Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 17-марты № 63
"Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын ишинин жалпы уюштуруучулук-укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт, куткаруучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт, куткаруучуларды укуктук жана социалдык коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин аныктайт.";
2) 1-статьянын 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр алып салынсын;
3) 4-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 5-статьяда "өзгөчө кырдаалдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен толукталышы мүмкүн болгон" деген сөздөр "өзгөчө кырдаалдардагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацы "Мындан тышкары," деген сөздөрдөн кийин "Жарандык коргонуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 7-статьяда:
а) 2-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органдарда - Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, ведомстволорунун жана уюмдарынын жетекчилеринин Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган чечимдери менен;";
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке негизде - юридикалык жана жеке жактар тарабынан.";
б) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же" деген сөздөр алып салынсын;
7) 8-статьянын биринчи бөлүгүндө ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынан келип чыккан талаптарга" деген сөздөр алып салынсын;
8) 9-статьянын 3-пунктунда "21 жашка" деген сөздөр "18 жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 101-статья менен толукталсын:
"101-статья. Куткаруучу кызматтарды каттоо
1. Бардык кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
2. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
10) 11-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, тиешелүү жоболорду, уставдарды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды" деген сөздөр "ушул Мыйзамды жана Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 12-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бардык кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү аттестациядан өтүүгө тийиш.";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 13-статьяда:
а) 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 14-статьяда:
а) 2-пункт "өзгөчө кырдаалдарды жоюунун" деген сөздөрдөн кийин "Жарандык коргонуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пункт "Эгер" деген сөздөн кийин "Жарандык коргонуу жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчинин ыйгарым укуктары Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдардын жетекчилиги тарабынан аныкталат.";
14) 15-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "колдонуудагы" деген сөз "бюджеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 16-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 17-статьяда:
а) биринчи сүйлөмдө ", ошондой эле ушул мыйзамдын 12-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи сүйлөм "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
17) 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын ишин координациялоо
Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишин координациялоону жүзөгө ашырат.";
18) 19-статьяда:
а) 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган", "Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык" жана "жана мамлекеттик көзөмөлдүн тийиштүү органдары" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
19) 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды түзүү жана алардын ишин каржылоо
Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды түзүүнү жана алардын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- мамлекеттик бюджеттин, фонддордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башка каражаттарынын, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды түзүүчү уюмдардын финансылык каражаттарынын;
- аларды тейлөө жөнүндө уюмдар менен келишимдерди ишке ашыруудан түшкөн финансылык каражаттардын;
- жарандардын жана уюмдардын өзгөчө кырдаалдарда адамдарды коргоого жана куткарууга, аларга жардам көрсөтүүгө төгүмдөрүнүн жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен түзүлүүчү коомдук фонддорунун;
- кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды колдоо фонддорунун, өзгөчө кырдаалдарды жоюунун атайын фонддорунун;
- камсыздандыруу фонддорунун.";
20) 21-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 22-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кыйроодон куткаруучу кызматтары, кыйроодон куткаруучу кошуундары Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча коргоо маселелерин тескөөчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын чечими менен түзүлөт.";
22) 24-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
23) 25-статьяда:
а) 2-пункттун алтынчы абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 28-статьянын 6-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 30-статьянын 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 31-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 32-статьянын 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 34-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "жарандык мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) 35-статьянын 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 21(3470) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |