Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 27-марты № 71
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 287-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) Жарандык коргонуу - тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкын, материалдык жана маданий баалуулуктарын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоого даярдоо жана коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутумунун курамдык бөлүгү;
2) Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелеринин жана ыктыярдуу уюмдарынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары элементтери болуп саналган, тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын коргоо боюнча функцияларды аткаруучу жалпы мамлекеттик тутум. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму өзүнө Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасын камтыйт;
3) Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы - мамлекеттик түзүмдөрдү, жеке секторду жана жарандык коомду кошуп алганда бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен көп тармактуу жана уюмдар аралык мүнөздөгү кырсык тобокелдигин азайтуу чөйрөсүндө координациялоонун жана стратегиялык жетектөөнүн улуттук механизми;
4) өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо-тиричилигинин шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, жабыркоонун заманбап каражаттарынын таасиринин натыйжасында белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай;
5) өзгөчө кырдаал коркунучу - калк, анын мүлкү жана менчиктин башка түрлөрү жана курчап турган жаратылыш чөйрөсү үчүн коркунуч жаралган жагдай;
6) өзгөчө кырдаал зонасы - өзгөчө кырдаал келип чыккан аймак;
7) өзгөчө кырдаал булагы - натыйжасында өзгөчө кырдаал болгон же келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтуу техногендик кырсык, авария, катастрофа, коркунучтуу табигый кубулуш, табигый кырсык, адамдардын, айыл чарба жаныбарларынын жана өсүмдүктөрдүн кеңири жайылган жугуштуу оорусу;
8) өзгөчө кырдаалда жабырлануучу:
- өзгөчө кырдаалдын натыйжасында каза болгон жана/же ден соолугуна зыян келтирилген, жеке мүлкүн толугу менен же жарым-жартылай жоготкон, ошондой эле жашоо-тиричилик шарттары начарлаган адам;
- өзгөчө кырдаалдын натыйжасында зыян (залал) келтирилген юридикалык жак;
9) өзгөчө кырдаал зонасында калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыз кылуу - калктын сууга, тамак-аш азыктарына, биринчи зарылдыктагы буюмдарга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана каражаттарга, коммуналдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүнө, турак жайга, транспорттук жана маалыматтык камсыз кылууга болгон биринчи кезектеги керектөөлөрүн өз убагында канааттандыруу;
10) өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы коопсуздук - гендердик жана демографиялык керектөөлөрдү эске алуу менен калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин, объекттердин жана инфратүзүмдүн иштөөсүн камсыз кыла турган, тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдын таасиринин натыйжасында келип чыгуучу коркунучтардан өлкөнүн калкынын, аймактарынын, объекттеринин жана инфратүзүмүнүн корголушунун абалы;
11) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин мүмкүн болушунча максималдуу азайтууга, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, алар келип чыккан учурда зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган күн мурунтан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
12) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары - алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу, ыкчам чара көрүү жана авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
13) өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалды пайда кылуучу факторлордун аракетин чектөө жана токтотуу, өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда жүргүзүлүүчү жана адамдардын өмүрүн сактап калууга, ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштар;
14) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу - инженердик инфратүзүмдү, турак жайды, курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү, калкка социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен улам жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын (залалдын) ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралар. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу калыбына келтирүүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерин карайт;
15) авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер - өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды куткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө, зыян келтирүүчү таасирлердин очогун локалдаштырууга жана басууга, экинчи зыян келтирүүчү факторлордун келип чыгышын болтурбоого, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоого жана куткарууга багытталган биринчи кезектеги иштер;
16) өзгөчө окуя - материалдык объекттердин жок болушуна же болбосо бузулушуна, адамдардын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген кокусунан болгон жана күтүлбөгөн окуя;
17) кырсык - адамдардын алсыздыгын күчөтүүчү, көптөгөн адам курмандыктарына алып келүүчү жана коомдун өз ресурстарынын эсебинен гана туруштук берүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып түшүүчү масштабдуу материалдык жана экологиялык зыян алып келүүчү коомдун иштөөсүнүн олуттуу бузулушу;
18) кырсык тобокелдиги - кырсыктын кесепетинен адамдардын өлүмү, материалдык, экономикалык жана экологиялык зыян түрүндөгү мүмкүн болуучу (потенциалдуу) жоготуулар;
19) кырсык тобокелдигин азайтуу - бул кырсыктарга карата социалдык-экономикалык алсыздыкты азайтууга, өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыкты жогорулатууга, ошондой эле аларды пайда кылуучу табигый кырсыктардын, экологиялык жана башка коркунучтардын кооптуулугун жоюуга багытталган кырсык тобокелдиктерин аныктоого, баалоого жана азайтууга карата комплекстүү мамиле. Комплекстүү мамиле Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ишинин саясий, техникалык, социалдык жана экономикалык мүнөзүн камтыйт;
20) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
21) Жарандык коргонуунун башкаруу органдары - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонууну жетектөөнү жүзөгө ашыруучу жана иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар;
22) Жарандык коргонуу боюнча комиссия - Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана аткарууга арналган Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун туруктуу иштеген координациялоочу органы;
23) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо - өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган табигый, техногендик процесстердин, кубулуштардын абалын жана өзгөрүшүн байкоо, талдоо, баалоо жана алардын өнүгүшүн болжолдоо боюнча чаралардын жыйындысы;
24) Жарандык коргонуу боюнча топко киргизилген аймак - Жарандык коргонуу жаатында маанилүү коргонуу, экономикалык мааниге ээ болгон шаар же башка калктуу конуш жайгашкан аймак;
25) өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана аларды болжолдоо тутуму - өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана аларды болжолдоо боюнча функционалдык-тармактык түзүмдөрдү жана кызматтарды бириктирүүчү тутум;
26) Жарандык коргонуу кызматы - менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына (баш ийүүсүнө) карабастан, иштин окшош профилине ээ болгон жана Жарандык коргонуунун атайын иш-чараларынын конкреттүү түрүн биргелешип өткөрүүгө жөндөмдүү болгон мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын уюштуруу-техникалык бирикмеси;
27) Жарандык коргонуу күчтөрү - Жарандык коргонуунун аскерлери, бөлүмдөрү жана түзүмдөрү;
28) Жарандык коргонуу каражаттары - атайын курулмалар, техникалар, шаймандар, жабдуулар, камылгалар, байланыш каражаттары, жабыркагандарга коргоонун жана биринчи жардам көрсөтүүнүн жеке жана жамааттык каражаттары, адамдарды куткаруу жана авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө багытталган материалдык-техникалык каражаттардын запастары;
29) Жарандык коргонуу аскерлери жана бөлүмдөрү - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу милдеттерин чечүү үчүн атайын даярдалган Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү, бирикмелери жана бөлүмдөрү;
30) Жарандык коргонуу түзүмдөрү - аймактык-тармактык принцип боюнча уюмдардын базасында түзүлүүчү, атайын техникага жана мүлккө ээ болгон, тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн даярдалган түзүмдөр, анын ичинде ыктыярдуу негизде түзүлүүчү коомдук бирикмелер;
31) өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкты маалымдар кылуу - болжолдонуучу жана келип чыгуучу өзгөчө кырдаалдар, калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка каналдар аркылуу калкка жеткирүү, ошондой эле Жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, анын ичинде суу объекттеринде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы билимди пропагандалоо;
32) Жарандык коргонуу жаатында калкты даярдоо - өзгөчө кырдаалдарда жана аскердик чыр-чатактарда келип чыгуучу коркунучтардан коргоо боюнча билимдерге жана ыктарга, ошондой эле практикалык көндүмдөргө ээ болуу боюнча калктын бардык топторунун ишин уюштуруунун максаттуу процесси;
33) уюмдар - коргоо, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар же тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун жогорку даражасын билдирген уюмдар (менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, чарба жүргүзүү объекттери);
34) Жарандык коргонуу объекттери - башкаруу пункттары, өзүнчө турган жана курулган баш калкалоочу жайлар, радиацияга каршы баш калкалоочу жайлар, Жарандык коргонуунун мүлкүн сактоо үчүн кампа жайлары;
35) потенциалдуу кооптуу объект - өзгөчө кырдаал булагынын реалдуу келип чыгуу коркунучун жаратуучу өрт, жарылуу коркунучу бар, радиоактивдүү, кооптуу химиялык, биологиялык жана уулуу заттарды пайдалануучу, өндүрүүчү, кайра иштетүүчү, сактоочу же ташуучу объект, инженердик-техникалык, ошондой эле белгилүү бир жагдайларда өзгөчө кырдаалдын келип чыгуусунун реалдуу коркунучун жаратышы мүмкүн болгон башка курулмалар жана объекттер;
36) потенциалдуу кооптуу участок - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун болжолдоо жана өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин баалоо жолу менен көрсөтүлгөн аймакка киргизилген тез өөрчүй турган кооптуу табигый кубулуштардын жана техногендик процесстердин келип чыгуу тобокелдигине дуушар болгон аймак (жер, суу же аба мейкиндиги);
37) калкты көчүрүү - өзгөчө кырдаалдар коркунучу болгондо жана келип чыкканда адамдарды потенциалдуу кооптуу участоктордон убактылуу же жаңы жашоо ордуна коопсуз райондорго көчүрүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын комплекси;
38) эвакуация - калкты өзгөчө кырдаал болгон же өзгөчө кырдаал болушу мүмкүн болгон зоналардан уюшкандыкта алып чыгуу (чыгаруу) жана аны биринчи кезекте коопсуз (өзгөчө кырдаал булагынын зыян келтирүүчү факторлору таасир эткен зоналардан тышкары) жашоо-тиричиликти камсыз кылуунун шарттары боюнча күн мурунтан даярдалган райондорго (жерлерге) кыска мөөнөткө жайгаштыруу боюнча иш-чаралардын комплекси.";
2) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы "тармактык тутумчадан," деген сөздөрдөн кийин "тынчтык жана согуш мезгилинде" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Президенти" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат.";
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Президенти" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт "өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга" деген сөздөрдөн кийин ", кырсык тобокелдигин азайтууга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт "өзгөчө кырдаалдардан коргоо" деген сөздөрдөн кийин ", кырсык тобокелдигин азайтуу" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Президенти" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-бөлүктөр менен толукталсын:
"4. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечимди болжолдонуучу же келип чыккан өзгөчө кырдаалдын мүмкүн болгон же реалдуу түзүлгөн жагдайына жана масштабына жараша төмөнкүлөр кабыл алат:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- уюмдардын жетекчилери.
Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун бардык деңгээлдерде иштөөсүнүн тиешелүү режимдерин киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:
- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар;
- иштөөнүн тиешелүү режимин киргизүүнүн зарылдыгына негиздеме;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган жүргүзүлүүчү иш-чаралардын тизмеги;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар;
- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режими киргизилген аймактын чек аралары;
- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режими киргизилген дата (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал) жана бул иштөө режимдерин алып салууга негиз болгон жагдайлар.
5. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режимдерин киргизүү жөнүндө чечим (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал) калкка токтоосуз түрдө кабарланат.
6. Согуш мезгилинде Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун даярдык деңгээли жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги тарабынан аныкталат.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 51-берене менен толукталсын:
"51-берене. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо
Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
5) 6-берененин үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын милдеттери, калктын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктары жана милдеттери";
7) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Президенти:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты аныктайт;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын пландарын бекитет;
3) Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумун өнүктүрүү, кырсык тобокелдигин азайтуу стратегиясын бекитет;
4) республикалык, трансчек аралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алар пайда болгон учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча иштердин жетекчилерин аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн өзгөчө кырдаалдарды жоюуга тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
6) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзам актыларына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
8) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 71-берене менен толукталсын:
"71-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Жарандык коргонуу, кырсык тобокелдигин азайтуу жаатындагы концепцияларды жана программаларды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн пландарды бекитет;
2) Жарандык коргонуу иш-чараларын каржылоо маселелерин чечет жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын зарыл запастарын түзөт;
3) республикалык, трансчек аралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчилерин аныктоо жана алар келип чыккан учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;
4) Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
5) Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмегин аныктайт жана алардын милдеттерин, функцияларын, иш тартибин, Жарандык коргонуу жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана уюмдардын укуктарын жана милдеттерин бекитет, республикалык Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
6) Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт;
7) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды чогултуу жана алмашуу тартибин аныктайт;
8) Жарандык коргонуу түзүмдөрүн түзүүнүн жана ишинин тартибин аныктайт;
9) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдарга жана балдарга карата зомбулук тобокелдиктерин азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт;
10) жашаган калктын санына жана мамлекеттин экономикасында олуттуу роль ойногон же калктын коопсуздугуна таасир этүүчү уюмдардын, ошондой эле уюмдардын мамлекеттин экономикасындагы ролуна же калктын коопсуздугуна тийгизген таасирине жараша Жарандык коргонуу боюнча категорияларга кирүүсүнүн тизмегин жана тартибин аныктайт;
11) коопсуз райондорго калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо жана көчүрүү тартибин аныктайт;
12) Жарандык коргонуу маселелери боюнча калкты окутуунун тартибин аныктайт;
13) Жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларын жана башка объекттерин түзүүнүн жана күтүүнүн тартибин аныктайт;
14) Жарандык коргонуу максатында материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын топтоо, сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт;
15) Жарандык коргонууну даярдыкка келтирүү тартибин аныктайт;
16) өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин белгилейт;
17) өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин жана зыяндарын баалоо тартибин аныктайт;
18) өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо тутумун түзүүнүн жана анын иштөө тартибин аныктайт;
19) кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдарды компенсациялоонун тартибин аныктайт;
20) Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик экспертиза, контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартибин белгилейт;
21) Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун ченемдерин жана эрежелерин аныктайт;
22) Жарандык коргонуу жаатында эскертүүлөрдү берүү тартиби жөнүндө жобону бекитет;
23) атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын өткөрүү тартибин аныктайт;
24) Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасын түзүүнүн жана анын иштөө тартибин аныктайт;
25) Жарандык коргонуу жаатында илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү, атайын программаларды аткарууну уюштурат;
26) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын милдеттерин, функцияларын жана курамын бекитет;
27) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын аныктайт;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
9) 8-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 9-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пункт "Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды" деген сөздөрдөн кийин ", эвакуациялык комиссияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 9-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 13-пунктта "тармактык талаптарды," деген сөздөр "тармактык жана башка талаптарды," деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 10-беренеде:
а) берененин аталышында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пункт "Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды" деген сөздөрдөн кийин ", эвакуациялык комиссияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүктө:
- 1-пункт "Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды" деген сөздөрдөн кийин ", эвакуациялык комиссияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт "Жарандык коргонуу" деген сөздөрдөн кийин "жана кырсык тобокелдигин азайтуу" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 11-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;";
б) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) зарыл болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органынын чечими боюнча менчигинде болгон объекттерди, аймактарды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана жабдууну калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн берет.
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо үчүн берилген мүлккө жана аймактарга зыян келтирилген учурда менчик ээсине келтирилген зыяндын орду толтурулат.
Объекттерди, аймактарды, транспорт каражаттарын пайдалануу тартиби жана менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
13) 12-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 13-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин биринчи орун басары болуп саналат. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин орун басары болуп саналат;";
б) 2-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар
Тиешелүү деңгээлдеги, тармактагы жана объекттердеги Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар Жарандык коргонуунун туруктуу иштөөчү координациялык органы болуп саналат.
Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
16) 15-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Жарандык коргонуу күчтөрү
1. Жарандык коргонуу аскерлери жана бөлүктөрү куткаруу күчтөрүнүн уюштуруу өзөгүн түзгөн оптималдуу сандагы көп тармактуу жогорку натыйжалуу куткаруу тутуму болуп саналат.
2. Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн уюштуруу-штаттык түзүмү Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген сандын чегинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.";
18) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 171-берене менен толукталсын:
"171-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскерлерин жана аскердик түзүмдөрүн тартуу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин жана аскердик түзүмдөрүнүн атайын даярдалган күчтөрү жана каражаттары тартылышы мүмкүн.";
19) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу
1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар алардын келип чыгуу тобокелдигин жана мүмкүн болгон зыяндарын эске алуу менен күн мурунтан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда калкты эвакуациялоо жана/же коопсуз аймактарга көчүрүү жүргүзүлөт.
Калкты эвакуациялоо жана/же көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарына жана күчтөрүнө Жарандык коргонуу жаатында аларга жүктөлгөн функцияларга, ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ылайык жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге жетекчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өзгөчө кырдаалдардын классификациясы менен белгиленген алардын оордук даражасына жараша өзгөчө кырдаал аймагында болгон тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Зарыл болгон учурда (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилгенде) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт жана ошол зонада турган уюмдардын ишин токтотот.
Инженердик инфратүзүмдү, турак жайды калыбына келтирүү, айлана-чөйрөнү тазалоо, калкка социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө жана масштабына жараша жүргүзүлөт.
4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
20) 7-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 21-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 22-беренеде "мыйзамдары" деген сөз "Бюджеттик кодекси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 23-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 8-февралында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |