Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 133
Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам улгайган жарандардын толук кандуу жашоосуна, коомдун экономикалык жана саясий турмушуна катышуусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууларына мүмкүндүк берүүчү жагымдуу жагдайларды түзүүгө багытталган мамлекеттик саясатты аныктайт.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
геронтологиялык кызмат - бирдиктүү мамлекеттик саясатка жана бирдиктүү илимий-усулдук базага негизденген, заманбап социалдык-демографиялык жана социалдык-экономикалык кырдаалды эске алуу менен, улуу муундагы жарандардын абалын жакшыртуу жана алардын социалдык жактан корголушун чыңдоо үчүн медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү ишинин негизги багыты болуп саналган уюм;
улгайган жарандар - мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карылыгы боюнча пенсиялык куракка жеткен, 63 жана андан жогору жаштагы эркектер, 58 жана андан жогору жаштагы аялдар;
улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар - менчигинин түрүнө карабастан иштеген уюмдар, ошондой эле юридикалык жак түзбөстөн улгайган жарандарды социалдык жактан тейлөө боюнча жеке ишкердик кылышкан жарандар.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизденет.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат
1. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат улгайган жарандар үчүн укуктук, социалдык-экономикалык шарттарды түзүүгө, татыктуу жашоолору, өсүп-өнүгүүлөрү жана мүдөөлөрүн ишке ашыруулары үчүн кепилдиктерди берүүгө, кыска мөөнөтүү, орто мөөнөтүү жана узак мөөнөтүү жалпы мамлекеттик жана аймактык программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жолу менен, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августундагы № 442 "2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому
2. Саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо, ошондой эле маалыматка жана билим берүүгө, спортко жана маданиятка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу кызматтарынын сапатын арттыруу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясаттын принциптери
Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат төмөнкү принциптерге негизденет:
- улгайган жарандарга берилген мамлекеттик кепилдиктерди талаптагыдай камсыз кылуудагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги;
- улгайган жарандардын жыргалчылыгын жана социалдык жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугу;
- улгайган жарандардын жашоо-турмушунун жана жеке керектөөлөрүнүн мамлекет тарабынан кепилденген төмөнкү социалдык стандарттарын эске алуу менен, социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик кепилдиктерди берүү;
- улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды алуунун артыкчылыктуулугун жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- улгайган жарандардын Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүшүнө багытталган мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусу;
- адилеттүүлүктүн жана өз ара жардамдашуунун негизинде муундардын ортосундагы тилектештикти бекемдөөнү пропагандалоо;
- жаштар менен билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу өсүп келе жаткан муунду атуулдукка тарбиялоодо улгайган жарандардын катышуусу;
- улгайган жарандардын жарандык укуктарын сактоо жана кадыр-баркын сыйлоо;
- улгайган жарандардын өзүн өнүктүрүүсү, анын ичинде билим алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
- улгайган жарандарга карата терс мамилелерди жана басмырлоону жоюу.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик колдоо
1. Улгайган жарандарды колдоо боюнча аймактык жана жергиликтүү программаларды ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдо болгон каражаттарынын чектеринде катышат.
2. Улгайган жарандарга карата программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, мамлекеттик социалдык заказ аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каржылык, уюштуруучулук, усулдук жардамдарды жана көмөктөрдү көрсөтүшөт.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Юридикалык жактардын улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуусу
1. Юридикалык жактар улгайган жарандарды мамлекеттик колдоо боюнча бардык жалпы мамлекеттик жана аймактык программаларда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча чараларды ишке ашырууга катышууга укуктуу.
2. Коммерциялык эмес уюмдар "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекеттик социалдык заказ алууга конкурстарга катышууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууга улгайган жарандардын катышуусу
1. Улгайган жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайланган органдардын өкүлчүлүгүнүн дарегине сунуштарды жиберүү аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кандай гана болбосун ыкмалар менен мамлекеттик саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга катышат.
2. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, бюджеттен тышкаркы каражаттардын алкагында түзүлгөн келишимдердин негизинде милдеттерди ишке ашыруу үчүн улгайган жарандарды ишке тартууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Улгайган жарандардын социалдык укуктары жана кепилдиктери
1. Улгайган жарандар башка жарандар менен бир катарда Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында, ошондой эле башка укуктук ченемдик актыларында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде кепилденген укуктардын бардык комплексине ээ болушат.
2. Улгайган жарандардын кепилдиктерин жана укуктарын коргоону камсыз кылуу жагындагы укуктук негиздер, жашоо-тиричиликтин мамлекет тарабынан кепилденген эң төмөн социалдык стандарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
3. Улгайган жарандар жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, жаш курагына, жашаган жерине, динге мамилесине, саясий ынанымдарына карабастан, мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кепилдиктерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Улгайган жарандардын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугу
Улгайган жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- сый жана гумандуу мамилеге;
- калкты социалдык жактан коргоо органдары тарабынан белгиленген тартипте социалдык тейлөө мекемесин жана таризин тандап алууга;
- өз укуктары, милдеттери жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- социалдык тейлөөгө;
- социалдык тейлөөдөн баш тартууга;
- социалдык кызматтарды көрсөтүүдө социалдык тейлөө мекемесинин кызматкерине белгилүү болуп калган жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялыгына;
- өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде сот тартибинде коргоого.
11-берене. Социалдык коргоонун түрлөрү
1. Категориялык жана даректүү мамилени эске алуу менен, улгайган жарандарга мамлекет тарабынан социалдык коргоонун төмөнкү түрлөрү кепилденет:
- социалдык кепилдиктер;
- пенсиялар, социалдык жөлөкпулдар (пенсия менен камсыз болуу укугу жок болсо);
- үйүндө тейлөө;
- стационардык мекемелерде тейлөө;
- реабилитациянын бардык түрлөрү.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандарга кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөө укугуна ээ.
12-берене. Социалдык кепилдиктер
Улгайган жарандарга категориялык жана даректүү мамилени эске алуу менен, коммуналдык кызмат, жылуулук, газ, суу жана энергия менен жабдуу, медициналык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүү акыларын, коомдук транспортто жолкире төлөөдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте социалдык кепилдиктер белгилениши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Пенсиялар жана жөлөкпулдар
Улгайган жарандарга пенсиялык камсыздоо жана мамлекеттик төлөмдөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, мамлекет тарабынан пенсияларды жана социалдык жөлөкпулдарды төлөп берүү кепилденет.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар
1. Улгайган жарандарга иш жүзүндө социалдык жардамдарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана улгайган жарандардын бирикмелери менен бирдикте мамлекеттик органдар тарабынан улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар колдоого алынат.
2. Улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтар маалыматтык, психологиялык, медициналык жана социалдык жардамдардын башка түрлөрүн көрсөтөт, улгайган жарандарга карата терс көрүнүштөрдүн (укук бузуулардын, анын ичинде улгайган жарандарга катаал мамиле жасоонун ж.б.) алдын алуу максатында зарыл болгон чараларды ишке ашырат, айрым улгайган жарандарды социалдык камкордукка алууну жүзөгө ашырат, улгайган жарандардын арасындагы баңгиликти жана аракечтикти алдын алуу менен алектенет.
15-берене. Улгайган жарандарды үнүндө тейлөө
1. Жалгыз жашаган жана бирөөнүн багуусуна жана жардамына муктаж улгайган жарандарга үйүндө социалдык тейлөө боюнча бекер жана акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
2. Үйүндө тейлөө жашаган жери боюнча социалдык кызматтын кызматчылары (социалдык кызматкерлер) тарабынан жүзөгө ашырылат.
16-берене. Улгайган жарандарды социалдык стационардык мекемелерде тейлөө
1. Өзүн-өзү тейлөө жөндөмүн жарым-жартылай же толук жоготкон жана бирөөнүн дайыма багуусуна муктаж улгайган жарандарга мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын социалдык стационардык мекемелеринде аларды тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
2. Социалдык стационардык мекемелерде улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү менен бирге, турмуш-тиричиликке ылайыктуу шарттар түзүлөт, медициналык кызматтар көрсөтүлөт, ошондой эле эмгеги, эс алуусу жана бош убактыларын өткөрүүлөрүн уюштуруу жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Улгайган жарандарды укуктук коргоо
1. Улгайган жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук же башка тартипте камсыз кылынат.
2. Улгайган жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулганына күнөөлүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
3. Улгайган жарандын материалдык каражаттары жок болгондо, анын арызынын негизинде мамлекет ага "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Улгайган жарандарды адистештирилген стационардык мекемелерде тейлөө
1. Өзүн-өзү тейлөө жөндөмүн жарым-жартылай же толук жоготкон жана бирөөнүн дайыма багуусуна муктаж улгайган жарандарга мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын адистештирилген стационардык мекемелеринде аларды тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
2. Адистештирилген стационардык мекемелерде улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү менен бирге, турмуш-тиричиликке ылайыктуу шарттар түзүлөт, медициналык кызматтар көрсөтүлөт, ошондой эле эмгеги, эс алуусу жана бош убактыларын өткөрүүлөрүн уюштуруу жүзөгө ашырылат.
17-берене. Улгайган жарандарды укуктук коргоо
1. Улгайган жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук же башка тартипте камсыз кылынат.
2. Улгайган жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулганына күнөөлүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
3. Улгайган жарандын материалдык каражаттары жок болгондо, анын арызынын негизинде мамлекет ага акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
18-берене. Улгайган жарандардын саламаттыкты сактоо жагындагы укуктары
Улгайган жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекеттик кепилдиктердин Программасына ылайык кепилденген, сапаттуу медициналык жардамдарды алууга;
- жылына ооруну, анын ичинде социалдык жактан шартталган оорууларды (кургак учук, СПИД ж.б.) алдын алууга;
- зарыл болгон дары-дармектер жана жеткиликтүү баадагы санитардык буюмдар менен камсыз болууга;
- организминин бузулган функцияларын калыбына келтирүүгө багытталган саламаттыкты чыңдоого, реабилитациялоого;
- медициналык камсыздандырууга.
19-берене. Улгайган жарандарга медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам көрсөтүү
1. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жагындагы мыйзамдарына ылайык, улгайган жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилденилет.
2. Медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жагындагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин Программасына ылайык медицина уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Улгайган жарандарга медициналык-социалдык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү максатында саламаттыкты сактоо уюмдарында геронтологиялык иштер төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- организмдин картаюу мыйзам ченемдерин изилдөө жана мезгилсиз картаюунун алдын алуу;
- улуу муундагы адамдар үчүн апробациялоо жана изилдөө программаларын ишке киргизүү;
- улгайган оорулуу жарандарды дарылоо жана алдын ала дарылоо ыкмаларын киргизүү үчүн гериатриянын клиникалык өңүттөрү боюнча иштиктүү сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- геронтология маселелери боюнча медициналык кызматчылардын кесиптик даярдыктарын өркүндөтүү.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Улгайган жарандарды санаториялык-курорттук дарылоо
1. Пенсиялар жол-жоболонгон жери боюнча ишканалар (уюмдар) улгайган жарандарга кесиптик бирлик комитеттери менен макулдашуу боюнча санаториялык-курорттук жолдомолорду бере алышат.
2. Бул ишканалар (уюмдар) кайра уюшулуп кеткен учурда, социалдык кепилдиктердин ушул түрүн камсыз кылуу алардын укук мураскерлерине жүктөлөт.
201-берене. Өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда улгайган жарандарды камсыз кылуу
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда улгайган жарандардын азык-түлүккө, турак жайга жана медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Билим алуунун жана кесиптик даярдыктан өтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
1. Мамлекет улгайган жарандарга жаш курагын чектебестен жана акысыз маалымат, билим алуунун жана кесиптик даярдыктан жана кайра даярдыктан өтүүнүн жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү кепилдикке алат.
2. Мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандарга алардын эмгектенүү жана экономикалык ишкердик иштерин жүргүзүү укуктарын ишке ашырууларына көмөктөшөт.
22-берене. Маданий-оюн-зоок мекемелерине жана иш чараларына, спорттук саламаттыкты чыңдоо курулмаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандардын маданий-оюн-зоок мекемелерине (музейлерге, театрларга, кинотеатрларга, көргөзмөлөргө), дене тарбиясы жана спорт менен машыгуулары үчүн спорттук-саламаттыкты чыңдоо курулмаларына эркин кирүүлөрү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат.
2. Иши маданият жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан уюмдар улгайган жарандар үчүн музейлерге, көргөзмөлөргө акысыз кирүүчү күндөрдү белгилөөгө милдеттүү.
23-берене. Финансылык камсыз кылуу булактары
Ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды финансылык жактан камсыз кылуу булактары:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- кайрымдуулук төгүмдөр жана садагалар;
- гранттар жана демөөрчүлүк жардамдар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |