Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 20-марты № 40
Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода ишинин негиздерин, аны ишке ашыруунун тартибин, соода чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишкерлик субъекттери жана керектөөчүлөр ортосундагы укуктук мамилелерди аныктайт. Ушул Мыйзамдын күчү, менчиктин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан соода ишинин бардык субъекттерине жайылтылат.
I Глава
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун максаты жана предмети
Ушул Мыйзамдын максаты болуп тармактын ар тараптуу өнүгүшү, соода чөйрөсүндөгү ишкердик ишти эркин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды, соода жагындагы тейлөөдө керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары менен укуктарын коргоонун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу саналат.
Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу негизи болуп соода ишмердигин жүргүзүү процессинде келип чыгуучу укуктук мамилелер саналат.
Ушул Мыйзамдын жоболору төмөнкүлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелерге карата колдонулбайт:
1) тышкы соода ишин;
2) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча ишти;
3) баалуу кагаздарды, кыймылсыз мүлк объекттерин, өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, анын ичинде электр энергиясын (кубаттуулукту), жылуулук энергиясын жана кубаттуулугун, ошондой эле энергетикалык ресурстардын башка түрлөрүн сатып алууну-сатууну.
(КР 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
соода иши (соода) - товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү;
товар - сатуу же алмаштыруу үчүн арналган жүгүртүүдөн алып салынбаган эмгектин кандай болбосун продуктусу;
соода ишинин субъекттери - белгиленген тартипте катталган жана өз ишин соода чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгерде соода чөйрөсүндө ишкердик иш жүргүзүү алардын уставында бекитилсе коммерциялык эмес уюмдар;
соода объекти (соода ишканасы) - соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн соода ишинин субъекттери тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс, ошондой эле башка мүлк;
ички соода (ички соода иши) - Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши;
социалдык мааниге ээ соода иши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү;
социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калктын биринчи даражадагы керектөөлөрүн канааттандыруучу үчүн тамак-аштын базалык продуктулары;
бааларды мамлекеттик жөнгө салуу - мамлекеттик бийлик органдары тарабынан бааны (тарифтерди), бааларга (тарифтерге) үстөктөрдү, максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди), бааларга максималдуу же минималдуу үстөктөрдү белгилөө;
азык-түлүк товарлары - жүгүртүүдө болгон жана адам тамак-ашка колдонуучу табигый же кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш продуктулары (тамак-аш азыктары);
товар өндүрүүчү (даярдоочу) - менчигинин түрүнө карабай, керектөөчүлөргө сатуу үчүн товар өндүрүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер;
соода түйүнү - "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъектиге же жактардын бир тобуна кирген бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттерге мыйзамдуу негизде таандык болгон эки жана андан ашык соода объекттеринин жыйындысы же бирдиктүү коммерциялык белгинин же башка жекелештирүү каражатынын алдында пайдаланылуучу эки жана андан ашык соода объекттеринин жыйындысы;
товарларды өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - азык-түлүк товарларын өткөрүү, анын ичинде азык-түлүк товарларын жарнамалоо аркылуу, аларды атайын коюуну жүзөгө ашыруу, мындай товарлар жөнүндө маалыматты камтыган отчетторду даярдоо же болбосо азык-түлүк товарларын өткөрүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашыруу аркылуу өткөрүү максатында азык-түлүк товарларын соода түйүндөрүнө берүүнү жүзөгө ашырып жаткан субъекттерге берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр.
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Соода иши жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында соода иши жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
II Глава
Соода чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
4-статья. Соода чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун максаты
Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу:
1) керектөөчүлөрдүн сапаттуу, коопсуз товарларды сатып алуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жана керектөөчүнүн эркин тандап алуусун коргоону;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода ишин жүргүзүүдө ишкерлердин укуктарын коргоону;
3)ата мекендик товарларды сатуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен ата мекендик товар чыгаруучуларды коргоону (жарманке-көргөзмөлөрдү өткөрүү, чыгарылып жаткан товарлар жөнүндө маалыматты жайылтуу, баалар жана сапат, товар өндүрүүчүлөр менен соода уюмдарынын,соода ишинин субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилени камсыз кылуу ж.б.) камсыз кылууга багытталат.
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо органдары
Кыргыз Республикасында сооданы мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын бийлик укугунун чегинде жүзөгө ашырылат. Аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ички соода чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүшөт.
6-статья. Мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери
Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) соода ишин жүргүзүү процессинде соода ишинин субъекттеринин теңдештигин жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
2) аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкерлердин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүү, ошондой эле аларды аймактын экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүгө тартуу;
3) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана соода иши жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу үчүн соода ишинин субъекттерин (алардын бирикмелерин) ишке тартуу;
4) (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) ошол региондун аймагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чектерде жана тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун формалары(усулдары)
Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун формалары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга карата атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо максатында талаптарды белгилөө;
- соода иши жөнүндө мыйзамдар белгилеген ченемдердин жана эрежелердин сакталышына мамлекеттик көзөмөл;
- социалдык мааниси бар соода ишмердигин жүргүзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- товарларды сатууда ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү;
- сооданы өнүктүрүүнүн максаттуу жана региондук программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- соода чөйрөсүндө аткаруу бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сооданы өнүктүрүүгө багытталган эриш-аркак аракетин камсыз кылуу болуп эсептелет.
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соода чөйрөсүн мамлекеттик жөнгө салуудагы ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү аймактарда соода объектилеринин жайгашуу маселелерин чечишет жана көчөдө соода жүргүзүүнүн тартибин аныкташат;
- (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- региондордо соода чөйрөсүндөгү объекттердин ишине талдоо жүргүзүшөт, аны жөнгө салуунун механизмин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишет.
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Социалдык мааниге ээ соода ишине колдоо көрсөтүүнүн өлчөмдөрү
Социалдык мааниге ээ соода ишине колдоо көрсөтүүнүн өлчөмдөрү болуп мамлекеттик (муниципалдык) менчикте болгон жайларды, соода ишинин субъекттерин ээлегендик үчүн жана соода объекттерин аренда акысынан бошотуу же эң аз аренда акысын белгилөө эсептелет.
Социалдык мааниге ээ соода ишин жүргүзүп жаткан ишкерликтин субъекттерине
аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын негизинде жеңилдиктер берилиши мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
III Глава
Соода ишинин негизги эрежелери
10-статья. Соода ишинин эрежелери
Соода ишин жүзөгө ашыруунун эрежелери жана тартиби, ошондой эле товарлардын айрым түрлөрүн сатуунун жана кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүүнүн эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана аларды аткаруу бардык соода ишин жүргүзүүчү субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
11-статья. Социалдык мааниге ээ соода иши жана жарандардын айрым категорияларын коргоо
Социалдык жактан коргоо максатында жарандардын айрым категорияларына азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатып алууда жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен артыкчылыктар жана жеңилдиктер берилиши, кошумча кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
Соода жагынан тейлөөдө берилүүчү жеңилдиктер менен артыкчылыктардын тизмеси, ошондой эле жарандардын айрым категорияларынын жана аларга көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларга бааларды 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизет.
Бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашуун пайызга өскөн шартта бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
Социалдык маанилүү товарлардын тизмегин жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Соода ишинин субъекттеринин керектөөчүлөргө талаптагыдай сапаттагы товарларды сатуусу жана тейлөө маданиятын камсыз кылуусу боюнча милдеттери
(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
121-статья. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттин жана азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүүгө жана аткарууга байланыштуу азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттин укуктары жана милдеттери
1. Соода түйүнүн уюштуруу аркылуу иш жүргүзүп жаткан ички соода ишинин субъекти азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине Интернет түйүнүндөгү өзүнүн расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу товарларды берүү келишимин түзүү үчүн контрагентти тандоо шарттары жөнүндө жана мындай келишимдин олуттуу шарттары жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекти товарларды берүү келишимин түзүү үчүн контрагентти тандоонун шарттары жөнүндө, мындай келишимдин олуттуу шарттары жөнүндө, берилүүчү товарлардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалыматка соода түйүнүнүн жеткиликтүү болушун Интернет түйүнүндөгү өзүнүн расмий сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу же көрсөтүлгөн маалыматты тиешелүү жазуу түрүндөгү суроо-талапты алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде акысыз берүү аркылуу камсыз кылууга милдеттүү.
3. Товарларды берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинин жана соода түйүнүнүн ортосунда түзүлүүчү азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасы азык-түлүк товарларын берүү келишиминин тараптарынын макулдашуусу менен белгиленген товарлардын баасына таянып, ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган жоболорду эске алуу менен аныкталат.
4. Алар азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинен белгилүү бир сандагы товарларды сатып алуусуна байланыштуу азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды берүү келишиминин тараптарынын макулдашуусунда анын баасына соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөнүүчү сыйакыларды киргизүү каралышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн сыйакынын өлчөмү ушул келишимдин тараптары тарабынан макулдашылууга, анын баасына киргизилүүгө тийиш жана азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын баасын аныктоодо эске алынбайт.
5. Азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган ички соода ишинин субъектинен белгиленген сандагы азык-түлүк товарларын сатып алуусуна байланыштуу соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөнүүчү сыйакынын жана бул товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүү, ушул сыяктуу башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын, ошондой эле керектөөчү суроо-талапты изилдөө үчүн акынын жыйынды өлчөмү сатып алынган азык-түлүк товарларынын баасынын 5 пайызынан ашууга тийиш эмес. Бул шарттар акциз алдындагы азык-түлүк товарларга жайылтылбайт. Бул товарларды сатып алууга байланыштуу, сыйакынын көрсөтүлгөн жыйынды өлчөмүн эсептөөдө соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөмгө азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекти тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча нарк салыгынын суммасы эсепке алынбайт.
Азык-түлүк эмес товарларга карата соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектине төлөнүүчү сыйакынын жыйынды өлчөмү ички сооданын субъекттеринин ортосундагы келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
6. Эгерде соода түйүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинин жана азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды соода түйүндөрүнө берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъектинин ортосунда мындай товарларды соода түйүндөрүнө өткөрүп бергенден белгилүү бир убакыттан кийин аларга төлөө шарты менен азык-түлүк товарларын берүү келишими түзүлсө, бул келишим боюнча мындай товарларга акы төлөө мөөнөтү төмөнкү эрежелер боюнча аныкталат:
1) социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына соода түйүнү товарларды саткан датадан баштап 7 календардык күндөн кечиктирбестен акы төлөнүүгө тийиш;
2) азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) тарабынан берилүүчү азык-түлүк товарларына соода түйүнү товарларды саткан датадан тартып 14 календардык күндөн кечиктирбестен акы төлөнүүгө тийиш;
3) ички соода ишинин башка субъекттери берүүчү азык-түлүк товарларына жана азык-түлүк эмес товарларга ички соода субъекттеринин ортосундагы келишимдерге ылайык акы төлөнүүгө тийиш.
7. Азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекти азык-түлүк товарларын берүү келишиминде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган товарларга документтерди азык-түлүк товарларын берүү келишими менен белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
8. Азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүүдө жана (же) аткарууда контрагентти азык-түлүк товарларын, логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү, мындай товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана ушуга окшош башка кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө багытталган акысыз кызмат көрсөтүү келишимин, ошондой эле башка келишимдерди түзүүгө, анын ичинде үчүнчү жактар менен түзүүгө мажбурлоого тыюу салынат.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тизмекте көрсөтүлгөн, социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүн соода түйүндөрү сатып алгандыгына байланыштуу ушул статьянын 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн сыйакыларды төлөөгө жол берилбейт.
10. Азык-түлүк товарларын берүү келишимине ушул Мыйзамда каралбаган сыйакылардын башка түрлөрүн кошууга, ошондой эле соода тармактарына азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) болуп саналган ички соода ишинин субъекттери тарабынан ушул Мыйзамда каралбаган сыйакылардын башка түрлөрүн төлөп берүүгө, ага тете тиешелүү бөлүгүндө мындай келишимди аткарууга жол берилбейт.
11. Соода түйүнүнүн уюштуруу аркылуу ишин жүзөгө ашырып жаткан ички соода ишинин субъекттерине жана азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) болуп саналган ички соода ишинин субъекттерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иштеп турган же ачылып жаткан соода объекттерине азык-түлүк товарларын берүү укугу үчүн акы алууга же болбосо акы (кирүү бонустарын) киргизүүгө;
2) текчелердин ижарасы үчүн, азык-түлүк товарларынын ассортименти өзгөргөндүгү үчүн акы алууга же болбосо акы киргизүүгө;
3) азык-түлүк товарларын берүү келишимин аткаруу жана андан соң мындай товарлардын конкреттүү партиясын сатуу менен байланышпаган чыгымдардын ордун толтурууга.
(КР 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV Глава
Соода иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
13-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Соода иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
14-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |
2002-жылдын 12-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |