МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы №169 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2006-жылдын 16-августу № 169

 

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде зайым алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү зайымдарын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө

 

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 80, 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-статья.

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдарды (мындан ары - зайым) алган адамдарга зайымды кайтарып берүүдө жеңилдиктер берилет.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья.

Зайым алуучу зайымды кайтарып бергенде зайымдын көлөмү 1,25ке барабар коэффициент өлчөмүнө пропорциялуу төмөндөтүлөт. Компенсациянын өлчөмү ушул Мыйзамдын тиркемесиндеги усулга ылайык эсептелинет.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен зайым алуучунун ортосундагы 2002-жылдан тартып жана андан кийин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2006-жылдын 15-сентябрында № 68  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

К.Бакиев

 

 

 

2006-жылдын 30-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде зайым алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү зайымдарын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

 

Тиркеме

 

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Акча каражаттарын республикалык бюджеттин эсебинен компенсациялоону эсептөөнүн усулу:

С1 - бийик тоолуу аймактын жашоочусуна берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдын көлөмү;

РК - бийик тоолуулук үчүн айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттин орточо өлчөмү (коэффициенттин өлчөмү 1,25 =);

С2 - ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык зайым алуучу бардык жылдар үчүн кайтарып берүүчү зайымдык акча каражаттарынын коэффициенти чыгарылып салынган көлөмү;

СЗ - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюлуучу зайымдын жалпы көлөмү;

С4 - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир жылга компенсациялануучу зайымдын көлөмү.

 

С2 = С1/РК

СЗ = С1-С2

С4 = СЗ/12