Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-марты № 65
Инновациялык иш жөнүндө
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында инновациялык ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер пайдаланылат:
1) бизнес-ангел - стартаптардын жана инновациялык компаниялардын өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында аларга өзүнүн өздүк каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жана зарыл болгон учурда консультациялык же эксперттик колдоо көрсөтүүчү жеке жак;
2) инновациялык продуктуну жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүү - инновациялык продуктуга мүлктүк укуктардын башка жакка өтүүсү предмети болуп саналуучу кандай болбосун бүтүмдөрдү жасоо же кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн көрсөтүү, ошондой эле жеке муктаждыктар үчүн инновациялык продуктуну пайдалануу;
3) венчурдук иш - Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан венчурдук компаниялар жана фонддор, бизнес-ангелдер, жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу инновацияларды коммерциялык ишке ашырууну каржылоо боюнча иш;
4) венчурдук долбоор - каржылоосун Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан венчурдук фонд, венчурдук компаниялар жана фонддор, бизнес-ангелдер, жеке жана юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу инновациялык долбоор;
5) инновациялык иш - инновациялык продуктуну түзүүгө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган жаңылыкты инновацияга өзгөртүп түзүү боюнча иш;
6) инновациялык инфратүзүм - инновациялык ишти материалдык-техникалык, финансылык, уюштуруу-методикалык, маалыматтык, консультациялык жана башка камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу субъекттердин жыйындысы;
7) инновациялык продукт - жаңы же өркүндөтүлгөн продукция, технология, кызмат көрсөтүү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык же башка мүнөздөгү жаңы уюштуруу-техникалык чечим, алар:
а) интеллектуалдык иштин укуктук коргоого жөндөмдүү натыйжаларын пайдалануу менен түзүлөт;
б) рыноктун аныкталган сегментинде көрсөтүлгөн аналогдоруна салыштырмалуу кыйла жогорку техникалык-экономикалык же башка көрсөткүчтөргө ээ болот;
в) атаандаштыкка жөндөмдүү болуп саналат;
8) инновациялык долбоор - жумуштардын комплексинин мөөнөтү жана аткаруучулары боюнча байланышкан, каржылоо булактарына жана көлөмүнө, өндүрүштү уюштуруу ыкмаларына, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жана аны жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүдөн пайда же башка пайдалуу натыйжа алуунун келечегин жана инновациялык иштин мүмкүн болгон тобокелдиктерин эсепке алуу менен түзүлүүчү инновациялык продуктунун керектөөчүлүк касиеттерине карата шарттарды жана талаптарды аныктоочу документтердин топтому;
9) инновация - жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизилген инновациялык продукт;
10) улуттук инновациялык тутум (инновациялар экотутуму) - бул инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу же жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу юридикалык жана жеке жактардын инновациялык иш жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын жыйындысын өзүнө камтыган тутум, ошондой эле инновациялык процессти жана бүтүндөй тутумдун иштөөсүн камсыз кылуучу укуктук, финансылык жана социалдык мүнөздөгү институттардын комплекси;
11) жаңылык (новация) - рыноктун аныкталган сегменти үчүн колдонулуп жаткан аналогдоруна салыштырмалуу жаңы белгилерге ээ, практикада колдонулуучу, анын негизинде жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны, жаңы же өркүндөтүлгөн технология, жаңы кызмат көрсөтүүлөр, жаңы уюштуруу-техникалык чечим түзүүдө оң экономикалык же башка пайдалуу натыйжа алып келүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык иштин натыйжасы (жаңы билим, техникалык же башка чечим, эксперименттик же тажрыйбалык үлгү ж.б.);
12) стартап - алардын багыты масштабдуу бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, өтө белгисиздик шарттарында жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү болуп саналган жаңы долбоор же инновациялык идеяларга негизделген компания.
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Инновациялык иштин укуктук негиздери
1. Инновациялык иш жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, инновациялык иштин субъекттеринин ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саналат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген келишимдерде ушул Мыйзамдын жоболорунан башкача каралса, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
4-берене. Инновациялык иштин субъекттери
1. Инновациялык иштин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке жактар - инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын жарандары, жарандыгы жок жактар жана чет өлкөлүк жарандар;
2) юридикалык жактар - инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу ар кандай уюштуруу-укуктук формаларындагы жана менчик формаларындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк уюмдар;
3) инновациялык иште ишке ашырылуучу жана пайдаланылуучу интеллектуалдык менчик объекттерине болгон өзгөчө укуктардын ээлери;
4) инновациялык иште инвестицияларды жүзөгө ашыруучу инвесторлор;
5) инновациялык инфратүзүмдүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте инновациялык инфратүзүмдүн субъекттери болуп таанылган технопарктар, инновациялык борборлор, инновациялык кластерлер, бизнес-инкубаторлор, технологиялар трансферинин борборлору, венчурдук фонддор, инновациялык фонддор жана башка уюмдар;
6) инновациялык ишти координациялоого жана жөнгө салууга катышуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
2. Жеке жана юридикалык жактар ушул ишти жүзөгө ашыруу мезгилинде инновациялык иштин субъекттери болуп саналат.
5-берене. Инновациялык иштин объекттери
Инновациялык иштин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инновациялык продуктуну түзүү, өздөштүрүү жана жайылтуу менен байланышкан инновациялык жана инвестициялык долбоорлор, программалар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр;
2) инновациялык продуктулар;
3) инновациялык продуктуну түзүү менен байланышкан өзгөчө укуктардын объекттери;
4) жаңы билим, интеллектуалдык жана инновациялык иштин натыйжалары;
5) инновациялык уюмдардын финансылык активдери, баалуу кагаздары.
6-берене. Инновациялык иштин мазмуну
1. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
1) маркетингдик жана патенттик изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңылыктарга экспертиза жүргүзүү, жаңылыкты түзүүчү интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоону камсыз кылуу;
2) жаңылыкты инновациялык продуктуга өзгөртүп түзүү үчүн зарыл болгон илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук жумуштарды аткаруу;
3) жарандык (чарбалык) жүгүртүүдө ишке ашырылуучу жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны (жумушту, кызматтарды көрсөтүүнү), жаңы же өркүндөтүлгөн технологияны түзүүгө багытталган илимий-изилдөө, долбоордук, издөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык жумуштарды аткаруу жана тейлөө;
4) мамлекеттик башкаруу (жөнгө салуу) чөйрөсүндөгү жаңы идеяларды жана илимий билимдерди ишке ашыруу;
5) инновациялык продуктуну ички жана дүйнөлүк рынокторго илгерилетүү боюнча иш;
6) жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны чыгаруу, жаңы же өркүндөтүлгөн технологияны киргизүү үчүн технологиялык кайра жабдууну жана өндүрүштү даярдоону жүзөгө ашыруу;
7) жаңы продукцияларды (жумуштарды, кызматтарды көрсөтүүнү), технологияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу максатында сыноолорду жүргүзүү;
8) инновациялык долбоордун актоонун ченемдик мөөнөтүнө жеткенге чейинки баштапкы мезгилде жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны (жумушту, кызматтарды көрсөтүүнү) өндүрүү жана (же) жаңы же өркүндөтүлгөн технологияны колдонуу;
9) инновациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;
10) интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана мыйзамдарга карама-каршы келбеген ыкмалар менен аларды өздөштүрүү жана ишке ашыруу максатында жекелештирүү каражаттарына укуктарды коргоо, алуу жана өткөрүп берүү;
11) инновациялык продуктуну иштеп чыгуу;
12) инновациялык продуктуну өндүрүштө даярдоо жана өздөштүрүү боюнча жумуштарды аткаруу;
13) инновациялык продуктуну өндүрүү;
14) инновациялык продуктуну жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүү;
15) инновацияларды сервистик коштоону жана тейлөөнү уюштуруу;
16) инновациялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка жумуштарды аткаруу (башка кызмат көрсөтүүлөр).
7-берене. Инновациялык иштин негизги принциптери
Инновациялык иштин негизги принциптерине төмөнкүлөр кирет:
1) инновациялык иштин эркиндиги;
2) инновациялык ишти мамлекеттик колдоого карата бирдей жеткиликтүүлүк;
3) инновациялык ишти мамлекеттик колдоонун ачык-айкындуулугу;
4) атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
5) маалыматка эркин жетүү жана алмашуу;
6) инновациялык иштин натыйжасында түзүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоону камсыз кылуу;
7) жарандардын жашоосуна жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө зыян келтирбөө.
2-глава. Инновациялык ишти мамлекеттик жөнгө салуу
8-берене. Инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1) инновациялык ишти ченемдик жана укуктук камсыз кылуу;
2) инновациялар экотутумунун иштөөсүн болжолдоонун жана ага баа берүүнүн негизинде инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
3) мамлекеттик, тармактык жана аймактык инновациялык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) инновациялык ишти мамлекеттик колдоону камсыз кылуу жана инновациялык иштин субъекттерине дем берүү;
5) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга банктардын, донорлордун, башка финансылык түзүмдөрдүн жана жеке инвесторлордун каражаттарын тартуу;
6) инновациялык иш чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
7) инновациялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн инфратүзүмдү түзүүгө көмөктөшүү;
8) ата мекендик жаңычылдардын продукциялардын жана кызматтарды көрсөтүүнүн эл аралык рынокторуна чыгуусу үчүн шарттарды түзүү.
9-берене. Инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырууну камсыз кылат;
2) инновациялык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды бекитет;
3) инновациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт;
4) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына ылайык инновациялык иш жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) инновациялык өнүктүрүү стратегиясын (мамлекеттик программаларды) иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инновациялык иш чөйрөсүндөгү ишин координациялайт;
3) инновациялык иш жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
4) инновациялык иш чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутумун уюштурууга катышат;
5) өлкөнүн инновациялык өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүүнү, талдоону жана болжолдоону жүзөгө ашырат;
6) инновациялык долбоорлорду тандоону жана каржылоону жүзөгө ашырат;
7) инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;
8) ушул Мыйзамга жана инновациялык иш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде:
1) инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
2) мамлекеттик программанын негизинде инновациялык өнүктүрүүнүн тиешелүү тармактык жана ведомстволук программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
3) инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга, каржылоого жана ишке ашырууга катышат;
4) инновациялык иш чөйрөсүндөгү алардын ведомстволук түзүмдөрүнүн ишин координациялайт.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) тиешелүү аймакта инновациялык иш жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
2) тиешелүү аймакта инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга, каржылоого жана ишке ашырууга катышат;
3) мамлекеттик программанын негизинде инновациялык өнүктүрүүнүн тиешелүү аймактык программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
4) тиешелүү аймакта инновациялык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү үчүн шарт түзөт;
5) ушул Мыйзамга жана инновациялык иш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10-берене. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо
1. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) инновациялык ишти колдоо жаатындагы иш-чараларды камтуучу мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана каржылоо;
2) инновациялык иштин ченемдик жана укуктук базасын өркүндөтүү;
3) инновациялык жана венчурдук фонддорду түзүү, инновациялык иштин башка субъекттерин түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражаттарды инвестициялоо, үлүштүк катышуу, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен, инновациялык процесстерди өнүктүрүү үчүн өтө олуттуу мааниге ээ болгон инновациялык иштин субъекттерин түзүү;
4) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды камсыз кылуу максатында мамлекеттик программалардын алкагында инновациялык иштин натыйжасында түзүлгөн инновациялык продуктуну мамлекеттик сатып алууну уюштуруу;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарында инновациялык ишти популяризациялоо жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
6) инновациялык иш жаатындагы кадрларды даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү.
2. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык башка формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Инновациялык продуктуну өздөштүрүүнү жана жайылтууну мамлекеттик колдоо продукт инновациялык деп эсептеле турган белгиленген убакыт мезгилине көрсөтүлөт.
11-берене. Инновациялык долбоорлорду тандоонун негизги критерийлери
Мамлекеттик, тармактык жана аймактык инновациялык программаларды ишке ашыруунун алкагында аткарылуучу инновациялык долбоорлорду тандоонун негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) импортту алмаштырууга жана экспортко чыгарууга багытталган жаңы ата мекендик продуктуларды жана технологияларды иштеп чыгууну, бар болгон продуктуларды жана технологияларды өркүндөтүү, анын ичинде жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү чийки затты пайдалануу менен камсыз кылуу;
2) инновациянын бирдиктүү ойломун түзүүчү долбоордук сунуштардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу;
3) инновациялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин болушу;
4) тажрыйбалык, эксперименттик үлгүлөрдү, технологияларды, приборлорду, материалдарды, буюмдарды жана аларды кийин практикада пайдалануу максатында алынган башка изилдөөлөрдү конструкциялоого, даярдоого жана сыноого байланышкан тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларынын берилиши;
5) жогорку технологиялык продукциянын үлгүлөрүн же прототиптерин даярдап бүтүрүү жана (же) жаңы продукцияны чыгарууга даярдоо жана (же) аларды экономиканын, социалдык чөйрөнүн тиешелүү тармагында пайдалануу үчүн кызматтарды көрсөтүүнү (медициналык, финансылык, маалыматтык жана башкалар) пилоттук сыноодон өткөрүү жана башкалар;
6) инновациялык иштин субъекти тарабынан продукт инновациялык деп эсептеле турган убакыт мезгили ичинде анын жаңылыгын ырастоочу документтердин жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууда пайдаланылуучу интеллектуалдык иштин натыйжаларын укуктук коргоонун абалы жөнүндө маалыматтардын берилиши;
7) инновациялык долбоорду ишке ашыруунун план-графигинин болушу.
12-берене. Инновациялык долбоорлорду тандоо тартиби
1. Мамлекеттик, тармактык жана аймактык инновациялык программаларды ишке ашыруунун алкагында аткарылуучу инновациялык долбоорлорду тандоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Эгерде мамлекеттик колдоого талапкер болгон инновациялык долбоор ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген критерийлерге жооп бербесе, инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инновациялык иштин субъекти кайрылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ага тиешелүү баш тартууну жөнөтөт.
3. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоодон баш тартуу үчүн негиздемелерге төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик колдоого талапкер болгон инновациялык иштин субъектинин ишинин түрү ушул Мыйзамда аныкталган инновациялык иш түшүнүгүнө ылайык келбегендиги;
2) кароого киргизилген инновациялык долбоордун ушул Мыйзамдын 11-беренесинин критерийлерине ылайык келбегендиги;
3) инновациялык иштин субъектинин мурда насыя уюмдары тарабынан берилген насыялары боюнча карыздарынын болушу;
4) инновациялык иштин субъектинин республикалык бюджетке төлөмдөр боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын болушу.
3-глава. Инновациялык инфратүзүм
13-берене. Инновациялык инфратүзүмдүн субъекттери
1. Инновациялык инфратүзүмдүн субъекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) технопарк;
2) инновациялык борбор;
3) инновациялык кластер;
4) технологиялар трансферинин борбору;
5) венчурдук уюм;
6) бизнес-инкубатор;
7) инновациялык ишти камсыз кылуучу же жүзөгө ашыруучу инновациялык иштин башка субъекттери.
2. Инновациялык инфратүзүмдүн субъекттери катары каттоо, каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жана алардын ушундай статусун жокко чыгаруу инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
14-берене. Технопарк
1. Технопарк жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына, илимий-изилдөө түзүмдөрүнө жана инновациялык иштин башка субъекттерине белгилүү бир аймакта инфратүзүмдүк жана кесиптик кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылат.
2. Технопарктын резиденттерине - юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүдөй жолдор аркылуу колдоо көрсөтүү технопарктын ишинин негизги багыты болуп саналат:
1) жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны чыгаруу боюнча өндүрүштү түзүүгө, аларды рынокто сатуу үчүн жаңы же өркүндөтүлгөн технологияны өздөштүрүүгө көмөктөшүү;
2) инновацияларды тышкы рынокко илгерилетүү максатында тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, анын ичинде ар түрдүү функциялык багыттагы жайларды келишимдик негизде берүү;
4) бизнес-пландарды даярдоо жана инновациялык долбоорлорду башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
5) инновациялык иштин субъекттеринин көргөзмөлөрдү, жармаңкелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө катышуусун уюштуруу аркылуу инновациялык продуктуну маалыматтык илгерилетүү;
6) инвестицияларды тартууга, инвесторлорду жана ишкер өнөктөштөрдү издөөгө көмөктөшүү;
7) тажрыйбалык үлгүнү даярдоого жана сыноолорду жүргүзүүгө байланышкан жумуштарды, башка тажрыйбалык-конструктордук жумуштарды аткаруу;
8) продукцияны сертификаттоо жана каттоо боюнча, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
9) билим берүү чөйрөсүн, илимий изилдөөлөрдү жана өндүрүштү интеграциялоону өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
10) технопарктын илимий-изилдөө жана инновациялык иши менен байланышкан башка кызматтарды көрсөтүү жана башка жумуштарды аткаруу.
3. Технопарктын резиденттер менен мамилелери инновациялык ишти жүзөгө ашыруу боюнча алардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде түзүлөт.
4. Көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн лабораториялык жабдуулардын, өндүрүштүк, кеңсе жана башка орун жайларынын ижарасы үчүн резиденттерден келип түшүүчү каражаттар толугу менен технопарктын тескөөсүндө калат.
5. Технопаркты түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
15-берене. Инновациялык борбор
1. Инновациялык борбор инновациялар экотутумдун курамдык бөлүгү болуп саналат жана белгиленген шарттарда жана белгиленген убакытка өз ишин баштап жаткан жеке жана юридикалык жактарга кеңсе жана өндүрүш үчүн атайын жабдылган жайларды берет, аларга келечекте товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өз өндүрүлгүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү инновациялык продуктуларды иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.
2. Инновациялык борбордун ишинин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1) инновациялык иштеп чыгуулардын прототиптерин түзүүгө, кызыкдар жактарга жумуш аянтчасын берүү жолу менен аларды кийинкисинде ишке ашырууга, коммерциялаштырууга жана масштабдоого, ошондой эле техникалык каражаттарга жана жабдууларга жетүүсүнө көмөктөшүү;
2) кеңселик жана өндүрүштүк аянтчаларды, маалыматтык, консультациялык жана патенттик-лицензиялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
3) жаңы идеялардын жана иштеп чыгуулардын, ошондой эле тиешелүү аймакта инновациялар экотутумунун катышуучуларынын маалыматтар базаларын түзүү жана актуалдаштыруу;
4) рынокко чыгуу, илимий-техникалык жана патенттик маалыматка жетүү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча жаңычылдарга жана стартаптарга колдоо көрсөтүү;
5) инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
6) инновациялык иштин субъекттеринин ортосунда кооперацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
7) жаңы идеяларды, иштеп чыгууларды жана технологияларды даңазалоо максатында жарнамалык жана көргөзмө кызматтарын көрсөтүү.
3. Инновациялык борборду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
16-берене. Инновациялык кластер
1. Инновациялык кластер инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу жана камсыз кылуучу, келишимдик негизде өз ара аракеттенүүчү, инновациялык иштин аймактык локалдаштырылган субъекттеринин жыйындысын билдирет.
2. Инновациялык кластер кластердин катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү, ресурстарды, кубаттуулуктарды биргелешип пайдалануу жана билимдерди алмашуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык продукт чыгарууну уюштуруу максатында түзүлөт.
3. Инновациялык кластердин ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) биргелешкен илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык жумуштарды жүргүзүүнү, интеллектуалдын иштин натыйжаларын жамааттык пайдаланууну уюштуруу;
2) рынокко, анын ичинде тышкы рынокко инновациялык иштин натыйжаларын биргелешип илгерилетүү;
3) инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштуруу;
4) белгилүү бир инновациялык продуктуларды иштеп чыгуу жана сатуу, ошондой эле рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн илимий изилдөөлөр, билим берүү жана өндүрүш жаатындагы инновациялык кластердин катышуучуларынын потенциалын бириктирүү;
5) инновациялык кластердин катышуучуларын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу максатында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
6) жаңы же жакшыртылган иштеп чыгууларды өндүрүүгө адистештирилген тармактарды жана ишканаларды түзүүгө, талап кылынган инновациялык продуктуларды чыгарууга көмөктөшүү.
4. Инновациялык кластер экономиканын керектөөлөрүнөн улам инновациялык иштин субъекттеринин өз ара кызыкчылыгынын негизинде түзүлөт жана алардын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлат.
17-берене. Технологиялар трансферинин борбору
1. Технологиялар трансферинин борбору болуп технологияларды өткөрүп берүү жана интеллектуалдык иштин натыйжаларын коммерциялаштыруу функцияларын жүзөгө ашыруучу инновациялык инфратүзүмдүн субъекти саналат.
2. Технологиялар трансферинин борборунун ишинин негизги багыты технологиялар трансферин жүзөгө ашыруу болуп саналат, атап айтканда:
1) жаңылыктарды жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүнүн уюштуруу-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча рыноктун конъюнктурасына изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) жаңы идеялардын жана иштеп чыгуулардын маалыматтар базасын түзүү жана актуалдаштыруу;
3) интеллектуалдык иштин натыйжаларын укуктук коргоо жана сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
4) инновациялык долбоорлордун бизнес-пландарын даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
5) инвестицияларды тартууга, инвесторлорду жана ишкер өнөктөштөрдү издөөгө көмөктөшүү;
6) технологиялар трансферине байланышкан маалыматты жайылтуу.
3. Технологиялар трансферинин борборун түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
18-берене. Венчурдук уюм
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19-берене. Бизнес-инкубаторлор
1. Бизнес-инкубатор инновациялык долбоорлорду аткаруучу чакан ишканаларды, жеке ишкерлерди түзүү жана алардын ишинин алгачкы баскычында колдоо көрсөтүү (инкубация) үчүн, ошондой эле эмерек жана техника менен жабдылган турак эмес жайларды жеңилдетилген шартта ижарага берүү жана консультациялык, бухгалтердик, юридикалык жана башка кызматтарды көрсөтүү жолу менен түзүлгөн бизнес-долбоорго чейин резиденттердин идеяларын илгерилетүү үчүн багытталган.
2. Бизнес-инкубатордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инновациялык жана жогорку технологиялык чөйрөлөрдө жаңы ишканаларды түзүүгө дем берүү;
2) чакан ишкердик субъекттеринин инновациялык активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү;
3) бизнес-инкубатордо жайгаштыруу үчүн чакан ишкердиктин субъекттерин тандоо жана алар менен өз ара пайдалуу кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүү;
4) башталгыч чакан ишканаларга, жеке ишкерлерге экономикалык-укуктук жана бухгалтердик маселелер боюнча консультациялык жардам берүү;
5) чакан ишкердиктин субъекттеринин инновациялык технологияларын жана продукцияларын консалтингдик коштоону жана трансферди жүзөгө ашыруу;
6) финансылык түзүмдөр жана эл аралык уюмдар, анын ичинде венчурдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
7) маалыматтык жана эксперттик ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу.
4-глава. Корутунду жоболор
20-берене. Инновациялык ишти каржылоо
Инновациялык программалардын жана долбоорлордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) инновациялык фонддор;
3) венчурдук фонддор;
4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
5) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар.
21-берене. Инновациялык ишти колдоо фонду, инновациялык фонд
1. Инновациялык ишти колдоо фонду инновациялык ишти финансылык камсыз кылуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар түрдүү булактардан алынган каражаттардын эсебинен кошо каржылоо шартында түзүлөт.
2. Инновациялык фонд инновациялык долбоорлорду, стартап долбоорлорун каржылоо үчүн кайтарымдуу же акысыз негизде, ошондой эле алардын уставдарында белгиленген тартипте каражаттарды берет, инновациялык иштин субъекттеринин милдеттенмелери боюнча кепил болуучулардын функцияларын аткарат.
3. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн мамлекет тарабынан илимий-техникалык жана инновациялык ишти колдоо үчүн бөлүнүүчү каражаттардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын төгүмдөрүнүн эсебинен Мамлекеттик инновациялык фонд түзүлөт.
22-берене. Инновациялык ишти маалыматтык камсыз кылуу
1. Инновациялык иш жаатындагы маалыматтык камсыз кылуу илимий-изилдөө уюмдарынын, билим берүү мекемелеринин жана башка инновациялык иштин субъекттеринин жана катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашууну, ошондой эле инновациялык иш жаатындагы жетишкендиктерди даңазалоону карайт.
2. Инновациялык иш жаатындагы маалыматтык камсыз кылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) экономиканын бардык тармактарындагы жаңы киргизүүлөргө көз салуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана башка кызыкдар тараптарга чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу;
2) инновациялык ишти өлкөдө жана дүйнөдө өнүктүрүү абалына жана тенденцияларына талдоо жүргүзүү;
3) инновациялык процесстерди башкарууну уюштуруу үчүн инновациялык ишке дайыма мониторинг жүргүзүү.
23-берене. Инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташуу
1. Инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекет эл аралык инновациялык кызматташууну колдойт, зарыл болгон укуктук жана экономикалык шарттарды түзөт жана эгер ушул мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, инновациялык иштин субъекттери тарабынан эл аралык инновациялык борборлор менен эркин жана тең укуктуу мамилелерди жүргүзүүгө көмөктөшөт.
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 168-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 5-майы, № 35).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 8-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |