Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-февралы № 36
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьяда:
а) экинчи бөлүктө:
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзац "нике тууралуу күбөлүк" деген сөздөрдөн кийин "(эгерде бар болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төртүнчү бөлүктөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган этникалык кыргыздар инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучулардын, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана (же) кыз бир туугандарынын, чоң атасынын, чоң энесинин, таятасынын, таянесинин, неберелеринин) паспортун берет.
Эгерде анын этникалык таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ырасталса, чет мамлекетте туулган, паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө улутунун графасы болбогон этникалык кыргыз кайрылман статусун ала алат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан бул адамдын этникалык таандыктыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда, кайрылман статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим кайрылман статусун берүү жөнүндө этникалык кыргыздардын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.";
2) 8-статьянын алтынчы бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Белгилүү жашаган жери жок кайрылмандар жана этникалык кыргыздар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталууга укуктуу.";
6) 17-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 19-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги текстинде "19-берене" деген сөздөр "19-статья" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"башка жарандык - Кыргыз Республикасынын жаранында бир чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттердин жарандыгынын болушу;";
б) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана анын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттин жарандыгына таандыгы жок адам;";
г) тогузунчу жана он биринчи абзацтардагы "токтотуунун" деген сөз "жоготуунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"жарандыгы жок адамдын күбөлүгү - жарандыгы жок адамдын туруктуу жашаган мамлекетинде берилген, анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү жана статусун ырастоочу документ.";
2) 5-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу, ушул Мыйзамдын 23-статьясында белгиленген негиздерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келбейт.";
4) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер
Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери жана Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү, жарандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат.";
5) 10-статьядагы "Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларда каралган учурлардан тышкары," деген сөздөр алып салынсын;
6) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу
1. Ата-энеси, же жалгыз атасы же энеси бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, бала туулган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат;
2. Туулгандыгы боюнча чет өлкөлүк жарандыкты алган балага карата баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арыз берген жагдайды кошпогондо, ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
3. Бала туулган учурда ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси жарандыгы жок же белгисиз адам болсо, бала туулган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси, же жалгыз атасы же энеси жарандыгы жок адамдар болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн, ата-энесинин экөө тең, же жалгыз атасы же энеси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген бала, эгерде ата-энесинин, же жалгыз атасынын же энесинин жарандыгы болгон мамлекет балага жарандык бербесе, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, ата-энесинин экөө тең белгисиз бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.";
7) 13-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасында жана жараны болуп саналган чет мамлекетте соттолгону болбосо.";
в) 2-бөлүктө:
- 2-пункт "техника, маданият" деген сөздөрдөн кийин ", спорт" деген сөз менен толукталсын;
- 3-пункттагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт "качкындар" деген сөздөрдөн кийин "же жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.";
8) 14-статьяда:
а) 1-бөлүктүн 2-пунктундагы "Кыргыз ССРинде төрөлсө жана" деген сөздөр "Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү ", Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген аял жынысындагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар," деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүктөгү "1 жана 2-бөлүгүндө" деген сөздөр "1-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, бир жылга чейин кыскартылат.
Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө кабыл алынат.
6. Арыз ээсинин өздүгүнө, анын ишине, спортко салымына, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө экономикалык, маданий жактан салымына байланыштуу негиздер жана жагдайлар боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.";
9) 16-статьянын 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин" деген сөздөр "Качкындар катары таанылган жана чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык куугунтукталган адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 19-статьяда "камкордукка же көзөмөлдүккө алуучунун сунуштамасы боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
11) 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана экинчи ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен" деген сөздөр ", эгерде бала Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Кыргыз Республикасынын жаранында чет мамлекеттин жарандыгы бар деп таануу
1. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калуу менен башка чет мамлекеттин жарандыгын ала алат.
2. Кыргыз Республикасында башка жарандык төмөнкүлөргө таанылбайт:
1) Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин жарандарына;
2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга.
3. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасы аны менен мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселелери боюнча эл аралык келишими болгон чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда кош жарандыгы бар жаран катары таанылат.
4. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын судьясы, укук коргоо органдарынын кызматкери, коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкери боло албайт, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт.
5. Кош жарандыкты жоготуу, калыбына келтирүү жана андан чыгуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош жарандык маселелери боюнча эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте, же улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте бул жөнүндө кабарлоого милдеттүү.";
13) 24-статьяда:
а) 1-бөлүк "учурлардан тышкары," деген сөздөрдөн кийин "адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк "учурлардан тышкары," деген сөздөрдөн кийин "адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо," деген сөздөр менен толукталсын;
14) 26-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгы билип туруп жалган маалыматтарды же жасалма документтерди берүүнүн натыйжасында алынса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоготулат.
2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкү негиздер боюнча жоготулат:
1) Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы) жарандыгы алынса;
2) башка жарандыгы жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы болсо;
3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык каралган башка негиздер боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.";
15) 27-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;";
16) 28-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу" деген сөздөр алып салынсын;
17) 29-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;";
18) 30-статьянын 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) чет мамлекетте жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;";
19) 31-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу маселелери боюнча арыздар арыз берүүчүнүн туруктуу жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган адамдардан Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу маселелери боюнча арыздарды кабыл алат жана карайт.";
20) 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына берилүүчү документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
6. Этникалык кыргыз болуп саналган, чет мамлекеттин жарандыгына ээ адамдар, же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга арыз берүүдө өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын кыргыз тилинде айтылышына ылайык ыктыярдуу негизде өзгөртө алат.";
21) 33-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кабыл алуунун жана кароонун тартиби
1. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыз берүүчүнүн жеке өзү тарабынан берилген бардык арыздарды кабыл алууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча, эреже катары, арыз берүүчүнүн жеке өзү тарабынан берилген же болбосо почта аркылуу жөнөтүлгөн, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү өзгөчө мүнөздөгү жагдайларга байланыштуу үчүнчү жак аркылуу берилген бардык арыздарды кабыл алууга милдеттүү.
2. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же жарандык маселелер боюнча арыздарды тариздеген тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүк же болбосо консулдук мекеме ал боюнча өзүнүн жүйөлөнгөн жана негизделген корутундусун чыгарат.
3. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери жарандык жөнүндө арыздар боюнча өзүнүн корутундуларын жана улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары менен макулдашылган башка керектүү материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссияга жөнөтөт.
Улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары жарандык маселелер боюнча жүйөлөнгөн өз сунуштарын жалпы тартип боюнча 90 күндүн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча 30 күндүн ичинде жиберет.
Улуттук коопсуздук органдарынан же болбосо ички иштер органдарынан терс жооп келип түшкөн учурда, арыз калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө арыз берүүчүгө жооп жиберүү үчүн кайтарылат.
4. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер тарабынан жарандык маселелери боюнча арыздарды кароонун жалпы мөөнөтү жалпы тартип боюнча 120 күндөн жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип боюнча 60 күндөн ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз боюнча корутундуда арыз берүүчүнүн мамлекеттин алдындагы аткарылбаган милдеттенмелери же анын жарандардын же ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин олуттуу кызыкчылыктарына байланышкан мүлктүк милдеттери жөнүндө маалымат; анын күнөөлүү катары кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, же болбосо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча анын жаза өтөгөндүгү жөнүндө, же болбосо бул адамдын жарандыктан чыгуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугунун кызыкчылыктарына каршы келе тургандыгы жөнүндө маалымат билдирилет.";
23) 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Мамлекеттик алымды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды алуу
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, жарандыкты калыбына келтирүү же андан чыгуу жөнүндө арыздарды Кыргыз Республикасынын аймагында бергенде мамлекеттик алым, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен сырткарыда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар алынат.
2. Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.";
24) 37-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "алты айга" деген сөздөр "бир жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "үч айлык" деген сөздөр "алты айлык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын чечими катталган күнү жоготушат.";
25) 38-статьяда:
а) "Кыргыз Республикасынын аймагында турган" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасынын аймагында турган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системага киргизилет.
3. Автоматташтырылган маалыматтык системаны жүргүзүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.";
26) 39-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "органдары чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга укук берет" деген сөздөр "органы чет элдик жаран үчүн жашап турууга укук же жарандыгы жок адамдын статусун берет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 42-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-статья. Жарандык маселелер боюнча кызмат адамдарынын аракеттерине карата даттануу
Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кароодон баш тартуу жана жарандык жөнүндө арыздар боюнча корутундуларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча чечимдерди жөнөтүүнүн тартибин жана мөөнөтүн бузган кызмат адамдарынын башка аракеттери баш ийүү тартиби боюнча жогору турган кызмат адамына же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн.".
3-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 5 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 28-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |