Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 23-декабры № 123
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 54-статьянын экинчи бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) иш аткарыла турган жумуш орду. Аралыктан иштөөдө иш аткарыла турган жумуш орду көрсөтүлбөйт;";
2) 58-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Эмгек келишими электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө түзүлүшү мүмкүн (электрондук эмгек келишими).";
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 321-глава менен толукталсын:
"321-глава. Аралыктан иштөөнү аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
3601-статья. Аралыктан иштөө
Иш функциясын аткаруу жана аны аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу шартында иш берүүчү жайгашкан жерден тышкары жерде эмгек келишиминде аныкталган иш функциясын аткаруу аралыктан иштөө болуп саналат.
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерге ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эмгек жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын күчү жайылтылат.
Иш берүүчүнүн жана аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин ортосундагы иштөө шарттары эмгек келишиминде аныкталат.
3602-статья. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин түзүү өзгөчөлүктөрү
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкер менен эмгек келишимин кызматкердин өзүнүн жеке катышуусунда, ошондой эле электрондук эмгек келишим түрүндө формасында түзүүгө жол берилет.
Эмгек келишими түзүлгөн жер болуп иш берүүчүнүн жайгашкан жери саналат. Эмгек келишиминде иш аралыктан аткарылары жөнүндө сөзсүз көрсөтүлөт.
Эмгек келишиминде аралыктан иштөөнү аткарып жаткан кызматкердин милдеттери жөнүндө кошумча шарттар, иш милдеттерин аткарууда иш берүүчү тарабынан берилген же сунушталган жабдууларды, маалыматташтыруу объекттерин пайдалануу шарттары каралышы мүмкүн.
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерди алар иш милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, маалыматташтыруу объекттери жана башка каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жана мөөнөттөрү, аткарылган иш жөнүндө аларга отчетторду берүү тартиби жана мөөнөтү, ошол кызматкерлердин өздөрүнүн жабдууларын, маалыматташтыруу объекттерин колдонгондугу үчүн компенсацияны жана ошондой эле аралыктан иштөөнү аткаруу менен байланышкан башка чыгымдарды төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү эмгек келишиминде аныкталат.
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин иш берүүчү менен өз ара аракеттенүүсүнүн ыкмалары жана мезгилдүүлүгү эмгек келишиминде аныкталат.
3603-статья. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин эмгегин коргоо
Иш берүүчү тарабынан берилген же сунушталган жабдуулар жана каражаттар менен иштөөдө аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерге иштин коопсуз шарттарын жана аны коргоону камсыз кылуу максатында иш берүүчү кызматкердин эмгекти коргоо талаптары менен таанышуусун камсыз кылат.
Иштин коопсуз шарттарын жана аны коргоону камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн башка милдеттери эмгек келишиминде каралышы мүмкүн.
3604-статья. Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерлерге ушул Кодексте белгиленген жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын узактыгынын ченемдери жайылтылат.
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкердин жумуш убактысын жана эс алуу убактысын эсепке алуу тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими менен аныкталат.
Аралыктан иштөөнү аткаруучу кызматкерге ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү жана өргүүлөрдүн башка түрлөрүн берүүнүн тартиби ушул Кодекске жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек келишими менен аныкталат.
3605-статья. Өзгөчө учурларда кызматкерди иш берүүчүнүн демилгеси боюнча аралыктан иштөөгө убактылуу которуу
Өзгөчө же аскердик абалды киргизүү, өзгөчө кырдаалды жарыялоо же болбосо башка чектөө иш-чараларын киргизүү мезгилинде жогоруда көрсөтүлгөн учурлар жоюлганга чейин кызматкер иш берүүчүнүн демилгеси боюнча аралыктан иштөөгө убактылуу которулушу мүмкүн.
Мындай которуунун мөөнөтү аяктаганда (бирок иш берүүчү тарабынан кызматкерди аралыктан иштөөгө убактылуу которуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болгон жагдай (учур) токтогон күндөн кечиктирбестен) иш берүүчү кызматкерге эмгек келишиминде каралган мурунку жумушту берүүгө, ал эми кызматкер аны аткарууга киришүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 113 (3448) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 16-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ