Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-февралы № 29
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин жыйырма сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"фитосанитардык контролдоочу пост - Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында жана башка жерлерде аларды материалдык-техникалык жабдуу жана жайгаштыруу боюнча Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген талаптарын эске алуу менен түзүлгөн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча пункт;";
2) 4-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктө "карантиндик объекттердин ага өтүп киришинен жана жайылып кетишинен" деген сөздөрдү "карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген кесепеттерин четтетүүгө, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо, көрүп чыгуу" деген сөздөр "транспорт каражатын жана карантинге алынган өндүрүмдү көрүү чыгуу, карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-беренеде:
а) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү" деген сөздөр "Өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылары менен бекитилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 8-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 9-берененин 1 жана 5-бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 10-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 12-беренеде:
а) 1-бөлүктө ", лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн ылгап алуу менен кароо аркылуу жана карантинге алынуучу өндүрүмдүн карантиндик фитосанитардык абалы жөнүндө корутундунун" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 14-беренеде:
а) 2-бөлүк "аракеттерине же аракетсиздигине" деген сөздөрдөн кийин "административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 15-берененин тогузунчу абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 16-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 12-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |