Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 7-декабры № 116
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 15-сентябры, № 68) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышындагы "ссуда" жана "ссудаларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым" жана "зайымдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды (мындан ары - ссуда) алган адамдарга ссуданы кайтарып берүүдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдарды (мындан ары - зайым) алган адамдарга зайымды кайтарып берүүдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьяда "Ссуда алуучу ссуданы кайтарып бергенде ссуданын" деген сөздөр "Зайым алуучу зайымды кайтарып бергенде зайымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен зайым алуучунун ортосундагы 2002-жылдан тартып жана андан кийин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.";
5) 4-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) тиркемеде:
а) аталышындагы "ссуда" жана "ссудаларын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым" жана "зайымдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссуданын" деген сөздөр "узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төртүнчү абзацта "ссуда алуучу" жана "ссудалык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "зайым алуучу" жана "зайымдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) бешинчи абзацта "ссуданын" деген сөз "зайымдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) алтынчы абзацта "ссуданын" деген сөз "зайымдын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 13 декабря 2022 года № 109 (3444) жарыяланды
Ушул Мыйзамдын колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү жөнүндө келишимдер боюнча мамилелерге да жайылтылат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 2-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |