Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 9-августу № 161
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2022-жылдын 5-декабрындагы № 115, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана дем берүүгө арналган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн максатын аныктайт.
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана анын статусу
1. Кыргыз Республикасын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары Банк) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Банктын акционери болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өз ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Банктын жайгашкан жери болуп - Бишкек шаары саналат.
3. Кыргыз Республикасы Банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу
1. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Банкка "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын колдонуу күчү жайылтылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Банк үчүн экономикалык ченемдерди жана талаптарды, анын ичинде отчеттуулукту түзүү жана берүү бөлүгүндө белгилейт.
4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Банк акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Банктын ички актыларын жетекчиликке алат.
5. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда коллизиялар болгон учурларда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Банктын максаты
Банктын ишинин негизги максаты Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо жана ага дем берүү болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Банктын милдеттери
Банктын артыкчылыктуу милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) экономиканын аралаш секторлоруна мультипликативдик таасир көрсөтүү;
2) экономиканын түзүмдүк илгерилөөсүнө дем берүү;
3) өндүрүштүк инфраструктураны реабилитациялоо жана өнүктүрүү;
4) экономиканын экспортко багытталган өндүрүштүк секторун түзүү;
5) региондордо ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү;
6) региондордун экономикалык өнүгүүсүн теңдөө;
7) орто жана узак мөөнөттүү негизде экономика субъекттеринин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
8) ата-мекендик ишканаларга инвестицияларды тартууга дем берүү;
9) кредиттөө процессинин менеджментинин, баалоонун жана контролдоонун заманбап методдорун киргизүү жана долбоорлорду ишке ашыруу.
5-берене. Банктын функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Банктын функциялары төмөнкүлөр:
1) юридикалык жактардын ишине (капиталына) катышууну кошуп алганда, долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо;
2) Банктын ички актыларына ылайык каржылоого сунушталган долбоорду баалоо;
3) долбоорлорду ишке ашыруу үчүн юридикалык жактарды тандап алуу;
4) Банк тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
5) ар түрдүү булактардан зайымдарды тартуу жана ордун жабуу;
6) өнүктүрүүнүн эл аралык уюмдары, өнүктүрүүнүн чет өлкөлүк корпорациялары жана институттары менен өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүүнүн эл аралык уюмдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга катышуу;
7) Банк тарабынан финансылык, инвестициялык жана аналитикалык консалтинг кызматтарын көрсөтүү;
8) Банктын катышуусу менен ишке ашырылуучу долбоорлордун шарттарында каралган талаптарды юридикалык жактардын сактоосун контролдоо.
2. Өз ишин жүргүзүү үчүн Банкка төмөнкү ыйгарым укуктар берилет:
1) Банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү ички актыларга ылайык өзүнүн кредиттик саясатын ишке ашыруу;
2) долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо;
3) банктык экспертизаны ишке ашыруу үчүн эксперттерди жана консультанттарды тартуу;
4) зайымдык каражаттарды, анын ичинде тийиштүү жылга республикалык бюджет тууралуу мыйзамга ылайык республикалык бюджеттерден каражаттарды тартуу;
5) ата-мекендик жана чет өлкөлүк банктардын жана башка финансылык институттардын катышуусу менен карыз алуунун уюштуруучусу жана катышуучусу болуп чыгуу.
Кепилдик фонддор арыз берүүчүлөрдүн Банктын алдындагы чакан жана орто ишкердиктин кредиттери боюнча милдеттенмелеринин бөлүгүнө, өзгөчө учурда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы боюнча кепилдиктерди берүүгө укуктуу.
6) коммерциялык банктарда жана башка финансылык уюмдарда эсептерди ачуу;
7) Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Банктын ички актыларына ылайык юридикалык жактардын уставдык капиталына катышуу;
8) инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара мамилелери
6-берене. Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелери
1. Банк ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
2. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында түздөн-түз каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын Банктын ишине ар кандай формада кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара мамилелери
1. Банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо талап кылынбайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Банктын ишин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну жүзөгө ашырбайт.
2. Банктын каражаттары Банктын кредиттер боюнча милдеттенмелерин сактоо жана тындыруу үчүн чет өлкөлүк валютада, ошондой эле Банктын уставдык капиталын толуктоо үчүн улуттук валютада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын эсепке жайгаштырылышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Банктын эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара мамилелери
Банк өз ишинде долбоорлорду техникалык деңгээлде каржылоо боюнча эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара аракеттенет.
3-глава Финансылык ресурстарды тартуу жана пайдалануу
9-берене. Банктын операциялары
1. Банк өзүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн операциялардын төмөнкү түрлөрүн жүргүзөт:
1) келишимдик шарттарда зайымдарды өз атынан тартууну;
2) кредиттерди акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайрымдуулук негизинде берүүнү;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында корреспонденттик эсепти ачууну;
4) кредиттик иштер менен байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнү;
5) өз керектөөлөрү үчүн накталай жана накталай эмес төлөмдөр үчүн чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну;
6) Банктын долбоорлорун ишке ашырууга катышуучу юридикалык жактарга банктык кепилдиктерди акы төлөө негизинде берүүнү же үчүнчү жактардын акчалай түрдө аткарууну караган башка милдеттенмелерин кабыл алууну;
7) долбоордук иштердин алкагында, ошондой эле ликвиддүүлүктү башкаруу максатында баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну жүргүзүүнү;
8) лизингдик операцияларды жүзөгө ашырууну;
9) үчүнчү жактардын милдеттенмелерди акчалай түрдө аткарууну караштырган талап укуктарын сатып алууну (факторинг);
10) максаттарга жетүү жана Банктын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн операцияларды чет өлкөлүк валютада жүргүзүүнү;
11) акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Банктын ички актыларына ылайык максаттарга жетүү жана Банктын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн башка ишти жүзөгө ашырууну жана бүтүмдөрдү жасоону.
2. Банк катышкан ар бир операция боюнча келишимдик документте Банктын операциялар боюнча милдеттери Кыргыз Республикасы тарабынан кепилдикке алынбаганы жана Кыргыз Республикасы операцияга байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпастыгы жөнүндө көрсөтүлөт.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Банк тарабынан башка булактардан финансылык ресурстарды тартуу жана пайдалануу
1. Банк башка булактардан финансылык ресурстарды акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде алууга укуктуу. Банк башка булактардан алуучу финансылык каражаттарды берүүнүн, пайдалануунун жана кайра берүүнүн тартиби жана шарты Банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ошондой эле эки тараптуу келишим менен аныкталат.
2. Банк үчүн арналган мамлекеттик каражаттар тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджет аркылуу гана өткөрүлөт.
11-берене. Банктын катышуучу банктар менен өз ара мамилелери
1. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларына ылайык келишимдин негизинде Банк тарабынан ишке ашырылат.
2. Тейлөөнүн жалпы шарты ачык маалымат болуп саналат. Тейлөөнүн шарттары өзгөргөн учурда, Банк бул жөнүндө катышуучу банктарга Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларында белгиленген тартипте кабарлайт.
3. Катышуучу банктарды тейлөөнү жүзөгө ашырган учурда Банк эл аралык практикада колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эсептешүүнүн ар кандай тутумун пайдаланууга укуктуу.
4. Банк катышуучу банктар тарабынан каражаттардын максаттуу пайдаланылышын ушул Мыйзамга жана Банктын ички актыларына ылайык контролдойт.
12-берене. Долбоорлорду каржылоо
1. Банк Банктын Директорлор кеңеши белгилеген талаптарга жооп берүүчү долбоорлорду каржылайт.
2. Банктын долбоорлорду каржылоосу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) Банктын ички актыларына жана макулдашууларына ылайык долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактардын иштерине катышуу;
2) Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана кредиттик келишимдерге ылайык долбоорлорду кредиттөө;
3) банктык кепилдиктерди берүү, тышкы зайымдарды жана Банктын ички актыларында каралган башка финансылык инструменттерди тартуу.
3. Банктын долбоорлорду каржылашы Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга ылайык аныкталган шарттарда, тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. Берилүүчү кредит боюнча сыйакынын ставкасынын чоңдугу Банктын карызынын орточо наркын жана операциялык чыгымдарын эске алуу менен эсептелет.
4. Банк тарабынан берилүүчү кредиттер күрөө, кепилдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуучу башка ыкмалар менен камсыз болушу керек.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Банк тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү
1. Банк өзү каржылай турган долбоорлорго карата долборду ишке ашыруучу субъекттер менен макулдашуунун негизинде төмөнкүлөрдү кошкондо, мониторинг жүргүзөт:
1) долбоорлорду ишке ашырууну катышуучу банктар тарабынан каржылоонун графиктерине;
2) долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардын жана юридикалык жактардын финансылык абалына;
3) долбоордун ортодогу жыйынтыктары боюнча каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугуна;
4) тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө.
2. Катышуучу банктар алар тейлеген долбоорлорго карата агенттик тейлөөгө болгон келишимдерге ылайык иштин көлөмүнүн иш жүзүндө аткарылышына, ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга мониторинг жүргүзөт.
3. Банктын башкармасы жыл сайын долбоордук техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө жыйынтыктардын дал келишин баалоо менен долбоорлорду ишке ашырууга жана каржылоого талдоо жүргүзөт жана Банктын Директорлор кеңешине тиешелүү корутунду берет.
14-берене. Банктын ишин чектөө
Банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Банк тарабынан каржылоо үчүн тандалып алынган долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардан, лизинг берүүчү уюмдардан жана юридикалык жактардан бөлөк жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүгө;
2) депозиттерди тартууга, жеке жактарга эсептерди ачууга;
3) зайымдарды аларды кайтарып алууну камсыздабай туруп берүүгө;
4) мурда алар тарабынан тартылган зайымдар боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтү өтүп кеткен (бир жылдан ашык) учурда кошумча тышкы жана ички карыз берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, мамлекеттик башка органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредит берүүгө;
6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттерге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө;
7) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык каржылоону кошпогондо мамлекеттик булактардан каржылоону тартууга.
(КР 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава Банктын капиталы жана кирешеси
15-берене. Банктын капиталы
1. Банктын эң аз уставдык капиталы 2000000000 (эки миллиард) кыргыз сомун түзөт жана толугу менен төлөнүүгө тийиш.
Банктын уставдык капиталы республикалык бюджет аркылуу бөлүштүрүлгөн каражаттардын эсебинен улуттук валютада түзүлөт.
2. Банк өзүнүн акциясын сатып алуу жана күрөөгө алуу укугуна ээ эмес.
3. Банктын акциялары сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, милдеттенмеге алынбайт же кандайдыр бир ыкма менен башкалардын ээлик кылуусуна берилбейт.
(КР 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Банктын кирешеси
1. Банктын кирешеси ошол мезгилдеги бардык кирешелерин жана чыгымдарын, төмөнкүлөрдү кошо эсепке алгандан кийин финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча аныкталат:
1) Банктын нормалдуу ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон, эл аралык практикада кабыл алынган операциялык жана башка чыгымдарды;
2) потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан түзүлгөн резервдерди.
2. Банктын таза кирешесин бөлүштүрүүнүн тартиби Банктын башкармасынын сунушунун негизинде Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
17-берене. Потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан түзүлгөн резервдер
Классификациялаган активдер жана шарттуу милдеттенмелер боюнча потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан резервдерди түзүү финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
5-глава Банктын бюджети, отчеттуулугу жана көз карандысыз аудити
18-берене. Банктын бюджети жана отчету
1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо камтуу менен белгиленет.
2. Банктын жыл сайын түзүлүүчү бюджетинин долбоору Банктын Директорлор кеңеши бекиткен форма боюнча даярдалат.
3. Банктын башкармасы жыл сайын Банктын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун, балансын жана Банктын кирешелери жана зыяндары жөнүндө отчетун даярдайт. Банктын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет Банктын Акционер тарабынан бекитилет.
4. Банк төмөнкүлөр тууралуу отчет берет:
1) жарым жылдык негизде бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджеттин каражаттарын сарптоо жөнүндө, эгер мындайлар бар болсо;
2) Банктын Акционери тарабынан бекитилгенден кийин аудитордук текшерүүдөн өткөн, ошондой эле Банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталуучу Банктын иши жөнүндө башка отчеттор кийинки отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-майына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине.
5. Акционер Банктын иши жөнүндө тиешелүү отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Банктын уставына ылайык суроого жана алууга укуктуу.
6. Банктын Акционери бекиткен Банктын жылдык отчету Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине жана жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Банктын иши жөнүндө маалымат Интернет тармагындагы Банктын расмий сайтында жайгаштырылат.
(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Банктын аудити
1. Банк тарабынан жүргүзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жыйынтыктары боюнча Банктын Акционери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Банктын финансылык жылы аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө таанылган эл аралык репутацияга ээ болгон аудитордук уюмду карайт жана бекитет.
Ошол эле аудиттик уюм Банктын Акционери тарабынан эки жолудан ашык каралышы мүмкүн эмес.
2. Банктын аудити эл аралык аудит стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш жана Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталган аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Банк аудитордук фирма менен түзүлгөн келишимге ылайык эл аралык аудитордук практикага туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалыматтарды берет.
4. Банкка аудит жүргүзүү боюнча аудитордук фирманын кызматына акыны Банк өзүнүн каражатынын эсебинен төлөйт.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-глава Банктын башкаруу органдарынын түзүмү
20-берене. Банктын башкаруу органдары
1. Жогорку башкаруу органы - Акционер.
2. Акционерлердин жалпы жыйындарынын ортосундагы мезгилде Банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу Банктын башкаруу органы - Директорлор кеңеши.
3. Аткаруучу орган - Банктын башкармасы. Банктын учурдагы ишине жетекчиликти жүзөгө ашырат.
4. Контролдоочу органдар - ички аудитор жана тобокелдик-менеджери.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-1-берене. Акционердин компетенциясы
1. Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Банк ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу укугу бар Банктын жогорку башкаруу органы болуп саналат. Акционерге "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр чарбакер субъекттердин капиталында мамлекеттин катышуусу менен байланышкан кызыкчылык бар болгон, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу маселелери боюнча бүтүмдөрдү түзүүнүн тартибине карата коюлган талаптар бөлүгүндө жайылтылбайт.
2. Акционердин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Банктын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же Банктын Уставын жаңы редакциясында бекитүү;
2) Банкты кайра уюштуруу маселеси боюнча чечим кабыл алуу жана тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш жиберүү;
3) Банкты жоюу жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алуу жана тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш жиберүү;
4) Банктын жүгүртүлүүчү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу), ошондой эле акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) Банк тарабынан кошумча чыгарылуучу акцияларды же акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздарды жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) Банктын Директорлор кеңешинин сунуштамасынын негизинде Банктын акциялары боюнча дивиденддердин өлчөмү жана аны төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын дайындоосу үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана сунуштама берүү;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечиминин негизинде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
10) Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрүн бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жылдык отчетторду, анын ичинде жылдык балансты жана кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчетту, ошондой эле финансылык отчетту бекитүү;
12) Банктын кирешесин жана чыгашаларын бөлүштүрүү;
13) Банктын Директорлор кеңешинин сунушу боюнча тышкы аудиторду, ошондой эле анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттарын жана өлчөмүн бекитүү;
14) Банктын жылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
15) мындай бүтүмдү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата Банк активдеринин баланстык наркынын 50 жана андан жогору пайыз наркындагы ири бүтүмдү жасагандыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу.
Акционер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген башка маселелер боюнча чечим кабыл алуусу мүмкүн.
3. Акционердин өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер Директорлор кеңешине, Банктын башкармасына чечим кабыл алуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.
Акционердин өзгөчө компетенциясына кирбеген маселелер Директорлор кеңешинин же Банктын башкармасынын кароосуна берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Банктын Директорлор кеңеши
1. Банктын байкоочу органы болуп Банктын Директорлор кеңеши саналат, ал Акционердин алдында фидуциардык жоопкерчилик тартат.
2. Банктын Директорлор кеңеши төрагадан жана 6 башка мүчөдөн турат.
3. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Акционердин сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат жана кийинки мөөнөттөргө дайындалышы мүмкүн.
4. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Банкта туруктуу иштебейт.
5. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бардык талаптарга ылайык келиши керек.
6. Директорлор кеңешинин 3төн ашпаган мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, калган мүчөлөрү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлөт.
7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Акционердин сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы ушул Мыйзамга ылайык Кеңештин жаңы мүчөсүн дайындайт.
8. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкү маселелери кирет:
1) Банктын жылдык отчетун бекитүү;
2) Банк тарабынан облигация чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартибин аныктоо;
3) бүтүм түзүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн мурунку, акыркы отчеттук күнгө карата Банктын өздүк каражатынын (капиталынын) баланстык баасынын 10 жана андан ашык пайызын түзгөн мүлктү Банктын алышына, башкалардын ээлик кылуусуна беришине же берүү мүмкүндүгүнө байланышкан бүтүмдү же өз ара байланышы бар бир нече бүтүмдү жактыруу жөнүндө чечим чыгаруу;
4) Банктын операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокелдиктерин аныктоо, бул тобокелдердин чектик деңгээлин белгилөө, ошондой эле аларды башкарууну уюштуруу;
5) Банктын кирешелеринин жана чыгымдарынын финансылык планын (бюджет), резервдерди жана фонддорду түзүүнүн тартибин, ошондой эле пайданы, резервдерди жана фонддорду пайдалануунун тартибин бекитүү;
6) Банктын ички контролунун адекваттуу жана натыйжалуу тутумун түзүү жана сактоо;
7) Банктын регламентин жана ишинин эрежелерин жана анын катышуучу банктар, кредиторлор жана башка үчүнчү жактар менен болгон өз ара аракеттерин бекитүү.
9. Банктын Директорлор кеңешинин бардык чечимдери корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндөгү арызга ылайык кабыл алынат:
1) Банктын Директорлор кеңеши ар бир финансылык жыл башталганга чейин 1 ай калгандан кечиктирбестен Акционерге корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндө арыздын долбоорун берет;
2) корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндө арызда ушул финансылык жыл жана андан кийинки түздөн-түз келүүчү эки финансылык жылдын ар бири үчүн Банк боюнча төмөнкү маалыматтар келтирилет:
а) ушул Мыйзамда белгиленген максаттардын алкагында Банктын максаттары;
б) иштин жүргүзүлүүчү мүнөзү жана масштабы;
в) өздүк капиталдын активдердин топтомуна катышы;
г) бухгалтердик эсеп саясаты;
д) иштин максаттуу көрсөткүчтөрү жана башка көрсөткүчтөр, ал боюнча Банктын иши бааланышы, анын максаттары менен салыштырылышы мүмкүн;
е) мамлекетке бөлүштүрүү үчүн арналган салыктарды төлөгөндөн кийин жылдык пайданын суммасын же үлүшүн баалоо менен бирге жылдык дивидендди аныктоо үчүн кабыл алынган принциптер жөнүндө арыз;
ж) ушул финансылык жылдын ичинде Банк тарабынан Акционерге берилүүчү маалыматтын түрү.
3) Директорлор кеңеши финансылык жыл башталганга чейин 14 күн калгандан кечиктирбестен корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндөгү арыздын долбоору боюнча Акционер тарабынан жасалган ар кандай сын-пикирлерди карайт.
4) корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндөгү акыркы арыз финансылык жылдын башталышына карата же башталганга чейин Акционерге берилет жана андан ары Банктын расмий веб-сайтына жарыяланат.
10. Ушул Мыйзам жана Банктын уставы менен каралган Банктын Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын Банктын башкармасына берүүгө жол берилбейт.
11. Банктын Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктары, регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу Банктын уставы менен аныкталат.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Банктын башкармасы
1. Банктын башкармасы Банктын коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат. Банктын башкармасынын курамына Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын 4 мүчөсү кирет.
2. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын мүчөлөрү 5 жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалат жана кайрадан кийинки мөөнөттөргө дайындалышы мүмкүн.
3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде иштейт жана башкарманын мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөсү же министрликтин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы боло албайт.
4. Банктын башкармасынын мүчөлөрүнө сыйакынын же башка төлөмдөрдүн өлчөмүн Банктын Директорлор кеңеши бекитет.
5. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын башкармасынын төрагасынын сунушу боюнча Банктын Директорлор кеңеши тарабынан ыйгарым укугун аткаруудан мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мүмкүн. Эгер көрсөтүлгөн адамдар ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотушса, ушул Мыйзамда жана Банктын уставында белгиленген тартипте Банктын башкармасынын жаңы мүчөлөрү дайындалат.
6. Банктын башкармасы Банктын уставынын негизинде иштейт, анда Банктын Банктын башкармасынын ыйгарым укугу, регламенти, жыйналыштардын мөөнөтү, чакыруу жана өткөрүү тартиби, ошондой эле чечим кабыл алуу тартиби белгиленет.
7. Банктын башкармасынын жыйналышында протокол жазылат, ал Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, Банктын ички контролдоо кызматынын жана аудитордук уюмдардын мүчөлөрүнө алардын талаптары боюнча берилет.
8. Банктын башкармасынын төрагасы анын ишин жетектейт. Банктын башкармасынын төрагасына Банктын ишиндеги маселелер боюнча оперативдүү жана аткаруу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Банктын атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Банктын уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды пайдаланууга ыйгарым укук берилген.
9. Банктын башкармасынын Банктын уставында каралган ыйгарым укуктарын Директорлор кеңешине өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115, 2023-жылдын 5-октябрындагы N 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-берене. Банктын контролдоочу органдары
1. Банкта ички контролдоо жана Банктын ишиндеги максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизген материалдык, инвестициялык жана финансылык тобокелдиктерди дайыма ачып көрсөтүүгө жана баалоого мүмкүндүк берген тобокелдиктерди башкаруу тутуму болушу керек. Мындай баалоолор бардык тобокелдиктерди, атап айтканда кредиттик жана инвестициялык тобокелдиктерди, валюталык тобокелдикти, топтоо тобокелдигин, жоюу тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, саясий жана башка тобокелдиктерди камтууга тийиш.
Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүнүн тутумуна ээ болушу зарыл. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуу чөйрөсү аныкталууга, минималдуу болууга жана көз карандысыз байкоого алынууга тийиш.
Банктын тобокелдиктерин көз карандысыз оперативдүү контролдоо үчүн Банктын директорлор кеңеши тобокелдик-менеджерин дайындайт, ал тобокелдиктерди башкаруу боюнча Банктын саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу болот. Тобокелдик-менеджери Банктын директорлор кеңешине отчет берет.
2. Банкта ички аудитор тарабынан жүргүзүлүүчү ички аудит ишке ашырылышы керек, анын компетенциясына ички контролдоо тутумунун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле бекитилген кызматтык нускамага ылайык Банктын аткаруучу кызмат адамдары тарабынан киргизилген милдеттерди аткаруунун сапатын, мыйзамдуулуктун сакталышын жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана Банктын саясатына ылайык башка маселелерди текшерүү жана баалоо кирет.
Банктын ички аудитору Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат жана отчет берет. Аудит жүргүзүүнүн тартиби жана ага карата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Банктын Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
7-глава Корутунду жоболор
24-берене. Банкты кайра уюштуруу же жоюу
Банк мыйзамдык актылар менен гана кайра уюштурулушу же жоюлушу мүмкүн.
25-берене. Банктын жоопкерчилиги жана талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
1. Банк, анын жетекчилери жана директорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн биргелешкен жана чогуу жоопкерчиликти тартышат.
2. Бул Мыйзамдын аткарылышы боюнча Банк менен мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын ортосунда пайда болгон бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
3. Бул Мыйзамды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
26-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 16-августунда № 71-72 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |