Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 4-ноябры № 101
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 1 жана 2-пункттарындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 21-статьянын 2-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 22-статья менен толукталсын:
"22-статья. Чакан жана орто ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
1. Чакан жана орто ишкердик субъекттери, анын ичинде өз ишин юридикалык жакты түзүү менен жүргүзүүчү дыйкан (фермердик) чарбалар, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн каражатынын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган, ага барабар же андан ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери, каржылоо булагына карабастан, ай сайын төмөнкүдөй белгиленет:
1) саны 5 жана андан көп жалданма кызматкерлери бар болгон - туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн:
а) иш берүүчүлөр үчүн:
- I жана II топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлердин пайдасына - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 12 пайыз өлчөмүндө:
Пенсиялык фондго - 10 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
- I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
б) кызматкерлер үчүн:
- I жана II топтогу майып кызматкерлерди, пенсионер кызматкерлерди, ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана ага теңештирилген адамдарды кошпогондо - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 10 пайыз өлчөмүндө:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
- I жана II топтогу майып кызматкерлер - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;
- пенсионер кызматкерлер - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
- ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
2) саны 15 жана андан көп жалданма кызматкерлери бар болгон - туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген республика боюнча орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар же андан ашкан төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн:
а) иш берүүчүлөр үчүн:
- I жана II топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлердин пайдасына - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 4 пайыз өлчөмүндө:
Пенсиялык фондго - 2 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
- I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;
б) кызматкерлер үчүн:
- I жана II топтогу майып кызматкерлерди, пенсионер кызматкерлерди, ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана ага теңештирилген адамдарды кошпогондо - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 10 пайыз өлчөмүндө:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
- I жана II топтогу майып кызматкерлер - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;
- пенсионер кызматкерлер - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;
- ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө.
2. Календардык жылдын ичинде түшкөн каражат ушул статьяда белгиленген көлөмдөн ашып кеткен учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин чакан жана орто ишкердик субъекти катары каралат.
3. Ушул статьянын шарттарына жооп бербеген чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөө тартиби ушул Мыйзамдын 2, 5 жана 6-статьяларына ылайык белгиленет.
4. Ушул статьянын колдонулушу мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.";
4) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр - коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери жана диний уюмдар үчүн:
а) майыптарды жана пенсионерлерди кошпогондо, жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;
б) майып кызматкерлердин жана пенсионерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 13 пайыз өлчөмүндө.
2. Коммерциялык эмес кооперативдердин, коомдук фонддордун, коомдук бирикмелердин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин жана диний уюмдардын кызматкерлери, анын ичинде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:
а) майып кызматкерлер жана пенсионерлерди, ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана аларга теңештирилген адамдарды кошпогондо - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 10 пайыз өлчөмүндө:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
б) ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;
в) майып кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкасы) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.";
5) 5-статьянын 2-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлерди жана патенттин негизинде жеке эмгек ишин же жекече ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактарды кошпогондо) салыктарды төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) 2-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алуучу, лотоктордон, соода орундарынан товар сатуу жолу менен базарларда ишин жүзөгө ашыруучу, эл аралык долбоорлорго жана программаларга кызмат көрсөтүүчү жеке жактарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер жана патенттин негизинде жеке эмгек ишин же жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.";
- алтынчы абзацтагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-1-пункттун алтынчы абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-пункттун төртүнчү абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 9-статьяда:
а) 1-пунктта:
- "а" пунктчасы "3-статьянын "а" пунктуна," деген сөздөрдөн кийин "4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына," деген сөздөр менен толукталсын;
- "б" пунктчасындагы "а" пунктчасына" деген сөздөр "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "д" жана "е" пунктчалары менен толукталсын:
"д) 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр:
- камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 2 пайыз;
е) 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр:
- камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз.";
б) 2-пунктта:
- "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр ", 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "б" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөр "2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пункттун "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына" деген сөздөр "2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта:
- "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр ", 2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "б" пунктчасынын биринчи абзацындагы "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр "4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 10-статьянын 2-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 11-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана аларга теңештирилген адамдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө бошотулат.";
б) 6-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статьянын 13-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 13-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн өлчөмү ушул Мыйзамдын 2-статьясында, 22-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 8-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо бир айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш.";
12) 141-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацындагы "декабрына" деген сөз "ноябрына" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
26-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) биринчи-үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке жактар) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн туумдар жана айып акылар төмөнкүдөй учурларда жана өлчөмдөрдө эсептелет:
эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөндө, жашырылганда - төлөмдөрдүн төмөндөтүлгөн, жашырылган суммасынын эки эселенген өлчөмүндөгү айып акы;
аныкталган отчеттук мезгил үчүн белгиленген мөөнөттө отчет тапшырбоо - ушул отчетто чагылдырылууга тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө айып акы ушул отчетто чагылдырууга тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бардык суммасын өндүрүү менен алынат. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык отчетту берүү мөөнөтү узартылган учурда айып акы салынбайт;";
б) бешинчи абзацтагы "0,1" деген цифралар "0,09" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 98 жарыяланды
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-пункту 2027-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынг |