МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 «Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция23.03.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 23-марты № 67

"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-статьянын он тогузунчу абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 5-1-статьянын биринчи бөлүгүнүн "а" пунктунда жана экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 11-1-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 12-статьянын 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 13-статьянын 3 жана 4-пункттарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 14-статьянын 2-1-пунктунун экинчи абзацында жана 4-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы "д" пункту менен толукталсын:

"д) Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматка кирбеген гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестринде каттоону өткөрүү тартибин бузса жана сактабаса.";

9) 20-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 8-февралында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган