Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 17-марты № 61
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1017-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 6-пунктта экинчи сүйлөм алып салынсын;
б) 6 жана 11-пункттарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1) формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу - эмгек мыйзамдарына ылайык таризделбеген эмгек иши;";
г) 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү, же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу жумушсуз же жумуш издөөчү катары кайрылган жарандарды каттоо жашаган жери боюнча, же болбосо жүргөн жери боюнча же кайрылган жери боюнча төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт:";
- экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесипке (адистикке) ээ болбогон жарандарды каттоо жашаган, жүргөн же кайрылган жери боюнча паспортун жана билими жөнүндө документин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала албайт:
- иштеп жаткан, ошондой эле эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн жарандар;
- жаш курагы боюнча пенсионерлер.
Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала алышат:
- бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар;
- пенсия курагына чейинки пенсионерлер жана кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу, уюмдарды кайра уюштурууда жана жоюуда бошонуу жөлөкпулун жана компенсацияларды алуу үчүн бошотулган иштеп жаткан пенсионерлер;
- 0,05 гектардан ашык өлчөмдөгү сугат жерден айыл чарба багытындагы жер участокторун алган жарандар;
- окуу жайларында күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар.";
3) 7-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерилгендигин ырастоочу жеке камсыздандыруу эсебинин көчүрмөсүндөгү маалыматтарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылар алдындагы акыркы 3 жылдын ичинде суммалык камсыздандыруу стажы 12 айдан кем эмес болсо, белгиленген тартипте расмий жумушсуздугу таанылган жаранга төлөнөт.
2. Биринчи жолу жумуш издеп жүргөн, ошондой эле узак (эки жылдан ашык) тыныгуудан кийин эмгектик ишин кайра жаңыртууну каалаган жарандарды кошпогондо, жумушсуздук боюнча жөлөкпул расмий түрдө катталган жумушсузга анын жумуш издөөчү катары катталган датасынын 11-күнүнөн тартып дайындалат.";
б) 3-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында каралган тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;";
6) 10-берененин 5-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 11-беренеде:
а) 2-бөлүк "квалификациясын жогорулатуу" деген сөздөрдөн кийин "эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүктүн 3-пунктунда "аялдар" деген сөз "адамдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 7-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-бөлүктөр менен толукталсын:
"9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жумушсуз жарандарды жана жумуш издөөчү жарандарды, ошондой эле окуучуларды кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөрүүнүн алдында аларга кесиптик багыт берүү ишин жүргүзөт. Кесиптик багыт берүү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек рыногунун муктаждыктарын аныктоо методологиясын иштеп чыгат жана бекитет, квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарды аныктоо үчүн эмгек рыногуна талдоо жүргүзөт.";
8) 13-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13-берене. Расмий жумушсузду жана жумуш издөөчүнү эсептен чыгаруу";
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац "жумушсуз жаранды" деген сөздөрдөн кийин "жана жумуш издөөчүнү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында белгиленген тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) иш менен камсыз болгондугу жөнүндө маалымдабаганда.";
в) 2-бөлүктө "4 жана 9-пункттарында" деген сөздөр "1, 4, 5 жана 9-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 16-беренеде:
а) 1-1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган багыттарга ылайык көмөкчү, квалификациялуу эмес жана квалификациялуу жумуштардын түрлөрү катары региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулат.";
в) 9-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-бөлүк менен толукталсын:
"9-1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн агенттер тартылат. Агенттерди тартуу жана иштөө тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
10) 17-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта "мыйзамдарына" деген сөз "эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) иштеп жаткандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн, анын ичинде насаатчылыкты жүзөгө ашыруу жолу менен шарттарды түзүүнүн;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
11) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-берене менен толукталсын:
"18-1-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш берүүчүлөрдөн ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде болжолдонуп жаткан түзүмдүк өзгөрүүлөр жөнүндө жана алардын натыйжасында кызматкерлердин олуттуу саны бошотулушу мүмкүн болгон башка иш-чаралар тууралуу, жумушчу күчкө муктаждыктар жөнүндө, жаңы жана кошумча жумуш орундарын ачуу тууралуу маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек рыногунун, калкты иш менен камсыз кылуунун көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин, ар кандай социологиялык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн уюмдарды тартууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 15-мартындагы № 61(3470) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 2-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |