Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 29-марты № 72
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын он төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8 жана 9-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш болгон жактар
Төмөнкүлөр милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- башка адамдар: Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан жана иштеп жаткан чет өлкөлүк адамдар; жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар; кайрылмандар.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
9-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жактар.
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери жана жарандары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт.
Жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген катышта жана өлчөмдөрдө, бирок жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө төлөнөт:
- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;
- он алты жаш куракка толгонго чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жаш куракка толгондон ашык эмес), баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ынайын күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар үчүн төгүмдөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар өз алдынча төлөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, анын ичинде накталай эмес формада сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укукту жана камсыздандырылган деген статусту берет.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 17-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 24-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 27-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 24-25 (3473-3474) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |