МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-январындагы N 9 «2022-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция24.01.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 24-январы № 9

2022-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2022-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россиялык тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2022-жылдын 28-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган