Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-марты № 48
"Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1036-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде "эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берененин үчүнчү абзацы "улгайган жарандар деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-беренеде "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган," деген сөздөр алып салынсын;
4) 4-берененин 2-бөлүгү "социалдык колдоо" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле маалыматка жана билим берүүгө, спортко жана маданиятка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи - он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- адилеттүүлүктүн жана өз ара жардамдашуунун негизинде муундардын ортосундагы тилектештикти бекемдөөнү пропагандалоо;
- жаштар менен билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу өсүп келе жаткан муунду атуулдукка тарбиялоодо улгайган жарандардын катышуусу;
- улгайган жарандардын жарандык укуктарын сактоо жана кадыр-баркын сыйлоо;
- улгайган жарандардын өзүн өнүктүрүүсү, анын ичинде билим алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
- улгайган жарандарга карата терс мамилелерди жана басмырлоону жоюу.";
6) 6-берененин 2-бөлүгүндө "мамлекеттик буюртма" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык заказ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коммерциялык эмес уюмдар "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик социалдык заказ алууга конкурстарга катышууга укуктуу.";
8) 8-беренеде:
а) "Улгайган жарандар" деген сөздөр "1. Улгайган жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", шайланган органдардын өкүлчүлүгүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, бюджеттен тышкаркы каражаттардын алкагында түзүлгөн келишимдердин негизинде милдеттерди ишке ашыруу үчүн улгайган жарандарды ишке тартууга укуктуу.";
9) 9-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган," деген сөздөр алып салынсын;
10) 12-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 13-берене "Улгайган жарандарга" деген сөздөрдөн кийин "пенсиялык камсыздоо жана мамлекеттик төлөмдөр чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 16-беренеде:
а) аталышында жана 1-бөлүктө "адистештирилген" деген сөз "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Адистештирилген" деген сөз "Социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 17-берененин 3-бөлүгү "арызынын негизинде мамлекет ага" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 19-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 201-берене менен толукталсын:
"201-берене. Өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда улгайган жарандарды камсыз кылуу
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда улгайган жарандардын азык-түлүккө, турак жайга жана медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 25-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |