөздөр тиешелүү түрдө "укук бузуулар" жана "укук бузуучуларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын; ", жоруктарды" деген сөз алып салынсын;
д) 5 жана 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу;
6) 18 жаш куракка чыга элек, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же болбосо укук бузууларды жана укукка каршы аракеттерди жасоосуна шарт түзгөн жагдайга туш болгон адамдарды мыйзамдуу өкүлдөрүнө (алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга) өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборлорго жеткирүү жана убактылуу кармоо;";
е) 7-пунктта "бузууну" деген сөз "укук бузууну" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 8-пунктта "жана жоруктарды" деген сөздөр алып салынсын;
з) 9-пунктта ", жорук жана бузуу" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
и) 10-пунктта "жоруктар жөнүндө иштер, бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) 11-пунктта "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
л) 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
м) 17-пунктта "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
н) 20-пунктта "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
о) 21-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
п) 25-пунктта:
- ", жоруктардын жана бузуулардын" деген сөздөр "жана укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги "жана жоруктардын" деген сөздөр алып салынсын;
- расмий тилдеги ", проступков" деген сөз алып салынсын;
- ", жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөн" деген сөздөр алып салынсын;
р) 27-пунктта "бузуулар жөнүндө" жана "бузууларга" деген сөздөр тиешелүү түрдө "укук бузуулар жөнүндө" жана "укук бузууларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
с) 28-пунктта "жана жорук" деген сөздөр алып салынсын;
т) 32-пунктта "жоруктар, бузуулар" деген сөздөр "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 24-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 25-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-беренеде:
а) 2-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктта "жана жоруктардын" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат" деген сөздөр "тартиптик, материалдык, жарандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
3) 10-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунда "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө мамлекеттик тилде "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 12-беренеде:
а) 4-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-пунктта "Премьер-министрине" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 12-пунктта "командачылыгынын" деген сөз "Командачылыгынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Ички аскерлердин Командачылыгы
1. Ички аскерлердин Командачылыгы Ички аскерлерди башкаруу органы болуп саналат.
2. Ички аскерлердин Командачылыгынын ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 14-берененин аталышында жана текстинде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 18-берененин 3-бөлүгүндө "колдонуудагы мыйзамдарга" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 19-беренеде:
а) 1-бөлүктө "колдонуудагы мыйзамдар" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 8-бөлүктө "колдонуудагы мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
9) 21-берененин 2-бөлүгүндө "ички иштер" деген сөздөр "укук коргоо органдарында кызмат өтөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 23-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 25-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 41-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-статьяда:
а) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кат жазышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн купуялыгын бузган же болбосо инсандын, анын жеке жашоосунун же турак жайынын кол тийбестигин бузууга байланышкан иликтөө аракеттерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Жекече детективдик жана күзөт кызматынын жетекчисинин же кызматчысынын ыйгарым укуктарды ашыра пайдалануусу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.";
4) 14-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 142-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 152-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктө "Республикасынын" деген сөздөн кийин "кылмыш" деген сөз менен толукталсын;
8) 161-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 17-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жалпы эмгек стажына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна мүчөлүк акы төлөгөн шартта мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн стажына кошулат.";
б) үчүнчү бөлүктө "мыйзамга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 19-статья "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
15-статьянын он биринчи бөлүгүндө:
а) 4-пунктта "жана (же) жорук" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пунктта "туруктуу" деген сөз алып салынсын.
5-берене.
"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2006-жылдын 8-сентябры, № 67) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 7-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-статьянын 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьянын 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 151-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 152-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 16-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 22-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 30-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2021-жылдын 11-майы, № 60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) укук бузуу - укук бузуу жана кылмыш кылуу объекттеринин муну жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган укукка каршы жосуну (аракети же аракетсиздиги);";
б) 3-пунктта "бузуу, жорук" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-пунктта "бузуу, жорук" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 3-пунктта ", жосун" деген сөз алып салынсын;
- 4-пунктта "бузууларды" деген сөз "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "жана жоруктун" деген сөздөр алып салынсын;
3) 8-беренеде:
а) берененин аталышында жана текстинде "Өкмөтүнүн" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-пунктта ", жоруктардан жана бузуулардан", ", жоруктардын жана бузуулардын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "жана укук бузуулардан", "жана укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 18-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 21-беренеде:
а) 1-бөлүк "жөнүндө" Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "конституциялык" деген сөз менен толукталсын;
б) 7-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 24-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 28-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 2-декабрындагы № 106 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 12-октябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |