Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 6-февралы № 22
"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1503-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруунун принциптерин, формаларын, кепилдиктерин, тартибин жапа шарттарын аныктайт.";
2) 1-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу";
б) 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи" деген сөздөр "биринчи, экинчи жана бешинчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан сунуш кылынуучу мыйзамдын долбооруна карата талаптар
1. Жарандар тарабынан элдик демилге тартибинде сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарына, кодекстерине, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбөөгө тийиш. Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделет.
2. Мыйзамдын долбоору коштоочу документтери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында же республикалык басылмалардын биринде жарыяланат.";
4) 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо
1. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу максатында жарандардын демилгечи тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкү документтер киргизилет:
1) демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо жөнүндө демилгечи топтун төрагасы кол койгон арыз. Арызда демилгечи топтун аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн;
2) демилгечи топтун аны түзүү жөнүндө, мыйзам долбоорун демилгелөө жана төраганы жана анын эки орун басарын шайлоо жөнүндө чечимдер кабып алынган жыйналышынын протоколу;
3) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери (туруктуу же убактылуу) көрсөтүлгөн тизмеси;
4) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү;
5) мыйзам долбоорунун тексти кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө;
6) салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаңы редакциясы берилген учурда);
7) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме;
8) жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда);
9) жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 6, 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн мыйзам долбоору, мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаны редакциясы берилген учурда), жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда), жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин тизмеси акыркысы болуп саналат.
4. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча демилгечи топту каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
Демилгечи топтордун реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. Демилгечи топтордун реестри онлайн-форматта жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланат.";
5) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт жүргүзүүгө.";
6) 8-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Берилген документтерди текшерүүнүн жана жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттайт.";
б) 3-бөлүгү, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы жана 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Демилгечи топ катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзам долбоорун коштоочу документтери менен, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт. Демилгечи топ аны каттаган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде мыйзам долбоорунун текстин коштоочу документтери менен республикалык басылмалардын биринде же болбосо Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыялоого милдеттүү.";
7) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде" деген сөздөр "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 11-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кол топтоо демилгечи топ тарабынан мыйзам долбоорунун тексти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында же республикалык басылмалардын биринде жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин башталат жана кол топтоо жол-жобосу башталган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин аяктайт. Кол топтоо мыйзам долбоорун колдогон он миң жана андан ашык кол чогултулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
2. Кол топтоо укугу демилгечи топтун мүчөлөрүнө таандык. Демилгечи топтун кол топтоону жүргүзүүчү мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорунун жарыяланган текстин, же болбосо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы же Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталындагы маалыматты таанышуу үчүн жарандарга сунуштоого, ошондой эле жарандарга демилгечи топтордун реестрге киргизилген маалыматтары жөнүндө маалымдоого милдеттүү.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Жарандар белгиленген формада кол коюу барагын толтуруу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү жөнүндө сунушка өз колдоосун билдирүүгө укуктуу. Кол коюу барагын, анын ичинде электрондук колтамганы колдонуу менен толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Эгерде кол коюу барагына дене боюнун кемчиликтерине байланыштуу өз колун коюу мүмкүнчүлүгү жок, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран кол койсо, кол коюучу жарандын катышуусунда, жана нотариустун катышуусунда ал үчүн башка адамдын кол коюусуна жол берилет, же болбосо факсимилдик кол коюуну пайдаланууга жол берилет жана анын аныктыгы "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күбөлөндүрүлөт.";
9) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Элдик демилгени ишке ашырууга багытталган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар
1. Элдик демилгени (жарандардын колтамгаларын чогултуу, үгүт иштерин жүргүзүү, экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү, жөнгө салуучу таасирди талдоо) ишке ашырууга багытталган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө болгон чыгымдар демилгечи топтун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Демилгечи топ өзүнүн демилгеси жөнүндө калкка маалымдоо үчүн "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жана "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоберүүнү пайдаланууга укуктуу.";
10) 19-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 11-январында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |