МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 30-январы № 17

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

1-берене

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) 2023-жылга бюджети кирешелер боюнча 28770780,8 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 28770780,8 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2-берене

ММК фондунун 2024-2025-жылдарга пландык мезгилинин бюджети 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3-берене

ММК фондунун 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

4-берене

ММК фондунун 2023-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

5-берене

ММК фондунун 2024-2025-жылдарга программалык негиздеги бюджетинин долбоору 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.

6-берене

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:

1) 2023-жылга - 23252094,2 миң сом;

2) 2024-жылга план - 22737199,8 миң сом;

3) 2025-жылга план - 22791223,0 миң сом.

ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:

1) 2023-жылга - 3 910 114,0 миң сом;

2) 2024-жылга план - 4 135 646,2 миң сом;

3) 2025-жылга план -4 376 164,5 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.

7-берене

1. ММК фондунун бюджетинин 2023-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 325842,8 миң сом суммасында белгиленсин.

2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип чыккан учурда ММК фондунун чыгашалар боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.

8-берене

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу:

1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана (же) тескемелерине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен, кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон, бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмдөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.

9-берене

Ушул Мыйзамга бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин жана 1-ноябрына чейин өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экендиги белгиленсин.

10-берене

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен ММК фондунун бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.

11-берене

Сот органдарынын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

12-берене

1. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептер үчүн колдонулуучу 2023-жылга базалык ченемдер 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2023-жылга калктын жан башына базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча эсептик көрсөткүч отуз эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө белгиленсин.

13-берене

1. Келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар ММК фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.

2. ММК фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары (республикалык бюджеттен ассигнованиелерден тышкары (трансферттер)) кезектеги бюджеттик жылга которулат.

3. ММК фонду бюджетти аткаруу процессинде келишимдик негизде жасалган кызмат көрсөтүүлөр үчүн Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөөнү өз убагында жана толук жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. ММК фондунун бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

5. Саламаттык сактоо уюмдары жана ММК фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен колдонулган каражаттар, алар берилген тиешелүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.

14-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

2022-жылдын 29-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети

(миң сом менен)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2023-жыл

 

Бардык ресурстар:

28 770 780,8

1

Кирешелер

28 475 651,0

12

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

12 000,0

1231

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери

12 000,0

13

Алынган расмий трансферттер

27 226 608,2

1312

Эл аралык уюмдардан алынган трансферттер

64 400,0

1333

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар

23 252 094,2

1335

Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар

3 910 114,0

14

Салыктык эмес кирешелер

1 237 042,8

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

1 237 042,8

 

а.и. тең төлөө каражаттары

582 965,2

 

Жыл башына карата калдык

295 129,8

 

Бардык жалпы чыгашалар:

28 770 780,8

2

Чыгашалар

28 770 780,8

2111

Эмгек акы

179 145,4

2121

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

26 680,9

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

9 010,3

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

2 690,4

2213

Ижара акысы

7 101,0

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

5 193,4

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

11 686,6

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

28 485 630,8

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

3 782,6

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

5 074,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

160,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

2 016,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1 384,7

3111

Имараттар жана курулмалар

700,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

20 645,0

3113

Башка негизги фонддор

9 878,9

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2024-2025-жылдарга болжолу

(миң сом менен)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2024-жыл (болжол)

2025-жыл (болжол)

 

Бардык ресурстар:

28 572 435,9

29 022 846,5

1

Кирешелер

28 246 593,1

28 678 209,3

12

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

13 000,0

14 000,0

1231

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери

13 000,0

14 000,0

13

Алынган расмий трансферттер

26 872 846,0

27 167 387,5

1333

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар

22 737 199,8

22 791 223,0

1335

Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар

4 135 646,2

4 376 164,5

14

Салыктык эмес кирешелер

1 360 747,1

1 496 821,8

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

1 360 747,1

1 496 821,8

 

а.и. тең төлөө каражаттары

641 261,7

705 387,9

 

Жыл башына карата калдык

325 842,8

344 637,2

 

Бардык жалпы чыгашалар:

28 572 435,9

29 022 846,5

2

Чыгашалар

28 572 435,9

29 022 846,5

2111

Эмгек акы

179 145,4

1 791 45,4

2121

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

26 680,9

26 680,9

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

9 010,3

9 010,3

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

2 690,4

2 690,4

2213

Ижара акысы

7 101,0

7 101,0

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

5 193,4

5 193,4

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

11 686,6

11 686,6

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

28 287 285,9

28 737 696,5

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

3 782,6

3 782,6

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

5 074,8

5 074,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн алуу

160,0

160,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

2 016,0

2 016,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1 384,7

1 384,7

3111

Имараттар жана курулмалар

700,0

700,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

20 645,0

20 645,0

3113

Башка негизги фонддор

9 878,9

9 878,9

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети - Кирешелер

(миң сом менен)

Код

Кирешелердин аталышы

2023-жыл

 

Жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер

28 770 780,8

 

Жыл башына карата калдык

295 129,8

1

Кирешелер

28 475 651,0

12

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр

12 000,0

1231

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери

12 000,0

12311200

ММК полисин берүүдөн түшүүлөр

12 000,0

13

Алынган расмий трансферттер

27 226 608,2

1312

Эл аралык уюмдардан алынган трансферттер

64 400,0

13121100

Учурдагы

64 400,0

1333

Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар

23 252 094,2

13332100

Республикалык бюджеттен базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар

22 778 225,7

13332

Калктын жеңилдик берилген категорияларына камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

473 868,5

13332210

16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

374 991,8

13332220

Пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

82 864,0

13332230

Тубаса майыптарды жана социалдык жөлөкпул алган адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

10 265,1

13332240

Баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучуларын, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин 21 жашка толгонго чейин милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

4 209,0

13332250

Калкты жумуш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

1 056,2

13332260

Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкары кызматтын аскер кызматчыларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар

482,4

1335

Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар

3 910 114,0

13351100

Социалдык фонддун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар

3 910 114,0

14

Салыктык эмес кирешелер

1 237 042,8

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

1 237 042,8

 

а.и. тең төлөө каражаттары

582 965,2

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 4-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети - Чыгашалар (чыгашалардын ведомстволук классификациясы жана экономикалык классификациясы боюнча)

(миң сом менен)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2023-жыл

36

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

28 770 780,8

36110

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (аппарат)

94 536,9

2111

Эмгек акы

62 614,5

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

9 300,0

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

3 000,0

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

700,0

2213

Ижара акысы

4 500,0

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

1 578,0

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

940,5

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

100,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

1 230,4

3112

Машиналар жана жабдуулар

10 573,5

 

БАРДЫГЫ:

94 536,9

36121

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ведомстволук мекемелер)

160 463,1

2111

Эмгек акы

116 530,9

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

17 380,9

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

6 010,3

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

1 028,1

2213

Ижара акысы

2 601,0

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

3 615,4

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

2 844,8

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2 830,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

2 916,5

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

160,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

16,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1 384,7

3111

Имараттар жана курулмалар

700,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

2 444,5

 

БАРДЫГЫ:

160 463,1

36131

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (саламаттык сактоонун ведомстволук мекемелери)

42 000,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

42 000,0

 

БАРДЫГЫ:

42 000,0

36141

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (саламаттык сактоонун ведомстволук мекемелери)

25 300 217,8

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

25 300 217,8

 

БАРДЫГЫ:

25 300 217,8

36210

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр)

2 767 510,1

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

2 767 510,1

 

БАРДЫГЫ:

2 767 510,1

36220

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (техникалык жабдууларды жакшыртуу жана медицина жаатында жаңы технологияларды киргизүү)

50000,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

50000,0

 

БАРДЫГЫ:

50 000,0

36230

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо жана банктык тейлөө) (аппарат)

25 449,4

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

320,5

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

7 500,0

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

450,0

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

300,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

2 000,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

5 000,0

3113

Башка негизги фонддор

9 878,9

 

БАРДЫГЫ:

25 449,4

36230

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөөчү системасын маалыматтык-коммуникациялык камсыздоо жана банктык тейлөө) (ведомстволук мекемелер)

4 550,6

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

641,8

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

251,3

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

402,6

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

627,9

3112

Машиналар жана жабдуулар

2 627,0

 

БАРДЫГЫ:

4 550,6

36240

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК полисин жана рецептура бланктарын даярдоо)

150,0

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

150,0

 

БАРДЫГЫ:

150,0

36310

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (камсыздандыруу запасы)

325 842,9

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

325 842,9

 

БАРДЫГЫ:

325 842,9

 

БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР:

28 770 780,8

2111

Эмгек акы

179 145,4

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

26 680,9

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

9 010,3

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

2 690,4

2213

Ижара акысы

7 101,0

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

5 193,4

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

11 686,6

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

28 485 630,8

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

3 782,6

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

5 074,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

160,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

2 016,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1 384,7

 

Бардык операциялык чыгашалар:

28 739 556,9

3111

Имараттар жана курулмалар

700,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

20 645,0

3113

Башка негизги фонддор

9 878,9

 

Бардык финансылык эмес активдер:

31 223,9

 

БАРДЫК ЧЫГАШАЛАР:

28 770 780,8

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети - Чыгашалар (функциялык классификация боюнча)

(миң сом менен)

Код

Көрсөткүчтөрдүн аталышы (функциялар боюнча)

2023-жыл

36

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү

28 770 780,8

7071

Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура

536 770,1

70711

Медициналык буюмдар, жабдуулар жана аппаратура

536 770,1

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

536 770,1

 

а.и. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо

70 000,0

 

а.и. милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо

466 770,1

7072

Амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөр

11 280 630,2

70721

Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр

8 878 715,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

8 878 715,0

70722

Адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр

2 236 241,9

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

2 236 241,9

70723

Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр

165 673,3

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

165 673,3

7073

Ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

6 752 186,7

70731

Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

3 766 594,5

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

3 766 594,5

70732

Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

1 901 126,9

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

1 901 126,9

70733

Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү

354 499,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

354 499,0

70735

Балдар үчүн калыбына келтирип дарылоо борборлорунун жана ооруканаларынын кызмат көрсөтүүлөрү

729 966,2

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

729 966,2

7074

Саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүлөр

150 851,0

70741

Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары

150 851,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

150 851,0

7075

Саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар

50 000,0

70751

Саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар

50 000,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

50 000,0

7076

Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери

10 000 342,9

70761

Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери

9 610 992,9

2111

Эмгек акы

179 145,4

2121

Социалдык фондго чегерүүлөр

26 680,9

2211

Кызматтык иш сапарларга чыгашалар

9 010,3

2212

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

2 690,4

2213

Ижара акысы

7 101,0

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

5 193,4

2215

Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

11 686,6

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

9 325 842,9

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

3 782,6

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу

5 074,8

2224

Көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу

160,0

2226

Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө чыгашалар

2 016,0

2231

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1 384,7

3111

Имараттар жана курулмалар

700,0

3112

Машиналар жана жабдуулар

20 645,0

3113

Башка негизги фонддор

9 878,9

70769

Саламаттык сактоо жаатындагы башка кызмат көрсөтүүлөр

389 350,0

2216

Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренелер менен берилген чыгашалар

389 350,0

 

Бардыгы:

28 770 780,8

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 6-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-2025-жылдарга программалык негиздеги БЮДЖЕТИ

ПР коду

ЧАРА коду

Бюджеттик программалар/ Бюджеттик чаралар

 

Натыйжалуулук индикатору

Өлчөө бирдиги

Базалык жыл

Максаттуу маанилери

2022-жыл

2023-жыл

2024-жыл

2025-жыл

2022

2023

2024

2025

001

 

1-программа. Башкаруу жана администрациялоо

Программанын максаттары: Бирдиктүү төлөөчү катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (мындан ары - ММК фонду) институттук жактан күчтөндүрүү. Башка программаларды ишке ашырууга координациялык жана уюштуруучулук таасир этүү

Калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтуу

%

71,0%

71,0%

72,0%

72,0%

001

01

Борбордук деңгээлде тармакты башкаруу жана администрациялоо

97 787,7

120 136,3

120 136,3

120 136,3

2019-2023-жылдары ММК фондун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу планынын индикаторлорун аткаруунун деңгээли

%

95,0%

95,0%

95,0%

95,0%

001

02

Региондук деңгээлде администрациялоо

143 732,7

165 013,7

165 013,73

165 013,7

Калктын ишеним индексинин орточо көрсөткүчү

%

36%

36%

36%

36%

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча Медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин индикаторлорун аткаруунун деңгээли

%

85,0%

85,0%

85,0%

85,0%

 

 

1-программа боюнча жыйынтык

241 520,4

285 150,0

285 150,0

285 150,0

 

 

 

 

 

 

002

 

2-программа. Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүү

Программанын максаты: Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ооруларды эрте аныктоо, диагностикалоо, медициналык жана профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу

Башка программалар боюнча жалпы чыгашаларда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын чыгашаларынын үлүшү

%

41,5%

42,0%

43,5%

45,0%

1 жашоочуга үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтарына баруулардын саны

бирд.

2,5

2,5

2,5

2,5

Бейтаптардын канааттануу деңгээли (баалоо картасы боюнча)

%

81,0%

82,0%

83,0%

84,0%

002

01

Республиканын калкына шашылыш (тез) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

466 089,2

500 000,0

500 000,0

500 000,0

Иштеп жаткан тез жардам бригадаларынын санынын бекитилген санга дал келүү пайызы

%

90,0%

100,0%

100,0%

100,0%

002

02

Республиканын калкына баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

3 783 570,0

4 518 622,0

4 672 156,8

4 815 683,7

Төрөт үйүнөн чыккандан кийинки алгачкы 3 күндө үй-бүлөлүк дарыгер (жалпы практикалык врач) тейлеген жаңы төрөлгөн балдардын үлүшү, %

%

87%

87%

87%

87%

12 жумага чейин кош бойлуулук боюнча катталган аялдардын үлүшү, %

%

84%

85%

87%

87%

Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде төрөткө чейинки кызматтардын базалык пакетин алган кош бойлуу аялдардын үлүшү

%

85%

85%

85%

85%

002

03

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) алкагында калкка стоматологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

286 710,1

300 000,0

300 000,0

300 000,0

Кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган кош бойлуу аялдарды стоматологдон профилактикалык кароодон өткөрүү

абс. с.

72500

72500

72500

72500

Профилактикалык кароо учурунда аныкталгандардын ичинен кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган, санацияланган кош бойлуу аялдардын үлүшү

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

Уюшкан топтун (мектептер, бала бакчалар) ичинен профилактикалык кароодон өткөн 10 жашка чейинки балдардын үлүшү

%

80,0%

80,0%

80,0%

80,0%

Профилактикалык кароо учурунда аныкталгандардын ичинен ооз көңдөйүн санациялоодон өткөн 10 жашка чейинки балдардын үлүшү

%

60%

60%

60%

60%

002

04

Баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учук менен күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

26 880,4

27 168,0

27 168,0

27 168,0

Пилоттук баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарында амбулаториялык дарылоону ийгиликтүү аяктаган кургак учук менен ооругандардын саны

бирд.

2292

1835

1900

1950

002

05

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармек менен жеңилдетип камсыздоонун республиканын калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу (терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулууларды; параноялык шизофрения жана өнөкөт жөөлүү менен ооругандарды; ар түрдүү генездеги аффективдүү бузулууларды; талма; бронх астмасы менен ооругандарды)

52 000,0

70 000,0

70 000,0

70 000,0

Амбулаториялык деңгээлде дарылоонун мамлекеттик кепилдик программасынын рецепттери боюнча сатылган дары-дармектердин ордун толтуруу деңгээли

%

90%

90%

90%

90%

002

06

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетип камсыздоонун республиканын камсыздандырылган калкына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу

376 956,3

466 770,1

536 785,6

617 303,5

Амбулаториялык деңгээлде милдеттүү медициналык камсыздандыруу рецепттери боюнча сатылган дары-дармектердин ордун толтуруу деңгээли

%

50%

50%

50%

50%

002

07

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн ашыкча калкка акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү

211 503,3

209 440,2

230 384,2

253 422,6

Бекитилген план боюнча иш жүзүндө аткаруунун пайызы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

002

08

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызматтарды көрсөтүү

311 582,4

293 990,1

323 389,1

355 728,0

Бекитилген план боюнча иш жүзүндө аткаруунун пайызы

%

95,0%

95,0%

95,0%

95,0%

002

09

Иштөөнүн сапатынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна дем берүү жолу менен калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу (натыйжага багытталган программанын (НБП) иш-чаралары)

197 244,6

389 350,0

543 440,0

380 000,0

Баалоо картасын пайдалануу менен сапатты баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарынын үлүшү

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

002

10

Эмгек акыны жогорулатуу жолу менен саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерине материалдык дем берүүнү камсыз кылуу

3 127 353,7

3 764 589,7

3 764 589,7

3 764 589,7

Каражаттарды өздөштүрүүнүн пайызы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

002

11

Баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү адистештирилген психиатриялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

5 316,0

8 064,0

8 064,0

8 064,0

Пилоттук баштапкы медициналык-санитардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарынын амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуулардын башкарылуучу учурларынын саны

бирд.

1324

714

714

714

 

 

2-программа боюнча жыйынтык

8 845 206,0

10 547 994,1

10 975 977,4

11 091 959,5

 

003

 

3-программа. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан стационардык деңгээлде кызматтарды көрсөтүү

Программанын максаты: Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык деңгээлде кепилденген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу

100 миң калкка ооруканага жаткыруу деңгээли

%

13,4%

13,4%

13,2%

13,2%

Канааттануу деңгээли (баалоо картасы боюнча)

82,0%

82,0%

82,0%

83,0%

003

01

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык жардамдын деңгээлинде республиканын калкына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

7 268 882,6

7 970 919,0

7 306 835,2

7 530 523,1

Социалдык жеңилдиктер боюнча дарыланган калктын үлүшү

%

45,0%

45,0%

45,0%

45,0%

Кыска мөөнөттүү бөлүмдөрдө дарыланган балдардын жалпы профилдик стационарларда дарыланып чыккан балдардын жалпы санына карата үлүшү

%

16,0%

16,0%

16,0%

18,0%

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

Медициналык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдетилген дарылоодон өткөн калктын үлүшү

%

29,0%

29,0%

29,0%

29,0%

003

02

Стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кургак учукка каршы күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

643 834,7

699 084,6

699 084,6

699 084,6

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

003

03

Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

273 921,1

289 238,0

289 238,0

289 238,0

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

105,0%

107,0%

107,0%

107,0%

003

04

Адистештирилген кардиохирургиялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

51 061,5

35 000,0

35 000,0

35 000,0

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

003

05

Адистештирилген психиатриялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

284 751,1

303 329,4

303 329,4

303 329,4

Базалык жылдын планына карата иш жүзүндө дарыланып чыккан учурлардын катышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

003

06

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын көлөмүнөн ашыкча калкка акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү

456 250,8

373 525,0

410 877,5

451 965,3

Бекитилген планга карата иш жүзүндө аткаруунун пайызы

%

95,0%

95,0%

95,0%

95,0%

003

07

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан медициналык эмес жана башка кызмат көрсөтүүлөр

465 926,7

360 087,5

396 096,3

435 705,9

Баалоо картасын пайдалануу менен сапатка баалоо жүргүзүлгөн стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын саны

абс. ч.

183

183

183

183

003

08

Эмгек акысын жогорулатуу жолу менен саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерине материалдык дем берүүнү камсыз кылуу

4 517 788,2

5 235 410,3

5 235 410,3

5 235 410,3

Максаттуу каражаттар боюнча бюджеттин аткарылышы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

003

09

"Ден соолук кербени" долбоору боюнча иш-чаралар

18 000,0

22 400,0

 

 

Каражаттардын өздөштүрүү пайызы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

003

10

Азия өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча иш-чаралар

95 000,0

19 000,0

 

 

Каражаттардын өздөштүрүү пайызы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

003

11

Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча иш-чаралар

25 000,0

23 000,0

 

 

Каражаттардын өздөштүрүү пайызы

%

100,0%

100,0%

100,0%

100,0%

 

 

3-программа боюнча жыйынтык

14 098 803,3

15 330 993,8

14 675 871,2

14 980 256,5

 

004

02

Саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу (камсыздандыруу запасын түзүү)

295 129,8

325 842,9

344 637,2

364 680,4

Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-профилактикалык кызматтарды каржылоого багытталган каражаттардын жалпы көлөмүн кеминде бир айлык каржылоо көлөмүндө финансылык туруктуулукту камсыздоо үлүшү

%

1,3%

1,4%

1,4%

1,4%

004

03

Саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу

50 000,0

50 000,0

60 000,0

70 000,0

Саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган үлүшү

%

0,2%

0,3%

0,2%

0,2%

004

05

4-программа боюнча жыйынтык

1 766 409,8

2 606 642,9

2 635 437,2

2 665 480,4

 

 

 

 

 

 

 

 

БАРДЫГЫ:

24 951 939,5

28 770 780,8

28 572 435,9

29 022 846,5

 

ПР коду - программанын коду

ЧАРА коду - чара коду

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2023-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 7-тиркеме

2023-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептөөлөр үчүн пайдаланылуучу БАЗАЛЫК ЧЕНЕМДЕР

(миң сом менен)

№

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

2023-жыл

1

Стационарлар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн базалык ставкасы

5 356,61

 

Камсыздандырылган жарандар үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициент

1,6627

 

Кыска мөөнөттүү бөлүмдөрдө кош бойлуу аялдардын болуусу үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициент

0,3000

2

Кургак учукка каршы саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн базалык ставкасы

50 656,19

 

Камсыздандырылган жарандар үчүн базалык ставкага түзөтүүчү коэффициенттер

1,0701

3

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана облустук кургак учукка каршы борборлору үчүн координациялоо функциясын каржылоонун жан башына карата ченеми

1,60

4

Адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн базалык ставкасы:

 

 

- онкологиялык кызмат

11 310,13

 

- гематологиялык кызмат

20 293,57

 

- кардиохирургиялык кызмат

100000,00

 

- психиатриялык кызмат

28 289,73

5

Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченеми

177,34

 

Камсыздандырылган жарандар үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун каржылоонун жан башына карата ченемине түзөтүүчү коэффициенттер

3,0300

6

Үй-бүлөлүк медицина борборлорун каржылоонун жан башына карата ченеми

166,72

7

Стоматологиялык бейтапканаларды каржылоонун жан башына карата ченеми

137,86

8

Медициналык тез жардамдын 1 линиялык бригадасын каржылоонун ченеми

595 936,9

9

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылууга жан башына карата ченеми

100,0

10

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Клиникалык оорукана" мамлекеттик мекемеси үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча камсыздандырылган жарандарга каржылоонун жан башына карата ченеми

360,0

11

Камсыздандырылган жарандар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча иштеген стационарлардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөнүн базалык ставкасы

3550,0

12

Дени сак жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн дарыланган 1 учурдун ордун толтуруу ченеми

1065,0

13

Бишкек шаарынын катталып жазылган калкына Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жан башына карата ченеми

22,67

14

Менчигинин түрүнө карабастан гемодиализ кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары үчүн гемодиализдин 1 сеансынын ордун толтурууга төлөмдүн ченеми

6 500,0

15

Амбулаториялык деңгээлде төмөнкү ооруларды ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү:

 

 

- дарыга сезгич кургак учук

12000,00

 

- дарыга туруктуу кургак учук

24000,00

16

Психикалык бузулууларды амбулатордук деңгээлде башкаруу үчүн төлөмдүн өлчөмү

 

 

- 6 айга

6000,00

 

- 12 айга

12000,00

17

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборуна жана облустук кургак учукка каршы борборлоруна биоматериалдарды ташууну каржылоонун ченеми

500000,0