Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 26-ноябры № 175
Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө
(КР 2008-жылдын 18 июлундагы № 157, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2023-жылдын 14-июлундагы № 139, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам этникалык кыргыздардын иммиграциясы жагындагы мамлекеттик саясатты жөнгө салат, иммиграциялык процесстердин укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин, ошондой эле кайрылмандардын жаңы жерде жашашы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү аныктайт.
1-глава
Негизги жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Кайрылман - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жана кайрылман статусун алган чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган этникалык кыргыздар;
кайрылман статусу - этникалык кыргыз болуп саналган чет өлкөлүк жарандын (жарандыгы жок адамдын) белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу убактылуу социалдык жана укуктук статусу;
(үчүнчү абзац КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
убактылуу жайгашуу борбору - Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүн кайрылмандар деп таануу тууралу расмий өтүнүч берген адамдардын жана алардын үй -бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жайгашкан жери;
жайгашуу аймагы - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн жер;
этникалык кыргыз - чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган кыргыз улутундагы адам.
(КР 2008-жылдын 18 июлундагы № 157, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Этникалык кыргыздардын иммиграциясын жөнгө салуучу мыйзамдар
Этникалык кыргыздардын иммиграциясы жана аларга кепилдиктерди берүү жагындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер менен жөнгө салынат.
3-статья. Этникалык кыргыздардын иммиграциясын жөнгө салуунун негизги принциптери
Этникалык кыргыздардын иммиграциясы жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекемделген адамдын көчүп-конуп жүрүү эркиндигин, эмгектенүү эркиндигин, кесип тандоо жана иш тандоо эркиндигин камсыз кылууга;
- республиканын учурдагы социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен тышкы миграция жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эларалык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тартибинде күчүнө кирген эларалык келишимдерге ылайык келтирүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасына этникалык кыргыздардын көчүп келүүсүнө ар тараптан көмөктөшүүгө, алардын жайгашуусун уюштурууга, кайрылмандарга жумушчу орундарын түзүүгө, социалдык жактан камсыз кылууга жана социалдык жардам көрсөтүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдардын этникалык кыргыздардын иммиграциялык процесстерин иретке салууну уюштурууга катышуусуна.
4-статья. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери
Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын аймагына этникалык кыргыздарды - иммигранттарды кабыл алуунун шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик миграция саясатын аныктоо;
- этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү процессин иретке салуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында этникалык кыргыздардын - иммигранттардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
- алардын социалдык-экономикалык жактан көнүгүүдөн өтүшү үчүн шарттарды түзүү.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Кайрылман статусу
Кайрылман статусу туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасына көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) этникалык кыргызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Адамда кайрылман статусунун болушу анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы социалдык жана укуктук статусун аныктайт жана Кыргыз Республикасы тарабынан берилүүчү социалдык жана укуктук кепилдиктерди алууга укук берет.
(КР 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава
Этникалык кыргыздардын иммиграциясы
6-статья. Кайрылмандардын иммиграциясынын квотасын белгилөө
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-статья. Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуунун тартиби жана документтердин тизмеги
Кайрылман статусун берүү жөнүндө адамдардын өтүнүчү үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бири тарабынан жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет:
- алардын жарандыгынын аймагында же туруктуу жашаган жеринде Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына.
Арыз ээси сканерленген документтерди миграция боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий электрондук дарегине жиберүүгө укуктуу. Документтер ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берилген же электрондук дарекке жөнөтүлгөн учурда, өтүнүчкө кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгы жана өтүнмөгө тиркелген документтин көчүрмөсүнүн анын түп нускасына ылайык келүүсү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылман статусун берүү жөнүндө кайрылганда, мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.
Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтерди берет:
- паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- (абзац КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- нике тууралуу күбөлүк (эгерде бар болсо).
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:
- жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, ата-энелери бир жана ата-энелеринин бирөө башка ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин, чоң атасынын, чоң энесинин, таята-таянесинин, неберелеринин) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүк;
- алыс туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана (же) эже-карындаштарынын, эже-сиңдилеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
Кайрылман статусун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган этникалык кыргыздар инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучулардын, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана (же) кыз бир туугандарынын, чоң атасынын, чоң энесинин, таятасынын, таянесинин, неберелеринин) паспортун берет.
Эгерде анын этникалык таандыктыгы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ырасталса, чет мамлекетте туулган, паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө улутунун графасы болбогон этникалык кыргыз кайрылман статусун ала алат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан бул адамдын этникалык таандыктыгын ырастоо мүмкүн болбогон учурда, кайрылман статусун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим кайрылман статусун берүү жөнүндө этникалык кыргыздардын өтүнүчтөрүн кароо боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2023-жылдын 14-июлундагы № 139, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби
Өтүнүчтү кароо жана кайрылман статусун берүү жөнүндө же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгаруу өтүнүч катталган күндөн тартып эки айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
Эгерде өтүнүч берген адамга кайрылман статусу берилсе, анда кайрылман статусу анын жубайына жана жашы жете элек балдарына, ошондой эле алар чогуу жашаган шартта, анын багуусундагы башка адамдарга да жайылтылат.
Жашы жете элек балдары, жубайы, ошондой эле алардын багуусундагы башка адамдар Кыргыз Республикасында ага кошулууга жана кайрылман статусун алууга укуктуу.
Кайрылман статусун алган адамдарга белгиленген үлгүдөгү кайрылмандын ырастамасы берилет.
Кайрылман ырастамасы кайрылман деп таанылган адамдын социалдык жана укуктук статусун тастыктоочу, Кыргыз Республикасында жүргөн жери боюнча каттоого туруу жана мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн негиз болуп саналуучу, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Кайрылман ырастамасынын үлгүсү, аны берүү, алмаштыруу жана жараксыз деп таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Өздөрүн кайрылман деп таануу тууралу расмий өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын укуктары жана милдеттери
Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктардан пайдаланышат жана милдеттерди тартышат. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын убактылуу жайгашуу борборлорунда жашап туруусунун шарты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жашай турган жери болбогон учурда убактылуу жайгашуу борборуна жолдомо алгандан кийин үч күндүн ичинде ал жакка жөнөп кетүүгө;
- чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жери жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;
- убактылуу жайгашуу борборунда жашап туруунун белгиленген тартибин сактоого;
- саламаттык сактоо органдарынын талабы боюнча медициналык кароодон өтүүгө, эмдөөлөрдөн, дарылоолордон өтүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- расмий өтүнүчтү кароо үчүн керек болгон маалыматтарды тиешелүү миграция кызматтарына билдирүүгө.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 ) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Кайрылмандын статусунун токтотулушу
Кайрылмандын статусу төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда;
- четөлкөгө туруктуу жашоо үчүн жөнөп кеткенде;
- кайрылмандын статусун алган учурда жалган маалымат бергенде;
- кайрылмандын арызы болгондо.
Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө кабарлама, анын даттануу себептерин, мөөнөттөрүн жана тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде адамдын жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) тапшырылат же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын катталган же иш жүзүндө жашаган жери боюнча жөнөтүлөт.
Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кайрылмандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби
(КР 2023-жылдын 22-февралындагы №36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12-статья. Кайрылмандын статусун берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
Кайрылмандын статусун алуу тууралу расмий өтүнүч берген адамдарга төмөндөгүдөй учурларда баш тартуу билдирилиши мүмкүн:
- эгерде алар адамзаттын тынчтыгына, коопсуздугуна каршы кылмыш жасашса;
- эгерде алар мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний каршылашууларды чыгарышса;
- эгерде алар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жана көз карансыздыгына каршы чыгышса, анын аймактык биримдигин жана бүтүмдүгүн бузууга чакырышса;
- эгерде алар террористтик иши жана киши өлтүргөндүгү үчүн соттолушса;
- эгерде алар көчүп келүү жөнүндө расмий өтүнүч берген учурда өзү тууралу жалган маалыматтарды билдиришсе;
- эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн керек болсо;
- эгерде алар соттолуп жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жазасын өтөп жатса - жаза мөөнөтү аяктаганга чейин.
(Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу
Адамга кайрылман статусун берүүдөн баш тартууда, баш тартуунун себептерин жана кабып алынган чечимге даттануу тартибин көрсөтүү менен чечим арыз ээсинин жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тапшырылат же андан ары жөнөтүү үчүн өтүнмө берилген жер боюнча арыз ээсине жөнөтүлөт.
Кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Кайрылман статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч берген адамдын үй-бүлө мүчөлөрү
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-глава Кайрылмандарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер
15-статья. Кайрылмандарга берилүүчү социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер
Мамлекет кайрылмандар үчүн төмөнкү социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт:
- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүү үчүн квота бөлүүнү;
- муктаж болгондорго жалпы билим берүүчү орто жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан орун берүүнү;
- мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүнү;
- ишке орношууда, кесибин жогорулатууда жана жаңы кесипти өздөштүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүүнү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык зарыл болгон медициналык-санитардык жардам алууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралган мамлекеттик даректүү жардам көрсөтүүнү.
Бажы чек арасы аркылуу этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке пайдалануу үчүн арналган товарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте бажы алымдарын төлөбөстөн алып өтүлүшү мүмкүн. Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен бажы чек арасы аркылуу өтүүгө укуктуу.
Кайрылмандар жумушка уруксат албастан эмгек ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
Кайрылмандар Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аныкталган шарттарда жана тартипте өздөрү катталган жана жашаган айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан мөөнөттүү пайдалануу үчүн жер алууга укуктуу.
Белгилүү жашаган жери жок кайрылмандар жана этникалык кыргыздар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталууга укуктуу.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2023-жылдын 14-июлундагы № 139 , 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Иммиграция квотасы боюнча көчүп келишкен кайрылмандарга берилүүчү жеңилдиктер, компенсациялар
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-глава Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын иммиграциясы жаатындагы мамлекеттик саясат
(Главанын аталышы КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Кайрылмандарды социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылуу
Мамлекет кайрылмандарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте, ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылат.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кайрылмандарга калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун кайтарымсыз мөөнөттүү пайдаланууга берет, ал жер кайрылман Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте анын менчигине өтөт.
(КР 2024-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн тартиби
Мамлекеттик кепилдиктердин өлчөмү жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 , 2023-жылдын 22-февралындагы № 36Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Кайрылмандардын иммиграциялык иш чараларын каржылоо
Кайрылмандардын иммиграциялык иш чараларын каржылоо республикалык бюджетте бул максаттар үчүн каралган каражаттардын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдик ыктыярдуу чегерүүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат.
(Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава
Корутунду жоболор
21-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине берсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |