Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 13-апрели № 88
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын баа түзүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизет;";
б) бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жүктөрдү, почтаны ташууга байланышкан тарифтер, жыйымдар жана төлөм келишимдик негизде белгиленет.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 30 (3479) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |