Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-марты № 58
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын жоболору төмөнкүлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелерге карата колдонулбайт:
1) тышкы соода ишин;
2) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча ишти;
3) баалуу кагаздарды, кыймылсыз мүлк объекттерин, өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, анын ичинде электр энергиясын (кубаттуулукту), жылуулук энергиясын жана кубаттуулугун, ошондой эле энергетикалык ресурстардын башка түрлөрүн сатып алууну-сатууну.";
2) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"азык-түлүк товарлары - жүгүртүүдө болгон жана адам тамак-ашка колдонуучу табигый же кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш продуктулары (тамак-аш азыктары);
товар өндүрүүчү (даярдоочу) - менчигинин түрүнө карабай, керектөөчүлөргө сатуу үчүн товар өндүрүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер;
соода түйүнү - "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъектиге же жактардын бир тобуна кирген бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттерге мыйзамдуу негизде таандык болгон эки жана андан ашык соода объекттеринин жыйындысы же бирдиктүү коммерциялык белгинин же башка жекелештирүү каражатынын алдында пайдаланылуучу эки жана андан ашык соода объекттеринин жыйындысы;
товарларды өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - азык-түлүк товарларын өткөрүү, анын ичинде азык-түлүк товарларын жарнамалоо аркылуу, аларды атайын коюуну жүзөгө ашыруу, мындай товарлар жөнүндө маалыматты камтыган отчетторду даярдоо же болбосо азык-түлүк товарларын өткөрүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашыруу аркылуу өткөрүү максатында азык-түлүк товарларын соода түйүндөрүнө берүүнү жүзөгө ашырып жаткан субъекттерге берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр.";
3) III глава төмөнкүдөй мазмундагы 121-статья менен толукталсын:
"121-статья. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттин жана азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүүгө жана аткарууга байланыштуу азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттин укуктары жана милдеттери
1. Соода түйүнүн уюштуруу аркылуу иш жүргүзүп жаткан ички соода ишинин субъекти азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине Интернет түйүнүндөгү өзүнүн расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу товарларды берүү келишимин түзүү үчүн контрагентти тандоо шарттары жөнүндө жана мындай келишимдин олуттуу шарттары жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекти товарларды берүү келишимин түзүү үчүн контрагентти тандоонун шарттары жөнүндө, мындай келишимдин олуттуу шарттары жөнүндө, берилүүчү товарлардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалыматка соода түйүнүнүн жеткиликтүү болушун Интернет түйүнүндөгү өзүнүн расмий сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу же көрсөтүлгөн маалыматты тиешелүү жазуу түрүндөгү суроо-талапты алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде акысыз берүү аркылуу камсыз кылууга милдеттүү.
3. Товарларды берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинин жана соода түйүнүнүн ортосунда түзүлүүчү азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасы азык-түлүк товарларын берүү келишиминин тараптарынын макулдашуусу менен белгиленген товарлардын баасына таянып, ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган жоболорду эске алуу менен аныкталат.
4. Алар азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинен белгилүү бир сандагы товарларды сатып алуусуна байланыштуу азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды берүү келишиминин тараптарынын макулдашуусунда анын баасына соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөнүүчү сыйакыларды киргизүү каралышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн сыйакынын өлчөмү ушул келишимдин тараптары тарабынан макулдашылууга, анын баасына киргизилүүгө тийиш жана азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын баасын аныктоодо эске алынбайт.
5. Азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган ички соода ишинин субъектинен белгиленген сандагы азык-түлүк товарларын сатып алуусуна байланыштуу соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөнүүчү сыйакынын жана бул товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүү, ушул сыяктуу башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын, ошондой эле керектөөчү суроо-талапты изилдөө үчүн акынын жыйынды өлчөмү сатып алынган азык-түлүк товарларынын баасынын 5 пайызынан ашууга тийиш эмес. Бул шарттар акциз алдындагы азык-түлүк товарларга жайылтылбайт. Бул товарларды сатып алууга байланыштуу, сыйакынын көрсөтүлгөн жыйынды өлчөмүн эсептөөдө соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөмгө азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекти тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча нарк салыгынын суммасы эсепке алынбайт.
Азык-түлүк эмес товарларга карата соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөнүүчү сыйакынын жыйынды өлчөмү ички сооданын субъекттеринин ортосундагы келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
6. Эгерде соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинин жана азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды соода түйүндөрүнө берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинин ортосунда мындай товарларды соода түйүндөрүнө өткөрүп бергенден белгилүү бир убакыттан кийин аларга төлөө шарты менен азык-түлүк товарларын берүү келишими түзүлсө, бул келишим боюнча мындай товарларга акы төлөө мөөнөтү төмөнкү эрежелер боюнча аныкталат:
1) социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына соода түйүнү товарларды саткан датадан баштап 7 календардык күндөн кечиктирбестен акы төлөнүүгө тийиш;
2) азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) тарабынан берилүүчү азык-түлүк товарларына соода түйүнү товарларды саткан датадан тартып 14 календардык күндөн кечиктирбестен акы төлөнүүгө тийиш;
3) ички соода ишинин башка субъекттери берүүчү азык-түлүк товарларына жана азык-түлүк эмес товарларга ички соода субъекттеринин ортосундагы келишимдерге ылайык акы төлөнүүгө тийиш.
7. Азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекти азык-түлүк товарларын берүү келишиминде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган товарларга документтерди азык-түлүк товарларын берүү келишими менен белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
8. Азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүүдө жана (же) аткарууда контрагентти азык-түлүк товарларын, логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү, мындай товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана ушуга окшош башка кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө багытталган акысыз кызмат көрсөтүү келишимин, ошондой эле башка келишимдерди түзүүгө, анын ичинде үчүнчү жактар менен түзүүгө мажбурлоого тыюу салынат.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тизмекте көрсөтүлгөн, социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүн соода түйүндөрү сатып алгандыгына байланыштуу ушул статьянын 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн сыйакыларды төлөөгө жол берилбейт.
10. Азык-түлүк товарларын берүү келишимине ушул Мыйзамда каралбаган сыйакылардын башка түрлөрүн кошууга, ошондой эле соода тармактарына азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) болуп саналган ички соода ишинин субъекттери тарабынан ушул Мыйзамда каралбаган сыйакылардын башка түрлөрүн төлөп берүүгө, ага тете тиешелүү бөлүгүндө мындай келишимди аткарууга жол берилбейт.
11. Соода түйүнүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекттерине жана азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) болуп саналган ички соода ишинин субъекттерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иштеп турган же ачылып жаткан соода объекттерине азык-түлүк товарларын берүү укугу үчүн акы алууга же болбосо акы (кирүү бонустарын) киргизүүгө;
2) текчелердин ижарасы үчүн, азык-түлүк товарларынын ассортименти өзгөргөндүгү үчүн акы алууга же болбосо акы киргизүүгө;
3) азык-түлүк товарларын берүү келишимин аткаруу жана андан соң мындай товарлардын конкреттүү партиясын сатуу менен байланышпаган чыгымдардын ордун толтурууга.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2931-берене менен толукталсын:
"2931-берене. Соода ишин жүзөгө ашырууда азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүү шарттарына карата ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу
1. Азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттен соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан айрым сандагы азык-түлүк товарларын сатып алуусуна байланыштуу соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъектиге төлөнүүчү сыйакынын жана бул товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ушул сыяктуу башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдүн, ошондой эле керектөөчү суроо-талапты изилдөөгө төлөмдүн жыйынды өлчөмүн сатып алынган азык-түлүк товарларынын баасынан 5 пайыздан ашык ашыруу же болбосо соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тизмекте көрсөтүлгөн социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн сатып алганына байланыштуу көрсөтүлгөн сыйакыны төлөө, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган субъект тарабынан азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасына ички соода жөнүндө мыйзамдарда каралбаган сыйакынын түрлөрүн киргизүү, же болбосо мындай келишимди тиешелүү бөлүгүндө аткаруу (ишке ашыруу), -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган субъект тарабынан азык-түлүк товарларын берүү келишиминде мындай товарларга акы төлөөнүн ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөн ашкан мөөнөтүн белгилөө, же мындай келишимди тиешелүү бөлүгүндө аткаруу (ишке ашыруу), -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект же азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарларды өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, көрсөтүлгөн товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ушуга окшош башка кызмат көрсөтүүлөргө багытталган акысыз кызмат көрсөтүү келишимин (анын ичинде үчүнчү жактар менен), ошондой эле берүү келишимин түзүүдө жана (же) аткарууда (ишке ашырууда) башка келишимдерди түзүүгө жана (же) аткарууга мажбурлоо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Соода түйүнүн уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ички соода жөнүндө мыйзамдарда төлөмдү алуу, төлөмдү салуу же болбосо чыгымдардын ордун толтуруу боюнча тыюу салынган аракеттерди жасоо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 2-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |