Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2022-жылдын 5-декабры № 115
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктын бирден-бир акционери мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.";
2) 14-берененин 5-пунктунда "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 21-беренеде:
а) 3-бөлүктө "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө "Премьер-министринин" жана "Премьер-министри" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" жана "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 108 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 27-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |