Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-январы № 2
Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28, 2023-жылдын 15-февралындагы № 29, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзамдын максаттары өсүмдүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын аймагын ага карантиндик объекттердин өтүп киришинен жана жайылып кетишинен коргоону камсыз кылуу, карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген зыянды четтетүү болуп эсептелет.
2. Ушул Мыйзам өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы жөнгө салуунун укуктук негиздердин белгилейт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы жеке жана юридикалык жактардын негизги укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
фитосанитардык тобокелдиктин талдоосу - организмдин зыяндуу организм экендигин же жоктугун аныктоо, ага карата жөнгө салуу зарылчылыгы жана карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү максатында биологиялык же башка илимий жана экономикалык маалыматтарды баалоо процесси;
зыяндуу организм - өсүмдүктөр же өсүмдүктөрдөн жасалган өндүрүмдөр үчүн зыяндуу өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын же патогендик агенттердин ар кандай түрү, бир түрү же биотиби;
мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) - өсүмдүктөрдүн карантини жаатында контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын карантинге алынган өндүрүмдөгү, карантинге алынган объекттердеги карантиндик объекттерди табууга, карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын камсыз кылууга багытталган ишмердиги;
кароо - карантинге алынган объекттердин бар же жок экендигин табуу жана (же) сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү ылгап алуу мүмкүнчүлүгү менен карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын текшерүү максатында карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди текшерип кароо;
убактылуу чектөөлөр - белгилүү бир мөөнөттө Кыргыз Республикасына карантинге алынган өндүрүмдү ташып кирүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча алып өтүүгө тыюу салуучу карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү;
жугузуу - карантинге алынуучу өндүрүмдө, карантинге алынуучу объекттерде жашоого жөндөмдүү зыяндуу организмдердин болушу;
өсүмдүктөрдүн карантини - Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөрдөн жасалган өндүрүмдү карантиндик объекттерден коргоо боюнча чаралардын тутуму каралган укуктук шарттам;
карантиндик объект - Кыргыз Республикасынын аймагында жок же чектелүү түрдө жайылтылган жана Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмегине киргизилген зыяндуу организм;
карантиндик тастыктама - Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча алып өтүүдө карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясынын карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин ырастоочу документ;
карантиндик фитосанитардык коопсуздук - Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик объекттердин өтүп киришинен жана жайылып кетишинен улам пайда болуучу тобокелдиктерден корголуу абалы;
карантиндик фитосанитардык чаралар - өсүмдүктөрдүн карантини жаатында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында белгиленген аткаруу үчүн милдеттүү талаптар, эрежелер жана жол-жоболор;
карантиндик фитосанитардык шарттам - өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жана карантиндик объекттердин андан ары жайылып кетишинин алдын алуу максатында карантиндик фитосанитардык зонада карантиндик объекттин очогун чектөө жана (же) карантиндик объекттин жайылып кетишин жоюу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чаралардын комплекси;
карантиндик фитосанитардык тазалоо - зыяндуу организмдерди жок кылуу, жоготуу, стерилизациялоо (тукум улоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу) же аларды жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу боюнча жол-жобо;
карантиндик фитосанитардык текшерүү - карантиндик объекттердин жайылып кетишин аныктоо жана белгиленген мезгилде карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү жол-жобо;
аймактын, карантинге алынуучу өндүрүмдүн, карантинге алынуучу объекттин карантиндик фитосанитардык абалы - аймакта, карантинге алынуучу өндүрүмдө, карантинге алынуучу объектте карантиндик объекттердин болушу же жок болушу;
карантиндик фитосанитардык талаптар - карантинге алынуучу өндүрүмгө, аны ташып кирүүгө, өндүрүүгө (анын ичинде кайра иштетүүгө), сактоого, ташууга, сатууга, жок кылууга жана карантинге алынуучу объектиге коюлган талаптар;
карантиндик объекттин жайылып кетишин жоюу - карантиндик объекттин жайылып кетишин жок кылуу үчүн карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү;
карантиндик объекттин очогун чектөө - карантиндик объект табылган аймакта жана ошол аймактын тегерегинде мындай объекттин жайылып кетишин четтетүү үчүн карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү;
көрүп чыгуу - карантиндик объекттерди табуу максатында сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү ылгабастап, каратинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объектти көз чаптырып кароо;
карантиндик объекттин очогу - карантиндик объекттин жайылып кетиши табылган же карантиндик объекттин жайылып кетишинин санынын кескин көбөйүп кетүүсү табылган Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагынын бөлүгү;
карантиндик өндүрүмдүн партиясы - бир унаа каражаты менен бир жерге баруучу бир алуучуга келип түшүрүлүүчү карантинге алынуучу бир өңчөй өндүрүмдүн саны;
карантинге алынуучу өндүрүм - карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү зарыл болгон карантиндик объекттерди алып жүрүшү мүмкүн болгон жана (же) алардын таркап кетишине түрткү берүүчү өсүмдүктөр, өсүмдүк өндүрүмү, идиш, таңгак, анын ичинде таңгактоочу материалдар, жүктөр, топурак, организмдер же материалдар;
карантинге алынуучу объекттер - Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттердин өтүп кирүү жана (же) жайылып кетүү булагы болуп эсептелүүгө жөндөмдүү каалагандай максаттуу багыттагы жер участоктору, имараттар, курулуштар, курулмалар, резервуарлар, топтоо жерлери (жайлары), жабдуулар, унаа каражаттары, контейнерлер, башка объекттер;
реэкспорттук фитосанитардык тастыкма - өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук уюм тарабынан кийин аймагынан ташып чыгарылып кете турган өлкөгө ташып кирилүүчү карантинге алынган жүккө берилген эл аралык үлгүдөгү документ;
карантинге алынуучу өндүрүмдүн менчик ээси - карантинге алынуучу өндүрүмгө жеке менчик укугуна ээ болгон жак;
фитосанитардык тастыктама - экспортер өлкөнүн өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук уюм тарабынан берилген жана карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясын коштоочу, карантинге алынуучу өндүрүмдүн баруучу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкештигин ырастоочу эл аралык үлгүдөгү документ;
фитосанитардык контролдоочу пост - Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында жана башка жерлерде аларды материалдык-техникалык жабдуу жана жайгаштыруу боюнча Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген талаптарын эске алуу менен түзүлгөн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча пункт;
фитосанитардык тобокелдик - Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттердин өтүп кирүү жана жайылып кетүү ыктымалдуулугу, ошондой эле ушул мүмкүн болуучу кесепеттер менен байланышкан масштаб.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында укуктук жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Мыйзамга, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.
4-берене. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында саясатты ишке ашыруу
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өсүмдүктөрдүн карантини жаатында ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органын аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл)
5-берене. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык ардык контроль (көзөмөл)
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) өсүмдүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген кесепеттерин четтетүүгө, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга коргоону камсыз кылууга, карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген залалды четтетүүгө, импортер өлкөлөрдүн карантиндик фитосанитардык талаптарын сактоого багытталган.
2. Карантинге алынуучу өндүрүмдү мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында; карантинге алынуучу объектти - карантинге алынуучу өндүрүмдү сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка жерлерде жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль жүргүзүү тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен "бир терезе" принциби боюнча мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүдө электрондук формадагы маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) төмөнкүлөрдү камтыган иш-чараларды өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
карантинге алынуучу өндүрүмдүн абалынын карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин аныктоо максатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандап алуу менен транспорт каражатын жана карантинге алынган өндүрүмдү көрүү чыгуу, карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо;
карантиндик фитосанитардык чөлкөмдөрдөн чет мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди, ошондой эле унаа каражаттарын карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууну уюштуруу;
карантинге алынуучу объекттерде карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү өткөрүү.
4. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) уюштуруу жана жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-глава. Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык коопсуздугун жана карантиндик фитосанитардык абалына мониторингди камсыз кылуу
6-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча карантиндик объектилерге байкоо жүргүзүү, талдоо, баалоо жана таралышын божомолдоо тутумун билдирет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишке ашырылат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Фитосанитардык тобокелдикти талдоо
Фитосанитардык тобокелдикти талдоо бул тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды колдонуунун объективдүүлүк, ишенимдүүлүк жана натыйжалуулук принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ишке ашырылат. Фитосанитардык тобокелдикти талдоонун жыйынтыгы төмөнкүлөргө негиз болот:
карантиндик фитосанитардык талаптарды иштеп чыгууга;
карантиндик фитосанитардык шарттамды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюуга жана (же) Кыргыз Республикасына ташып кирүүчү карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик фитосанитардык талаптарды белгилөөгө;
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашырууга;
Өсүмдүктөрдүн карантини жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылары менен бекитилүүчү карантиндик объекттердин жана карантиндик фитосанитардык талаптардын тизмегин түзүүгө.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Өзгөчө карантиндик шарттамды киргизүүнүн жана алып салуунун тартиби
1. Карантиндик объект табылганда булганган аймакта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте 24 сааттын ичинде өзгөчө карантиндик шарттам киргизилет.
2. Өзгөчө карантиндик шарттамдагы аймактагы иш-чаралар төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
транспорт каражаттардын киришин чектөө жана аларды кароо;
карантинге алынуучу тийиштүү жүктөрдү ташып чыгууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү;
карантинге алынуучу материалдарды жана объекттерди зыянсыздандыруу;
карантинге алынуучу материалдарды техникалык кайра иштетүү же жок кылуу.
3. Карантинге алынуучу объект жок кылынгандан кийин карантиндик шарттам алып салынат.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун эрежелери
1. Жогорку жана төмөнкү фитосанитардык тобокелдиги бар, карантинге алынуучу, карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык келген өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган атайын жабдылган пункттарда ишке ашырылат.
2. Импортер өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык келүүчү фитосанитардык тастыктамасы бар болгондо, карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга жол берилет.
3. Фитосанитардык карантиндик контроль ишке ашырылгандан кийин гана карантинге алынуучу жүктөргө бажылык документтер таризделет.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жана өзгөчө карантиндик зоналардын чегинен өткөрүлүп жаткан бардык карантинге алынуучу өндүрүм жана объекттер кайсы өлкөдө чыгарылганына карабастан, бирдей шарттамдарда фитосанитардык карантиндик контролдон өтүүгө тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй учурларда карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизе алат:
чет мамлекеттин бүткүл аймагында же аймагынын бир бөлүгүндө, чет мамлекеттердин тобунун аймактарында карантиндик объекттердин очогу чыкканы жөнүндө маалымат болсо;
карантинге алынуучу өндүрүмдүн партияларында карантиндик объекттер дайыма табылган болсо.
6. Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюу жөнүндө чечим алынып кирүүчү карантиндик өндүрүмгө карата кошумча карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
мындай чектөөнү колдонуу мөөнөтү;
тийиштүү чечимдин күчүнө кирүү мөөнөтү.
7. Чечим убактылуу чектөө киргизүүнүн себеби жоюлганга чейин белгисиз мөөнөткө кабыл алынышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөр
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөр карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик объектилер жугуп калган белгилери бар же жок экендигин аныктоо максатында карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн изилдөөгө алат.
2. Өсүмдүктөрдүн карантини жагынан лабораториялык изилдөөлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
карантинге алынуучу өндүрүмдүн абалы карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык экендигин аныктоодо;
Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүүдө;
фитосанитардык тастыктама берүүдө;
карантиндик тастыктама берүүдө;
карантинге алынуучу объектилерге карантиндик фитосанитардык текшерүүнү жүргүзүүдө;
илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө;
карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасынын аймагында ташууда же аны карантиндик объектилери жок зоналардан ташып чыгууда.
3. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториялары жүргүзөт.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу
1. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу жөнүндө көрсөтмө берилгенде;
эгерде карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик объекттер жугуп калса, карантинге алынуучу өндүрүмдүн менчик ээси карантиндик фитосанитардык чара катары ушул жол-жобону тандап алганда.
2. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууга аны жүргүзүүчү жерде адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу келтирилбегендей ыкмалар менен жүргүзүү үчүн шарттар камсыз кылынганда гана жол берилет.
3. Көрсөтүлгөн зыянсыздандыруу боюнча ишти аткаруунун сапатын камсыз кылуучу карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу усулдарына жана ыкмаларына талаптар, алардын натыйжаларын тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарына ылайык белгиленет.
12-берене. Фитосанитардык тастыктамалоо, реэкспорттук фитосанитардык тастыктамалоо жана карантиндик тастыктамалоо
1. Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясынын тастыктамасы жана реэкспорттук фитосанитардык тастыктамасы тышкы экономикалык иштин катышуучусунун арызынын негизинде берилет.
2. Фитосанитардык тастыктама, реэкспорттук фитосанитардык тастыктама жана карантиндик тастыктама берүүнүн формалары жана тартиби, ошондой эле берилген тастыктамалар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтыгы жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик
13-берене. Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтыгы
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күнүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык кызматташтык төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдары менен карантиндик фитосанитардык коопсуздук жөнүндө зарыл маалыматтарды алмашуу;
чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына карантинге алынуучу өндүрүмгө коюлуучу талаптар жана карантинге алынуучу өндүрүмгө карата белгиленген чектөөлөр тууралуу кабарлоо;
чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына Кыргыз Республикасына алып келинген карантинге алынуучу өндүрүмдүн Кыргыз Республикасынын карантиндик жана фитосанитардык талаптарына ылайык эместиги жөнүндө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган карантинге алынуучу өндүрүмдүн чет мамлекеттердин карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп бербеген учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө кабарлоо.
14-берене. Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
2. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28, 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
15-берене. Жарандардын, юридикалык жактардын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы милдеттери
1. Менчигинде, ээлигинде, пайдалануусунда, ижарага алуусунда карантинге алынуучу объекттер болгон же карантинге алынуучу өндүрүмдү өндүрүүнү (анын ичинде кайра иштетүүнү), ташып кирүүнү, ташып чыгууну, сактоону, ташууну жана сатууну ишке ашырган жарандар, юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
карантиндик фитосанитардык талаптарды аткарууга;
карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди жеткирүү жөнүндө өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына кабарлоого;
мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга;
карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди сактоо үчүн карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайыктуу жайды бөлүп берүүгө;
карантинге алынуучу өндүрүм, башка карантинге алынуучу объекттер бар унаа каражаттарын жана контейнерлерди бара жаткан жолунда, ошондой эле ал үчүн арналбаган жерлерде тазалоого жол бербөөгө;
өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду жүзөгө ашырганга чейин карантинге алынуучу өндүрүмдүн, карантинге алынуучу объекттердин талаптагыдай сакталышын камсыз кылууга;
карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууну, тазалоону, дегазациялоону жүргүзүү үчүн унаа каражаттарын, атайын жабдылган аянттарды, жайларды бөлүп берүүгө;
карантинге алынуучу өндүрүмгө, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик объекттердин жугуп калуу белгилери табылгандыгы тууралуу өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте кабарлоого;
карантинге алынуучу өндүрүмдү ташууда аны жоготуп коюу мүмкүнчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттерден оору жугуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай чараларды көрүү аркылуу ишке ашырууга;
өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жазма буйруктарын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга;
карантиндик объекттерди табуу жана аларга каршы күрөшүү максатында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө;
карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жана карантинге алынуучу өндүрүмдү кармоо, кайтарып берүү жана жок кылуу боюнча сарптоолорго акы төлөөгө;
Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарына, өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу эрежелерине жана ченемдерине ылайык башка милдеттерди аткарууга.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыялоого жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 27-июнундагы № 26 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 93-ст.);
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 74 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 324-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |