Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-ноябры № 212
Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруунун принциптерин, формаларын, кепилдиктерин, тартибин жапа шарттарын аныктайт.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу (мындан ары - элдик демилге) Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жаткан мыйзам долбоорлорун ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте эркин жана ыктыярдуу киргизүү укугу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында элдик демилге төмөнкүлөргө таандык:
1) 10 миң шайлоочуга;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча кеминде 300 миң шайлоочуларга.
Караңыз! Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүү укугун караган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет
3. Элдик демилгени жүзөгө ашырууда мыйзам менен белгиленген тартипте жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жайларда кармалган жарандар катыша албайт.
4. Элдик демилге тартибинде мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө, республикалык бюджетти түзүүгө, мунапыс жана ырайым кылуу, эл аралык мамилелер, согуш же өзгөчө абал киргизүү маселелерин мыйзам долбоорлору киргизиле албайт.
Конституциялык мыйзамдар менен белгилүү чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзамдардын долбоорлоруна элдик демилге тартибинде демилге киргизүү боюнча башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Элдик демилгени жүзөгө ашырууну болтурбоочу жагдайлар
1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же болбосо анын бөлүгүндө, согуштук же өзгөчө абалды киргизген шарттарда элдик демилгени жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн тышкары, элдик демилгени жүзөгө ашырууну болтурбаган башка жагдайларды белгилөөгө жол берилбейт.
3-берене. Кыргыз Республикасындагы элдик демилге жөнүндө мыйзамдар
Жарандардын элдик демилгесин ишке ашыруунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
4-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан сунуш кылынуучу мыйзамдын долбооруна карата талаптар
1. Жарандар тарабынан элдик демилге тартибинде сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарына, кодекстерине, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбөөгө тийиш. Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделет.
2. Мыйзамдын долбоору коштоочу документтери менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында же республикалык басылмалардын биринде жарыяланат.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүү
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш менен чыккан жарандар элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы кеминде 10 адамдан турган демилгечи топту түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары демилгечи топтун мүчөлөрү боло алат.
2. Демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол топтоо, мыйзамдын долбоорун даярдоодо, киргизүүдө, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алууда жарандардын кызыкчылыктарын өкүл болуу максатында түзүлөт.
6-берене. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо
1. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу максатында жарандардын демилгечи тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкү документтер киргизилет:
1) демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо жөнүндө демилгечи топтун төрагасы кол койгон арыз. Арызда демилгечи топтун аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн;
2) демилгечи топтун аны түзүү жөнүндө, мыйзам долбоорун демилгелөө жана төраганы жана анын эки орун басарын шайлоо жөнүндө чечимдер кабып алынган жыйналышынын протоколу;
3) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери (туруктуу же убактылуу) көрсөтүлгөн тизмеси;
4) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү;
5) мыйзам долбоорунун тексти кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө;
6) салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаңы редакциясы берилген учурда);
7) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме;
8) жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда);
9) жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 6, 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн мыйзам долбоору, мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаны редакциясы берилген учурда), жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда), жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин тизмеси акыркысы болуп саналат.
4. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча демилгечи топту каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
Демилгечи топтордун реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. Демилгечи топтордун реестри онлайн-форматта жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланат.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
1. Демилгечи топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү демилгесин колдоо үчүн кол топтоого;
2) элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалыматты мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар менен таркатууга;
3) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт жүргүзүүгө.
2. Демилгечи топтун мүчөлөрү аны каттоо жөнүндө күбөлүгүн берген учурдан тартып ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төрага жана анын эки орун басары шайланат. Төраганын жана анын орун басарларын шалоо жөнүндө демилгечи топтун жыйналышынын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага чогулушка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
4. Ошондой эле демилгечи топтун төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) демилгечи топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарда көрсөтүүгө;
2) демилгечи топтун ишин координациялоого.
5. Демилгечи топтун чогулушунун чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Мыйзам долбоорунун мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүү жана демилгечи топту каттоо
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги отуз күндүк мөөнөттө мыйзам долбоорунун ушул Мыйзамдын 4-беренесинин талаптарына ылайыктуулугун, ошондой эле демилгечи топту түзүү жөнүндө документтерди текшерет.
2. Берилген документтерди текшерүүнүн жана жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттайт.
3. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Демилгечи топту каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине зарыл документтердин тизмеги берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
(Абзац КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттоо күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдайт.
7. Демилгечи топ катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзам долбоорун коштоочу документтери менен, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт. Демилгечи топ аны каттаган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде мыйзам долбоорунун текстин коштоочу документтери менен республикалык басылмалардын биринде же болбосо Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыялоого милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
9-берене. Демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуунун негиздери
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй учурларда демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн маалыматтары анык эмес болгон;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамдын долбоору ушул мыйзамдын 4-беренесинде каралган талаптарга ылайык келбеген.
2. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
3. Демилгечи топтун мүчөлөрү каттоодон баш тартууга негиз болуп саналган себептерди жойгондон кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрадан кайрыла алышат.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт
1. Демилгечи топтун мүчөлөрүнө мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө үгүт ишин чогулуштарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардын колдорун топтоо убагында жүргүзүү укугу берилет.
2. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук жек көрүүнү жана касташууну козутууга багытталган аракеттерге, бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарына, согушту пропагандалоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.
3. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн "макул" же болбосо ага "каршы" үгүтүн жүргүзүүчү жарандар, демилгечи топтун мүчөлөрү жарандарга акча каражаттарын, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды таратууга, товарларды жеңилдетилген бааларда сатууга, басма сөз үгүт материалдарынан тышкары ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды акысыз берүүгө укуксуз. Үгүт жүргүзүүдө жарандарга акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды берүүгө убада берүү менен таасир көрсөтүүгө тыюу салынат.
4. Үгүт ишин жүргүзүүгө төмөнкүлөр катыша албайт:
1) ээлеген кызмат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматта болгон адамдар, укук коргоо, салык, финансы органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчысы;
2) активдүү шайлоо укугуна ээ болбогон адамдар.
11-берене. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн жарандардын колдорун топтоонун тартиби
1. Кол топтоо демилгечи топ тарабынан мыйзам долбоорунун тексти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында же республикалык басылмалардын биринде жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин башталат жана кол топтоо жол-жобосу башталган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин аяктайт. Кол топтоо мыйзам долбоорун колдогон он миң жана андан ашык кол чогултулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
2. Кол топтоо укугу демилгечи топтун мүчөлөрүнө таандык. Демилгечи топтун кол топтоону жүргүзүүчү мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорунун жарыяланган текстин, же болбосо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы же Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталындагы маалыматты таанышуу үчүн жарандарга сунуштоого, ошондой эле жарандарга демилгечи топтордун реестрге киргизилген маалыматтары жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
3. Жарандардын кол топтоосу жашаган, иштеген, окуган жеринде, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында айлык акы берилген жерлерде кол топтоого жол берилбейт.
31. Жарандар белгиленген формада кол коюу барагын толтуруу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү жөнүндө сунушка өз колдоосун билдирүүгө укуктуу. Кол коюу барагын, анын ичинде электрондук колтамганы колдонуу менен толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
4. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту колдоп, жаран бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
5. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту колдоп кол койгон жарандар кол коюлган барактар өткөрүлгөнгө чейин демилгечи тобуна арыз берүү жолу менен кол коюу барактарына өзү койгон колтамгасын чакыртып алууга укуктуу.
6. Мыйзамдын долбооруна элдик демилге жолу менен кайталап демилге көтөрүү колдорду топтоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин алты айдан эрте эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Демилгечи топ тарабынан мурда чогултулган колдор кийинки элдик демилгени жүзөгө ашырууда пайдаланылышы мүмкүн эмес.
7. Кол топтоо аяктагандан кийин демилгечи топ кол топтоо жүргүзүлгөн ар бир областтар, Бишкек, Ош шаарлары боюнча жарандын чогулган колтамгаларын, ошондой Кыргыз Республикасынын жарандарынын кол топтоонун жалпы санын эсептейт, ал тууралуу демилгечи топтун жыйынтык протоколу түзүлөт.
8. Эгерде кол коюу барагына дене боюнун кемчиликтерине байланыштуу өз колун коюу мүмкүнчүлүгү жок, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран кол койсо, кол коюучу жарандын катышуусунда, жана нотариустун катышуусунда ал үчүн башка адамдын кол коюусуна жол берилет, же болбосо факсимилдик кол коюуну пайдаланууга жол берилет жана анын аныктыгы "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күбөлөндүрүлөт.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31 , 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
12-берене. Жарандардын колтамгаларынын аныктыгын текшерүү
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кол топтоо аяктагандан кийин отуз күндүк мөөнөттө кол топтоонун тартибинин, кол тамгалардын барактарынын жол-жоболоштурулушун, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп, колтамгалардын аныктыгын текшерет.
Колтамгалардын аныктыгын жана кол коюу барактарында камтылган аларга тийиштүү маалыматтарды текшерүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн чечими менен Аппараттын кызматкерлеринин жана тартылган адистердин ичинен жумушчу топторду түзө алат.
2. Кол коюу барактарындагы маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча жарандын колтамгасы анык же болбосо анык эмес деп табылат.
3. Кол коюу барактарында камтылган эгерде алар тарабынан атайын ал алып салынышы эскертип айтылбаса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кол коюу барактарын бергенге чейин кол коюу чогулткан демилгечи топтун мүчөсү тарабынан алынып салынган (чийип салынган) жарандардын колтамгасы жана ага тийиштүү маалыматтар текшерүүгө жана эсепке алууга жатпайт.
4. Жарандардын колтамгасынын аныктыгын текшерүүдө төмөнкүлөр анык эмес койгон кол болуп эсептелет:
1) жок адамдардын атынан коюлган жана анык деп берилген колтамгалар (жалган);
2) шайлоо укугуна ээ болбогон жарандардын колтамгалары;
3) демилгечи топ катталганга чейин топтолгон колтамгалар;
4) топтоого белгиленген мөөнөттү бузуу менен чогултулган колу.
5. Бир эле жарандын бир нече коюлган колтамгасы табылган учурда анын бири гана анык деп саналат.
6. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол коюу барактарына жарандардын колтамгалардын топтоонун натыйжалары жөнүндө жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Ал чечимде демилгечи топтон кабыл алынган кол коюу барактарында коюлган колтамгалардын анык деп табылган жана анык эмес деп табылган колтамгалардын саны көрсөтүлөт.
7. Жумушчу топтун чечиминин бир нускасы демилгечи топко берилет.
8. Кол коюу барактары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин архивинде сакталууга тийиш.
9. Кол коюу барагынын формасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
13-берене. Элдик демилгени ишке ашырууга багытталган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар
1. Элдик демилгени (жарандардын колтамгаларын чогултуу, үгүт иштерин жүргүзүү, экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү, жөнгө салуучу таасирди талдоо) ишке ашырууга багытталган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө болгон чыгымдар демилгечи топтун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Демилгечи топ өзүнүн демилгеси жөнүндө калкка маалымдоо үчүн "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жана "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоберүүнү пайдаланууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдын долбооруна карата коюлуучу жалпы талаптар
1. Демилгечи топ мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун киргизүүнүн тартибине коюлган ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарды сактоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
2. Мыйзамдын долбооруна демилгечи топтун төрагасы (төрагасынын орун басары) виза коюуга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдын долбооруна демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүгү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген документтер тиркелет.
4. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демилгечи топтун төрагасы (төрагасынын орун басары) сунуш кылат.
5. Техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду албаганда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзамдын долбооруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор демилгечи топ менен макулдашылууга тийиш, мунун өзү демилгечи топтун чогулушунун чечими менен ырасталат.
15-берене. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө демилге көтөрүүдө жарандардын кеминде 300 миң колтамгаларын жана мыйзамдарды кабыл алууга демилге көтөрүүдө жарандардын кеминде 10 миң колтамгалары бар экендигин ырастоочу ушул Мыйзамдын талаптарын демилгечи топ сактагандыгы жөнүндө чечимди демилгечи топко берген учурдан тартып үч айдын ичинде демилгечи топ мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
16-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзамдын долбоорунун милдеттүү каралышы
1. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарга ылайык мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү каралууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы тарабынан өзүнүн күчүн жана кароого милдеттүүлүгүн сактайт.
17-берене. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши экинчи окууда караганга чейин чакыртылып алынышы мүмкүн.
2. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө чечим демилгечи топтун жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда демилгечи топ бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жазуу жүзүндө билдирет.
4. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланат.
18-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Зомбулук, коркутуу, алдоо, сатып алуу жана башка ыкма менен жарандардын мыйзам чыгаруу демилге укугунун эркин жүзөгө ашырылышына, мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушка "макул" же "каршы" үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылган адамдар, ошондой эле жалган документтерди берген, кол коюу барактарындагы жарандардын колтамгаларынын аныктыгын текшерүүнүн натыйжаларын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, башка уюмдардын кызмат адамдары жана башка адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликти тартат.
19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын;
- ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка чараларды көрсүн.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |